ТОО ТУРИЗМИНДЕГИ ТОБОКЕЛДИКТЕР
- 19.11.2026
- 0
“Тоолордон бийик тоолор гана бар” демекчи, 95 пайызы тоолорду түзгөн чөлкөмдө, абасы атыр жыттанган тоо койнунда жашап жатканыбыз кандай керемет. Бирок ошондой керемет дүйнөдө жашап, анын сырын толук ачып билбегенибиздин кесепетинен кээде кайгылуу окуялар менен аяктаганы өкүнүчтүү. Кечээ жакында эле он гүлүнүн бири ачыла элек өспүрүм Амирдин тоо койнунан ажал тапканы баарыбыздын кабыргабызды кайыштырды. Социалдык тармактарда Амир Кунакунов Ала-Арчага чуркоо боюнча мелдешке катышуу үчүн барганы, жаш курагына байланыштуу мелдешке катыша албай калгандан кийин Адыгене капчыгайын көздөй кетип адашып эки күндөн кийин сөөгү Электро чокусунун аймагынан табылганы жазылган. Амир болгону 15 жашта эле…

Тоо туризминдеги коопсуздук: тобокелдиктерди талдоо
Акыркы жылдары Кыргызстанда ички жана тышкы туризм, айрыкча тоо жүрүштөрү треккинг 1 жана альпинизм болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болду. Бишкектин тегерегиндеги капчыгайлардан тартып, бийик тоолуу ашууларга чейин дем алыш күндөрү миңдеген жарандар, анын ичинде мектеп окуучулары жана өспүрүмдөр тоого чыгышат. Бирок туристтердин саны өскөн сайын, коопсуздуктун эң жөнөкөй эрежелерин билбеген жана сактабаган адамдардын айынан кайгылуу окуялар, дайынсыз жоголуулар жана жаракат алуулар көбөйүүдө.
Республикалык Балдар, өспүрүмдөр экология, аймак таануу жана туризм борборунун методика бөлүмүнүн башчысы Адис Иманалы уулу тоо туризминдеги коопсуздук маселеси бир эле Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнөгө мүнөздүү глобалдык көйгөйгө айланганын белгилейт.
— Тоо туризминдеги коопсуздук маселеси бир эле Кыргызстанга эмес, бүткүл дүйнөгө мүнөздүү глобалдык көйгөйгө айланганы ырас. Эл аралык альпинизм жана тоо федерацияларынын (UIAA), Эл аралык тоо куткаруу комиссиясынын (ICAR), ошондой эле Европанын (Альпы) жана Түндүк Американын куткаруу кызматтарынын акыркы отчётторунда төмөнкү негизги төрт тенденция белгиленет.
Биринчиси: Куткаруу операцияларынын рекорддук өсүшү: Швейцария, Австрия, Италия жана Франциянын тоо куткаруу кызматтары акыркы беш жылда чакыруулардын саны 20-30 пайызга көбөйгөнүн билдиришүүдө. АКШнын Улуттук парктарында (NPS) жылына 3000ден ашык издөө-куткаруу операциялары жүргүзүлүп, алардын басымдуу бөлүгү тажрыйбасыз жөө саякатчыларга туура келет.
Экинчиси: “Социалдык тармактар” жана селфи феномени: Дүйнөлүк статистика боюнча кооз сүрөткө түшүү аракети (селфи) тоодогу жана шаркыратмалардын жанындагы өлүмдөрдүн өзүнчө бир категориясына айланды. Адамдар телефондун экранына алаксып, асканын четин же тайгак таштарды байкабай калышат.
Үчүнчүсү: Санариптик карталарга ашыкча ишенүү: Дүйнө жүзүндөгү куткаруучулар туристтердин телефондогу оффлайн-карталарга (Maps.me, AllTrails ж.б.) гана таянып, реалдуу рельефти, аба ырайын жана телефондун суукта бат өчүп калышын эске албаганын баса белгилешет жана төртүнчүсү – бул алдын алуу чаралары боюнча дүйнөлүк алдыңкы тажрыйба. Европа өлкөлөрүндө мисалы, Швейцария менен Австрияда тоо коопсуздугу мектеп программаларына киргизилген. Ал жакта “коопсуздук маданияты” бала кезден калыптанат. Атайын сабактарда аба ырайы тууралуу окуулар өтүп, маршрутту пландаштыруу жана өз алдынча тобокелге барбоо эрежелери үйрөтүлөт. Ошондой эле, гиддердин лицензияланышы жана маршруттардын татаалдык деңгээли боюнча так белгилениши катуу көзөмөлдөнөт, — дейт.
Кырсыктар эмнеден улам келип чыгат?
Эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин талдоосу көрсөткөндөй, тоодогу кырсыктардын 80–85 пайызы көчкү, таш кулоо сыяктуу табигый кырсыктардан эмес, түздөн-түз адамдык фактордон келип чыгат. Мунун эң негизги себебинин бири — адамдар тоо капчыгайларын сейил бак сыяктуу кабыл алышы. Мисалы, Ала-Арча, Аламүдүн, Кегети сыяктуу борбор калаага жакын жайгашкан капчыгайларга олуттуу мамиле жасашпайт. Тоодо аба ырайы 15–20 мүнөттүн ичинде кескин өзгөрүп, күн тийип турган жерди калың туман басып, температура нөлдөн төмөн түшүп кетиши мүмкүн. Дагы бир ошондой эле олуттуу көйгөйлөрдүн бири — өспүрүмдөрдүн психологиясы жана көзөмөлсүз жүрүм-туруму. Акыркы кездерде өспүрүмдөрдүн катышуусундагы кырсыктардын көбөйүп жатканы улуу-кичүү адамдарды кооптондурбай койбойт. Адистер өспүрүм курактагы балдарда тобокелчиликке баруу, теңтуштарынын алдында эрдик көрсөтүү сезими күчтүү болорун белгилешет. Чындыгында аларда коркунучту алдын ала көрө билүү жөндөмү толук жетиле элек. Ата-энелердин уруксатысыз же тажрыйбасы жок уюштуруучулар менен тоого чыгуу эң чоң коркунучтуу экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ата-энелер, өспүрүм балдар жана жалпы эле тоо жүрүшүн сүйүүчүлөр үчүн алтын эрежелердин дагы бири – тоого ылайыктуу кийим кийип чыгуу.
— Улуу болобу, кичүү болобу, тоого чыгарда кылдат даярдык көрүүсү парз. Айрыкча жашы жете элек өспүрүмдөргө эскертүү – эң оболу ата-энелеринен уруксат алуу, аба ырайыны билүү жана ыңгайлуу кийимдерди кийүү керек. Туристтер экипировканын жана даярдыктын жоктугунан жабыркап калышы ыктымал. Эгерде бутунда жылмакай тамандуу бут кийими (кроссовки), үстүндө жеңил, ыңгайлуу кийими жок болсо, колунда кол чырак, кошумча кубаттагыч (powerbank) жана дары-дармек кутучасы болбосо, анда мындай жүрүштөр адамдын өмүрүнө коркунуч туудурган трагедия менен аякташы толук ыктымал, — дейт Адис.
Тоодогу эң мыкты куткаруу операциясы кандай болот
Дүйнөлүк жана ата мекендик тажрыйбада тоодогу эң мыкты куткаруу операциясы — бул кырсыкты алдын алуу. Куткаруучулар канчалык кесипкөй болбосун, тоолуу аймактын татаал рельефинде жабырлануучуга жетүү үчүн бир нече саат талап кылынат. Ал эми суукта же жаракат алган абалда ар бир мүнөт чечүүчү мааниге ээ. Ошондуктан коопсуздук үчүн негизги жоопкерчилик мамлекеттик кызматтарга эмес, эң оболу ата-энелерге, саякат уюштуруучуларга жана ар бир туристтин өзүнө жүктөлөт.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ), Туризм департаменти, Кыргызстандын альпинизм федерациясы жана биздин борбордун тажрыйбалуу инструкторлор биргеликте коопсуздук маданиятын жогорулатуу боюнча бир катар иштерди алып барууда. Алсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги популярдуу туристтик багыттарда куткаруу посттору күчөтүлүп, эскертүүчү маалымат такталары орнотулууда. Борбор тарабынан мектептерде жана социалдык тармактарда жаштар жана ата-энелер үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүү максатында атайын алтын эрежелер иштелмеси, видео материалдар иштелип чыгып, интернет жана социалдык тармак айдыңында кеңири таралып келет. Бирок бул чаралар ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги болбосо, жетишсиз.

Тоого чыгуунун алтын эрежелери:
Балдар туризминин инструктору Алексей Кортышев белгилегендей, төмөнкү эрежелер ар бир үй-бүлө жана саякатчы үчүн мыйзам болушу керек:
- Ата-энелер жашы жете элек балдарын жаратылыш койнуна, өзгөчө тоолуу аймактарга эч качан жалгыз же тажрыйбасы белгисиз, жоопкерчилиги жок адамдардын коштоосунда жөнөтпөшү керек.
- Тоолуу аймактарга саякатка сөзсүз кесипкөй адистердин же тоо жүрүштөрүндө мол тажрыйбасы бар гиддердин коштоосунда чыгыңыз. Тоо чокуларына өз алдынча чыгуудан баш тартыңыз.
- Жаратылыш койнуна эч качан жалгыз барбаңыз, атүгүл күтүлбөгөн кырдаалда жалгыз калган тажрыйбалуу туристтин өмүрүнө да коркунуч жаралат. Сапарга чыгуудан мурда жакындарыңызга кимдер менен, кайда, кайсы маршрут боюнча бара жатканыңызды жана качан кайтып келериңизди так кабарлаңыз.
- Бойго жеткен адамдар анча татаал эмес жүрүшкө чыкканда да, эл көп каттаган коопсуз маршруттарды тандап, аны алдын ала изилдеши керек. Өзүңүз менен кошумча жылуу кийим, сапаттуу бут кийим, бекем жон баштык (рюкзак) алыңыз жана телефондун кубаты толук болушуна көз салыңыз.
- Сүрөткө түшүү үчүн аскалардын четине жана шаркыраган тоо сууларына жакындабаңыз. Белгиленген маршруттан эч качан өз алдынча четтебеңиз жана караңгы кире электе, күн батканга чейин транспорт турган жерге кайтып келиңиз.
Социалдык тармактардан, тагыраагы, Фейсбуктан кесиптешибиз белгилүү журналист Зинакан Пасанованын уулу Азаматтын постун окуп, тобокелдиктин арты жакшы аяктаганына кубандым. Азамат “Шиш чокулар” деген аңгемесинде үч дос жолго аттанып, аягында өзү жалгыз калганын, алыс жолдо тоолордун эле эмес, тааныган жана тааныбаган адамдардын адамгерчилик сыры ачылганын баяндайт. Анын Баткендин Каравшин тоолоруна баруу кыялы ишке ашып, шиш чокуларды багындырганы менен, өзүнүн өмүрү жана адамдарга ишеними кылдын учунда калганы башкаларга сабак болууга тийиш деп ойлойм.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”