ТОО ЭТЕГИНДЕГИ БАЛА БАКЧАДА

  • 03.04.2023
  • 0

Чүй облусунун Кемин районунда 2022-жыл ичинде үч жаңы бала бакча ачылды. Мындан улам кол-жону бошогон келиндер эртели-кеч чарба иштери менен алектенип, үй-бүлөлүк бюджетине аз-аздан болсо да киреше алып келүүгө ыңгайлуу шарт түзүлүп жатканы колдоого аларлык жөрөлгө. Жалпы жонунан алганда, үч жүзгө жакын келиндин балага байланып үйдө олтурбай, иш менен камсыз болуусуна жол ачылды десек болот.

Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Айгүл Ниязалиевадан алынган маалымат боюнча райондо 23 бала бакча бар. Ага бир жарым жаштан алты-жети жашка чейинки 2600дөн ашык бала камтылган. Жалпысынан алганда райондо мектеп жашына чейинки курактагы 7 миң бала катталса, анын 60 пайызга жакыны бала бакча менен камсыздалган.

ТОО ЭТЕГИНДЕГИ БАЛА БАКЧАДА

Жогоруда айтылган үч бала бакчанын бири былтыр ноябрь айында Алмалуу айылында ачылган эле. Мындагы эски мектептин имаратын толук оңдоп-түзөөдөн өткөргөн “Кемин ынтымагы” коомдук уюмуна айылдыктар да кол кабыш кылышып, 75 орундуу үч тайпалуу бала бакча иштеп баштагандан бери алмалуулук келиндердин кубанычында чек жок. Бир жагынан үй чарбасына кол кабыш кылып, тыйын табууга айылдык келиндерге ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр түзүлсө, экинчи жагынан балдары эрте жашында социалдашуусуна, окуп-тарбиялануусуна жакшы болуп жатпайбы.

— Былтыр биздин район боюнча жаңы үч бала бакча ачылган. Анын бири Кашкелең айылында төрт тайпалык 100 балага ылайык бакча, экинчиси Кайыңды айылындагы 120 орундук төрт тайпалуу бакча жана Алмалуудагы 75 орундук үч тайпалуу бала бакча. Анын экөөнүн курулушуна“Арис” жардам берди, ал эми Алмалуудагы бакчаны толугу менен “Кемин келечеги” коомдук фонду каржылады.

Андан тышкары кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачуу долбооруна сегиз заявка бергенбиз. Ал боюнча Орловка, Кемин шаарларында, Подгорное, Бейшеке, Карал-Дөбө, Тегирменти, Кичи-Кемин жана Ильич айылдарында ачылууга тийиш. Тиешелүү тендер өткөрүлгөн соң, Бүткүл дүйнөлүк банк өз каржылоосуна алат деген маалымат бар. Ал эми бала бакчасы жок айылдарда аларга жакын жайгашкан бакчаларга унаа менен ташуу жагы да жакшы жолго коюлган. Атайын жалданган унаалар балдарды эртең менен бакчага ташып келип, кечинде үйлөрүнө жеткирет. Алсак, Жел-Арык, Чолок, Кыз-Күйөө сыяктуу чакан айылдарда бала бакча жоктугуна байланыштуу, балдарды жакын айылдардагы бакчаларга ташып турушат. Ага жергиликтүү бийлик органдары жардам берет.

Азыркы учурда бала бакчага кезекке турган бала дээрлик жок. Биздин аймакта жайгашкан “Алтын-Кендин” каржылык колдоосу менен бир катар социалдык маселелер жеринен чечилип, материалдык базабыз кыйла жакшырып калды, — дейт, райондук билим берүү бөлүмүнүн бала бакчаларды көзөмөлдөөчү адиси Айгүл Ниязалиева.

ТОО ЭТЕГИНДЕГИ БАЛА БАКЧАДА

Мурдагы жылы Чым-Коргон жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу эки бала бакча толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, ар бир тайпа идиш-аяк жууй турган, өндүрүштүк кир жуугуч машиналар, кийим кургатуучу жана кийим үтүктөөчү машиналар менен камсыздалган. Кээ бир дотацияда олтурган айыл өкмөттөрү да кол куушуруп четте олтурбай жоктон бар кылып, мектеп, бала бакчаларга жакындан жардам бергенден баш тартпайт. Мисалы, ошол эле Алмалуу айыл өкмөтү дотацияда болгону менен Кызыл-Суу жана Алмалуу айылындагы эки мектептин башталгыч класстарынын балдарына ысык тамак берүүгө жардамын аябай, ун менен камсыздап келатканы кимди болсо да кубандырбай койбойт.

ТОО ЭТЕГИНДЕГИ БАЛА БАКЧАДА

Эске сала кетсек, Алмалуу айылында бала бакча тээ союз кезинен бери жок эле. Мүмкүнчүлүгү бар айыл тургундары балдарын жакынкы Орловка шаарына жана Кызыл-Суу айылына ташып барса, көпчүлүк бөбөктөр мектепке барганча бала бакча эмне экенин билбей эле чоңойгон десек туура болоор. Бала бакчага барган балдар ошондон ары эле ошол жердеги мектептерге окууга кирип кеткендиктен, айылдагы мектептин окуучуларынын саны да азайып, кай бир жылдары 10-11-класстарда балдар калбай калчу. Акыркы жылдары абал кыйла жакшырып, мына минтип бала бакча ачылганы ого бетер оңдой берди болуп олтурат. Бул бала бакчада учурда 17 кызматкер эмгектенүүдө. Айгүл Ниязалиеванын айтымында, адегенде кадр маселесин чечүү да оңойго турган жок.

— Бул жакта кадр маселеси өтө актуалдуу. Мектепке чейинки билими бар адистер жок, бала бакчаларда негизинен башталгыч класстын мугалимдери иштейт. Кийинки жылдары талап өзгөрүлүп, жаштардын баары мектепке чейинки билим алууга далалаттана баштаганы кубандырат. Анткени бала бакчада иштеген адис мектепке чейинки билим берүү, мектепке ччейинки психология, мектепке чейинки педагогиканы өздөштүрүп билүүгө тийиш. Бала бакча башчысын дайындоодо да мектеп директорлорун тандоодо талап кылынган беш жылдык педагогикалык стаж сөзсүз керектиги белгиленүүгө тийиш деп ойлойм, — деп, өз оюн ортого сала кетти.

ТОО ЭТЕГИНДЕГИ БАЛА БАКЧАДА

Бала бакча адистеринин билимин толуктоо, квалификациясын жогорулатуу иштери райондо жакшы жолго коюлган. Айрыкча, жаш адистерди окутуучу ачык сабактар ай сайын өткөрүлүп, тарбиячылар өздөрү үчүн уюштурулган чакан тренингдерге үзбөй катышат. Андан тышкары республикалык деңгээлде квалификациясын жогорулатууга кезектешип барып турушат. Апрель айынын аягында райондогу бала бакча башчылары алдын-ала түзүлгөн келишим боюнча Бишкектеги №186 бала бакчага тажрыйба алмашууга барышмакчы. Былтыртан баштап бала бакчада иштей турган сабаттуу жана сапаттуу кадрларды кызматка алуу талабы күчөтүлүп, жада калса, мурдагыдай окуусун аяктай элек жаштарды жумушка алууга тыюу салынган.

А бирок Айгүл Кубатбековнанын айтымында, бала бакча башчыларын табуу да оңой иш эмес. Анткени алардын эмгек акысы катардагы тарбиячылардан кыйла аз, анан ким ушунча жоопкерчиликти өз мойнуна алгысы келсин.

ТОО ЭТЕГИНДЕГИ БАЛА БАКЧАДА

Алмалуу айылындагы бала бакчанын башчысы болуп былтыр ноябрь айында дайындалган Бактыгүл Көчкөнбаева райондогу эң жаш адистердин бири. Анын бөбөктөр менен иштөө тажрыйбасы ушул бакчадан башталды.

— Биздин бакчага учурда 60тай бала келип жатат. Балдарыбыз жаш курагына жараша кенже, орто жана жогорку тайпа деп үч тайпага бөлүнөт. Балдар өз тайпаларында түшкө чейинки жана түшкү уйкудан кийинки программаларга ылайыкталган даярдыктар, ар кандай оюндар ж.б. менен алектенишет. Азыр күн жылып калгандан бери балдарды түштөн кийин таза абага сейилге көбүрөөк алып чыгууга аракеттенебиз, — дейт жаш жетекчи.

ТОО ЭТЕГИНДЕГИ БАЛА БАКЧАДА

Бала бакча түштүккө ыктай кырка тизилген бөксө тоолордун этегинде жайгашкандыктан, анын таза абасы, тунук суусу, деги эле көзгө жана көкүрөккө дабаа табияты адамдын кичинесинен чоңуна чейин пайдалуу экендигин ким танат… Акын Жолон Мамытов жазгандай мына ушундай “микробу жок тоолорго” ыкташкан айылдын кичинекей бөбөктөрүнүн бала бакчада өтүп жаткан бактылуу балалыгына суктануу сезими мени шаарга чейин коштоп келатты…

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер