ӨТКӨНДҮН САБАКТАРЫ, УЧУРДУН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ, КЕЛЕЧЕККЕ КӨЗ КАРАШ
- 29.08.2024
- 0
Бишкек шаардык билим берүү департаменти өткөргөн август педагогикалык конференциясында административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калаанын билим берүү түзүмүндө учурда 121 мектеп жана 111 бала бакча, анын ичинен 12си адистештирилген, алтысы мектептен тышкары уюмдар экени айтылды. 2024-2025-окуу жылында 230 миңден ашык бала 1-сентябрда мектеп партасына отурушат.
Бир кылымдык мектеп
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева, мектеп жана бала бакчалардын директорлору, Санкт-Петербург жана Красноярск шаарларынан келген адистер катышты.
Маалыматка ылайык, борбордун муниципалитетинин башчысы ачылыш сөзүндө билим берүү тармагында да өзгөрүүлөр болгонун белгиледи. Ошондой эле административдик-аймактык реформанын алкагында мектептердин саны көбөйүп, жергиликтүү деңгээлде чечиле турган маселелер көбөйгөнүнө токтолду. Ал эми министр Д.Кендирбаева “Алтын казык” программасынын алкагында мектептер ноутбук менен камсыз болоорун айтты.
“Өзгөрүүлөр кылымындагы билим: өткөндүн сабактары, учурдун жаңылыктары, келечекке көз караш” деген темадагы негизги докладды Бишкек билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева жасады.
Ал кыргыз эли байыртадан эле билимдүүлүккө чоң маани берип келип, коомдо сабаттуу адамдардын ролу жогору бааланганын, сабаттуулук — бул коомдун экономикалык өнүгүүсүнө жана социалдык туруктуулугуна өбөлгө түзүүчү маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири экенине токтолду.
— Бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкы дээрлик жүз пайыз сабаттуулукка ээ. Бул калыптануунун жана прогрессивдүү өнүгүүнүн узак жолун басып өткөн улуттук билим берүү тутумунун аркасында мүмкүн болду. Бишкек шаарында эң биринчи ачылган мектеп, быйыл 100 жылдык маарекесин белгилейт. Ал Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясы. Билим уясы 1924-жылы өзбек жети жылдык башталгыч мектеби болуп — коомчулуктун, жумушчулардын жана дыйкандардын уезддик жана аткаруу комитетинин түздөн-түз жетекчилиги астында түзүлгөн. Башында мектепте беш эле класс жайгашкан. Мектеп үчүн Салижан Турсуновдун атасы төрт бөлмөлүү үйүнүн бир бөлмөсүн бөлүп берген. Архивдик документтерге ылайык, мектептин негизделген күнү 1924-жылдын 1-апрели деп эсептелет, анын биринчи директору Салижан Турсунов болгон. Алгачкы жергиликтүү мектеп кийинчерээк ар кандай аталыштарга ээ болду. Алсак, 1932-жылдан баштап мектеп ал Нариман атындагы жети жылдык өзбек орто мектеби болсо, кийин №12 өзбек-татар орто мектеби, андан кийин мектепке №24 номери ыйгарылган. Улуу ата мекендик согуш жылдарында мугалимдер, жогорку класстын окуучулары фронтко чакырылган. Ошол эле жылы 1941-жылдын октябрь-ноябрь айларында Василий Филиппович Самойленконун жетекчилиги астында мектептин базасында №40-ок атуучу бригада түзүлгөн. Согуштан кийинки мезгилде мектептин аймагы кеңейип, кийинчерээк жаңы эки кабаттуу мектеп курулган. 1996-жылдын 17-майында Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун токтому менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз эл акыны жана жазуучусунун элесин түбөлүккө калтыруу максатында мектепке Аалы Токомбаевдин ысымы ыйгарылган, — деди Рахат Мусаева.
Статистикага көз чаптырсак, борбор калаада 1924-1929-жылдары – 3 мектеп; 1930-1939-жылдары – 10 мектеп; 1940-1949-жылдары – 2 мектеп; 1950-1959-жылдары – 12 мектеп; 1960-1969-жылдары – 32 мектеп; 1970-1979- жылдары – 13 мектеп; 1980-1989-жылдары – 10 мектеп; 1990-1999- жылдары – 9 мектеп; 2000-2009-жылдары – 12 мектеп; 2010-2019- жылдары – 8 мектеп; 2020-2024-жылдары – 10 мектеп ачылган.
Бүгүнкү күндө административдик-аймактык реформаны эске алганда Бишкек шаарынын аймагында 121 муниципалдык жалпы билим берүү мекемелери балдарга билим жана тарбия берүүдө.
Эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта, социалдык-экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстанда билим берүү жаатында олуттуу өзгөрүүлөр болгонун жетекчи баса белгиледи.
— Улуттук билим берүү тутумун өнүктүрүү үчүн бир катар улуттук мыйзамдар, концепциялар жана программалар кабыл алынган. 1990-жылдардын башында Кыргыз Республикасында айрым предметтерди тереңдетип окутуу жана кесипке багыт берүү менен мектеп-гимназиялар түзүлө баштаган. Биринчи гимназиялар окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн №5 орто мектебинде жана окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн №6 орто мектебинде ачылган. Билимге жана билимге болгон умтулуу эзелтеден кыргыз элинин «маданий кодунда» маанилүү орунду ээлеп келген. Ал кыргыздардын жашоосунун бардык тарыхый мезгилдеринде өзүн практикалык ишке ашырууга карай жол ачуу менен көрсөттү. Албетте, кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын терең катмарларында билим берүүнүн мааниси жана ролу изилдене жана ачыла элек. Бирок кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн акыркы жүз жылдыгынын документтештирилген тарыхы тастыктап тургандай, билим берүүгө зор баалуулук катары мамиле тарыхый доордун багыттарына бекем жана ачык болгон. Ошентип, Кыргызстандын улуттук билим берүү системасы 19-кылымдын аягынан азыркы учурга чейин калыптануунун жана прогрессивдүү өнүгүүнүн татаал жолун басып өттү. Диний билими бар медреселерден, реформатордук билими бар жаңы мектептерден баштап, дүйнөлүк канондор боюнча билим берүү программалары бар өлкөнүн бардык калкын камтыган жалпы билим берүүчү мектептерге чейин. Ошентип, өткөн кылымда улуттук билим берүү системасы Кыргызстанды калктын сабаттуулугу жана адамзаттык өнүгүү индекси жогору болгон прогрессивдүү демократиялык өлкөгө айландырууда фундаменталдуу роль ойногон. 20-кылымдын аягы жана 21-кылымдын башындагы өткөөл мезгилдин бардык кыйынчылыктарына карабастан, улуттук билим берүү системасы прогрессивдүү өнүгүү жолун улантууда, — деди директор.
Эл аралык кызматташтыктын өсүшү
Билим берүү департаменти тарабынан Кыргыз-Корея колледжи менен мектептер үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында меморандумга кол коюлган. Меморандумдун алкагында окуучуларды инновациялык технологиялар багытында окутуу үчүн 15 мектеп тандалып алынып, мындан тышкары, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин мугалимдери STEАM тармагында квалификациясын жогорулатып, тажрыйба алмаша алышат. Ошондой эле, Россия Федерациясынын Томск политехникалык университети менен меморандум түзүлүп, 2024-жылдын 3-апрелинен баштап 5-апрелине чейин 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө кесипке багыттоо иштери жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, физика, химия, математика мугалимдерине квалификациясын жогорулатуу курстары жана семинарлары өткөрүлүүдө.
Андан тышкары жалпы билим берүү уюмдары Кытай Элдик Республикасынын Урумчи шаарынын педагогикалык университети, Аншан университети, Чанша техникалык университети, Корея мамлекетинин Шинхан университети, Инчоң университети, Кимхэ шаарынын Кеннам провинциясынын «Кэмпо» жогорку мектеби, Сибирь мамлекеттик университети, Казань чет тилдер лицейи жана башка өлкөлөрдүн жогорку жана орто билим берүү уюмдары менен кызматташууда.
Эл аралык олимпиада
Бишкек шаарынын окуучуларынын эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларга катышуусу дагы ийгиликтерди жаратууда. Алсак, 2023-жылы Ташкент шаарында өткөн өспүрүмдөр арасында математика боюнча Аль-Хорезми эл аралык олимпиадасында Бишкек шаарынан сегиз окуучу катышып, үч окуучу байгелүү 1-, 2-, 3-орундарга ээ болушту. 2024-жылын июль айында Бат шаарында өткөн 65-эл аралык математика олимпиадасында №61 мектеп-лицейинин окуучусу Киргизбаев Назар, 29 балл менен алтын медалдын ээси болуп, билим жаатында тарых жаратты. 2024-жылдын 5-7-апрелинде Красноярск шаарында (Россия Федерациясы) өткөн «РОБОТОТЕХНИКА 5.0» робототехникасы боюнча чемпионатта №24 мектеп-гимназиясынын командасы катышып, 570 команда катышкан иш-чарада берилген беш байгенин ичинен бир байгеге ээ болушту.
“ЭтноSTEAM” долбоору
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгынын алкагында Бишкек шаарынын бардык бала бакчаларында этномаданий компетенттүүлүктүн жаңы деңгээлине жетүү максатында “ЭтноSTEAM” долбоору киргизилди. Азыркы учурда алты бала бакчага көп тилдүү билим берүү долбоору жана бир мектеп, 12 бала бакчада STEAM ресурстук борборлор ишке киргизди.
STEAM билим берүү илим, технология жана инженерия тармактарын айкалыштырган окууга жана өнүктүрүүгө болгон мамиле. Окуучулар STEAM аркылуу өнүктүрө турган көндүмдөр аларга келечектеги ийгилигинин пайдубалын түзөт.
Заман талабы — жаңылануу
Бардык мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары 100% интернет менен камсыздалган.
«Санариптик мектеп» муниципалдык билим берүү уюмдары үчүн «Бирдиктүү санариптик платформа» маалыматтык системасы киргизилди.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери конкурстук тандоодон өтүп, курамы жаңылангандыгына байланыштуу, жаңы дайындалган жетекчилер үчүн атайын окуу курстары уюштурулуп, окутуучу семинарлар өтүлүп жатат.
— Бүгүнкү күнү өтүлүп жаткан конференцияда дагы жетекчилик ишти алып баруу боюнча атайын тренинг өткөрүү үчүн Россия Федерациясынын Санкт-Петербург башкаруу технологиялары жана экономика университетинин педагогика кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Лазарева Марина Владимировна, Россия Федерациясынын Красноярск шаарынын “Келечектин инженерлер» робототехника лабораториясынын директору Турушев Максим Иннокентьевич келип катышып отурушат. Андан тышкары, 2024-жылдын 27-августунан баштап 29-августуна чейин №24 мектеп-гимназиясынын базасында Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын 73 мугалимдерине жана тарбиячыларына Красноярск шаарынын “Келечектин инженерлер» робототехника лабораториясынын жети тренерлери үйрөтүүчү семинарларын өткөрүүдө. Жыйынтыгында бардык мугалимдер жана тарбиячылар сертификаттардын ээлери болуп, алган билимдери менен мектептеги окуучулар жана бала бакчадагы балдар менен бул багытта иш жүргүзүшөт, — деди Рахат Ишенбековна.
Келечектеги пландар
Буга чейинки аткарылып жаткан иштерди улантуу менен бирге төмөндөгү иш-чаралар пландалып жатканына директор токтолду. Алар: билим берүү уюмдарынын инфраструктурасынын абалы боюнча толук баяндама берүүчү «Билим берүү инфраструктурасы» платформасын түзүү; «Санариптик бала бакча» муниципалдык билим берүү уюмдары үчүн «Бирдиктүү санариптик платформа» маалыматтык системасын киргизүү; билим берүү мекемелеринде көп тилдүү билим берүү программасын улантуу жана өнүктүрүү; STEAM багытында билим берген билим берүү мекемелеринин санын көбөйтүү; жалпы билим берүү мекемелерин оптималдаштыруу; «Алтын казык» программасынын алкагында жалпы билим берүү уюмдарынын 12 жылдык билим берүүгө өтүү иштерине даярдык көрүү.
Мындан тышкары, конференцияда билим берүүнүн жыйынтыктарына коюлган заманбап талаптар, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу зарылчылыгы, электрондук мектеп системаларын, ошондой эле билим берүү тармагында STEM технологияларды колдонуу боюнча бир катар докладдар окулду.
Конференциянын жүрүшүндө “ачык микрофон” бөлүгүндө бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар конференциянын резолюциясын кабыл алышты.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер