ТИЛЕКТЕШ ИШЕМКУЛОВ — КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН АЛТЫН МУУНУ

  • 10.09.2026

Журналистиканын устаты, профессор Тилектеш Ишемкулов агайды «Эмгек Баатыры» Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасын алышы менен куттуктайбыз! Тилектеш агай кыргыз журналисттеринин насаатчысы, «Кут Билимдин» күйөрман окурманы жана активдүү автору.

PS: Агайдын 80 жылдык мааракесине арналып жазылган макаланы кайрадан жаңыртып жарыялайбыз.  ТИЛЕКТЕШ ИШЕМКУЛОВ — КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН АЛТЫН МУУНУ

 

Кыргыз журналистикасынын жана билим берүүсүнүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон инсан – Тилектеш Ишемкулов  быйыл 85 жашка чыкты. Өмүрүн элге, билимге жана калемге арнаган бул адамдын тагдыры – бүтүндөй бир доордун чагылышы.

КООМДУК ЖАНА САЯСИЙ ИШМЕР

Тилектеш Ишемкулов 1939-жылы 20-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, Эмгекчил колхозчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1957-жылы Пржевальск шаарындагы Киров атындагы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы ал учурдагы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы К. Тыныстанов атындагы университет) орус тили жана адабияты факультетине тапшырып, 1962-жылы артыкчылык менен бүтүргөн.

Эмгек жолун өз мекенинде – Барскоон айылындагы орто мектепте мугалим болуп баштаган. Бирок жаш педагогдун жигердүүлүгү аны коомдук иштерге жетелеп, көп узабай Жети-Өгүз райондук комсомол комитетинин экинчи, андан соң биринчи катчысы болуп иштейт. Ал мезгилде Тилектеш Ишемкулов  Москвадагы ВЛКСМ БКнын алдындагы Борбордук комсомол мектебин ийгиликтүү аяктап келген.

Жаш жетекчинин уюштуруучулук таланты бааланып, ал партиянын Жети-Өгүз райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан ЛКСМ БКнын катчысы, КП Кыргызстан БКнын маданият бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары сыяктуу жооптуу кызматтарда иштеди.

1978–1980-жылдары Москвадагы КПСС БКнын алдындагы жаңы түзүлгөн Коомдук илимдер академиясында билим алып, ошол эле топто азыркы Россия Коммунисттик партиясынын лидери Г. Зюганов менен бирге окуган. Үч окуу жайды тең артыкчылык диплому менен бүтүргөн бул адамдын эмгек жолу — үзгүлтүксүз изденүүнүн жана кызматка берилгендиктин үлгүсү.

Кийинки жылдары Тилектеш Ишемкулов партиянын Ысык-Көл обкомунун катчысы, андан соң Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Главлиттин жетекчиси, “Советтик Кыргызстан” (“Кыргыз Туусу”) гезитинин башкы редактору, Журналисттер союзунун төрагасы, СССР Журналисттер союзунун катчысы болуп эмгектенди.

Эгемендик доорунда да ишмердигин улантып, 1993–1996-жылдары Кыргызстандын Казакстандагы биринчи элчиси болуп кызмат өтөдү. Кийин “Кыргыз жер” университетинин илимий-изилдөө лабораториясын жетектеп, 1997-жылдан тартып К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде журналистика кафедрасынын башчысы, профессор, ректордун кеңешчиси катары ишин улантты. Ал Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз парламентинин эки жолку депутаты.

Тилектеш Ишемкулов Жети-Өгүз райком комсомолунун биринчи катчысы болуп турган кезинде Жети-Өгүзгө дүйнөнүн биринчи космонавты Юрий Гагарин келет, аны  Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев өзү коштоп келет экен деп калышат. Аны тосуу жана узатуу иш-чарасын уюштуруу Ишемкуловго жүктөлөт. Тилектеш агай салтанатты майда-бараттарына чейин пландап, комсомол уюмунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланат. Райондун жаштары менен пионерлерин кооз кийинтип, түркүн түстөгү желектерди, шарларды, ураандарды даярдап, ыр жана музыка менен коштолгон чоң салтанат уюштурат. Тосуу аземи өзгөчө шаңдуу өтүп, Тилектеш Ишемкулов дүйнөлүк даңкка ээ болгон конокко таптаза орус тилинде куттуктоо сөзүн арнайт. Ишемкуловдун сөзүн кунт коюп уккан Юрий Гагарин анын чечендигине жана орусча так сүйлөгөнүнө суктанып, салтанаттын соңунда Тилектеш Ишемкулович ага белек катары чаарчыкты тартуулаганда, Гагарин кубанганынан көзүнө жаш тегеренгенин агай кийин көп жылдар өтсө да жылуу сезим менен эскерип жүрөт. Агайдын мындай иш билгилиги жана чечендиги анын бүтүндөй жашоосунун жаркын жолу.  ТИЛЕКТЕШ ИШЕМКУЛОВ — КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН АЛТЫН МУУНУ

ЖУРНАЛИСТИКАДАГЫ ИЗИ – ӨЗҮНЧӨ БИР МЕКТЕП

Кыргыз журналистикасынын академиялык өнүгүүсүнө Тилектеш агайдын кошкон салымы өтө чоң. 1996-жылы БГУнун орус филология факультетинин курамында журналистика адистиги ачылган учурда ал кафедра башчысы болуп дайындалган. Бул окуу багыты өлкөдөгү экинчи университеттик журналистика мектеби катары тарыхта калды. Анын жетекчилиги менен кафедра өнүгүп, кийин өзүнчө факультетке айланды. Агай ошол мезгилде нөлдөн баштап факультетти көтөрдү. Таланттуу мугалимдерди – жазуучу Станбек Усуповду, Кадыркул Өмүркүловду чакырып, жаш кадрларды тарбиялады. Университетте журналистика кафедрасынын аброюн көтөргөн адам – дал ушул Тилектеш агай болгон.

Агай мындан сырткары көп жылдар бою университеттин басма сөз кызматынын жетекчиси, ректордун кеңешчиси болуп да иштеген. Ал азыр да студенттерине билимин, тажрыйбасын, турмуштук көрөңгөсүн аябастан берип келет.

ТИЛЕКТЕШ ИШЕМКУЛОВ — КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН АЛТЫН МУУНУ

ЧЫГАРМАЧЫЛ ДҮЙНӨ ЖАНА ИНСАНДЫК КАСИЕТ

Тилектеш агайдын бир өзгөчөлүгү –  ар бир мүнөтүн текке кетирбегени. Ал дайыма таң эрте саат төрттө туруп чуркайт жана жазат. Эл таңкы уйкуда жатканда сегизге чейин көп материал жазып таштайт. Ушундай жазгыч, тынымсыз эмгекчил адамды табуу азыр кыйын. Ал текстти кыргызча да, орусча да мыкты жазат. Советтик мектептен алган так билим менен азыркы заманбап окутуу ыкмаларын айкалыштырып, сабакты турмуштук мисалдар, реалдуу окуялар менен байытып берет. Агайдын сабактары ар дайым жандуу талкуу менен өтөт. Ар бир студентти ой жүгүртүүгө, өз алдынча анализ кылууга үйрөтөт. Ал жаштардын ар бир жетишкендигине кубанып, ар бир катасын оң жолго салууга аракет кылат. Ошондуктан анын сабактарына студенттер кубанып, кызыгуу менен катышышат.

Тилектеш Ишемкулов — чечен, тамашакөй, жарык жүздүү адам. Ал эч качан кабагын бүркөп, көйгөйүн башкаларга жүктөбөйт. Эч качан анын үйүндөгү же жеке көйгөйлөрүн бирөөгө айтканын же даттанганын көргөн эмеспиз. Эч качан эч кимди артынан жаман с=з айтпайт Ар дайым позитивдүү жүрөт жана башкаларга да ар дайым ошондой маанай тартуулоого аракет кылат.

Агай ыр да жазат, комуз да чертет. Ыңгайы келген жерде ырдап, тамашаларды көп айтат, кээде татарча, орусча да төгүп жиберет. Адамдын маанайын көтөрүп, ар дайым турмуштун жакшылыгына ишенүүгө үндөп турат.

Тилектеш Ишемкулов – элчи, редактор, депутат, профессор катары ар тармакта из калтырды. Бирок анын эң чоң жетишкендиги – адамдык бийиктиги. Ал кызмат абалына карабай ар бир адамга сый менен мамиле кылат, “сиз” деп сүйлөгөнүн биз “чыныгы аристократтык маданият” катары баалайбыз. ТИЛЕКТЕШ ИШЕМКУЛОВ — КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН АЛТЫН МУУНУ

КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН, ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН ТИРҮҮ ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ

85 жаш курагында да Тилектеш Ишемкулов чыгармачылыктан алыстаган жок: лекция окуйт, макала жазат, учурда эскерүү китептерин даярдап жатат. Эстутуму курч, жаштыктагы окуяларды майда-баратына чейин айтып бере алат. Ал Чыңгыз Айтматов сыяктуу улуу инсандар менен иштешкен учурларын кызыктуу баяндап, жаш муундарга тарыхтын тирүү сабагын берип келет. Агайдын ар бир эскерүүсү — тарых. Ал кыргыз маданиятынын, журналистикасынын тирүү энциклопедиясы.

Тилектеш Ишемкулов — кыргыз журналистикасынын ак жүрөк өкүлү, билим берүүнүн күйөрманы, маданияттын кадырман казынасы. Анын эмгеги, калем иши, инсандык бейнеси кыргыз элинин руханий тарыхында өз ордун татыктуу ээлейт. Ал — билимдин элчиси, адамдык улуулук менен жөнөкөйлүктүн символу. ТИЛЕКТЕШ ИШЕМКУЛОВ — КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН АЛТЫН МУУНУ

Тилектеш Ишемкуловичти өзүмдүн жана бүтүндөй Бишкек мамлекеттик университетинин атынан 85 жылдык куттуу мааракеси менен чын дилимден куттуктаймын. Агай, сиздин өмүр жолуңуз педагогика менен журналистиканын айкалышкан улуу мектеби. Элге кызмат өтөгөн, билим менен акылдын, калем менен эмгектин айкалышын көрсөткөн үлгүлүү өмүрүңүз ар бир муун үчүн сабак, ар бир кесиптеш үчүн сыймык болуп келет.

Журналист катары — эл үнүн жеткирдиңиз,

Педагог катары — акыл казынаңызды бөлүштүңүз,

Коомдук ишмер катары — эл үчүн күйдүңүз.

Сизге чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакубат жашоо жана чыгармачылык бийиктик каалайбыз.

Алтын Асанова,

журналистика жана маалыматтык тутумдар факультетинин деканы

Бөлүшүү