ЭГЕМЕНДИКТИН 35 ЖЫЛДЫГЫ: ТАЛАСТАГЫ ДАЯРДЫКТАР ТЕКШЕРИЛДИ
- 10.09.2026
- 0
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Талас облусуна барып, өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 35 жылдык мааракесин белгилөөгө карата көрүлүп жаткан даярдыктардын жүрүшү менен жеринде таанышты. Иш сапардын алкагында МинКаб башчысы Эгемендүүлүк күнүн утурлай Талас жергесинде пайдаланууга бериле турган бардык социалдык жана инфраструктуралык объектилерди кыдырып, ар биринин сапатын жана майрамдык салтанатка толук даярдыгын тыкыр текшерип чыкты.
Белгилей кетчү нерсе, негизги иш-чаралар эртең, 11-сентябрга белгиленген. Бул күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун түздөн-түз катышуусунда Талас облусундагы бир катар маанилүү объектилердин ачылышы өтөт. Аны менен катар, телекөпүрө аркылуу онлайн форматта республиканын бардык аймактарын камтуу менен жалпысынан 105 социалдык объект жана 60 ишкана расмий түрдө ишке киргизилет. Бул саамалык өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.
Текшерүүнүн жыйынтыгында МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын эң жогорку деңгээлде, кынтыксыз уюштуруу зарылчылыгын баса белгиледи. Мааракелик иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү жана объектилерди өз убагында ишке берүү максатында ал тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жоопкерчиликти күчөтүүнү эскертип, бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.
А.К., «КБ»