ТИЛ САЯСАТЫ: МЕКТЕПТЕРДЕ КЫРГЫЗ КЛАССТАРЫНЫН САНЫ ӨСҮҮДӨ
- 10.06.2026
- 0
Борбор калаадагы билим берүү уюмдарындагы тил саясаты, мектептердеги кыргыз класстарынын абалы жана заман талабына ылайык үч тилдүүлүктү өнүктүрүү багыттары тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жетектөөчү адиси Перизат Бакирова менен маектештик.

– Перизат Дүйшенбаевна, бүгүнкү күндө борбор калаада мамлекеттик тилди өркүндөтүү жана кыргыз тилинде окуткан мектептерди колдоо боюнча кандай конкреттүү иштер аткарылып жатат? Жалпы абал кандай?
– Учурда Бишкек шаарында 120 мектеп бар. Анын ичинен 14 мектепте окутуу толугу менен кыргыз тилинде, ал эми 115 мектепте кыргыз-орус тилдеринде (аралаш) жүргүзүлөт. Ошондой эле орус тилинде окуткан бир гана №7 кечки сменалык жалпы билим берүү мектеби бар.
2023-жылы чыккан “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамын аткаруу максатында 2023-2024-окуу жылынан баштап бардык билим берүү уюмдарында, анын ичинде окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз класстарын ачуу саамалыгы Билим берүү департаменти тарабынан көтөрүлүп чыгып, кыргыз класстардын саны кыйла өстү. Жакында эле биз мектептерди кыдырып, кыргыз жана орус тилчи мугалимдердин ишмердүүлүгүн жеринде текшерип чыктык. Албетте, кемчиликтер жок эмес, бирок ошол эле учурда сөзгө аларлык, мактоого татыктуу иштер да арбын экен. Мейли кыргыз, мейли орус тилдүү мектептерде болсун, шаардык балдардын жөнөкөй тилде болсо да эркин сүйлөп, пикир алыша алгандарына күбө болдук.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-мартындагы №128 токтомунун негизинде мектептерде мамлекеттик тил боюнча директордун орун басарларынын бирдиги каралган.
Бул адистердин азыр иши чачынан көп. Себеби мектептеги бардык иш кагаздарды кыргыз тилинде жүргүзүү, тил саясатын жүргүзүү толугу менен ушул адистердин мойнунда.
Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тили топторго бөлүнүп окутулуп келет. Мектептерде да, бала бакчаларда да балдардын саны көп.
Кайсы бир тилди гана окутуу керек деп чек койбошубуз керек. Менимче, балдардын эки, керек болсо үч тилде эркин сүйлөшүнө шарт түзүү зарыл. Маселен, эгерде англис тили мугалими кыргыз жана орус тилдерин жакшы билсе, сабакта эмне үчүн үч тилди тең колдонгонго болбосун? Окуучулар күнүгө бир нече тилди угуп турушса, аны кабыл алуусу алда канча жеңил болот.
– Убагында борбор калаадагы айрым орус тилдүү мектептерде кыргыз класстары ачылды дедиңиз. Учурда ал класстардын абалы жана тагдыры кандай болуп жатат?
— Азыркы убакта Бишкек шаарындагы мектептерде кыргыз класстары ийгиликтүү иштеп жатат жана алардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Бул — мыйзам талаптарын аткаруунун түз натыйжасы. Ошондой эле мыйзамга ылайык, окуучуларды класстан-класска көчүрүүдө кыргыз тилинен милдеттүү сынактарды эки жылдан бери өткөрүп келебиз. Бул дагы оң жыйынтыктарды берди деп айта алам. Себеби окуучулардын кыргыз тилинде пикир алышуусу, өз ойлорун эркин жеткире алуу деңгээли кыйла жогорулады.
Мындан тышкары, кыргыз тилин үйрөтүү сабактар менен гана чектелбеши керек. Балдардын кызыгуусун арттыруу үчүн Билим берүү департаменти ар түрдүү форматтагы иш-чараларды жана даталуу күндөргө карата кароо-сынактарды уюштуруп келет. Алсак, Мамлекеттик тил күнүнө карата окуучулар жана мугалимдер арасында автордук чыгармаларды көркөм окуу боюнча “Дилгир” сынагы, “Манас” эпосун изилдөөгө багытталган “Айкөл Манас” долбоор-сынагы өткөрүлөт. Бул балдарды өз алдынча изилдөөгө жана чыгармачыл ой жүгүртүүгө үйрөтөт. Ошондой эле Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата келечек муунду руханий жана көркөм-эстетикалык жактан тарбиялоочу “Каармандар сүйлөйт” сынагы, ал эми 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата «Ырдайлы кыргыз ырларын» жана “Жомоктор дүйнөсүнө саякат” сынактары салттуу түрдө уюштурулуп келет. Балдар кыргыз ырларын аткаруу аркылуу тилдерин жатыктырып, үйрөнүп, жомок аркылуу сөз байлыгын кеңейтип, музыка жана чыгармачылык аркылуу улуттук маданият менен таанышышат ж.б.
— Мектептерде ачылган кыргыз класстарынын иш-аракеттери тууралуу конкреттүү мисалдарды келтире аласызбы? Жыйынтык кандай?
— Мисалы, 2025-2026-окуу жылында окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн №70 жалпы билим берүү мектебинде эки кыргыз классы ачылган (1-“а” классында 26 окуучу, 2-“а” классында 43 окуучу билим алууда). Бул класстарды ачуунун негизги максаты — окуучулардын мамлекеттик тилде сапаттуу билим алуусун камсыздоо жана тилдик компетенттүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.
Аталган кыргыз класстарында окуу процесси Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде уюштурулуп, базистик окуу планындагы бардык предметтер толугу менен кыргыз тилинде окутулуп жатат. Окуу жылынын жыйынтыгы көрсөткөндөй, окуучулардын билим сапатында сезилерлик өсүш байкалды. Алар төмөнкүдөй ийгиликтерди көрсөтүштү: окуу материалдарын туруктуу өздөштүрүү; кыргыз тили боюнча сабаттуулуктун жогорулашы; сабактарга активдүү катышуу; мамлекеттик тилде сүйлөө, жазуу жана окуу көндүмдөрүнүн туура калыптанышы.
Талдоолор билим сапаты канааттандырарлык деңгээлде экенин көрсөттү. Мугалимдер тарабынан окуучулардын билимин андан ары жогорулатуу, жекече иш алып баруу жана кемчиликтерди жоюу багытында системалуу иштер жүрүп жатат.
Кыргыз класстарынын ачылышы мектеп үчүн маанилүү кадам болду. Бул багыттагы иштер дагы улантылат. Алсак, №70 мектепте келе жаткан 2026-2027-окуу жылына карата дагы жаңы кыргыз класстарын ачуу пландалууда. Учурда электрондук каттоо аркылуу биринчи класстын кыргыз тилдүү бөлүмүнө 42 окуучу катталды. Класстардын ачылышы ушул катталган балдардын санына жараша жүргүзүлөт.
Дагы бир мисалды алалы, айтылуу №6 мектепте 2025-2026-окуу жылында жалпысынан 7 кыргыз классы ачылып, анда 154 окуучу билим алды. Анын ичинен 20 окуучу эң жакшы, 32 окуучу жакшы деген көрсөткүчтөрдү көрсөтө алышты, бул жерде 1- жана 2-класстар бааланбайт (38 окуучу).
Мындай көрсөткүч мектептерде ачылган кыргыз класстардын билим сапаты туруктуу жана жогору экенин айгинелейт.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер