ТИК ТОКТУН ӨСПҮРҮМДӨРГӨ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

  • 17.01.2022
  • 0

Бул Эл Аралык социалдык тармак. Musical.ly сайтын басып алуунун  аркасында пайда болгон. Ошонун негизинде социалдык тармак музыкалык таланттарды көрсөтүүчү канал катары позицияланган. Статистикалык маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзү боюнча 330 миллион адам Тик Токто катталган, алардын жарымына көбү өспүрүм же жашы жете элек балдар. Алардын 90%ы бул тармакка күн сайын ыраттуу түрдө киришет.

ТИК ТОКТУН ӨСПҮРҮМДӨРГӨ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Тик Токтун мазмуну семантикалык жүктү камтыбайт, бир гана көңүл ачуу процессине негизделген. Балдардын көргөн видеолору аларды ойлондурбайт, болгону колдонуучулар бул тармакта көнүл ачуу үчүн отурушат. Бул жерден сиз видеолорду жүктөп, жактырууларды (лайктарды топтой) ала аласыз. Бул курбулары тарабынан жактырылууга, алар тарабынан кабыл алынууга, таанылууга муктаж болгон өспүрүмдөр үчүн абдан жагымдуу шарт десек болот.

ТИК ТОКТУН ТЕРС ТААСИРЛЕРИ:

БАЛДАРДЫН БИЛИМ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮН ТӨМӨНДӨТӨТ

Балдар күнү-түнү смартфондордо отурушат, бул алардын физикалык ден соолугуна доо кетирет. Мугалимдер белгилегендей, дээрлик бардык заманбап балдарда окуу жана чоң тексттер менен иштөө кыйынга турат. Алар маалыматты логикага эмес, эмоцияга таянып, фрагменттүү кабыл алышат. Социалдык тармактар баланын өзүнө жана мектепке  болгон көнүл буруусун, кызыгуусун, убактысын  уурдап жатат десек болот.

БАЛДАРДЫ ЖАНДУУ КОММУНИКАЦИЯГА ЭМЕС, ВИРТУАЛДЫК БААРЛАШУУГА ҮНДӨЙТ

Бул фактыны ата-энелер жана педагогдор терс таасир катары белгилешүүдө. Балдар жандуу баарлашууга кызыкдар эмес. Алар уялчаак, коркок же жөн гана топто, көчөдө, достору менен убакыт өткөргүсү келбейт. Тик Токту тез-тез колдонуу алардын бир жактуу, ийкемсиз баарлашууга түртүп жана өзүн актуалдаштыруу жөндөмүн өрчүтүүдө артка тартып жатат десек болот. Убакытты гана албастан, көз карашын кеңейткен хобби жана кошумча билим да экинчи планда калууда.

АНЫН  ЧАКЫРЫКТАРЫ (ЧЕЛЛЕНЖДЕРИ) ӨМҮРГӨ КОРКУНУЧ ТУУДУРАТ

Балдар өз тең туштарына дал келүүгө аракет кылышат, ошондуктан алар тармакта «А сен кыла аласынбы?» деген чакырыкты көргөндө, алар алдын ала жооп катары — аны кайталаганга аракет кылышат. Мындай чакырыктар ар канай болуусу мүмкүн. Мындай учурлар бир канча өспүрүмдүн өлүмүнө себеп болгону, буга чейин белгилүү.

ПСИХИКАГА ЗЫЯН

Өспүрүмдөрдүн социалдык медиага болгон көз карандылыгы да ден соолукка кооптуу. Балдар күн бою аларда күчтүү эмоцияларды пайда кыла турган мазмун (контент)  издешет. Ошентип, алар бул сезимдерге көз каранды болуп калышат. Алардын дүйнө таанымы деформацияланып, бир жактуу калыптанып калат, анткени алар өздөрү жараткан маалыматтык көбүктөн азыктанат. Мындан тышкары, белгилүү бир колдонуучунун каалоосуна негизделген мазмунду көрсөткөн акылдуу канал жөнүндө унутпаңыз. Азыр мындай алгоритм бардык жерде иштейт. Демек, кызыгуулар тарылып, лента балага эмне кызык болсо, ошону гана көрсөтөт. Ошонун негизинде өспүрүмдүн айланасында маалымат көбүгү түзүлөт. Айтмакчы, бул бир гана балдардын көйгөйү эмес. Биз баарыбыз маалымат көбүгүндөбүз, ар бирибиз өз жолубуз менен.

КООПТУУ ТААНЫШУУЛАРГА СЕБЕП БОЛУУДА

Ойдон чыгарылган ысымдар аркылуу педофилдер дос болуу үчүн Тик Токто катталат. Чоң адам жаш баланын ишеничине оңой эле кире алат. Бул социалдык тармакта педофилдер табылган учурлар көп эле белгилүү. Окуялардын баары эле жакшы аяктаган эмес.

БАЛДАР КОРКУТУП-ҮРКҮТҮҮЛӨРГӨ ДУУШАР БОЛУУДА

Балдар ата-энелерине коркутуп-үркүтүүлөр жана ар кадай психологиялык-физиологиялык куугунтуктар жөнүндө сейрек даттанышат. Балким, баланыз сизге бул тууралуу таптакыр айтпашы мүмкүн. Бул факт мындай коркутуп-үркүтүүлөр баланын бүтүндөй  жашоосуна жана инсандыгына терең терс  таасирин тийгизгет, тилекке каршы  ата-энелер ал жөнүндө өтө кеч болуп калганда гана билишет.  Кандай болбосун, мындай  бейбаштык, коркутуп-үркүтүүлөр  көбүнчө социалдык тармактарда башталат. Ал жерде бала тааныш теңтуштарынын гана эмес, башка психикалык жактан соо эмес адамдардын да терс таасирине дуушар болуусу толук ыктымал. Бала ар кандай  коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар болгондо, бул анын кээ бир иш-аракеттеринде агрессия катары чагылуусу мүмкүн. Бул жерде уулуңуз (кызыңыз) менен сүйлөшүп, “эмне үчүн мындай болду?” деген суроону беришиңиз керек.

Жалпысынан алганда, онлайн коркутуп-үркүтүүлөр оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Балдар башкалардын сөздөрүн абдан жакшы кабыл алышат. Аны желеде кордоп жатышса, бул агрессиясын классташтарына көрсөтө баштайт. Балада психикалык солгундоо сезиле баштайт.

АТА-ЭНЕГЕ АЛТЫН КЕҢЕШТЕР:

Тик Токту өспүрүмдүн жашоосунан толугу менен жок кылуу ыктымалдылуугу өтө аз. Тыюу салынган жемиш таттуу, ого бетер каалоону козгогон сыңары, баладагы кызыгуу, ага болгон тынчсыздануу баланы ого бетер күчөтүп Тик Токко жетүүгө мурункудан да көбүрөөк далаалат кылып калат, бирок бул жолкусунда ата-энеден жашыруун колдонууга өтөт. Ошондуктан психологдор жөн гана кылдаттык менен балдардын көз караштарынын жүрүшүнө көз салып, баланын курдаштары талкуулаган акыркы окуялардан кабардар болууга кеңеш беришет. Аны менен анын ишенимдүү байланышта болуп, социалдык түйүндөрдө серфинг жасоодо жолугуп калышы мүмкүн болгон тузактар тууралуу өспүрүмдү эскерткен ыкма менен баарлашууга аракет кылыңыз.

Эгер сиз балаңыз каалаган мүнөттө смартфонго, планшетке байланып калганын сезсеңиз жана сиз көз карандылыктан шектене баштасаңыз, анда бул анын сиз менен таза абада убакыт өткөрүүгө жана ар кандай нерселерден алыстап жаны көндүмдөрдү жашоонузга киргизүүгө убакыт келди дегенди билдирет.

ТИК ТОКТУН ӨСПҮРҮМДӨРГӨ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Баланызды телефондо «отурууcун» абдан кылдаттык менен акырындан чектеңиз. Эң кеңири тараган ката ата-энелер бардык тиркемелерди толугу менен тыюу сала башташат. Бул ата-эне жана баланын ортосундагы түшүнбөстүктөргө жана чыр-чатакка жем таштайт. Ата-эне баланын тармакта өткөргөн убактысын акырындык менен кыскартышы керек. Балаңыздын хоббисине сый-урмат менен мамиле кылышыңыз керек. Ага айтыныз: «Мен сенин Тик Токту жактырып калганыңды түшүнөм, бирок кел, мени менен сүйлөш/жардам бер».

Экинчиден, чыгармачылыкка ыңгайлуу шарт түзүү. Өспүрүмдү секцияга, ийримге, студияга жөнөтүү максатка ылайыктуу. Ал үчүн кызыктуу багыт тандап, өзүнө жаккан иш менен алектенсин.

Үчүнчүсү жана эң күчтүүсү — мисал менен көрсөтүү. Мисалы, жекшембиде телефонсуз күн болот. Чалууларга гана жооп беребиз, бирок социалдык тармактарга кирбейбиз.

Дагы бир сонун жолу — жаңы үй-бүлөлүк салттарды баштоо. Бул балага тармактын сыртында эле кызыктуу, жаркын жана керемет нерселер бар экенин түшүнүүгө жардам берет.

Төртүнчүсү. Балаңызга тармакка туура жана сабаттуу мамиле кылууга үйрөтүңүз. Тик Ток чыныгы жашоо эмес. Муну көбүрөөк оюн десек болот. Чындыгында, дүйнө башкача көрүнөт. Ал эми тармакка карата бул сергек мамилени үч жаштан баштап түзө баштасаңыз болот. Ата-эненин милдети балага тармак бар экенин, бирок анын сыртында бай жана кызыктуу жашоо бар экенин түшүндүрүү. Ал нерсени ата-эне өзүнүн үлгүсү менен көрсөтүшү керек — мына, чындык, бул жерде биз аны жашайбыз жана анда тармакка караганда бир топ көп түстөр жана эмоциялар бар. Ал эми Tik Tok жана Laiki тиркемелерине оюн сыяктуу мамиле кылуу керек экендигин үйрөтүңүз.

Бешинчиси. Балдарыңыз менен мүмкүн болушунча көбүрөөк убакыт өткөрүңүз. Аларды чыныгы жашоого үйрөтүңүз, айланада болуп жаткан окуялардан эмоцияларды алыңыз, кадимки оюндарды ойноңуз: тегерек, шаарча, шашки, бурч ж.б.

Дагы бир ыкма – туруктуу жумуш. Ата-эне жумуштан келип, бош эместигине шылтап, балага көңүл бурбай, кайра эле бала өз алдынча калат. Балаңызды үй жумуштарына тартыңыз, кечки тамакка же дасторкон жаюуга жардам берсин. Бир жоопкерчилик алып ал жоопкерчиликти аткаруу менен ырахат алууну үйрөтүңүз.

АТА-ЭНЕНИН МИЛДЕТИ — БАЛА РЕАЛДУУ ЖАШООДО ИНТЕРНЕТКЕ КАРАГАНДА ӨЗҮН ЫҢГАЙЛУУ СЕЗИШИ ҮЧҮН БАРДЫГЫН ЖАСОО. БАЛАҢЫЗДЫ ЧЫНЫГЫ ЖАШООГО ҮЙРӨТҮҢҮЗ!

Сезим Бактыбек кызы,

“Маариф” билим берүү комплексинин психологу,

“Кыргыз-Түрк Манас” университетинин психологиялык кеңеш

жана көмөк бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер