ТЕРЕҢ ТАМЫРДАН ӨСКӨН БИЛИМ ДАРАГЫ

  • 23.09.2025
  • 0

Тамыры терең, сыймыктанууга татыктуу тарыхы бар, 80 жылдык тажрыйбага ээ болгон Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети — өлкөбүздүн билим берүү тармагындагы алдыңкы флагмандардан болуп саналат. Бул куттуу билим уясы, билимдин гана эмес, адамдык  баалуулуктардын, мекенчилдиктин  нугунда жаш муундарды тарбиялоонун символуна айланган. И.Арабаев университетинин 80 жылдык мааракесине арналган жалпы кубанычка мен да үн кошуп, өз ой-пикиримди билдиргим келди.

ТЕРЕҢ ТАМЫРДАН ӨСКӨН БИЛИМ ДАРАГЫ

Университеттин түптөлүшү кыргыз коомундагы билимге болгон муктаждыктын негизинде башталып, алгач 1945-жылы Кыз-келиндер педагогикалык окуу жайы катары негизделип, башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоого багытталган. Бул мекеме ошол доордун өзүндө эле коом үчүн эң керектүү, маанилүү кадрларды тарбиялап, өлкөнүн келечегине салым кошо баштаган, кийин 1953-жылы В.В. Маяковский ысымы берилген.

Окуу жайга, 1992-жылы мекендин көрүнүктүү агартуучусу, алгачкылардын бири болгон кыргыз окумуштуусу Ишеналы Арабаевдин ысымы ыйгарылып, окуу жай И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту деген макам алган. Бул чечим — улуттук аң-сезимдин ойгонушунун, маданий-тарыхый мурастарга болгон урматтын белгиси катары баалуу болду. Ал эми 1994-жылы, билим берүү тутумунун кеңейишине жана заман талабына ылайык жаңы адистиктердин пайда болушуна байланыштуу, окуу жай Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети деген жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Бүгүнкү күндө 19 минден ашуун студент, 1000ден ашык профессордук окутуучулар курамы, 17 структура жана бир катар эл аралык бөлүмдөр менен биргеликте университет билим берүү мейкиндигинде өз ордун татыктуу ээлеп келет.

Аталган университетте билим берүү гана эмес, дүйнөлүк академиялык интеграцияга карай болгон кадамдар да кеңири өрүш алып келет. Академиялык мобилдүүлүк долбоорлорунун алкагында студенттер жана окутуучулар Россия, Корея, Түркия, Япония, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөгү өнөктөш окуу жайларда билим алып, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышууда. Окуу жайдын негизги максаты — өз кесибин сүйгөн, ар тараптуу, акылдуу, чыгармачыл жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо. Университеттин ар бир бүтүрүүчүсү — билимдин, маданияттын, инсандык сапаттын өкүлү болуп коомдо өз ордун табууда.

ТЕРЕҢ ТАМЫРДАН ӨСКӨН БИЛИМ ДАРАГЫ

           Мен сөз кыла турган И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Педагогикалык колледж — бул билим берүү мейкиндигинде өзүнүн татыктуу орду бар, жаштарга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган көп профилдүү орто кесиптик билим берүү мекемеси. Ал республиканын жана дүйнөнүн өзгөрүп жаткан талаптарына жооп берген, билимдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоону максат кылган. Колледждин негизги миссиясы — билим алууну каалаган жаштарга заманбап шарттарда сапаттуу орто кесиптик билим берүү, аларды келечекте жогорку окуу жайларда окуусун улантууга, же эмгек рыногунда өз кесиби боюнча ийгиликтүү иштөөгө даярдоо. Колледжде окутуу максаттуу программалардын негизинде, бүгүнкү күндүн реалдуу талаптарына шайкеш жүргүзүлөт.

ТЕРЕҢ ТАМЫРДАН ӨСКӨН БИЛИМ ДАРАГЫ

Колледждин тарыхына кайрылсак, 2005-жылдын 22-декабрында И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен мурунку Гуманитардык билимдер борборунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн базасында колледж түптөлүп, Табигый-математикалык жана Гуманитардык-укуктук дисциплиналар аталышында эки кафедра иш алып барып, колледжди  доцент Ч.С.Давлетова жетектеген.  Учурда Педагогикалык колледжди 2024-2025-окуу жылынан баштап, директордук кызматты п.и.к., доцент Ашымбаева Токтобүбү Абасовна жетектеп келет.

ТЕРЕҢ ТАМЫРДАН ӨСКӨН БИЛИМ ДАРАГЫ

Колледж — бул сапаттуу билимдин пайдубалы, келечектеги ийгиликтерге баштаган жол. Ал — коомдун кадрдык суроо-талабын камсыз кылуу менен бирге, жаш муунду патриоттук рухта, заманбап технологияларды өздөштүргөн, интеллектуалдык деңгээли жогору адистер катары тарбиялоого багытталган, заманбап билимге, тажрыйбага жана келечектеги ийгиликтерге баштаган бекем кадам. Бул окуу жай билим алуу менен катар адамдык баалуулуктарды, кесиптик жоопкерчиликти, коомго болгон кызматты да үйрөтөт.

ТЕРЕҢ ТАМЫРДАН ӨСКӨН БИЛИМ ДАРАГЫ

Мен эмгектенген колледждин башталгыч билим берүү бөлүмү 2019-жылы И.Арабаев атындагы КМУнин Педагогикалык колледжинин педагогика бөлүмү болуп түзүлгөн. Бөлүм башталгыч билим берүү адистиги боюнча кадрларды даярдап,  башталгыч класстар боюнча жаңы технологияларды өздөштүргөн, практикалык жактан билимдүү, мобилдүү, инновациялык жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө жөндөмдүү адистер менен камсыздайт. Бөлүм билим берүүнүн сапатын көтөрүү, кесипкөй адистерди даярдап чыгаруу максатында өлкөбүздүн башка орто кесиптик окуу жайлары менен кызматташып келишет.

Ошондой эле колледжде окутуучулар үчүн дагы, студенттер үчүн дагы көптөгөн кызыктуу долбоорлор, конференциялар, конкурстар, экскурсиялар, конок-лекциялар, спартакиадалар уюштурулуп турат. Студенттик парламент, кайрымдуулук акциялары, ар кандай кечелер, жолугушуулар  жана социалдык демилгелер жаштардын коомго кошкон салымын арттырып, аларды боорукердикке үндөйт. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектерди тартуулоо, муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү – бул салтка айланган. Окуу жайыбыз университеттин деңгээлинде өткөрүлүүчү иш-чараларга, эл аралык илимий-практикалык конференцияларга, тегерек стол, симпозиумдарга өз салымдарын кошуп, уюштуруу иштерине дагы, катышуучу катары дагы активдүүлүгүн көрсөтүп келишет.

Колледж 2017-жылы Кыргыз Туусу гезити тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында Кыргыз бренди 2017-жылдын сертификатын алган. Окутуучулардын илимий изилдөө иштеринин алдыга жылып, ийгилик жаратуусу үчүн педагогикалык колледжинде  2018-жылы “Түрк дүйнөсү: Билим өнөр булагы” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция, 2024-жылдын декабрь айында “Мектеп — 2030” — улуттук форуму, 2025-жылы “Оспүрүм жана улан курактагы балдардын психологиялык, социалдык жана укуктук коопсуздугунун көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору” аталыштагы республикалык практикалык-конференция, “Мектепке чейинки курактагы балдардын эмоционалдык интеллектин өнүктүрүү: практикалык ыкмалар жана стратегиялар” атындагы эл аралык  илимий-практикалык симпозиумдар  өткөрүлүп келет. Ошону менен бирге эле колледж  Борбордук Азия мамлекетиндеги, анын ичинен: Өзбекстан, Казакстан, Татарстан республикалары менен тажрыйба алмашуу максатында  академиялык мобилдүүлүк келишимдери түзүлүп, кызматташууда.

Ошондой конференциялардын бири 2025-жылы 4-апрель күнү  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине арналган “Билим берүүдөгү инновациялык мамиле: башталгыч мектепте санариптик технологиялардын жана салттык методдордун интеграциясы” — аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чаранын расмий ачылышында КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева башталгыч билим берүү системасында заманбап педагогикалык ыкмаларды, санариптик технологияларды, инклюзивдүү билим берүүнү, илимий изилдөөлөрдү жана инновацияларды жайылтуу аркылуу билим берүү процесстеринин сапатын жогорулатуу тууралуу ой бөлүштү. Бул конференцияга КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Педагогикалык колледждин директору Токтобүбү Ашымбаева жана КМУнун профессордук-окутуучулар курамы катышты. Эл аралык илимий-практикалык конференция гибриддик форматта өтүп, ага Улуу Британия, Польша, Казакстан, Өзбекстан, Татарстан жана Кыргызстандан окумуштуулар, көрүнүктүү педагогдор, мектептин директорлору, мугалимдер жана билим берүү эксперттери катышты. Конференцияга 90дон ашык илимий макалар келип түшүп, секциялык иштерде талкууланды. Мыкты баяндамачыларга дипломдор тапшырылып, катышуучуларга сертификаттар берилди.   Илимий макалалар И.Арабаев атындагы КМУнун “Жарчысы” илимий журналына жарыяланды.

Ошол эле 2025-жылдын 25-апрелинде Алматы шаарында Казак улуттук аялдар педагогикалык университетинде «Заманбап башталгыч билим берүү: глобалдашуу чакырыктары жана санариптик трансформация» темасында эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өтүп, университеттин жана педагогикалык колледждин окутуучулары барып катышып келдик. Анда глобалдашуу шартында баштапкы билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча актуалдуу чакырыктарды жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрдү талкуулап, билим берүү процессине санарип технологияларды киргизүү маселелери каралды. Докладчылардын катарында – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, ф.-м.и.к., доцент Б.Тултуков «Баштапкы класстарда санариптик билим берүү платформаларын колдонуу тажрыйбасы» темасында сөз сүйлөдү. Секциялык иштерге төмөнкү окутуучулар: Н.Эркинбаева,  Б.Кызылтау,  Ч.Кенжекараева, К.Джумалиевалар катышып, сертификатка ээ болушту. Илимий форумга жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы, илимий кызматкерлер, колледждердин жана мектептердин өкүлдөрү, докторанттар, магистранттар жана студенттер Казакстандын ар кайсы аймактарынан, ошондой эле чет өлкөлөрдөн катышты.

Жыл ичинде окутуучулар тарабынан окуу китептери, окуу усулдук китептер, илимий макалалар жарыкка чыгып турат.  Атап кетсек: Ж.Сокурованын  балдарга арналган «Чоронун чүкөлөрү», «Асан-Үсөн», «Кумурсканын уюгу» аудио китеби, «Данектин окуясы», электрондук китеби,  З.Мамбетованын   башталгыч класстар үчүн «Мекен таануу» окуу китеби, «Мекен таануу предметин окутуу» окуу усулдук колдонмосу, Т.Асанакуновдун  «Мектеп  үчүн фразеологиялык сөздүк» жалпы орто билим берүүчү мектептер  үчүн жазылган окуу усулдук китептери жарыкка чыкты.

Колледждин билим берүү программалары аркылуу студенттер окутуунун заманбап технологияларын жана инклюзивдик билим берүүнү окутуунун методикасын өздөштүрүшөт, алган билимдерин иш жүзүндө колдонууга багыт берет. Колледжде билим алган бүтүрүүчүлөр жогорку билимге болгон жолун үзгүлтүксүз уланта алышат. Алар И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде же башка ата мекендик жана чет элдик жогорку окуу жайларда билим алууну тандап, өз адистигин тереңдетүүгө кеңири мүмкүнчүлүк алышат. Колледж университет аркылуу эл аралык уюмдар жана окуу жайлар менен кызматташат. Мындай байланыш студенттердин билим деңгээлин жогорулатып, көз карашын кеңейтүүгө көмөк көрсөтөт.

Бүгүнкү күндө Педагогикалык колледжде педагогика, мектепке чейинки жана коррекциялык билим берүү, жалпы билим берүү дисциплиналар, бөлүмдөр иш алып барат. Колледж ачылган кезде студенттердин саны 100гө жетчү азыркы мезгилде 2000ден ашык студент билим алууда. Ал эми окутуучулук жааматы 124 окутуучу, 102 штаттык кызматкер, 8 илимдин кандидаты 35 магистранттан  турат. Алардын чыгармачыл күчү билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана билим берүү программаларынын актуалдуулугун камсыздоого багытталган.

Ошондой эле Педагогикалык колледж И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине  карата өз салымын кошуп, иш-чараларды уюштурууга даярданып, илимий, маданий жана расмий иш-чараларды өткөрүүгө кадам жасашууда…

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети — өлкөбүздүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Бул билим ордосу – терең тарыхка, бай тажрыйбага ээ, элине ак ниет менен кызмат кылган мугалимдердин жана окумуштуулардын мурасын улап келе жаткан мекеме. Бүгүнкү күндө да университет билим берүү, илим жана маданият тармактарында зор салымын кошуп жатат,  мен үчүн мугалим катары мындай тарыхый жана сыймыктуу окуу жайда эмгектенүү чоң сыймык жана жоопкерчилик.

80 жылдык жол – бул билим менен тарбиянын, тажрыйба менен жаңычылдыктын, изденүү менен өнүгүүнүн жолугушкан улуу тарыхы. И.Арабаев атындагы КМУ келечекте да билимдүү, акылман, жигердүү муундарды тарбиялап, кыялдарга жол ачкан улуу билим ордосу болуп кала берсин!

Чолпон КЕНЖЕКАРАЕВА, 

И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык колледжинин окутуучусу

Бөлүшүү

Комментарийлер