ТЕОРИЯДАН ПРАКТИКАГА:ДУАЛДЫК ОКУТУУ КАНДАЙ НАТЫЙЖА БЕРҮҮДӨ?
- 16.09.2026
- 0
Кесиптик лицейде окуган жаш адис диплом алган учурда эле жумушка толук даяр болушу керекпи? Бүгүн бул суроо кесиптик билим берүү тармагындагы эң маанилүү маселелердин бири болуп турат. Анткени окуучунун теориялык билим алуусу менен катар аны иш жүзүндө колдонууга көнүктүрүү зарылчылыгы күн тартибинен түшпөй келет. Ушул талаптын шартында өндүрүш менен тыгыз байланышкан дуалдык окутуу системасына өзгөчө көңүл бурулууда. Бирок бул системанын натыйжалуулугу окуучуну ишканага жөнөкөй практикага жөнөтүү менен эле чектелбейт. Туруктуу натыйжага жетишүү үчүн кесиптик лицей менен иш берүүчүнүн тыгыз кызматташтыгы, ал эми кеңири мааниде мамлекеттин да колдоосу жана катышуусу зарыл.
Теория практикада бекемделгенде
№98 кесиптик лицейде дуалдык окутуунун айрым элементтери бүгүнкү күндө IT жана сулуулук индустриясы багыттарында ийгиликтүү колдонулуп жатат. Лицейдин директору Чинара Мелисбековнанын айтымында, бул ыкманын негизги өзгөчөлүгү — окуучуга кесипти теориялык жактан гана үйрөтпөстөн, аны реалдуу өндүрүштүк чөйрөдө өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берүү.

Чинара Мелисбековна Сагынбекова
«Кадимки окутуудан негизги айырмасы – окуучу практика менен окууну бири-биринен бөлүп карабайт. Ал кесиптик көндүмдөрдү реалдуу өндүрүштүк шартта калыптандырат», — дейт Чинара Мелисбековна.
Дуалдык окутуунун маңызы — лицейде берилген билимдин иш жүзүндө колдонулушунда. Окуучу теорияны окуп эле тим болбостон, ошол билимди кесиптик чөйрөдө дароо сынап көрөт. Мисалы, аталган лицейде Web-разработчик багытында окуган жаш адис веб-технологиялар, программалоо жана сайт түзүүнүн негиздерин өздөштүрсө, ишканада бул билимдерин реалдуу веб-долбоорлор менен иштөөдө, техникалык тапшырмаларды аткарууда жана командалык чөйрөдө колдонот. Сулуулук индустриясы багытында да теория менен практиканын байланышы ушундай эле логикада түзүлөт. Лицейде санитардык талаптар жана иштин теориялык негиздери үйрөтүлсө, өндүрүштүк базада кардар менен иштөө, кызмат көрсөтүү, заманбап жабдууларды туура пайдалануу жана кесиптик стандарттарды сактоо көндүмдөрү бекемделип, тажрыйба топтолот.
Окуу убактысын бөлүштүрүү жана заманбап моделдер
Лицейдин маалыматына ылайык, классикалык дуалдык окутууда убакыттын 30 пайызы лицейдеги теориялык даярдыкка, ал эми 70 пайызы иш берүүчүнүн базасындагы практикалык окутууга бөлүштүрүлөт. Бирок Чинара Мелисбековна учурда лицейде толук форматтагы дуалдык окутуу эмес, анын элементтери колдонулуп жатканын баса белгилейт.
«Башкача айтканда, лицей менен иш берүүчү биргеликте окуучунун кесиптик даярдыгына катышат», — деп түшүндүрөт жетекчи.
Толук форматтагы дуалдык окутуу билим берүү уюму менен иш берүүчүнүн ортосунда окуу процессин уюштурууну, убакытты так бөлүштүрүүнү жана тараптардын жоопкерчилигин алдын ала аныктаган туруктуу системаны талап кылат. №98 лицейдеги азыркы практика ошол прогрессивдүү моделдин элементтерин колдонуу менен окуучуга теория менен практиканы айкалыштырып үйрөнүүгө шарт түзүүдө.
Окуучу эмнени үйрөнөт?
Дуалдык окутуунун натыйжалуулугу окуучунун ишканада ээ болгон практикалык тажрыйбасынан айкын көрүнөт. IT багытында алар веб-сайттарды иштеп чыгуу, компьютердик системаларды орнотуу жана тейлөө сыяктуу көндүмдөрдү өздөштүрсө, башка кесиптерде өндүрүштүк жабдуулар менен иштөө, технологиялык процесстерди жүргүзүү жана кардарлар менен баарлашуу маданияты калыптанат.
Мындан тышкары, өндүрүштүк чөйрөдө окуучунун кесиптик сапаттары менен катар жоопкерчилик, эмгек тартиби, командада иштей билүү жана убакытты туура башкаруу сыяктуу маанилүү көндүмдөрү да өнүгөт.
«Эң негизги өзгөрүү – окуучу кесипти жөн гана “сабак катары” эмес, реалдуу кесиптик иш катары кабыл ала баштайт», — дейт Чинара Мелисбековна.
Иш берүүчү — жөн гана база эмес,өнөктөш
Дуалдык окутуунун натыйжасын баалоодо бир гана окуучунун алган баасы эмес, анын практикалык тапшырмаларды өз алдынча аткара алышы, кесиптик компетенцияларынын калыптанышы жана иш берүүчүнүн берген баасы негизги көрсөткүч болуп саналат.
Бүгүнкү күндө лицей 63 жеке уюм жана 13 мамлекеттик орган менен кызматташуу келишимдерин түзүп, алар окуу программаларынын мазмунун түзүүгө активдүү катышууда. Демек, иш берүүчү бул жерде жалаң гана практика өтүүчү жай эмес, ал — билим берүү процессинин толук кандуу өнөктөшү.
Чечилүүгө тийиш болгон көйгөйлөр жана келечек көз караш
Системаны өнүктүрүүдө айрым тоскоолдуктар да бар. Лицейлердин мындай ыкмага кызыгуусу жогору болгону менен, бардык эле иш берүүчүлөр өндүрүштүк милдеттеринен улам кызматташууга дароо эле толук кызыкдар боло бербейт. Ошондуктан дуалдык окутууну өлкө масштабдуу туруктуу механизмге айландыруу үчүн мамлекет, жергиликтүү бийлик, билим берүү уюмдары жана ишканалар биргелешип иш алып барышы кажет.
Мамлекеттик деңгээлде башталгыч кесиптик билим берүү системасы жүздөгөн кесиптер боюнча кадр даярдарын эске алсак, ар бир окуучуга реалдуу жумуш ордунда тажрыйба топтоо шарттарын түзүү — кеңири өнөктөштүктү талап кылган стратегиялык маселе.
«Кесиптик лицей + ишкана = талапка жооп берген кадр» принциби иш жүзүндө толук иштеген механизмге айланганда гана, өлкөбүз эл аралык эмгек рыногунун талаптарына жооп берген, атаандаштыкка жөндөмдүү жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого толук мүмкүнчүлүк алат.
Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»