ТАРЫХ ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫН МАШЫКТЫРУУЧУЛАРЫ КИМДЕР?
- 21.08.2024
- 0
Окуучулардын эл аралык олимпиадалардын жыйынтыгы боюнча быйыл болуп көрбөгөндөй Кыргызстандын куржуну алтын, күмүш жана коло медалдарга толду. Ийгилик жараткан окуучуларды машыктырган мугалимдер көп учурда көшөгөнүн артында калат эмеспи. Бул жолку ийгиликтүү сынактардан кийин машыктыруучу-тренерлер менен министр Догдуркүл Кендирбаева жолугуп, ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.
Математикадан алтын алган Назар Кыргызбаевдин машыктыруучусу ким?
37 жаштагы Мамат Ишматов Германиядагы эң мыкты университеттердин бирин бүтүргөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келип, Бишкек шаарындагы «Газпром — Кыргызстан» мектебинде жана Е.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей комплексинин математика мугалими болуп иштейт, ошондой эле ал эл аралык математика олимпиадасында (IMO) Кыргызстандын командасынын лидери.
Мектеп партасынан эле Мамат математика сабагын жакшы көрүп, олимпиадага катышууга кызыгып келген. Республикалык олимпиадада 1-орунду багындырып, бир эле ата-энесин эмес, жалпы мектепти, Ош шаарын сүйүндүргөн.
Математика сабагын башынан эле 4-6-класстарда жакшы көрчү. Анын билимге болгон каалоосун ар тараптан колдоп, сынактарды уюштуруп, кызыктуу тапшырмаларды берген мугалими — Махабат Мадаминовна.
— Көптөр олимпиадага даярдоо жогорку класстын мугалимдеринин эмгеги деп ойлошот, бирок, чындыгында башталгыч жана орто мектептердин мугалимдеринин эмгеги чоң. Анткени башталгыч жана орто мектепте пайдубал түптөлөт, негизги билим бул келечекте ийгиликке алып барат. Негизинен математика мен үчүн абдан жеңил болду. Лицейди аяктагандан кийин Германиянын Бремен шаарындагы Якобс университетине тапшырууну чечтим, — дейт мугалим.
Кыргызстанга келгенде бир жыл ичинде DOTA оюнчуларынын командасына кошулуп, чемпионаттарга катышып, жети жолу 1-орунду камсыздаган.
Бакалавр даражасын аяктагандан кийин ал Ульм университетинин Финансылык математика факультетине акысыз магистратурага тапшырган.
— Бакалавриатта окуп жүргөндө профессорлор дайыма математиканы гана билбестен, кесипкөй математик болушубуз керектигин эскертип турушту. Эгерде Бремен университетинде теориялык билим алсам, анда Ульм университетинде математиканы прикладдык шарттарда үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Бул мага келечекте каржы жана математика менен байланышкан тигил же бул тармакта иштөөгө мүмкүндүк берди. Экинчи курста DAAD стипендиясын алдым. Бакалавр даражасын алгандан бери окуумду толук эмес жумуш менен айкалыштырдым: программалоо менен алектенип, архитектордун жардамчысы да болгонго жетиштим, — дейт студенттик кездерин эскерип машыктыруучу.
Студент кезинде эле үйгө каникулга келгенде Мамат балдарды олимпиадага даярдоого убакыт бөлүүгө аракет кылчу экен. 2012-жылы анын даярдаган окуучулары байгелүү орундарга ээ болуп, анын ичинде республикалык математика боюнча олимпиадада 1-орунга ээ болушту. Бул аны ого бетер шыктандырган. Анан ал 2017-жылы Оштон топ чогултуп, аларды олимпиадага даярдай баштады.
Кыргызстанда балдарды олимпиадага эрте жашынан даярдаса болот деген ойду айтууга ал дайыма аракеттенип келет. Анын даярдаган 7-класстын окуучулары акыркы жылдары геометрия боюнча Ирандын эл аралык олимпиадасында 2 коло, 1 күмүш жана 1 алтын алышкан.
Шакирттерине татыктуу үлгү көрсөтүү үчүн машыктыруучулар арасында өткөрүлүп келген сынактарга ал дайыма катышып келатат.
Казакстанда өткөн олимпиадалык резервдеги мугалимдер менен машыктыруучулардын IMPACT эл аралык олимпиадасында ал 1-орунду алып, алтын медалга татыктуу болгон.
Өткөн жылы алтынчы IMPACT олимпиадасына 11 өлкөдөн 410 мугалим катышкан. Анын ичинен математика сабагы боюнча 212 мугалим жана 26 машыктыруучу болгон. Маматжан 70 упайдан 66 упай топтоп, күмүш медаль алган.
Алгач 2018-жылы машыктыруучулар арасындагы олимпиадага катышкан. Андан бери эки алтын, төрт күмүш медаль алган. Эки жыл бою Казакстанда өткөн мугалимдер арасындагы олимпиадада калыстар тобунун мүчөсү болду. Бул дагы ага тажрыйба топтоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындай олимпиадаларга байма-бай катышуу менен тренерлер окуучуларга үлгү боло алат. Кээ бир мугалимдер үчүн мындай сынак өзүнүн деңгээлин өркүндөтүү үчүн пайдалуу. Мисалы, Мамат үчүн машыктыруучуларга уюштурулган олимпиада өтө кызык экен. Ага татаал маселелерди олимпиадалык маанайда чыгарган жагат. Эң башкысы, бул мотивация. Машыктыруучулардын сынагына акыркы жылдары дүйнөлүк олимпиадага катышып, жеңип алгандар дагы катыша баштады. Алар деле азыр абдан күчтүү. Белгилей кетчү нерсе, Казакстанда сынакка катышуу өтө маанилүү. Себеби олимпиададан алган медалдар алардын айлыгына таасир этет, т.а. эмгек акысына дагы 100% кошумча берилет. Мисалы, Мамат даярдаган сегиз окуучусу медаль алды, бирок анын эмгек акысына эч кандай таасир эткен жок. Олимпиадага катышкандан бери кыргызстандыктар 99 медаль топтошкон. Акыркы беш жылды эле алсак 52 медаль келиптир.
Чет өлкөдө илимпоздук карьерасын таштаган машыктыруучу
Дагы бир машыктыруучу Эльбрус Тажибаев. Элбрус деген өзгөчө ысымга ээ жигит катардагы аскер үй-бүлөсүндө чоңоюп, эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн мугалими. Анын кесибин кантип тандап алганы, чет өлкөдөгү эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдөн баш тартканы жана азыр өз мектебин кантип өнүктүрөрү тууралуу кеп кылабыз.
Ал 2011-жылы “Ош Сема” лицейин бүтүргөн. Андан соң Түркиядагы Абант Иззет Байсал университетинин биология факультетин аяктаган. 2019-жылдан бери “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин олимпиада борборунда биология боюнча машыктыруучу болуп иштеп, балдарды дүйнөлүк олимпиадага даярдап келатат.
Негизи балдар 7-8-классынан баштап сынакка даярдалат. Мугалимдин айтымында, канча эрте балдар сынакка даярдалса, ошончо ийгилик жаратат. Балдар окуган мектептер олимпиадага даярдабайт, ошол себептен эл аралык университеттин деңгээлинде олимпиадалык борбордо даярдалат. Сынактын катышуучулары эң акыркы чыккан практикалык методдорду билиши зарыл. Мисалы, короновирусту аныктоо.
— Жалал-Абадда төрөлгөм, бирок Ошто чоңойгом – экономикалык каатчылык жылдарында ата-энем жумуштан кыйналып, Ошко көчүп келдик, анткени шаарларда иштөөгө мүмкүнчүлүктөр көп, шарты жакшыраак болчу. Атам аскер кызматкери, апам китепканачы болгон. 7-классымда кадимки орто мектептен Ош кыргыз-түрк “Сема” лицейине өттүм. Лицейде окуганга чейин чыгармачылыкка, сүрөт тартууга жана искусство мектебине барсам, лицейде илимге кызыгып, физика, химия, математика, биология жана башка предметтер боюнча тереңирээк окууга өттүм. 8-класстан 11-класска чейин олимпиадага даярдана баштадым, республикалык орундарды алып, эл аралык сынактарга өтпөй калдым. Мына азыр окуучуларым эл аралык олимпиадаларга катышып жатат. Жөнөкөй кокустуктан жасалган тандоо акыры менин бүткүл келечектеги жашоомо таасирин тийгизди — мен жашоомду биология менен байланыштырууну чечтим. Досум эл аралык олимпиаданын коло медалынын ээси Мырзабек Алибаев экөөбүз Түркиядагы Абант Иззет Байсал университетинин (AIBU) биология факультетине тапшырдык. Машыгуу учурунда бири-бирибизге жардам берип турчубуз, андыктан анчалык деле кыйын болгон жок. Окуудагы мыкты көрсөткүчтөрүбүз үчүн негизги чыгымдарды жаап, стипендия алып окудук, — дейт мугалим.
Университетти аяктагандан кийин ал бир туюк маселеге туш болду: ага илимий изилдөө менен иштөөнү жана жакшы шарттарда абдан чоң акча алууну сунушташкан. Бирок ал Кыргызстанда мугалимдердин жетишсиздиги көйгөйү жөнүндө ойлонуп, өзүн мугалимдикке арноону чечкен.
— Ошентип, 2014-жылы Кыргызстанга келгенден кийин Токмоктогу Жусуп Баласагын атындагы лицейге жумушка орношуп, мугалимдик кесипти аркаладым. Бул лицейде ар башка улуттун, ошого жараша ар башка маданияттын балдары көп окугандыктан, биринчи жылы алар менен тил табышуу кыйынга туруп, чоң кыйынчылыктарга туш болдум. Кийин бардык окуучуларым менен жакшы мамиле түздүм. Ошондуктан мындай тажрыйба мен үчүн пайдалуу болду деп айта алам. Менимче, биология илим катары биздин өлкөдө өнүкпөй жатат жана окутуу үчүн материалдар жеткиликтүү эмес, — дейт Элбрус.
Дарыгерлер пандемия учурунда эбегейсиз жана олуттуу иштерди жасаганы, вакцинаны иштеп чыкканы — бул биологиянын өнүгүшүнөн кабар берип жатканын мугалим баса белгиледи. Биологиянын өнүгүшү гендик инженериянын, генетиканын жана бүтүндөй дүйнөнүн өнүгүшүн да билдирет.
Эльбрус мугалимдик кесипти аркалоо менен бирге илимий изилдөөнү да улантып келет. Ал И.Арабаев атындагы КМУнун магистратурасын аяктап, келечекте докторантурага тапшырууну пландап жатат, балким, чет өлкөдө улантышы ыктымал.
— Биология СССРде жана Батышта башкача өнүгүп, өз ичинде көптөгөн өзгөрүүлөргө жана бөлүнүүлөргө дуушар болгон. Аларды бири-бири менен салыштыруу абдан кыйын — алардын бардыгынын артыкчылыктары да, кемчиликтери да бар. Бирок союз тарагандан кийин илимди өнүктүрө берсек, башка өлкөлөрдөн анча артта калмак эмеспиз деп ойлойм. Азыр алынган билимдин сапатынын жана актуалдуулугунун айырмасы өтө чоң. Чынында эле мен эң сонун билим алдым, аны менен бирге башка өлкөлөрдөн досторум, тааныштарым мени жакшы жумушка чакырышат. Бирок, мен жакынкы келечекте өлкөдөн чыгып, жумушумду алмаштырууну ойлогон жокмун. Себеби, үч жылдан бери бир долбоордун үстүндө иштеп жатабыз, бул Кыргызстандын коомго, билим берүү тармагына пайдалуу болушу мүмкүн. Бул оригиналдуу мектеп. Бир мисал келтирейин: футбол жана теннис боюнча адистештирилген мектептер белгилүү бир аймактарда бар, алар окуучуларды даярдап, жаңы бийиктиктерге чыгууга шарт түзөт. Ошол эле илим тармагындагы адистештирилген мектептин программасын иштеп чыгууга эл аралык олимпиадалардын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү, ошондой эле биологдордун коомчулугу катышат: Жумалиев Улукбек – Сапат биология кафедрасынын башчысы, Ракманов Кубанычбек – машыктыруучу, Малисов Даян – PhD кандидаты, Ажыбаев Бактынур — IBO коло медалынын ээси, Жээнбекова Айтурган — PhD кандидаты жана Асылбек уулу Бектемир келечектеги дарыгер, — дейт Элбрус агай.
Бул жылы Э.Тажибаев тандалып алынган мыкты деген алты окуучуну олимпиадага даярдаган. Мугалимдин ою боюнча, эки жылдын ичинде олимпиадниктер билимдерин кыйла кеңейтет.
Мугалимдин бардык иш-аракети мектеп окуучуларынын жакшы билим алуусуна жана окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуусуна багытталат.
Башкы машыктыруучу Дооронбек
Дооронбек Маметов химия боюнча улуттук команданын башкы машыктыруучусу. Ал 1999-жылы Ош шаарына караштуу Төлөкөн айылында төрөлгөн.
Мугалимдин айтымында, башкы машыктыруучу болгонуна бир эле жыл болду. Ага чейин балдарды эл аралык сынакка “Манас” университетинин окутуучулары даярдап келишкен.
— Калипа Салиева ж.б. окутуучу профессорлорго балдарды эл аралык сынакка даярдоодо жөнөкөй маселелерди чечкенге жардам берип келгем. Акыркы төрт жылдагы ийгиликке жетишкен окуучулар меники деп айтууга болбойт. Быйыл И.Решетников быйыл коло медаль алды, Э.Жапаров ардак грамотага татыктуу болду. 2020-жылдан баштап акыркы беш жылдыкта биздин курама команда 1 күмүш, 7 коло медаль, 2 ардак грамотага жетиштик. Алардын машыктыруучулары Нурбек Айтиев, Бакыт Боркоев, Калипа Салиева, — дейт Дооронбек агай.
Д.Маметов 2016-жылы Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейдин бүтүрүүчүсү. Эл аралык олимпиаданын катышуучусу, Менделеев олимпиадасынын коло медалынын ээси. Ал Түштүк Кореянын Дэджон шаарындагы Korea Advanced Institute of Science and Technology университетинде Кореянын алдыңкы технология институтунун химия факультетин бүтүрүп, 2021-жылы Кыргызстанга келген. Үч жыл Кара-Балтадагы «Стюар Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис» лабораторияда иштеген. Анда көбүнчө тоо-кен тармагында, т.а. алтын, күмүш, баалуу металлдардын курамын аныктай турган анализдерди жасап келген.
Мыкты ийгилик жараткан окуучулардын мугалимдердин бири калбай Кыргызстандагы кыргыз-түрк лицейлеринде окуп, республикалык жана эл аралык олимпиадаларга катышып, жеңүүчү болгондор. Эл аралык сынактын тапшырмаларын аткарып жүргөн машыктыруучулар эми жаш муунду сынакка даярдап, бир топ жемиштүү орундарды багындырып жатат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер