ТАРБИЯЧЫЛАРДЫ ТАКШАЛТКАН СЫНАК

  • 23.06.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын эл мугалими Бектур Исаковдун 80, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын 8 жылдыгына арналган тарбиячылардын алдыңкы иш-тажрыйбасын жайылтуу, аларды колдоо, дем-шык берүү максатында республикалык “Мыкты тарбиячы — 2022” онлайн-сынагы 2022-жылдын апрель, май айларында жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.

ТАРБИЯЧЫЛАРДЫ ТАКШАЛТКАН СЫНАК

Кыргызстан боюнча 120дан ашык тарбиячы кайрылып, 53ү сынакка катталды. Сынактын жүрүшүндө Жобого ылайык беш тарбиячы сынактан четтетилип, 48 тарбиячы финалдык баскычка чейин эки багыт, алты шарт боюнча таймашты. Тарбиячылар интеллектуалдык деңгээли, педагогика-психология, тарбиячылыктын теориясы жана методикасы, педагогикалык кырдаалдар, китеп окуу боюнча тесттик тапшырмалар, эмгектенип жаткан мекемеси тууралуу видео презентация багыттары боюнча таймашып, эң жогорку упайды топтогондор жеңүүчү аталды.

ТАРБИЯЧЫЛАРДЫ ТАКШАЛТКАН СЫНАК

Жеңүүчүлөр сыйлоо аземине чейин К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепкананын бардык бөлүмдөрү менен жакындан таанышып, руханий азык алышты. Ал эми сыйлоо аземи Бишкек шаарында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасынын салтанат залында шаан-шөкөт менен эстрада жылдыздарынын коштоосунда жыйынтыкталды.

Иш-чараны журналдын башкы редактору, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Рахат Сулайманова ачып, куттуктоосунда педагогдордун жана тарбиячылардын ишине ийгилик каалады жана “Мугалим” журналы билим берүү тармагынын өсүп-өнүгүүсү үчүн колдоо көрсөтүп келе жаткандыгын баса белгиледи.

ТАРБИЯЧЫЛАРДЫ ТАКШАЛТКАН СЫНАК

Кыргызстан аялдар Конгрессинин атынан келген Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери Бактыгүл Рыспаева  жалпы тарбиячы-педагогдордун жаш жеткинчектерди тарбиялоодогу эмгегинин баалуу жана зарыл экендигин айтып, Конгресстин Ардак гармоталары менен бир канча мыкты тарбиячыларды сыйлады. Мындан сырткары өлкөбүздүн жети дубанынан келген мыкты мугалимдер “Акыркы коңгуроо” аземине карата Ардак грамоталар менен сыйланды.

“Күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт” дегендей, эки айга созулган онлайн-сынактын катышуучулары кызуу таймашып, 48 тарбиячынын арасынан мыктылар суурулуп чыкты.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы №7 “Келечек” балдар бакчасынын тарбиячысы Рахат Шапалаева баш байгени жеңип алып,  Ысык-Көлдө өтүүчү “Окуучу күткөн мугалим — 4” жайкы мектебине жолдомо, “Мугалим” төш белгиси жана диплом, статуэтка менен сыйланды. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу “Керемет-Голбо” балдар бакчасынын тарбиячысы Чолпонай Абдыназарова 1-орунду багынтып, ага статуэтка, календарь, журнал жана 1-даражадагы диплом ыйгарылды.

2-орунду камсыздаган Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ормотоев Жапарбек атындагы “Баластан” балдар бакчасынын тарбиячысы Мээрим Баялиева жана Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу “Керемет-Голбо” балдар бакчасынын тарбиячысы Аида Сайдалиеваларга статуэтка, календарь, журнал жана 2-даражадагы диплом, “Мугалим” төш белгиси ыйгарылды. Ошондой эле 3-орунду жеңип алган Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы “Бөбөк-Тай” бала бакчасынын тарбиячысы Шаазат Мамытова жана Жумгал районундагы Калыбек Сапаралы атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Нуриза Көкөтаевалар да статуэтка, календарь, журнал жана 3-даражадагы диплом менен сыйланды.

ТАРБИЯЧЫЛАРДЫ ТАКШАЛТКАН СЫНАК

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, педагогика илимдеринин доктору, профессор Эсенбек Мамбетакуновдун атынан “Кыргызстан педагогдор коомунун” Ардак грамотасы бир нече тарбиячыга тапшырылды.

ТАРБИЯЧЫЛАРДЫ ТАКШАЛТКАН СЫНАК

 

Калган финалисттер, катышуучулар Ардак грамота, тастыктама жана журнал, календарь менен сыйланды. Он жылдан ашык эмгектенген мыкты тарбиячыларга “Мугалим” төш белгиси ыйгарылды.

Жеңишбек Абдиназаров , “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын Бишкек шаары боюнча координатору

Бөлүшүү

Комментарийлер