КЫРГЫЗ ФИЗИКТЕРИНИН КОЛУМБИЯДАГЫ ТРИУМФУ

  • 22.07.2026
  • 0

Колумбияда өткөн Эл аралык физика олимпиадасында (IPhO) Кыргызстандын улуттук курама командасы болуп көрбөгөндөй ийгилик жаратты: курамадагы беш окуучу тең мекенине сыйлык менен кайтты! Өлкө куржунуна 1 күмүш, 3 коло медаль жана 1 ардак грамота түштү. Бул – олимпиадалык физикабыздын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч.

Анын үстүнө, күмүш медаль бизге арадан 19 жыл өткөндөн кийин кайра кайтып келди. Бул чоң жеңиштин артында кандай эмгек турат? Медалдардын баасы канчага турду? Бул тууралуу улуттук команданын жетекчиси Чынтемир Сабыров «Кут Билимге» айтып берди.

КЫРГЫЗ ФИЗИКТЕРИНИН КОЛУМБИЯДАГЫ ТРИУМФУ

— Чынтемир мырза, Колумбиядагы олимпиада эмнеси менен эсте калды?

— Биринчиден, географиялык жактан өзгөчө болду. Түштүк Америкага, таптакыр башка материкке биринчи жолу бардык. Экзотикалык жаратылышы, аба ырайы, жергиликтүү элдин маданияты биз көнүп калган чөйрөдөн таптакыр айырмаланат экен. Бул окуучулар үчүн да, биз – жетекчилер үчүн да чоң тажрыйба болду.

Бирок эң башкысы – бул сапар Кыргызстандын куржунуна түшкөн тарыхый жыйынтыгы менен эсте калды. Командадагы беш окуучунун ичинен бирөө да куру кол калган жок.

— Бул жыйынтыкты эмне үчүн «тарыхый» деп жатабыз?

— Анткени Кыргызстан Эл аралык физика олимпиадасына катыша баштагандан бери бир эле мелдеште беш бирдей сыйлыкты эч качан ала элек болчу.

Экинчиден, биз акыркы жолу күмүш медалды 2007-жылы Максим Степаненко аркылуу алганбыз. Андан бери туптуура 19 жыл өтүптүр! Быйыл ошол күмүш медалды кайрадан өлкөгө алып келдик. Бул жөн эле кокустук эмес, бизде олимпиадалык физиканын деңгээли чындап өсүп жатканынын айкын далили.

— Негизги максат эмне эле?

— Албетте, куржунду куру калтырбай, медаль менен кайтуу болчу. Ар бир окуучунун потенциалын билгендиктен, күмүш жана алтын үчүн да күрөшүүгө ишенимибиз бар эле. Койгон максатка жеттик. Эми ушул чек менен токтоп калбай, кийинки мелдештерде алтын медаль алууга даярданышыбыз керек.

— Балдар бул деңгээлге чыгуу үчүн канча убакыт коротушат?

— Бирдиктүү мөөнөт айтуу кыйын. Командада 3–4 жылдан бери тынымсыз машыгып келе жаткандар да, 1–2 жылда тез өсүп чыккан таланттар да бар. Бирок жалпылап айтканда, дүйнөлүк деңгээлде медаль алуу үчүн кеминде 2–3 жылдык туруктуу, системалуу даярдык керек.

Бул жөн гана формулаларды жаттоо эмес. Окуучу теорияны терең туюп, стандарттуу эмес маселелерди чыгарууну, эксперимент жүргүзүүнү жана эң башкысы – чоң атаандаштыктагы психологиялык басымга туруштук берүүнү үйрөнүшү зарыл.

— Эл аралык мелдешке бара турган мыктыларды кантип тандайсыздар?

— Тандоо улуттук олимпиаданын төрт этабы аркылуу өтөт. Биринчи жана экинчи этаптар онлайн өтүп, райондук, облустук деңгээлге туура келет. Үчүнчү этап – офлайн түрүндөгү республикалык олимпиада. Ал эми төртүнчү этап – дал ушул Эл аралык физика олимпиадасына (IPhO) жана Азия олимпиадасына (APhO) катыша турган улуттук кураманы аныктайт.

— Даярдык көрүүдө эң чоң тоскоолдук эмне болууда?

— Эң оор маселе – эксперименталдык тур. Анткени өлкөдө эл аралык олимпиадалардын талабына жооп бере турган заманбап лабораториялык жабдуулар жетишсиз. Мүмкүнчүлүккө жараша мурунку мелдештерде колдонулган приборлорду сатып алып, балдарды машыктырганга аракет кылабыз, бирок базаны толук камсыз кылуу азырынча кыйын.

Ал эми теориялык даярдыгыбыз жаман эмес. Орусия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн окуу материалдарын, мурунку жылдардагы олимпиадалык жыйнактарды кеңири колдонобуз.

— Быйылкы тапшырмалар канчалык татаал болду? Биздин балдарга кайсы бөлүмдөр оңой келди?

— Быйылкы теориялык тапшырмалардын стили биздин даярдыкка абдан жакын болду. Бул мен үчүн таң калуудан да көбүрөөк кубаныч тартуулады. Албетте, мындай деңгээлде «жеңил» маселе болбойт, бирок балдарыбызга формат тааныш болгону чоң плюс болду.

Биздин окуучулар өзгөчө механика, термодинамика, электр, магнетизм жана оптика боюнча берилген маселелерди сабаттуу чыгарып беришти. Бул багыттарда теориялык базабыз абдан күчтүү.

— Келечекте мындан да жогору жыйынтык көрсөтүү үчүн чет өлкөлүк кесиптештерден эмнени үйрөнүшүбүз керек?

— Алдыңкы өлкөлөрдүн тандоо системасы таптакыр башкача. Аларда окуучунун бир күндүк сынактагы көрсөткүчү эмес, жыл бою катышкан ички сыноолору, окуу-машыгуу жыйындары белгилүү бир коэффициент менен эсептелип, узак мөөнөттүү туруктуулугуна баа берилет. Натыйжада кокустуктан улам күчтүү бала сыртка калып калбайт. Бизге да ушундай системаны киргизүү пайдалуу болмок.

— Өлкөдө физиканы өнүктүрүү үчүн дагы эмне жетишпейт?

— Биринчиден, олимпиадачыларды системалуу колдоо керек. Мисалы, коңшу Өзбекстанда абройлуу эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнө мамлекеттик деңгээлде ири акчалай сыйлыктар каралган: коло медалга болжол менен 35 миң, күмүш медалга 52 миң, ал эми алтын медалга 86 миң АКШ доллары берилет! Мугалимдери менен машыктыруучулары да өзүнчө сыйланат. Бул абдан чоң стимул.

Албетте, маселе акчада гана эмес. Үзгүлтүксүз жыйындарды өткөрүү, лабораторияларды заманбап жабдуу, күчтүү машыктыруучуларга шарт түзүү – эң башкы инвестиция. Баса, азыркы күчтүү машыктыруучуларыбыздын көбү – мурунку олимпиадачылар. Бааласак, алар кайтып келип кийинки муунду даярдайт.

— Бул жеңиш окуучулардын келечегине кандай жол ачат?

— Дүйнөнүн топ университеттери бааларга гана эмес, абитуриенттин мындай өзгөчө портфолиосуна абдан маани беришет. IPhO медали – окуучунун дүйнөлүк деңгээлде атаандаша аларын далилдеген эң күчтүү документ. Бул гранттардын, стипендиялардын жана эң абройлуу окуу жайлардын эшигин ачат. Бирок мен балдарга дайыма айтам: медаль – бул даяр ийгилик эмес, болгону чоң мүмкүнчүлүктөрдүн башталышы.

— Физикага кызыккан жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

— Эң башкысы – кыйынчылык жаралганда таштап салбоо. Ар бир олимпиадачыда маселе чыкпай, ишеним жоголуп, кол шилтеп салгысы келген учурлар болот. Дал ошол сыноодон өткөндөр гана чокуга жетет.

Ийгилик 99% эмгектен жана чыдамкайлыктан турат. Каталардан сабак алгыла, суроо берүүдөн коркпогула жана өзүңөргө ишенгиле. Издеген адам дайыма жолун табат!

— Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат!

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер