ТҮШҮНҮҮ ЖӨНДӨМҮ ЭМНЕ ҮЧҮН ЭҢ ЗАРЫЛ?
- 28.11.2026
- 0
Жалпы республикалык тестти мамлекеттик мекеменин карамагына өткөрүш керек деген демилгени кимдер, кандай максатта көтөрүп жатат?
Түбөлүктүү өлкөнүн түбүнө жеткен “кеменгерлик”
«Бакыт – бул сени түшүнгөн адамдар бар экендиги».
“Дүйшөмбү күнгө чейин аман бололу”/ “Доживём до понедельника” тасмасында окуучу жазган эң кыска дилбаян.
Советтер Союзундай супердержава дал ушул «мамлекеттик» аптарыйкатты абсолютташтырган мамиледен улам кыйрап калганын билгендер өтө аз. Совет өкмөтү курулган алгачкы жылдарды азык-түлүктү – күнүмдүк тамак-ашты да! – мамлекет өзү бөлүштүрөт дегенге чейин жетишкен. Ошол тайыз ой бүткүл өлкөнү ачарчылыкка тушуктурганда, Ленин жаңы экономикалык саясатты (ЖЭС – НЭП) жарыялап, жеке менчикке уруксат бериле баштаган. Ошентип, эң кооптуу кризистен чыгууга жол ачылган.
Кийинки он жылдыктагы, мисалы, Казакстандагы ачарчылыкка «теңдешсиз көсөмдөрдүн» ЖЭСтен баш тартуу чечими себепкер болгон.
Эгер коммунисттер 1970-жылдары элге экономикалык эркиндикти аз-аздан болсо да бергенде, бензинди төгүп, мамлекеттик байлыкты ысырап кылган, жалган план («жел козу», «бүтпөс курулуш» /»долгострой»), чындыкты жаап-жашырган адат ж.б. көрүнүштөр өлкөнүн түбүнө жеткидей масштабда жайылмак эмес.
Азыр биздин эгемен Кыргызстандын өкмөтү дагы кайрадан «мамлекеттин» көлөкөсүн ашыкча ополдонтууга ыктап кетпеши керек. Бардык маселелерди бир киши чечет, баары үчүн жооп берет деген ой канчалык баёо экенин деле түшүнгүдөй болдук – айрыкча Президенттин жер-жерлерде эл менен жолугушуусунда өзү таң калган учурлар өтө көптүгүн эске алсак. «Улутташтыруу» жана «кустурмай» урааны менен кайсы жардын кырына жетип калганыбызды да сезиш керек.
Тест – адилеттик кепили
«Адамдын маданияттуулугу окуган китептеринин эмес, түшүнгөн китептеринин саны менен өлчөнөт».
Фазил Искандер, абхаздардын орус тилинде жазган калемгери (Чыңгыз Айтматов жогору баалаган замандаштарынын бири. Ушул эле ой кыргызстандык философ Арон Брудныйдын “Түшүнүү илими” / “Наука понимать” китебинде да бар.)
Эми ЖРТ маселесине келели.
Ырас, кемчиликтери бар. Бирок аны өткөрүү укугун мамлекеттик мекемеге берип койсок, тез эле оюнчукка айлантышат. Номенклатурага түздөн-түз байланган мекеме ар кайсы деңгээлдеги/даражадагы «чоңдорго», «жогоркуларга», «элитага» көз каранды болбой калбайт. Чейрек кылымдан бери бай менен кедейдин, «өтө чоңдор» менен катардагы жумушчу, малчылардын балдарына бирдей талапты камсыздап келген ЖРТ системасы коррупцияга белчесинен батат да, ЖОЖдорго жалаң гана «элита» менен капчыгы калыңдардын балдары өтө турган болуп калат.
Айтмакчы, ЖРТ тапшырмалары мектеп программасына дал келбейт деп кыйкыргандар бир жылда бир жолу да балдарынын окуу китептерин барактап карабайт. Эгер алар «масло» мээлерин кичине эле иштетип көрсө, окутуу мазмуну менен тест тапшырмалары 100 пайыз шайкеш экенин, айырма кээ бир мугалимдердин методикасындагы өксүктөн – окуучуларына ТҮШҮНБӨЙ эле жаттап алган «билими» үчүн баа койгон көнүмүшүнөн келип чыгаарын ТҮШҮНМӨК.
Түшүнүү – ар бир жеке адам үчүн да, жалпы коомчулук үчүн да, өлкөнүн келечеги үчүн эң зарыл жөндөм. Аны жок дегенде орточо деңгээлде калыптандыра албасак, мамлекет өтө оор кризиске кабылат.
Ушул чындыкты түшүнбөгөн, түшүнгүсү келбеген немелер билим алуунун эң башкы максаты – ЖРТнын өзөгүн түзгөн дал ушул сергек ойлонуп, терең түшүнүү жөндөмүн өнүктүрүү экенин, ар кандай шайтандардын азгырыгынан эркин болуу канчалык зарыл экендигин түшүнбөйт. Билип туруп эле тескери сүйлөгөндөр элдин маңбаш, ээрчиме болуп, рухий өзөгүнөн ажырап калышын каалайт.
Жолдош Турдубаев