ӨСПҮРҮМ БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУ ЖАНА АНЫ ЧЕЧҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

  • 30.04.2025
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин “Педагогика” бөлүмүндөгү психология багыты боюнча эмгектенип жаткан окутуучулар жамааты тарабынан 2025-жылдын 25-апрелинде КМУнун 80 жылдыгына арналган “Өспүрүм жана улан курактагы балдардын психологиялык, социалдык жана укуктук коопсуздугунун көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору” аталышындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар аралык практикалык конференция өткөрүлдү.

ӨСПҮРҮМ БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУ ЖАНА АНЫ ЧЕЧҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

 

— Практикалык конференциянын максаты — бүгүнкү заманбап коомдо актуалдуу маселелердин бири болуп жаткан өспүрүм жана улан курактагы балдардын психологиялык, социалдык жана укуктук көйгөйлөрүн талкуулоо, көйгөйлөрдү чечүү жолдору боюнча пикир алмашуу жана балдарга социалдык жактан жардам көрсөтүү, укуктук коопсуздугун коргоо боюнча иш-аракеттерди, жаңы ойлорду жана идеяларды талкулоо менен иш жүзүнө ашыруу аракети, — деди И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледждин директору, п.и.к., доцент Т.Ашымбаева.

ӨСПҮРҮМ БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУ ЖАНА АНЫ ЧЕЧҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

Конференцияга И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын “Жалпы гигиена” кафедрасы, М.С.Мусуралиев атындагы Акушерлик жана гинекология кафедрасынын окутуучулары , №4 төрөт үйүнүн врачтары, республикалык СПИД борборунун адистери, КРнын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын медицина, биология жана агрардык илимдерди аттестациялоо бөлүмүнүн кызматкери, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун окутуучулары, И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун жалпы прикладдык психология кафедрасынын доценти жана окутуучулары, академик К.Карасаев атындагы Бишкек улутттук университетинин колледжинин окутуучулары, социалдык адистер, ички иштер министрлигинин өкүлү жана окуу жайлардын студенттери катышты.

ӨСПҮРҮМ БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУ ЖАНА АНЫ ЧЕЧҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

 

Конференциянын модератору Асылкан  Токтомаматованын айтымында,  доордун келечек ээси болгон өспүрүм жана улан курактагы балдар, кыздардын психологиялык, социалдык көйгөйлөрүн жана укуктук жактан коопсуздугун камсыздоо, аларды баңгилик, токсикомания, интернет туткуну, физикалык, сексуалдык зордук зомбулуктан коргоо жана сактоо, ошондой эле жашы жете элек курактагы нике жана анын эртеңки таасири, деги эле жалпы гигиена сыяктуу маселелердин үстүндө кандайдыр бир деңгээлде иштер жүргүзүлүп жатат. Бирок толук кандуу иш алынып барбай жаткандыгына коомчулук өзү күбө экенине токтолду.

ӨСПҮРҮМ БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУ ЖАНА АНЫ ЧЕЧҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

— Жаштар арасында кеңири тарап кеткен маанилүү факторлор, жогоруда белгиленип кеткендей, көчөдө балдар же кыздар бири-бири менен урушуп же сабап жатса, көрмөксөн болуп өтүп бара жаткан «улуу муундардын» корккон, басынган балдар, кыздардын көздөрүн байкагысы келбегени өтө өкүнүчтүү да, коркунучтуу да… Ата-бабаларыбыздан бери айтылып келе жаткан «Улууга урмат, кичүүгө ызат» деген философиялык ойлор бүгүнкү күндүн жашоосунда белгилүү денгээлде колдонулбай келе жаткандыгы же бул адеп-ахлактын нормасы четте калып бара жаткандай сезилет. Ал гана эмес, бул курактагы балдар, кыздардын үй-бүлөдөгү ата-эненин агрессиясына, жашы жете элек курактагы нике жана кыздарды уурдоонун, ж.б. факторлордун күбөсү болуп жатканыбызды тана албайбыз. Тилекке каршы, коомдун мындай орчундуу көйгөйлөрү менен толук кандуу иш алып баруу системасы белгилүү деңгээлге коюулбай жатканы коомчулукту өкүндүрөт. Жаштарды криминалдык бандалар жана диний топтор сыяктуу зыяндуу таасирлерден коргоо маселесин иш жүзүнө ашырууда аларга укуктук, социалдык жана психологиялык жактан толук кандуу көмөк көрсөтө албай жатканыбыз андан да өкүнүчтүү, — деди модератор.

ӨСПҮРҮМ БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУ ЖАНА АНЫ ЧЕЧҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

Сөзүн улай модератор коом тынымсыз өсүп, өзгөрүп жаткан учурда, ага шайкеш келечек муун да кошо өсүп келе жатканын баса белгиледи. Анда соң Роза Отунбаеванын БУУнун Генералдык Ассамблеясында «жаштар жөн эле келечек гана эмес, алар ошондой эле адамзаттын бүгүнкүсү дагы» — деп айткан сөзүн мисал келтирип,  учурдан пайдаланып, конференциянын  конокторуна, жалпы эле коомчулукка, КМУнун окутуучулук профессорлук курамына жана жалпы эле катышуучуларына чакырык жасады.

«Жаштар келечек ээлери гана эмес, алар бүгүнкү күндүн катышуучулары, коомдун жаңы өсүп келе жаткан кыймылдаткыч күчтөрү жана болуп жаткан окуялардын күбөлөрү, демек алар жөнүндө кам көрүүнүн илимийсоциалдык чөйрөсүн, укуктук коопсуздугун улуу муундар жана тиешелүү мамлекеттик мекемелер тарабынан колдоо, камсыздоо мейкиндигин кеңейтүү зарыл шарт» деп белгилеп кетүү жана таануу зарыл экенин айтмакчымын!»

Жогорудагы проблемаларды чечүүнүн үстүндө иштөө механизмин кантип уюштурууга жана кандай чараларды колдонууга болот? – деген суроо ар бир инсандын жүрөк оорутуучу маселеси эмеспи. Айрыкча илим-билим дүйнөсүндө эмгектенип келе жаткан окутуучулук профессорлук курамдын, укук коргоо уюумдарынын, калкты социалдык жактан камсыздандыруу мекемелеринин, ден соолуктун сакчыларынын,  деги эле жаштардын эртеңки күнүн ойлогон инсандын жан дүйнөсүнүн бир четин ээлеген орчундуу маселе болуусу керек экенин да модератор айтып өттү.

Конференцияда жүрөк өйүткөн орчундуу маселенин үстүндө иш алып баруунун кыскача тематикасын келгендерге сунушталды.

Ошентип, жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар аралык практикалык конференция төмөндөгү беш багыт боюнча иш алып барды:

  1. Өспүрүмдөрдүн  жана улан курактагы балдардын психологиялык, физикалык саламаттыгы.
  2. Өспүрүмдөрдүн ден соолугуна жана бакубат жашоосуна болгон укуктарын коргоо.
  3. Коомдо, үй-бүлөдө өспүрүм курактагы кыздарга жана балдарга кам көрүү.
  4. Өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугу коомдо өсүп жаткан негизги көйгөйлөрдүн бири.
  5. Өспүрүмдөрдүн  жана улан курактагы балдардын адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (АИВ), СПИД коркунучунан коргоо.

Ар бир секциянын модераторлору даярдалган окуу бөлмөлөрүнө жайгаштырып, багыт боюнча иш-чараларды уюштурушту. Талкуунун жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынды. Ар бир багыт боюнча кабыл алынган резолюция атайын түзүлгөн комиссиянын жардамы менен кайрадан каралып чыгып, ага алымча, кошумчалар киргизилүү менен бир добуштан колдоого алынды.

Өлкөдөгү ар бир билим берүү мекемеси өспүрүмдөрдүн, улан курактагы балдардын коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-аракеттердин стратегиялык планын иштеп чыгуу, коомдук жана мамлекеттик уюмдардын, ата-энелердин, мугалимдердин, психологдордун жана укук коргоо органдарынын тыгыз кызматташуусун камсыз кылуу зарыл экеи белгиленип, конференциянын жыйынтыгы боюнча сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдарга жана билим берүү мекемелерине жөнөтүлсүн деген сунуш айтылды.

Конференция – өспүрүмдөрдүн жана жаштардын коопсуз, бактылуу, толук кандуу өнүгүүсү үчүн коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн дагы бир ирет тастыктады. Резолюцияда көрсөтүлгөн сунуштар ишке ашырылса, балдардын социалдык-психологиялык жана укуктук коопсуздугун камсыз кылууга чоң салым кошот.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер