СОНУН АГАЙ, СОНУН АДАМ
- 11.05.2026
- 0
Элдин уулу, илимге, калемге өмүрүн арнаган инсан, белгилүү окумуштуу, педагог, жазуучу, адабиятчы Абдыкерим Жаркынбаевич МУРАТОВДУН 70 жылдыгына карата
Түбөлүктүү ойлогон, Адамдыкты даңктаган,
Киши сонун турбайбы. Агай сонун турбайбы.
Калкы үчүн иштеген, Айтканы да жазганы,
Иши сонун турбайбы. Далай сонун турбайбы!
Барпы Н. Мурзаев
Адамдын өмүрүн, инсандык маани, маңызын, көрөңгөсүн өлчөп тургансыган убакыттын улуу дарыясы бүгүн илимдин, адабияттын асманында жаркыраган жылдыздардын бири, ар тараптуу талант ээси, педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим агайдын 70 жаштын босогосун аттаганын шоораттап туру. Ырас, убакыт өмүр өлчөчөмүн көрсөтөт, адам өз көрөңгөсүн, эмгегин өзү көрсөтүп, эли баалайт. Учурда мааракеси менен куттуктаган каалоолор, макалалар гезиттерде, интернет аймагында окуучу-студент, магистранттары, достору, туугандары, шакирттери, күйөрмандары, санаалаштары тарабынан байма-бай жарыялана баштады. Мен да иниси, шакирттеринин бири катары кутман курагы менен куттуктайм!
![]()
Агай 70 жылдык мааракесине жүзгө жакын китеби менен келиптир. Тагыраагы, өзү автор жана авторлош болгон 63 китеп, өзү которгон 19 китеп, өзү түзгөн 13 китеп – бардыгы 95 китеп экен. Жалаң жазган макалаларынын саны эле эки жүздөн ашыптыр. Оболу китептерин жүзгө жакын деп жазып койгонумдун себеби: дагы 5 китепти агай кемпир шабдаалы жегенче жазып коюшу да мүмкүн. Муну китеп жазуу оңой экен деп түшүнбөө керек, өмүр бою бир китеп жазбаган да бар, араң бир-эки китеп жазган да бар. Бул ар кимдин иштөө жөндөмүнө жана стилине жараша болот. Агай жазган чыгармаларын тизмелеп койсок деле гезиттин эки бети толоруна ишенем. Бирок чыныгы калемгер катары ар бир жазган чыгармасына чоң жоопкерчилик менен караганын белгиеп коюшушуз керек. Китептердин, макалалардын эч бири алардын санын көбөйтүү үчүн жазылбаптыр, А.Муратовдун ишмердүүлүк жөндөмүн, талантын, билимин жана калемине жасаган мамилесин билген калемгерлердин баалосу, пикири боюнча автор ар бир чыгармасын, андагы ар бир сөзүн чоң жоопкерчилик менен жазат тура. Ушул китептеринде, макалаларында ар бир тема замандын, адамдын, илимдин, билимдин, окуунун жана окутуунун түркүн маселелери, көйгөйлөрү өз учурунда козголуп жазылганын, жарык көргөнүн мен сонун тамактын таттуу жасалып, учурунда дасторконго коюлганына салыштырам. Болгондо да замандын дасторконуна. Мыкты ашпозчу бышырган тамагына бардык кошулчу тузунан, аш-көктөн, башка да маанайын, жакшы ниетин кошот турбайбы. Агай да ар бир жазган чыгармасына, мейли, ал илимий макала болобу же чакан аңгемеби, же олчойгон романбы жан дилинен мээримин төгүп, мекенге, ата-энеге, балдарга, табигатка болгон сүйүүсүн сүртүп жазыптыр. Кыргыздын үлкөн педагогу, Эл мугалими, профессор Исак Бекбоев: “Мейли макаласы болсун, мейли китептери болсун “Муратов” деген фамилия турса, окурмандар канааттануу менен окушуп, практикалык иштерде керек кылып, анын ордун белгилеп турушат. Ишке жоопкерчиликсиз мамиле кылуу деген анда жок, анын тубаса таланты, анан жөндөмү кандай гана иш болбосун майын чыгара иштөөгө үйрөткөн”,- деп жазган. Жазуучу, публицист, филология илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиев мынтип жазат: “Ал – коомдук проблемаларды, актуалдуу маселелерди көтөргөн, социалдык турмуштагы көйгөйлүү маселелерди козгогон курч жана жалтанбас публицист. Анын стилин, почеркин окурмандар жакшы тааныйт”. Айтмакчы, ушул эки беделдүү окумуштуулар Кыргыз педагогика илим-изилдөө институнда иштеп турганда, А.Муратов айылдык мектепте иштеп турса да, мыкты макалалары менен элге тааныла баштаган кез экен. С.Байгазиев иниститутка ишке чакырат да, И.Бекбоев кабылдамасында баарлашып, институтка ишке алышат. Мезгил өтүп ушул эки окумуштуунун А.Муратовго жүктөгөн жана андан күткөн ишенимдеринин акталганына ыраазычылык менен жазышкан каалоолорунан жогоруда үзүндү келтирдик. Кайтар дүйнө дегендей, КР УИАнын мүчө-коррропенденти, Кыргыз Республикасынын эл мугалими, педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак Бекбоевдин 85 жылдык мааракесине ал агай тууралуу профессор А. Муратов мынтип жазган: “Бир киши ушунча эмгек кыла алабы? деп ойлойсуң да, ушундай иштеген кишилердин жолуна суктанасың, алардын иштермандыгынан үлгү алгың келет. А бирөөгө үлгү болууга жарагандык – бул инсандын зор бактысы эмеспи…” Кайтар дүйнөнүн жакшы жагы менен кайтканы да сонун. Дегеним, ушу тапта Абдыкерим агай 5 илимдин докторун, 18 илимдин кандидатын, 10 магистранттын чыгарып, мындан тышкары да канчалаган адамдарга иши менен да, жүрүш-турушу, адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү менен да үлгү болуп, бирок өзү элес албай жүрүшү – тоодой бакыт эмеспи! Улуу адамдын улуулугу, кыйындыгы жөнөкөйлүгүндө, адамгерчилигинде экен деп ойлоп коём… Кимден сурап калсаң да агай жөнүндө жөнөкөйлүгүн, адамгерчилигин, терең билимдүү, таланттуу, ичи кең, жакшы адам экенин айтышат. Мен сонун агай, сонун адам дедим. Көрсө, улуулук жана кыйындык “мен кыйынмын” дегенде же көкүрөк кергенде, керсейгенде эмес эмес экен. Көрсө, куру мактанып керсейгенге, жалкоолорго, калптарга улуулук да, кыйындык да жукпайт тура.

“Эч кимге жамандык каалабаган, чымынды да өлтүрбөгөн, кумурсканы да басып кетпеген бала болуп жетилди”,- деп айтыптыр атасы Жаркынбай ата. Күжүрмөн эмгекчил, талыкпай изденгич, адамдарга да, жаныбарларга да жамандык каалабаган Абдыкерим Муратов өтө өнөрлүү адам. Барпы акын: “Айт, айт десе ааламды айт, Аалам алга кадамдайт, Ар түркүн өнөр чыгарган, ааламдагы адамды айт”,-деген. Тиги 95 китепти барактап окусак түрдүү түркүн жанрлар кезигет. Ошол материалдар боюнча Абдыкерим Муратов адабиятчы, сынчы, илимпоз-окумуштуу, педагог, этнопедагог, мугалим-методист, жазуучу, акын, котормочу, журналист, публицист, очеркист… Жазуучулугу боюнча: чебер аңгемечи, чоң тарыхый романчы. Акындыгы боюнча лирик (ырларын интернетке чыгарган), ыр түрүндөгү “Үч жүз жаңылмачтын” автору. Агайдын суроосун өзүнө берип көрөлүбү: “Бир киши ушунча эмгек кыла алабы?” Эс аласызбы? Уктайсызбы?-деп.
Бул суроого калем кармаган ар ким өзүнчө жооп издеп көргөнү оң болор. Мен дагы бир өнөрүн айтсамбы, айтпасамбы деп турам… Өзүмчө урушабы, капа болобу деп турам… Колу бошой калганда дүкөнүнө барып Бурул жеңеге жардам берип, кассада олтурат. Жанына ноотбугун коюп алат. Кардар жокто жаза берет. Кардар келсе, анын товарларын эсептеп, пакетине салышып узаткан соң, ноотбугун ачып, жазганын токтогон жеринен улантат. “Адашпайсызбы?”-деп бир ирет сурагам. Адашпай турганын айткан. Мен ушуга таң калгам, тиги акча иши да, бул жазма иши да жооптуу иш да… Жазуучулардын көбү тынч жерди каалайт эмеспи, мен да ошондоймун. А.Чехов гана поезд өтүп жатса да жаза алчу экен. Бул чанда жолукчу феномен. Агайдын таң каларлык эс тутумунун, адамгерчилигин, жөнөкөйлүгүн айта берсе сөз жетпес.
Кез-кезде сүйлөшкүм келгенде ошол жерге барам. Агай ноотбукту жаап коюп, соодасын жүргүзгөнчө мени менен сүйлөшө берет. Оболу тоскоол болбоюн деп, ыңгайсызданып тез кетип калчумун. Кийин тоскоол болбосумду айткандан кийин, кассанын жанында туруп алып сүйлөшө беребиз. Мурза акасинин сүйлөгөнүндөй (Гапаров) ширин сөздөрүн укканы барам да болбосо, кайсы убакта чалсам да, дайым жооп берет. Чогулушта болсо, “жыйындамын” деп жазып коёт. “Мага ушу соода жагын эле үйрөтсөңүз болот”,-дедим бир ирет тамашалап. Чер жазып баарлашкандан кийин, коштошкон соң агай ноотбугун кайра ачат.
Жогоруда сөз кылган жанрлардын, чыгармалардын ар бири боюнча өз-өзүнчө изилдөө жүргүзө турган мезгил алдыда, өзү түзгөн “Муратовдун илимий мектебиндеги” шакирттеринин мойнунда. 70 жылдык маарекеңиз кут болсун! Кырманыңызга кут толсун! Жеңем менен бактылуу өмүр сүрүп, Курманбектин төрүндө неберелерди эркелетип, өзүңүз жүздөн, чыгармаларыңыз эки жүздөн ашып узак жашаңыз!
Низамидин МУРЗАЕВ,
И.Арабаев атындагы КМУнун Манастаануу кафедрасынын окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, Эл агартуунун мыктысы
Комментарийлер