К. КАРАСАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ БИРИНЧИ ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ ӨТӨТ

  • 11.05.2026
  • 0

2026-жылдын 15-майында Бишкек шаары билим берүү менен медианын өкүлдөрүн бириктирген маанилүү аянтчага айланат. К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин бүтүрүүчүлөр ассоциациясы Биринчи эл аралык форумун өткөрөт.
«Глобалдашуу шартында жогорку кесиптик билим берүү жана ийгиликтүү карьера стратегиялары: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» аттуу форум медиа тармагындагы адистерди, окутуучуларды, студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү бир аянтчага чогултат.
Форум журналистика кафедрасынын 30 жылдыгына, журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин 20 жылдыгына, ошондой эле профессор Станбек Усуповдун 90 жылдык мааракесине арналат.

К. КАРАСАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ БИРИНЧИ ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ ӨТӨТ
Иш-чаранын жүрүшүндө жогорку кесиптик билим берүүдөгү заманбап тенденциялар, журналистика жана коммуникация чөйрөсүндөгү жаңы талаптар, санарип доорундагы кесиптик көндүмдөр жана ийгиликтүү карьера куруунун натыйжалуу жолдору талкууланат.
Форум медиа, PR, IT, социалдык маалымат жана документология багытындагы адистер үчүн тажрыйба бөлүшүүгө, жаңы идеяларды сунуштоого жана кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле университет, бүтүрүүчүлөр жана индустрия ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө болот.
Уюштуруучулар белгилегендей, бул форум билим менен практиканын байланышын бекемдеп, жаңы муундагы медиа адистердин өнүгүүсүнө маанилүү салым кошот.

Бөлүшүү

Комментарийлер