ШАБДАН БААТЫР БАЯНЫ – БИР ДООРДУН БАЯНЫ

  • 10.11.2022
  • 0

ШАБДАН БААТЫР БАЯНЫ – БИР ДООРДУН БАЯНЫ

Тарых жана ата бабаларыбызды эскерүү күнүнө карата Кемин районундагы атактуу Шабдан баатырдын мемориалдык комплекс музейи капиталдык ремонттон кийин эшигин ачты.  

Бул күндөгү салтанаттуу жыйынга баатырдын Чоң-Кеминдеги жакын туугандарынан тышкары, көл кылаасынын Сары-Ой, Сары-Камыш айылдарынан да урук туугандары, Кеминден чыккан атактуу окумуштуулар, коомдук ишмерлер, алардын уул-кыздары, коомдук ишмер Чолпон Баекова, окумуштуу физиолог, педагог, ак халатчандардын бүтүндөй бир нече муунун окутуп чыгарган агартуучу Санжарбек Данияровдун кызы дарыгер Асель Даниярова баш болгон өрөөндүн аттуу-баштуу сыйлуу адамдары келишти. Келгендер музейди жасалгалоодо кыз башы менен атан төө көтөргүс кызмат кылган Шабдан баатырдын чөбөрөсү Жайнагүл Тайгуроновага алкыш сөздөрүн айтышты. Ал бир жылга жакын созулган ремонт иштеринин жүрүшүндө музейдин имаратын эле эмес, ичиндеги экспонаттарын да жаңыртып, толуктаган.

ШАБДАН БААТЫР БАЯНЫ – БИР ДООРДУН БАЯНЫ

Чолпон Баекова өз сөзүндө Жайнагүл Тайгуронованын “атанын уулу” деген баага тете аткарган ишин баса белгиледи.

— Ушул улуу күнү улуу инсан Шабдан баатырдын музейинде жердештерим менен жолугуп олтурганыма кубанычтамын. Музейдин экспонаттары толукталып, ичи оңдолуп-түздөлүп жаңыланганын көрүп, биздин да көңүлүбүз толду. Бул кишини эстеп жүрүү — урпактардын ыйык милдети. Тилекке каршы, көп учурда аны аткарбай калып жатабыз. Шабдан атабыз Кемин өрөөнүнө эле эмес, бүтүндөй Кыргызстанга белгилүү, кадыр-барктуу тарыхый инсан болгон. Ал кыргыз элинин ынтымагын, биримдигин, кыргыздыгын далилдеген. Аны тастыктаган документтер турат. Ал документтер бүтүндөй бир доордун, биздин мамлекеттүүлүгүбүздү өнүктүрүү доорунун күбөсү, — деди ал салтанатка келгендерге кайрылып.

ШАБДАН БААТЫР БАЯНЫ – БИР ДООРДУН БАЯНЫ

Шабдан баатырдын эмгеги түгүл, ысымы ачык айтылбай, анын урук-туугандарынын бири калбай куугунтукталып, аны менен тааныш-билиш болгондордун да асманын кара булут чалган мезгил өттү. Баатырдын уулу Абдылдабек уруунун эле эмес, бүтүндөй улуттун таберигин каардуу замандын каарынан сактап, муундан-муунга жеткирсе, Абдылдабек кызы Жаңылдын жардамы менен бир доордун баяны болуп ушул күнгө жетип отурат.

ШАБДАН БААТЫР БАЯНЫ – БИР ДООРДУН БАЯНЫ

Чоң-Кеминдеги ардагер аксакалдардын бири, “Шабдан ата” коомдук уюмунун активдүү мүчөсү Абдинасир Тойчубаев музей комплексти кайсы жерге ачуу маселеси да чоң талкуу жаратканын айтты.

— Музейди келген-кеткенге ылайыктуу жерге ачалы деп, көпкө чейин тандап, ушул жерди мен сунуштаганмын. Чынында эле туристтерге да ыңгайлуу, тарыхый жактан да дал келет. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин тарыхый мурастарды сактоо жана маданиятты өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошевдин келгендигинен пайдаланып, музейди министрлик өз карамагына алса деген сунушубузду министрге айта бар деп жатабыз. Биз мындай тарыхый табериктерге өтө аяр мамиле жасашыбыз керек. Шабдан баатыр каза болгондо менин атам 12 жашта экен. Анын тажыясына орус падышачылыгынан өкүл келерин күтүп, жайы бир жума шашпай казылганын айтып калар эле. Ошондо казанагы эки атчан колуна найза кармап эркин баса тургандай казылган деп айтчу. Шабдан ата жөнүндө Каныбек Иманалиев жана Жаңыл Абдылдабек кызы жазган көлөмдүү эки китеп бар. Ошол китепти окуп, ата бабаларыбызды эскерип, эрдигин унутпай айта жүрөлү, — деди.

Тоо этегиндеги Шабдан баатырдын мемориалдык комплексине ушул өрөөндөн чыккан атактуулар аллеясын аралап өтөсүң. Бул аллеяда Кыргызстандын маданий, адабий айдыңында опол тоодой эмгек сиңирген М.Күрөңкеев, А.Токомбаев, Т.Абдымомунов, окумуштуулар Б.Юнусалиев, С.Данияров ж.б. айкели орнотулган. Атактуулардын айкелдери белгилүү сүрөтчү-скульптор Аскар Турумбековдун колунан жаралганын, ушул жердеги иштердин көбүн аткарууга Мидин Исраиловдун үй-бүлөсү чоң салым кошконун сыймыктануу менен белгилешти.

ШАБДАН БААТЫР БАЯНЫ – БИР ДООРДУН БАЯНЫ

Салтанаттын жүрүшүндө музей комплекстини мындан дагы жакшыртып, жергиликтүү тургундар жана туристтер үчүн кызыктуу жайга айландыруу жана азыркы учурда пайдубалы гана сакталып калган Шабдан баатырдын медресесин көп кырдуу билим берген жай кылып кайра түзүү боюнча да кызыктуу сунуштар айтылды.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер