“СЕЙТЕК”: СЫНАККА ЖАНА СЫЙЛЫККА БАЙ АЙЫ

  • 15.06.2022
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук  “Сейтек” борборунун элдик үлгүлүү фольклордук-этнографиялык  “Байчечекей”, хореографиялык “Алмаз” жана «ASIA-NUR» ыр жана бий элдик ансамблдер  Казакстанда өткөн эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарды жеңип  келишти.“СЕЙТЕК”: СЫНАККА ЖАНА СЫЙЛЫККА БАЙ АЙЫ

 

 

“БАЙЧЕЧЕКЕЙ”

Элдик үлгүлүү фольклордук-этнографиялык  “Байчечекей”  ансамбли (жетекчиси Батма Алдабекова) Алмата шаарында өткөн Эл аралык «Beauty Made» таланттарынын сынагына катышып, байгелүү орундарга ээ болду. Бул сынактын максаты – жаш таланттарды колдоо жана коомчулукка алып чыгуу, таанытуу, ошондой эле улуттук аспапта ойноо чеберчилигин жана чыгармачыл дареметин өнүктүрүүнү көздөйт.

Бул сынак бир нече номицанияга жана  катышуучулардын жаш курагына бөлүндү. Алсак, соло номинациясында 12 жашка чейинки катышуучулардын ичинен “Сейтек” борборунун тарбиялануучусу Рашидов Арнель А.Бекшүкүровдун  “Аттилла хан” күүсүн ойноп, гран-прини жеңип алды. Ал эми 14-18 жаштагы катышуучулардын арасында Закиров Руслан А.Огонбаевдин  “Ак тамак, көк тамак” күүсүн аткарып, көрөрмандардын купулуна толуп, ал дагы гран-прини камсыздады. Ушул эле номинацияда  Саяков Береке Н.Абдырахмановдун “Аттилла хан” күүсү менен 2-орунга  чыкты. Ал эми трио номинациясында Салымбекова Алсу, Талантбеков Эльдар жана  Молдакунова Сабина А.Огонбаевдин “Саадак какты” күүсүн менен гран-прини жеңип алышты. Мындан тышкары ансамбль номинациясында “Алтын нур” жана “Байчечекей” бирдикте   Б.Мадазимовдун  “Эргиме” күүсүн аткарып, булар дагы гран принин ээси болушту.

 

“СЕЙТЕК”: СЫНАККА ЖАНА СЫЙЛЫККА БАЙ АЙЫ

Сынактын жеңүүчүсү  Руслан Закировдун айтымында, казактар менен кыргыздар комуз менен домбрада ойноо техникасы боюнча сынак өткөн.

— Калыстар тобу комузду ойноо техникасына өзгөчө көңүл бурушту. Менин оюмча, казак туугандарыбыз кыргыз күүлөрүн түшүнө бербейт, колдо ойноткон техникаларга карашты, — дейт конкурсант.

“Байчечекей” ансамблинин жетекчиси Батма Алдабекованын айтымында, ансамбль бул сынакка чейин Бишкек шаарында оркестр аралык сынакка Б.Бейшеналиева атындагы университеттин студенттерине менен бирге “Издейм сени”,  “Бульварым” деген күүлөрдү оркестр менен чертип,  3-орунду женип алган.

—  Ошол сынактан бизди Казакстандан келген Жаштар уюмунун жетекчиси Елена Бородина байкап, Алматыда өтчү конкурска чакырган болчу. Биз 3-орун алган үчүн 45 миң  сом менен сыйланганбыз. Ошол каражат жол киреге, ПЦР тапшырганга кетти. Тамак-ашыбызды ар бир ата-эне каржылады.  20 тарбиялануучу барды. Ал жерде оркестр эки чыгарма менен катышты. Сынакта бишкектиктер 1-орунду, ал эми чакырган тарап казактар домбра менен  2-орунга чыгышты. Уюштуруучулар  балдар-кыздардын комузда ойногон техникаларына аябай таң калышты. Артистик чеберчиликке, улуттук костюмга да карашты, — дейт жетекчи.

“СЕЙТЕК”: СЫНАККА ЖАНА СЫЙЛЫККА БАЙ АЙЫ

Пандемия учурунда бул ансамбль онлайн-форматта Италияда, Түркияда, Россияда өткөн сынактарга катышып, анда дагы бир топ байгелүү орундарды жеңип алышкан.

«ASIA-NUR»

“Сейтек” борборунун дагы бир оозга алынып калган «ASIA-NUR»  ыр жана бий элдик ансамбли Казакстанда өткөн VII эл аралык бий искусствосу боюнча «SUMMER FEST» сынагына катышып, жаш курактары боюнча бир топ сыйлыктарга ээ болушту. Алсак, дүйнө элдеринин бийи номинациясында “Армян бийи” менен 13-14 жаш курактагылар 1-орунду жеңип алса, 13-15 жаштагылар испан бийинин шоусу менен алар да 1-орунга чыгышты. Ал эми 9-11 жаштагылар улуттук бий номинациясында кыргыз бийин аткарып, 2-орунга, ошондой эле 8-10 жаштагы катышуучулар эстрадалык балдар бийи номинациясында 2-орунга чыгышты.

“АЛМАЗ”

Аталган ансамблдин жетекчиси Флюра Файзуллинанын айтуусуна караганда, булал Бишкек шаарындап өткөн “Бий ордо” сынагына катышып, байгелүү орундарга жетишкен. Казакстан чакырылган Аксана Айылчиева булардын бий боюнча мыкты чеберчилигин байкап аларды Казакстанда өтчү VII эл аралык бий искусствосу боюнча «SUMMER FEST» сынагына чакыруу берген. Анан дагы “Бий ордо” сынагында байгелүү орун алгандары үчүн Аксана Айылчиева эл аралык сынакка катышууга 10% арзандатылган сертификат тапшырган экен.

“СЕЙТЕК”: СЫНАККА ЖАНА СЫЙЛЫККА БАЙ АЙЫ

— Кыздардан турган эки топ бардык. “Көчмөндөр”, “Наристе” деген эки бий менен чыктык. Аткарган бийибиздин ар бир кыймыл-аракети, техника, музыка менен шайкеш бийлегендери, кийген костюмдары калыстар тобун кайдигер калтырган жок окшойт. Андыктан эки гран-прини утуп алдык. Чындыгында кыздарым ң жогорку деңгээлде аткарышты. Костюмдарды мен өзүм тигем. 5 жаштан 13 жашка чейинки кыздар катышты. Ар бир катышуучуга кубок, медаль, кийинки сынакка катышуу үчүн сертификат (50% арзандатылган) тапшырылды, — дейт жетекчи.

Ошентип, “Сейтек” борборунун тарбиялануучулары биринчи жолу эле эмес, дайыма чет өлкөгө чыгып, Кыргызстандын желегин желбиретип, даңкын чыгарып келет. Бул жолу дагы ансамблдер сыйлыкка бай келгендери баарыбызды кубантты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, ”Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер