САЛТТУУ БИЛИМ ЖАНА ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ: МУУНДАР ДИАЛОГУ

  • 02.09.2026
  • 0

Билим берүү мектеп, жогорку окуу жай жана китеп менен гана чектелбейт. Элдин кылымдар бою топтогон билими үй-бүлөдө, жамаатта, устат менен шакирттин ортосунда, күнүмдүк турмушта муундан муунга өтүп келет. Бул салттуу билим. Айгине МИБ ишке ашырып жаткан «Салттуу жамааттар жана жасалма интеллект» долбоору салттуу билимдин жаңы санариптик чөйрөдөгү ордун түшүнүүгө жана аны алып жүргөн адамдарга жаңы технологиялар жөнүндө үйрөнүүгө багытталган.

САЛТТУУ БИЛИМ ЖАНА ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ: МУУНДАР ДИАЛОГУ

Билим берүүнүн жаңы жолу

Салттуу билим китептен гана үйрөнүлбөйт. Бала чоңдорду байкап, угуп, кайталап, ишке аралашуу аркылуу үйрөнөт. Жаратылышты таануу, жыл мезгилдерин ажыратуу, кол өнөрчүлүк, жөрөлгөлөр жана оюм-чийимдер тууралуу билимдер ушундай жол менен берилген. Бүгүн бул билимдер жаңы суроого туш болууда: аларды санариптик дүйнөдө кантип сактайбыз жана кийинки муунга кантип жеткиребиз? Бул суроого жооп издөө менен катар долбоор салттуу билимди алып жүргөн улуу муунду жасалма интеллект менен иштөөгө үйрөтүүнү да көздөйт.

Улуу муун да үйрөнөт

Долбоордун жүрүшүндө салттуу билимди алып жүргөндөр жасалма интеллекттин эмне экенин, анын кандай иштээрин, маалыматты кайдан аларын жана эмне үчүн ката кетирерин үйрөнүшөт. Андан соң өздөрүнүн билимин жасалма интеллект кандай түшүндүрөрүн текшерип көрүшөт. Мисалы:

  • салттуу жылсанактар;
  • балдарга байланышкан жөрөлгөлөр;
  • жаратылыш тууралуу билимдер;
  • оюм-чийимдердин мааниси.

Бул жерде улуу муун жөн гана окуучу эмес. Алар жасалма интеллекттин жоопторунун тууралыгын текшерген билимдин ээлери. Эгер жасалма интеллект жөрөлгө тууралуу жаңылыш маалымат берсе, аны оңдой турган адам ошол жөрөлгөнү билген коомдун өкүлү. Эгер оюм-чийимдин мааниси бурмаланса, анын чыныгы маанисин уста түшүндүрөт. Демек, технология өнүккөн сайын салттуу билимди алып жүргөн адамдын ролу жоголбойт.

Жаштар да үйрөнөт

Долбоордун маанилүү бөлүгү — жаштар менен улуу муундун өз ара үйрөнүүсү. Бул багыт «Мурасты жаңырт – Hack the Heritage» хакатонунда башталган. Ага Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан 67 студент катышып, салттуу жылсанак, ыйык жерлер жана чийимташтар боюнча иш алып барышкан. Көпчүлүк жаштар бул темалар менен биринчи жолу терең таанышкан.

САЛТТУУ БИЛИМ ЖАНА ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ: МУУНДАР ДИАЛОГУ

Эми билим алмашуунун багыты эки тараптуу: Улуу муун салттуу билимди берет. Жаштар санариптик каражаттарды үйрөтөт. Экөө биргеликте жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн изилдейт. Мындай өз ара үйрөнүү салттуу билимди жаңыча түшүндүрүүгө жана аны кийинки муунга жеткирүүнүн жаңы жолдорун табууга шарт түзөт.

Жаңы муунга жаңыча жеткирүү

«Салттуу жамааттар жана жасалма интеллект» долбоору технологияны салттуу билимдин ордуна коюуну көздөбөйт. Тескерисинче, технологияны билимди алып жүргөн адамдардын жаңы нерсени үйрөнүшүнө жана өз билимин кийинки муунга жаңыча жеткирүүсүнө жардам бере турган каражат катары карайт. Бир муун салттуу билимди алып келет. Экинчи муун жаңы каражаттарды алып келет. Экөө бириккен жерде билим берүүнүн жаңы жолу пайда болот.

Мээрим АЙТИКЕЕВА

Бөлүшүү

Комментарийлер