САЛТТУУ БААЛУУЛУКТАР МЕНЕН ИННОВАЦИЯЛЫК УСУЛДАРДЫН АЙКАЛЫШЫ
- 01.06.2026
- 0
Азыркы глобалдашуу шартында билим берүү системасынын алдында турган негизги милдеттердин бири — улуттук баалуулуктарды сактоо менен бирге окуучуларды дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү инсан катары тарбиялоо болуп саналат. Анткени бүгүнкү күндө интернет жана социалдык тармактар аркылуу ар түрдүү маданияттар аралашып, жаштардын чет элдик маданиятка болгон кызыгуусу күчөп, айрым учурда өз тилине, каада-салтына жана улуттук нарктарына кайдыгер мамиле жасоо көрүнүштөрү байкалууда. Натыйжада руханий боштук жаралып, адеп-ахлактык кризиске алып келүү коркунучу пайда болууда. Мындай шартта улуттук баалуулуктарды сактоо жана аны жаш муундун аң-сезимине сиңирүү билим берүү тармагынын маанилүү милдеттеринин бири болуп эсептелет.

Ушул багытта Кыргыз Республикасынын Президентинин №369 “Улуттук нарк – дүйнөлүк бийиктик: уңгулуу жол” аттуу Жарлыгы жалпы билим берүү мекемелеринин тарбиялык жана окуу-методикалык ишмердүүлүгүнө түздөн-түз тиешелүү болуп саналат.
Жогорудагы маселелерди чечүү жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу максатында Ош облусунда мектеп директорлорунун катышуусунда «Улут уңгусу жана “Алтын-Казык” – билим сапатына жол» аттуу облустук семинар уюштурулду. Семинар Ош билим берүү институтунун 2026-жылга карата түзүлгөн иш планынын негизинде 2026-жылдын 24-апрелинде Ноокат районундагы «Алтын-Казык» жалпы билим берүү мекемесинде өткөрүлдү.
Семинарга Ош облусунун Араван, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунан келген райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, мектеп директорлору жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Алардын катарында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Нурайым Атаканова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Жусупов, Исанов айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Пиримкулов болушту.

Семинардын жүрүшүндө мектеп директору Махаматжан Сапаров жана Ош билим берүү институнун инновациялык иштер боюнча директордун орун басары Чынара Раимбекова билим берүүдө улуттук баалуулуктарды заманбап окутуу технологиялары менен айкалыштыруу аркылуу окуучуларды ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган иштер тууралуу мазмундуу баяндама жасашты. Алар өз сөздөрүндө билим сапатын жогорулатуу, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү жана инновациялык окутуу ыкмаларын практикага киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга кеңири токтолушту. Ошондой эле катышуучуларга ийгилик каалап, уюштурулган мастер-класстардан пайдалуу тажрыйба алып, алынган усулдук жаңычылдыктарды өз мектептеринде жайылтууга чакырышты.
Семинардын алкагында катышуучулар мектеп жамааты тарабынан даярдалган улуттук баалуулуктарды даңазалаган көргөзмөлөр менен таанышып, окуучулардын чыгармачылык таланттарына күбө болушту.
Тарых мугалими Гулкан Айтматова тарабынан 6-класстар үчүн уюштурулган “Уңгудан бийиктикке карай жол” аттуу мастер-класста окуучулар ата-бабалар мурасын, улуттук тамырды таануу аркылуу мекенчилдик сезимин жана тарыхый аң-сезимин өнүктүрүүгө багытталган тапшырмаларды аткарышты. “Менин уңгум – менин сыймыгым” аттуу топтук талкууда кыргыз элинин өнүгүшүнө салым кошкон тарыхый инсандар тууралуу ой бөлүшүштү.

Ал эми математика мугалими Нуркан Абдувалиева тарабынан 7-класстар үчүн өткөрүлгөн “Эсептөө маданияты – сарамжалдуу жашоонун негизи” аттуу мастер-класста окуучулар эсептөө маданиятынын мааниси тууралуу кеңири түшүнүк алышты. Сабакта убакытты, сууну, энергияны жана башка ресурстарды үнөмдүү пайдалануу аркылуу келечек муунга кам көрүү идеясы эсептөөлөрдүн негизинде түшүндүрүлдү. Ошондой эле ата-бабаларыбыздын “убал” түшүнүгүнө болгон мамилеси менен азыркы экологиялык жана экономикалык аң-сезимдин байланышы көрсөтүлдү. Мисал катары бир күндө текке аккан суунун көлөмүн эсептөө тапшырмасы аткарылды.
География мугалими Космира Курбанкулова уюштурган “Улут уңгусунун экологиялык көз карашы” аттуу мастер-класста окуучулар “Ата салты – аруулук” темасында талкуу жүргүзүштү. “Сууга түкүрбө”, “Булак көрсөң, көзүн ач” сыяктуу тыюу сөздөрдүн жана баталардын терең экологиялык мааниси чечмеленди. Ошондой эле “Аккан сууда арам жок” деген макал аркылуу кыргыз элинин табиятка аяр мамилеси жана сууну булгабоо маданияты талкууланды.
Биология мугалими Толгонай Исакова өткөргөн “Этно-инновация” аттуу акыл таймаш окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана илимий изденүүсүн өнүктүрүүгө багытталды. Иш-чарада улуттук баалуулуктарды заманбап окутуу ыкмалары жана башка предметтер менен айкалыштыруу аркылуу окуучулардын таанып-билүү жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Акыл таймаштын жүрүшүндө окуучулар кыргыз элинин кол өнөрчүлүк мурастары, каада-салты жана нарк-насили боюнча суроолорго жооп берип, өз ойлорун негиздүү далилдөөгө аракеттеништи. Айрыкча, кийиз менен килемдин айырмачылыктары тууралуу суроо окуучулардын кызыгуусун арттырды. Алар килем жиптен токуларын, ал эми кийиз жүндөн басылып жасаларын айтып беришип, кийиздин жылуулукту сактоочу касиетине токтолушту.
Ошондой эле логикалык тапшырмалар аркылуу улуттук түшүнүктөр математика предмети менен айкалыштырылды. Мисалы: “Бир боз үйдө 60 уук бар. Ар бир канатта 15 уук болсо, боз үй канча канаттан турат?” деген суроо окуучулардын кызыгуусун жаратып, алардын эсептөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.
Семинардын маданий бөлүгү “Улуттук мурас – түбөлүк казына” аттуу программа менен жыйынтыкталып, анда улут уңгусу аркылуу окуучуларды мекенди сүйүүгө, улуттук баалуулуктарды урматтоого тарбиялоонун мааниси өзгөчө белгиленди.

Семинардын соңунда катышуучулар тарабынан өткөрүлгөн мастер-класстарга жана жалпы иш-чаранын уюштурулушуна карата бир катар сунуштар жана ой-пикирлер айтылды. Катышуучулар семинардын мазмуну бүгүнкү билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди камтып, улуттук баалуулуктарды заманбап окутуу усулдары менен айкалыштыруу жагынан пайдалуу тажрыйба болгонун белгилешти.
Айрыкча мастер-класстарда теория менен практиканын айкалышта берилиши, окуучулардын активдүү катышуусу жана предметтер аралык байланыштын натыйжалуу колдонулушу жогору бааланды. Мугалимдер тарых, математика, география жана биология сабактары аркылуу улуттук нарктарды окуучулардын аң-сезимине жеткирүүдө чыгармачыл жана инновациялык ыкмалар колдонулганын белгилешти.
Тарых мугалими Гулкан Айтматованын “Уңгудан бийиктикке карай жол” аттуу мастер-классы боюнча катышуучулар окуучулардын мекенчилдик сезимин ойготууга багытталган топтук талкуулар жана тарыхый инсандар тууралуу иш-чаралар өзгөчө таасирдүү болгонун айтышты. Мындай ыкмалар окуучулардын тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, өз улутуна болгон сыймык сезимин күчөтөрү белгиленди.
Математика мугалими Нуркан Абдувалиеванын “Эсептөө маданияты – сарамжалдуу жашоонун негизи” аттуу мастер-классы боюнча катышуучулар математика сабагын турмуш менен байланыштырып окутуу абдан натыйжалуу болгонун белгилешти. Айрыкча ресурстарды үнөмдөө, сарамжалдуулук жана “убал” түшүнүгүн эсептөөлөр аркылуу түшүндүрүү окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.
География мугалими Космира Курбанкулованын “Улут уңгусунун экологиялык көз карашы” аттуу мастер-классы боюнча мугалимдер кыргыз элинин экологиялык түшүнүктөрүн азыркы экологиялык көйгөйлөр менен байланыштырып берүү абдан маанилүү экенин белгилешти. Катышуучулар мындай сабактар окуучуларды жаратылышка аяр мамиле жасоого тарбиялоодо чоң роль ойной турганын баса белгилешти.
Биология мугалими Толгонай Исакованын “Этно-инновация” аттуу акыл таймашына катышкан мугалимдер улуттук баалуулуктарды логикалык суроолор жана илимий түшүнүктөр менен айкалыштыруу окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жакшы шарт түзгөнүн билдиришти. Айрыкча улуттук кол өнөрчүлүккө байланышкан суроолор окуучулардын кызыгуусун арттырганы белгиленди.
Семинардын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан төмөнкүдөй сунуштар берилди:
- Улуттук баалуулуктарды предметтер менен интеграциялоо боюнча мастер-класстарды райондук жана мектептик деңгээлде көбүрөөк уюштуруу;
- Мындай тажрыйбаларды видео-сабактар жана методикалык колдонмолор аркылуу жайылтуу;
- Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүүдө турмуштук мисалдарга көбүрөөк көңүл буруу;
- Жаш мугалимдер үчүн тажрыйба алмашуу аянтчаларын уюштуруу.
Катышуучулар семинар жогорку деңгээлде уюштурулуп, теория менен практиканы айкалыштырган пайдалуу тажрыйба болгонун белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле мындай иш-чаралар билим сапатын жогорулатууга жана улуттук баалуулуктарды жаш муунга жеткирүүгө чоң салым кошо турганы баса белгиленди.
Шайырбек КАЙЫМОВ,
Ош билим берүү институтунун жетекчи адистер кабинетинин башчысы
Нуржамал ТААБАЛДЫЕВА,
билим берүүдөгү менеджмент кафедрасынын башчысы
Комментарийлер