Сөз кудуретке ээ

  • 09.10.2025
  • 0

Президент Садыр Жапаровдун “Улут деми. Уңгу жол (Тандалган сөздөр)” китеби жарык көрдү. Китептин презентациясы шейшембиде илим-билим очогу болгон куттуу жай Улуттук илимдер академиясында өттү.

Сөз кудуретке ээ

Дароо аталышына түшундүрмө бере кетели. Бул китеп президенттин жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жол тууралуу эмес. Китептин бет ачар аземинде чыгып сүйлөгөн ораторлордун бир тобу кеп доктрина тууралуу болуп жаткандай кабылдаганы байкалып турду. Кийин китеп тууралуу пикир жазгандардын айрымдары да жыйнакты түзгөндөр ката кетирип, “Унгужолду” “Уңгу жол” деп туура эмес жазып алышкан тура деген күдүк ойго жетеленип, анысын социалдык тармактарга да жарыялап жиберишкенинен улам лингвистикалык түшүндүрмө берүүгө туура келди.

“Унгужол” (бирге жазылган) бул доктрина, эки сөздү бириктирген табылга, термин, концепциянын, стратегиялык документтин аталышы. Ал эми тандалган сөздөр топтолуп, жарык көргөн китептеги “Уңгу жол” бул башка маанини туюнтат. Насили эки зат атоочтон куралган кошмок сөз. “Уңгу” жана “жол” лексемалары баарыбызга түшүнүктүү.

Жарыяланганы азыр коомдук, интеллектуалдык окуя болгон менен, , окурмандар улам кайрылып, далай ирет акыл таймашта аргумент болчу, илимий дискуссиялардын предметине айланып, нечен мертебе цитаталанып, мезгил өткөн сайын улам мааниси арта турган бул китеп – жанры боюнча сөздөр жыйнагы. Китептин аннотациясында белгиленгендей, улут лидери Садыр Жапаровдун кыйчалыш кырдаалдарда, тагдыр чечүүчү учурларда, өлкөнүн турмушундагы урунттуу коомдук-саясий иш-чараларда, социалдык-экономикалык мааниси зор окуяларда, ошондой эле эл аралык деңгээлдеги форумдарда, жолугушууларда, жыйындарда сүйлөгөн сөздөрүнөн, учурдун урунттуу маселелерине арналган кайрылууларынан иргелип алынган материалдар топтолду.

Президенттин ар бир сөзү маанилүү. Арийне, айрым сөздөрү, маектери конкреттүү контекстке, ошол учурдагы кырдаалга байланыштуу болгондуктан, түзүүчүлөр тарабынан кошумча комментарийлерге, түшүндүрмөлөргө муктаж. Ошол себептен китептин көлөмүн ыксыз арбытпоо максатында жана сөздөр жыйнагы мыйзамченемдүүлүгүн көңүлгө алып, тандамал сөздөр жанрына токтолдук. Президенттин сөздөрүнүн ичинен жыйнакка кире тургандарын тандоо көп убакытты, акыл түйшүгүн, терең анализди талап кылды. Президент катышып, сөз сүйлөгөн окуялардын масштабы, ички-тышкы мааниси, тарыхый аспект, саясий, дипломатиялык, идеологиялык жагдайлар эске алынды.

Албетте, сөздөрдү жайгаштыруу хронологиялык принципке негизделди. Китептин форзацына “Манас” эпосунан үч сап үзүндү, Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүү салтанатындагы сөзүнөн үзүндү берилди. Экөө тең ант. Тандамал жыйнакта 2021-жылы 28-январда инаугурациядагы сөзү менен башталып, 2025-жылы Чыгыш менен Батышты бириктирген Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземинде сүйлөгөн сөзү менен аяктайт.

Ар бир сөзү президенттин учкул, таамай айтылган сүйлөмдөр менен аталган.

Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиев экөөбүз тандамал сөздөрдү китеп кылуу чыгаруу идеясы тууралуу көп кеңештик. Нечен электен өттү, далай ой калчанды. Эл аралык тажрыйбаны да бир ирет карап чыктык. Башка мамлекеттердин лидерлеринин, көрүнүктүү саясатчылардынскитептерин көбүн окуп, талдадык, талкууладык, салыштырдык. Мамлекет башчыларынын же өкмөт жетекчилеринин тандалган сөздөрүн жыйнак форматында чыгаруу тажрыйбасы кеңири кездешет. Маселен, Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин ички жана тышкы чоң саясий же маданий окуяларга байланыштуу сөздөрү регулярдуу түрдө китеп болуп чыгып турат. Ал китептер Кытай менен чектелбестен, дүйнө тилдерине которулуп, таратылат. Эски тажрыйба, коммунисттик системанын үлгүсү дешке болбойт. Анткени Кошмо Штаттарда жана Европада да ушундай практика көп кездешет, азыр да бар. Тандалган сөздөрү тургай, айрым президенттердин, атактуу дипломаттарынын бир эле сөзү китепче болуп, улам кайра басылып чыгат.  Маселен, көйкашка президент даңазалуу Жон Кеннединин 1963-жылы июнда Вашингтондо Америка университетинин студенттери менен жолугушуудагы “Тынчтык стратегиясы” (A Strategy of Peace) деген сөзү чакан брошюра түрүндө басмадан улам чыгарылып келет. Ушу күнгө чейин. Ал эми Кенннединин “Эрдиктин үлгүлөрү” (Profiles in Courage) аттуу керемет китеби ондон ашык ирет кайра басылып чыкты, дүйнөнүн көп тилдерине, анын ичинде эки-үч жыл мурда кыргыз тилине которулду. Саясат менен оратордук искусствонун генийи Уинстон Черчиллдин тандалган сөздөрү орус тилинде эле он чакты жолу кайра басылып чыгып, мурдагы жылдары кыргыз тилинде да жарык көрдү. Ошентип, мисалдар арбын. Башка мамлекеттердин китептери бизге чейин жетип жатат. Биздин президенттин китебин да чет тилдерге которуп, жайылтуу абзел. Бул өлкөнү дүйнөгө таануутунун жана пропаганданын каражаты, мамлекеттик саясаттын универсал ыкмаларынын бири.

Мамлекеттер тургай, бүтүндөй региондорду солкулдаткан социалдык тармактардын ролун эч ким тана албайт. Санариптештирүү эч кайда кача албай турган келечек. “Кыргызстан ыкчам өнүгүп жаткан ийгиликтүү өлкө”. Бул БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериштин берген баасы. “Кыргызстандын экономикасы соңку жылдары динамикалуу өсүүдө”. Бул дүйнөлүк финансылык институттардын берген аныктамасы. Бирок да Кыргызстан санариптештирүүдө азырынча алдыңкы он өлкөнүн катарына кире элек. Ошол санариптик системалардын очогу, социалдык тармактардын ээси болгон өлкөлөрдө да гезит-журналдардын жана китептердин ролу чоң, мааниси терең, кадыры артык.

Ар жылы дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө эл аралык китеп көргөзмөлөрү өтүп, миндеген окурмандар, бизнесмендер, саясатчылар, өнөр адамдары, журналисттер ошол китеп көргөзмөлөрүнө катышууга умтулат. Жайнаган китеп, кайнаган базар. Бизнесмендер пайда чыкпаган жерге басып да барбайт. Демек китеп индустриясы кирешелүү тармак болгондуктан санаа тартып, китеп базарында жүрөт. Санариптик коом өнүккөн өлкөлөрдө да китеп – кымбат нерсе, баалуулук жана байлык. Китеп билим булагы бойдон тээ далайга чейин калмагы анык.

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити соңку кезден бери биздин президенттин сөздөрүн толук жарыялап келет. Биз миңдеген окурмандарды президенттин сөзүн кагаздан окуу, тексти шашпай талдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпоого тийишпиз. Жарыяланган текст – бул документ, маселе талашка түшсө аргумент, такташа келсе — факт. Санариптешүү менен кошо ар кандай сайтты бузууга жарактуулар паралелль өнүгөт, удаа жүрөт. Ар кандай маалымат верификацияны талап кылат. Кагаздагы текст го турат, а кокус сайтыма хакерлер чабуул коюптур же аккаунтумду бузуп кетиптир, мен айткан эмесмин десе, не дейбиз.

Биздин журналисттер кызматы боюнча өлкөбүздүн жана чет мамлекеттердин саясатчылары, мамлекеттик ишмерлери, дипломаттары, окумуштуулары, аналитиктери, журналисттери менен көп баарлашат. Айрыкча чет өлкөлүктөр биздин мамлекеттин позициясын, мамилесин билиш үчүн кайсы бир блогердин кайсы бир соцтармактагы же популярдуу деп эсептелинген баракчадагы постуна эмес, расмий гезитке, расмий жарыяланган текстке, чыккан китепке таянышат.

Атактуу делген блогердин миллиондогон киши көргөн посту маалымат булагы боло албайт, мамлекеттин позициясын билдирбейт, коомдук пикирди чагылдырбайт. Расмий булактагы, расмий гезиттеги текст – бул документ, позиция жана мамиле. Мисалы, бир өлкөнүн президенти башка мамлекетке расмий визит менен барса, анын визитине кабыл алган өлкө кандай маани бергенин калем акысы кымбат блогердин посту тастыктабайт, өлкөнүн расмий гезитиндеги материал туюнтат. Дипломаттар менен саресеп аналитиктер дароо ошого көңүл бурат.

Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына ылайык, президент – мамлекеттин башчысы, ички жана тышкы саясатты аныктайт. Демек президенттин сөздөрү ички жана тышкы саясатта программалык мүнөзгө, багыттоочу жана аныктоочу күчкө ээ. Мамлекет башчысынын сөзү жеке адамдын субъективдүү ою эмес, ичте тигил же бул көрүнүшкө карата мамлекеттик позицияны туюнтат, социалдык-экономикалык өнүүнү аныктоочу кудуретке ээ. Тышкы саясатта, эл аралык аренада биздин суверендүү мамлекеттин расмий позициясын билдирет. Демек президенттин сөздөрү саясий, идеологиялык жана  кудуретке ээ расмий документ.

Президенттин сөздөрү камтылган китеп мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн жетекчиликке ала турган багыттама, дайыма колдоно турган нускама.

Президент Садыр Жапаровдун “Улут деми – Уңгу жол (Тандалган сөздөр)” китеби – илимий изилдөөлөр, талдоолор үчүн расмий булак. Мезгил өткөн соң тарыхый документалдык булак болмогу анык таберик.

Улут лидеринин китеби таанып-билүү, изилдөө объектиси жана билим берүү каражаты, жаш муун үчүн окуу куралы.

Президент Садыр Жапаровдун “Улут деми – Уңгу жол (Тандалган сөздөр)” китеби идеялардын чордону. Анын тышкы аудиторияга арналган сөздөрү ички коомчулук үчүн да айтылганын жадыбыздан чыгарбоого тийишпиз. Мисалы, 2021-жылы 12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинде сүйлөгөн тарыхый сөзүндө кыргыз лидери Садыр Жапаров “Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы” деген платформаны түзүү идеясын көтөргөн. Президенттин тышта айтылган сөзү ичте жерде калбоого тийиш. “Кыргыз Туусу” гезити мамлекет башчысынын саммиттеги идеясын жүзөгө ашыруунун илимий, концептуалдук негиздерин, тарыхый, саясий жана идеологиялык аспектилерин иштеп чыгуу боюнча демилге көтөрүүдө.

 

Алмаз Кулматов, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору

Бөлүшүү

Комментарийлер