ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮР ЭЭСИ
- 14.05.2025
- 0
Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, “Даӊк” медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, Маданияттын мыкты кызматкери Тыныбек Рысманов агайдын басып өткөн өрнөктүү өмүр жолу, иш тажрыйбасы өзүнчө сөз кылууга татыктуу.
Тыныбек Рысманов 1955-жылдын 4-апрелинде Чүй облусуна караштуу Москва районунун Чоң-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Колунан көөрү төгүлгөн уста атасы үй тиричилигине керектүү ар кандай буюмдарды жыгачтан жасагандан тышкары, комуз чапкан чебер да болгон. Апасы мугалим эле. 1972-жылы мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, өзүнүн чыгармачылык дарамети түрткү берип, Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаары) Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, 1983-жылы дирижер, хор сабагынын окутуучусу кесибине ээ болгон. Колуна дипломун алган жаш улан ошол эле жылы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунунда алгачкы эмгек жолун баштаган. Мына ошол мезгилден азыркыга чейин, тагыраак айтканда, 45 жылдан бери Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин искусство жана дизайн факультетинин музыка кафедрасынын окутуучусу кызматын аркалап келет.
Чыгармачыл жаш адис 1987-жылы үйлөмө аспаптар оркестрин, 1991-жылы студенттик хор жана баянисттер оркестрин, 2010-жылы фольклордук ансамблин түзгөн. Ал жетекчилик кылган фольклордук ансамбль жогорку окуу жайлары уюштурган концерттерге үзбөй катышып, нечендеген сыйлыктарды жеңип алган.
Кыргыз Республикасынын коомдук теле радио берүү корпорациясынын, радио бирикмелеринин музыкалык чыгармаларды кабыл алуучу көркөм кеңеши 2018-жылы Тыныбек Рысмановдун көркөм жетекчилигинде телерадио корпорациясынын алтын казынасына сөзү белгилүү акын Б.Чотуровага, музыкасы Э.Мааданбековго таандык “Сен мени кайдан таптың” жана сөзү А.Дөөлөтказиевага, обону К.Жусуповго тиешелүү “Өмүрлөш болсом сизге мен” деген эки чыгарманы кабыл алган. Экөөнү тең И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин фольклордук ансамбли коштойт.
Андан тышкары илимий чыгармачылык жаатында үч усулдук колдонмосу, бир нече макалалары жарык көргөн.
Азыркы учурда Тыныбек агай И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде билим берүүдөгү татаал жана жоопкерчиликтүү милдетин жигердүүлүк жана тынымсыз изденүү менен улантып келет. Жогорку окуу жайлары тарабынан уюштурган илимий эл аралык конференцияларга, концерттерге, маданий иш-чараларга активдүү катышып, кызыктуу докладдарын окуп, макалаларын журналдарга байма-бай жарыялап турат.
Ал өзүнүн иштеген эмгек жамаатынын, окуткан студенттеринин урмат-сыйына татыктуу педагог. Жаштарга акыл насаатын айтып, талыкпай эмгектенүүгө үндөп турат.
Агайдын окуткан студенттери азыркы учурда Кыргызстандын бардык аймактарында, Европа өлкөлөрүндө, Кытай, Россия ж.б. мамлекеттерде билимин улантып, көптөгөн кароо конкурстардын жеңүүчүлөрү, маданияттын мыкты кызматкерлери, эл агартуунун мыктысы жана илимдин кандидаттары болду.
Тыныбек Рысманов педагог-хормейстер, дирижер, КР маданияттын эмгек сиңирген кызматкери Гумбин Валерий Дмитриевич, Т.Сатылганов атындагы филлармониянын оркестринин атактуу дирижерунун шакирти педагог-хормейстер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Файнштейн Семен Романовичтен сабак алган, тажрыйбалуу педагог. Мисалга алсак, Айрыкча ысымдары аталган бул эки атактуу хормейстерден таасир алып, хорго дирижерлук кылуунун ыкмаларын жогорку деңгээлге жеткирүүнүн шарттарын үйрөнгөн. Устат агайыбыз өзүнүн иш тажрыйбасын студенттерге, шакирттерине тынымсыз үйрөтүүдөн тажабаган күжүрмөн эмгекчил педагог.
Агайыбыздын талыкпаган эмгеги, чыгармачылык эргүүсү өзү менен бирге иштеген кесиптештерине, болочок маданияттын кызматкерлерине үлгү болуп келатат десем жаңылышпайм.
Ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесибинен танбай, жарым кылымга жакын убакыт аралыгында чарчадым-чаалыктым дебей иштеп келаткан белгилүү хормейстер Тыныбек Рысманов КРнын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө, билим берүү жана маданият чөйрөсүндөгү эмгеги үчүн бир катар мамлекеттик жана коомдук сыйлыктар, Ардак грамоталар менен сыйланган. Алсак, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын «Данк» медалы, Кыргыз Республикасынын “Билим берүүсүнүн мыктысы”, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгилери менен сыйланган. Андан тышкары, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз мамлекеттик университетинин “Ардактуу профессору” наамы берилген. Андан тышкары, Султан Юсупов атындагы республикалык сыйлыктын лауреатынын диплому, Ж.Шералиевдин 100 жылдык юбилейинин төш белгиси, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамилекеттик университетинин ректорунун буйругу менен “Эмгек сиңирген ишмер” медалы менен сыйланган. Казакстан улуттук дизайн академиясынын академиги, дизайнерлердин Европа биримдигинин, Кыргыз Республикасынын Аксакалдар кеңешинин, “Ардактуу инсандар” коомунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын “Ардактуу аксакалы” “Ардактуу ардагер мугалим”, “Кылым залкары” төш белгилеринин, “Жылдын мыкты инсаны”, “Даанышмандар” жана “Эл сыймыгы” медалдарынын ээси.
Устат агайыбыздын ар түрдүү кароо-сынактарда ээлеген байгелүү орундары, дипломдору да арбын. Алсак, VII шаардык хор музыкасы жана элдик ыр фестивалынын лауреаты, III даражадагы диплом (2007), “Жаз Бишкек” шаардык студенттик чыгармачылык фестивалына активдүү катышкандыгы үчүн Ардак грамота (2007), Шаардык сынакта III орунду алган үчүн Ардак грамота, “Жаш таланттар”, Бишкек (2008), ж.б.
Тыныбек Рысманов өзү эмгектенген И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетиндеги көркөм педагогикалык билим берүү, илимий изилдөөлөр жана коомдук кызматтагы жетишкендиктери менен жалпы эле өлкөбүздүн билим берүү системасына эбегейсиз салымын кошуп келүүдө.
Гүлзат НУСУБАЛИЕВА,
шакирти, ф.и.к., доцент
Комментарийлер