РЕПЕТИТОРЛУК БИЗНЕСКЕ АЙЛАНГАНБЫ?
- 17.11.2020
- 0
Акыркы жылдары балдарына өзүнчө репетитор жалдап, тил, компьютер үйрөтүүнү каалаган ата-энелер арбын. Андыктан күндө жеке окутуучуларга болгон суроо-талап абдан күч. Ошондуктан репетиторлукту аркалагандардын саны жыл сайын көбөйүп келатат.
Баланын келечегине кам көрүү
Акыркы кездерде социалдык түйүндөрдө мыкты мугалимдерге сабактан сырткары репетиторлук менен алектенгенге укук берүү керек экендиги айтылууда. Ѳлкѳнүн мыйзамдары кошумча билим берүү боюнча кызмат кѳрсѳтүүнү ѳнүктүргѳнгѳ мүмкүндүк берет, бирок алар мамлекеттик стандарттар боюнча иштеши зарыл. Эксперттердин пикиринде, балдардын мектепте сабагы кѳп болгону менен, мектептен сырткары алардын бош убактысы да арбын, аны балдар терс нерселерге жумшап жатат. Ошол убакытты сабакта жетишпей же түшүнбөй калган окуу материалдарын мугалим менен сүйлөшүп, кошумча билим алса эмнеге болбойт?
Мектеп мугалимдери репетиторлук кылганга укуктары барбы, кайсы учурда, кайсы мыйзамдын негизинде, ишине алган акыны мектепке төлөйбү же өзүнүн чөнтөгүнө кетеби ж.б.у.с. суроолорду тийиштүү кызматкерлерге берип, сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.
Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Г.Акматованын айтымында, шаардык 12 мектепте кошумча билим берүү мурда берилип келген. Окуучулар кошумча билим алганы үчүн айына 35-40 сом төлөшчү экен. Кийин бул жоюлуп калган.
Борбор калаадагы белгилүү бир мектепте баласын окуткан эненин айтымында, кезегинде башталгыч класстын мугалими сабактан кийин балдарды алып калып, кошумча билим берип келген экен. Ай сайын эне мугалимге 1800 сомдон төлөп келген. Ал сабактан жетишпей, түшүнбөй калган балдарды кайрадан окутуп, тапшырмаларын кошо аткартчу экен. Керели кечке жумуштан бошобогон ата-эне айласыздан эле өздөрүнүн мугалимине кайрылып келишкен.
Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкары башкармалыгынын башкы адиси А.Кусаинованын айтымында, эгерде ата-эне баласына кошумча билим берүүнү кааласа уруксат берилет.
— Эгерде окуучу бир предметти тереңдетип окууну кааласа өзү окуткан мугалимдерден эле суранышат. Же болбосо ата-энеси кымбатына карабай курстарга алып барышат. Ошондой эле ЖРТга, олимпиадага даярданууда да мугалимдерге кайрылышат. Аларга канча төлөшөт, бул ата-эне менен мугалимдин ортосундагы келишимдин негизинде жүргүзүлөт, — дейт башкы адис.
Алыскы Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Гүлүмкан Турганбаеванын айтымында, ал көп жылдан бери эле сабакта жетишпей калган балдарды ата-энесинен уруксат сурап алып, сабактан кийин бекер эле кошумча билим берип келатат.
— Кээ бир мугалимдер бар, мендей эле убактысына жараша балдарга кошумча билим беришет. Кошумча иштегенде эч кандай акча албайм. Мындан тышкары, өзүмдүн демилгем менен предметтик ийрим ачып, аны кошумча жүгүртмөгө коюп, кыргыз тили жана математика сабагы боюнча бекер эле өтүп жүрөм. Анткени сабакка 45 мүнөт жетишсиз, убакыт тар, ошондуктан кошумча сабак берүүгө туура келет. Бизден бир-эки мугалим ЖРТга жазгы мезгилинде каалаган окуучуларды 200 сомдон алып, даярдашат, — дейт элеттик мугалим.
Сапаттуу билим үчүн
Ошол эле учурда жеке окуу борборлору менен бала бакчалар мамлекеттик билим берүү мекемелерине да атаандаштык жарата баштады. Тагыраагы, ата-энелер акысынын кымбаттыгына карабай, сапаттуу билим алуу үчүн балдарын жеке бала бакчаларга беришет. Адистер муну убакыттан утуу жана баланын келечегине жакшы кам көрүү катары эсептешет.
Эгерде мурда эс алууга чыккан мугалимдер үйдө олтуруп алып эле репетитордук кылышса, азыр жаңы ачылган курстар, борборлор комплекстүү сабак беришет. Бала каалаган бир эле предметти эмес, бир нечени тандап алса болот. Ошол курстар эле жеке репетиторлорду жумушка алат, атайын келишимдин негизинде эмгек акы төлөп, атайын топ түзүп берет.
— Бишкек шаарында курстар абдан көп, атаандашуу чоң. Эгерде мектептен же жождон кандайдыр бир деңгээлде өзү каалагандай билимди алалбай атса, окуучу же студент курска барып окуйт. Буга эч ким тоскоолдук кылалбайт. Мыйзам жол берет, — дейт мектеп директору К.Хайтпаева.
Репетитор. Патент.
Репетитор латын тилинен алганда кайталоочу дегенди түшүндүрөт. Окутуучу жеке же үйүнө барып сабак берген адамдар. Алар ар кандай тайпада ар кандай баскычта үйрөтүп окуткандар. Жеке репетиторлор патент алат, бирок булар бир гана сабактан бералышат. Андыктан жеке репетитор болуп иштегенден көрө, курстарга барып иштеген оң дешет эксперттер.
1-Май салык инспекциясынын сектор башчысы Гулнур Жумабаеванын айтымында, бир айга репетиторлукка 600 сом төлөп патент алышат. Кошумча камсыздандыруу полисин да алууга милдеттүү.
— Эгерде мугалим үч айга патент алса 5%, алты айга 10% жеңилдик берилет. Ал эми пенсияга чыккандар патентке төлөшөт, бирок камсыздандыруу полисин алышпайт, — дейт салыкчы.
Патентти кантип ачат?
Алгач репетитор болчу адам өзү жашаган салык кызматына барат. Ал жерден бирдиктүү тейлөө терезесине барып, тиешелүү документтерди тапшырышат. Ыктыярдуу патент үчүн паспорттун көчүрмөсү, бир даана 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт, салык төлөгөндүгү үчүн дүмүрчөк, улуттук статкомитетте катталгандыгы боюнча күбөлүктүн көчүрмөсү.
Кыскасы, айлыгы аз, убактысы бар мугалимдер үчүн репетиторлук ишмердүүлүккө жол ачык. Болгону убакыт абдан көп керек экени айтпаса деле түшүнүктүү.
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер