РЕФОРМА: АЛТЫ КҮНДҮК ОКУУ ЭМНЕНИ ӨЗГӨРТӨТ?

  • 01.06.2026
  • 0

Мектептердеги окуу графигин өзгөртүү демилгеси  коомчулукта дайыма кызуу талкуу жаратат. Агартуу министрлиги сунуштап жаткан жаңы токтом долбоору — жөн гана алты күндүк окууга кайтуу эмес, бул билим берүү системасын ийкемдүү кылууга багытталган кадам. Бул демилгенин оң жана терс жактарын, ошондой эле анын негизги максаттарын карап көрөлү.

РЕФОРМА: АЛТЫ КҮНДҮК ОКУУ ЭМНЕНИ ӨЗГӨРТӨТ?

Ийкемдүүлүкпү же артка чегинүүбү?

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө» № 519 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушу коомдук талкууга коюулду.

Анда Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобонун 47-пункттун үчүнчү абзацындагы «беш күндүк» деген сөздөн кийин  «жана/же алты күндүк» деген сөздөр менен толукталмай болду. Ошондой эле 48-пункттун биринчи абзацындагы «1-сентябрда» деген сөз  «сентябрда» деп алмаштырылат.  Ошондой эле бул өзгөртүүлөр жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын 19-пунктуна да ошол эле өзгөртүү менен толукталат.

Сунуш бардык мектептер үчүн алты күндүк окуу жумалыгын милдеттүү кылбайт, тескерисинче, билим берүү процессин беш күндүк же алты күндүк жумада уюштуруу мүмкүнчүлүгүн берет деп айтылат.

Негиздеме-маалымкатында долбоор окуу жылынын оптималдуу узактыгын белгилөөгө жана мектептердеги окуу жүгүн рационалдуу бөлүштүрүүгө багытталганы көрсөтүлгөн.

Бул маалымат өлкөнүн билим берүү системасындагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири десек болот.

Негизги өзгөрүүлөр жана сунуштар

Окуу жумалыгы ийкемдүү болоору көрүнүп турат. Анткени токтомдо белгиленгендей, алты күндүк окуу жумалыгы бардык мектептер үчүн милдеттүү болбойт. Мектептерге өз мүмкүнчүлүгүнө жана окуу программасына жараша 5 күндүк же 6 күндүк окуу жумалыгын тандап алуу укугу берилет.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Мамбет Мамакеев атындагы мектептин орус тили жана адабияты мугалими Миргуль Кадырованын пикиринде, алты күндүк окууга өтүүдө окуу жүктөмү азаят. Мугалимдердин сабакка даярдануусуна убакыт үнөмдөлөт. Мүмкүн окуу жылынын аягына чейин сааттарды бөлүштүрүү маселеси да чечилиши ыктымал. Бирок мугалимдер да, окуучулар да бир күндө толук кандуу эс ала албай калышаарын белгиледи.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Себеби чоң шаарлардагы мектептердин көйгөйүнүн бири — жолдогу жана мектептеги тыгын. Алсак, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда мектептер ашыкча жүктөлгөн, балдар 2-3 нөөмөт менен окушат. Коридордо жолдогудай эле кадимкидей тыгын пайда болот. Ошондуктан мугалимдер башталгыч класстын окуучуларын бир тарапка тизип алып, акырын эшикке чыгарышат. Кирерде дагы ушундай ахывал. Сабактарды 6 күнгө бөлүштүрүү күнүмдүк жүктөмдү (бир күндө 7-8 сабак болгондун ордуна 5-6 сабак) азайтууга жардам берет. Ал эми аймактарда салыштырмалуу окуучусу да аз, имараты да кенен. Андыктан мындай мектептер  беш күндүк тартипти сактап кала алышат.

Негизги артыкчылыктар жана тобокелчиликтер

Министрликтин сунушу билим берүүнүн сапатын жакшыртууну көздөп жатат. Бирок медалдын эки тарабы бар дегендей, сунуштун да  артыкчылыгы менен тобокелчилиги болбой койбойт. Артыкчылыгына келсек, биринчи окуу жүгү азайят. Ал деген күнүмдүк сабактардын саны азайып, балдар чарчабайт. Бирок психологиялык жагынан алсак,   балдардын да, мугалимдердин да дем алыш убактысы кыскарып, эки күн эс алууга көнгөндөрдүн организми толугу менен кайрадан калыптанышы керек болот.

Алты күндүктө окуучулар программаны толук өздөштүрүшөт. Сааттардын жетишсиздигинен улам айрым сабактар үстүртөн өтүлүп  жүргөнү жашыруун деле эмес. Ошондой эле ишемби күнү бала мектепке кеткендиктен, үй-бүлөлүк эс алуу пландары, албетте, өзгөрөт.

Бул демилге эң башкысы ири шаарлардагы жолдогу жана мектептеги тыгындарды жана нөөмөттөрдүн ортосундагы убакыт тартыштыгын чечет.

2026-жылдын сентябрынын өзгөчөлүгү

Долбоордогу дагы бир маанилүү жагдай — окуу жылынын башталышын 1-сентябрга байлабай, «сентябрь айы ичинде» деп өзгөртүү сунушу киргизилди. Бул күзүндө түшүм жыйноо, туристтик сезондун созулушу жана ири мамлекеттик иш-чараларга ийкемдүү ыңгайлашууга жол ачат.

Тактап айтсак, 2026-2027-окуу жылынын 15-сентябрда башталышы — бул реформанын алгачкы практикалык сыноосу болот. Эл аралык иш-чаралардан улам жылдырылган бул эки  жумалык айырма окуучулардын программадан артта калбашы үчүн ишемби күндөрүн колдонуу зарылчылыгын (алты күндүк окууну) өзүнөн-өзү шартташы мүмкүн.

Кандай аткарылат?

Аталган процесс кандай кадамдардан турат? Биринчиден,  мектептин ички жыйынында каралат. Мектептин администрациясы, мугалимдер жана ата-энелер комитети чогулуп, окуу жүктөмүн көбөйтүү же сабактарды оптималдаштыруу максатында 6 күндүк окуу жумалыгына өтүү зарылдыгын талкуулап, добуш беришет. Экинчиден,  билим берүү бөлүмүнүн уруксаты менен түзүлгөн протоколдун жана окуу пландарынын негизинде, жергиликтүү райондук/шаардык билим берүү бөлүмүнө (БББ) мектеп жетекчиси  кайрылып, мектептин жумалык сааттарын бекиттирүү керек. Үчүнчүдөн,  буйрук чыгарылат. Райондук бөлүм жактыргандан кийин, мектеп директору алты күндүк окуу тартибин расмий баштоо боюнча буйрук чыгарат жана окуучулар менен ата-энелерди кабардар кылат.

Сөз соңу

Бул демилге — билим берүү тармагын борборлоштурулган бирдиктүү калыптан чыгарып, ар бир мектептин ички мүмкүнчүлүгүнө жараша башкарууга багытталган кадам. Алты күндүк окууну калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү — бул артка чегинүү эмес, мектептердеги ашыкча жүктөмдү жана тыгындарды чечүүнүн убактылуу кризистик инструменти. Анткени менен, реформанын ийгилиги мектеп жетекчилиги бул ийкемдүүлүктү канчалык туура колдонорунан жана ата-энелер менен мугалимдердин кызыкчылыктарын канчалык тең салмактай алаарынан көз каранды.  Бул токтом долбоору учурда коомдук талкууда турат, демек, коомчулуктун пикири эске алынгандан кийин акыркы чечим кабыл алынат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер