ПУТИН РОССИЯДА МУГАЛИМДИН ӨЗГӨЧӨ СТАТУСУН БЕКИТТИ

  • 23.07.2026
  • 0

Москвада РФ Президенти Владимир Путин мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүүгө жана педагогдорду социалдык жактан колдоону кеңейтүүгө багытталган жаңы жарлыкка кол койду. Документке ылайык, Орусия Өкмөтүнө алты айдын ичинде мектеп мугалимдеринин окуу жүктөмүн жана жумуш графигин кайра карап чыгуу тапшырылды.

Жаңы жарлыкка ылайык, мугалимдерге төмөнкүдөй жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет:

  • Жаңы баштагандарга колдоо: Ишке жаңы кирген жаш адистерге милдеттүү түрдө насаатчылар дайындалат.
  • Санариптик базага акысыз кирүү: Бирдиктүү электрондук билим берүү ресурстарын бекер колдонуу укугу берилет.
  • Социалдык кепилдиктер: Педагогикалык эмгек стажы 25 жылдан ашкан мугалимдерге «Эмгек ардагери» наамы ыйгарылат.
  • Кошумча жеңилдиктер: Мамлекеттик музейлерге айына кеминде бир жолу акысыз кирүү, кесиптик ишмердүүлүккө байланыштуу акысыз юридикалык жардам алуу жана коопсуздукту коргоо чаралары каралган.

Мындан сырткары, Орусия аймагында мугалимдин статусун ырастаган бирдиктүү үлгүдөгү күбөлүк киргизилет. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди.

Кыргыз Республикасында да акыркы жылдары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бөлүнүп, Президент Садыр Жапаров тарабынан мугалимдерди колдоого багытталган олуттуу кадамдар жасалды. Эмгек акылардын жогорулашы, санариптештирүү алкагында мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздоо, мамлекеттик ипотекалык программалардын иштеши жана кагаз түйшүгүн (бюрократияны) азайтуу аракеттери – мугалимдин коомдогу ордун калыбына келтирүүгө багытталган конкреттүү чаралар.

Ошого карабастан, өлкөбүздө, өзгөчө айыл жерлеринде, тажрыйбалуу мугалимдердин жана так илимдер (физика, математика, химия) боюнча адистердин тартыштыгы курч бойдон калууда. Орусияда мугалимдердин статусун көтөрүп, социалдык кепилдиктерин чыңдоо – коңшу өлкөдөгү миграциялык жагымдуулукту жогорулатат. Бул Россияга кетип иштөөнү каалаган кыргызстандык педагогдордун агымын көбөйтүп, ата мекендик мектептерде кадр тартыштыгын пайда кылышы мүмкүн.

Ошол эле учурда мугалимдердин кадыр-баркын чыңдоо жана аларды мамлекеттик деңгээлде коргоо үчүн төмөнкү чаралар реалдуу механизм катары иштеши зарыл:

  • Айылдык жана алыскы аймактардагы мугалимдер үчүн коммуналдык кызматтар жана турак жай жеңилдиктерин ырааттуу ишке киргизүү.
  • Мамлекет тарабынан акысыз юридикалык жардам алуу, коопсуздукту коргоо чараларын көрүү сыяктуу укуктук кепилдиктерди бекемдөө.
  • Жаш адистерге тажрыйбалуу педагогдорду дайындап, аларды кесипте кармап калуу.
  • Эмгек стажына карап берилүүчү ардактуу наамдарды, бирдиктүү статус күбөлүктөрүн жана социалдык жеңилдиктерди (мисалы, маданий жайларга кирүү укуктарын) кеңейтүү.

Кыргызстанда жүрүп жаткан билим берүү реформалары (анын ичинде 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү) ийгиликтүү болушу үчүн дал ушундай социалдык коргоо механизмдерин аягына чейин ишке киргизүү абдан маанилүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасында РФ менен биргелешкен 9 мектептин курулушу пландалып, Россиядан келген мугалимдерди тартуу («Россиялык мугалим чет өлкөдө» долбоору) иштеп жатат. Россия өз өлкөсүндө мугалимдердин социалдык абалын жакшыртса, Бишкек да ата мекендик кадрларды кармап калуу үчүн социалдык пакетти кеңейтүүгө мажбур болушу ыктымал.

Владимир Путиндин жарлыгындагы эң маанилүү пункттардын бири – окуу жүктөмүн жана жумуш убактысын уюштурууну кайра кароо. Кыргызстандык мугалимдер да толгон-токой ашыкча отчеттуулуктан, бюрократиядан арыла электигин көп айтып келишет. Россиянын окуу жүктөмүн оптималдаштыруу тажрыйбасы Агартуу министрлиги үчүн да жакшы үлгү катары кызмат кылышы мүмкүн.

Россиядагы мугалимдердин статусун чыңдаган жарлык – аймактагы билим берүү саясатынын маанилүү кадамы. Кыргызстан билим берүү тармагындагы реформаларды ийгиликтүү аягына чыгарууну кааласа, жөн гана окуу мөөнөтүн өзгөртпөстөн, дал ушундай социалдык коргоо, насаатчылык жана кагаз түйшүгүн азайтуу сыяктуу реалдуу механизмдерди ишке киргизиши зарыл. Антпесе, аймактагы кадрлар үчүн атаандаштыкта жеңилип калуу тобокелдиги жогору бойдон кала берет.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер