PISA РЕЙТИНГИ: АДАМ КАПИТАЛЫ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ АЧЫК ЧЫНДЫК

  • 10.09.2026

PISA изилдөөсүнүн кезектеги жыйынтыгы чыккандан кийин интернет айдыңында кызуу талаш-тартыштар жана эксперттик аналитиканын толкуну күчөдү. Коомчулуктун бир бөлүгү Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөрдүн секиригин мисалга тартып, тынчсыздануусун билдирсе, экинчилери — «Африканын артта калган өлкөлөрүнөн 11 тепкич алдыга чыкканыбызга мактанып жатабызбы?» — деген курч сын-пикирлерди ортого ташташууда. Билим берүү системасынын бүткүл түйшүгүн ичинен билип, жөнөкөй мугалимдиктен Жогорку Кеңештин депутаттыгына чейинки жолду басып өткөн, тармактын өнүгүшүнө билимин жана тажрыйбасын жумшап келе жаткан эл өкүлү Токтобүбү АШЫМБАЕВА менен дал ушул маселенин айланасында маек курдук.

PISA РЕЙТИНГИ: АДАМ КАПИТАЛЫ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ АЧЫК ЧЫНДЫК

— Токтобүбу Авасовна, билим берүү тармагындагы кечээки чоң жаңылыкты түшүнгөнү деле, түшүнбөгөнү деле терс гана пикирлерди айтып, PISAнын маанилүүлүгүнө көңүл бурбай жатышат. Социалдык тармактарда «Эң мыкты деген окуучуларыбыз ушундай көрсөткүч бердиби?» деген да жаңылыш ойлор айтылууда. Дегинкиси биз туура жолдо баратабызбы?

— Бүгүнкү күндө ар бир жаран билим берүү тармагы менен түздөн-түз байланышта. Же баласы мектепте окуйт, же өзү ушул тармакта эмгектенет. Ошондуктан Кыргызстандын ар бир жараны үчүн билим берүү системасы алаканга салгандай көрүнүп турат. Бул — элдин көз жаздымында калбай, дайыма көзөмөлдө болгон чоң тармак. Жакында эле Братиславада 2025-жылдагы PISA изилдөөсүнүн жыйынтыгы жарыяланды. Кыргызстан 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду алды. Салыштырмалуу айтсак, 2006- жана 2009-жылдары өлкөбүз биринчи жолу катышып, экөөндө тең эң акыркы орунду алган элек. Ал эми 2025-жылдагы PISA изилдөөсүндө 11 тепкичке жогоруладык. Бул — байкалаарлык жылыш. Кайсы гана мамлекет болбосун, ушундай изилдөөлөр аркылуу өзүнүн билим берүү тармагынын «тамырын кармап», диагноз коё алат. Жалпак тил менен айтканда: «Туура баратабызбы, температурабыз көтөрүлүп, же тескерисинче, төмөндөп кеткен жокпу?» дегенди түшүнүүгө жардам берет.

— PISA деген эмне өзү?

— PISA — бул дүйнө жүзүндөгү 15 жаштагы өспүрүмдөрдүн мектепте алган билимин турмуштук көндүмдөрдө канчалык деңгээлде колдоно аларын изилдеген эл аралык программа. Бул олимпиада же жарыш эмес. Бул — 15 жашка толгон балдарыбыз турмушта кездешкен көйгөйлөрдү чечүүдө жана маалыматты анализдөөдө алган билимин канчалык колдоно аларын аныктоочу каражат. Ошол эле учурда социалдык тармактарда «Өзбекстан тигил орунду алды, Казакстан минтиптир» деген кызуу талкуулар жүрүүдө. Мисалы, Өзбекстан 12 жылдык билим берүү системасына өттү. Казакстан дагы 12 жылдыкка өтүү боюнча бир нече олуттуу кадамдарды жасаган. Бирок акыркы маалыматтарга караганда, казакстандык эксперттер реформа жарым жолдо токтоп калгандыктан, математика жана табигый илимдер боюнча көрсөткүчтөрү төмөндөп кеткенин айтып жатышат. Казакстан 2020–2022-жылдардагы PISA көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 10–12 баллга төмөндөгөнү тууралуу эксперттер белгилеп өтүштү.

Ырас, 80-орунду алуу — Кыргызстан үчүн кубанып, мактана турган деңгээл эмес, бирок жылыш бар экени талашсыз. Ошол эле учурда PISA изилдөөсү кайсы багытыбыз аксап жатканын ачык көрсөттү. Табигый илимдер менен математикадан аксап жатканыбызды буга чейин эле билчүбүз. Себеби ЖОЖдорго тапшырууда математика, физика, химия сабактары боюнча болочоктогу мугалимдерди даярдоочу гранттык орундар толбой калган учурлар аябай көп. Мугалимдерибиз пенсия жашына жетип, бул предметтер боюнча кадр тартыштыгы келип чыгууда.

Мамлекет жана Агартуу министрлиги бул көйгөйдү жакшы түшүнүп турат. Ошондуктан STEM багыты боюнча гранттык орундардын санын көбөйтүү, кадрларды даярдоо жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу багытында масштабдуу иштер аткарыла баштады. Бала бакчадан тартып жогорку окуу жайга чейинки бирдиктүү траекторияга, өзгөчө математика жана IT сабаттуулукка басым жасалууда. Бул реформалар акыркы жылдары гана колго алынгандыктан, анын үзүрүн келечекте көрөбүз. Буга чейин мындай иштер масштабдуу түрдө жүргүзүлбөй, фрагментардык мүнөздө болуп келген. Ачык айтканда, иш таптакыр болгон жок эмес, болгон, бирок системдүү эмес эле.

Ал эми азыр Президентибиздин өтө эрктүү саясатынын натыйжасында 12 жылдык билим берүүгө өтүү чечими кабыл алынып, «Алтын Казык» программасы бекитилди. Билим берүү эрте курактан башталышы керектиги тууралуу так тапшырмалар коюлду. Бул багытта балдарды эрте өнүктүрүү үчүн бала бакчаларды куруу, керек болсо 3 сааттык кыска мөөнөттүү тайпаларды ачып, эрте билим берүү кадамдары жасалууда. Айрыкча STEM — табигый жана так илимдерди практика менен айкалыштырган билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Билим берүү системасындагы эң өзөктүү фигура — бул мугалим. Президентибиз мугалимдердин айлыгын жогорулатып, социалдык жактан камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурду. Бул кадамдардын да оң натыйжасын жакынкы келечекте көрөбүз. Жалпысынан алганда, Садыр Нуркожоевичтин эң башкы басым жасап жаткан багыты — адам капиталы. Анткени Кыргызстанда кошуна өлкөлөрдөгүдөй мунай же газ сыяктуу чексиз табигый байлыктар жок. Биздин негизги байлыгыбыз — адам.

Ошондуктан PISA изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен кайсы жерибиз аксап жатканын көрүп алдык. Агартуу министрлиги мунун баарын тыкыр анализдеп, кийинки кадамдарды туура багытта жасайт деген терең ишеничим бар.

«Малды сойсо да касапчы сойсун» дегендей, билим берүү айдыңында түрдүү пикирлерди жаратып, коомчулукту дүрбөлөңгө салып жаткан айрым «эксперттер» маселенин тереңине үңүлбөй, үстүртөн баа берип жатышат. Албетте, ар бир адам өз оюн айтууга укуктуу. Билим берүү системасында чечилбеген маселелер дагы эле толтура. Анткени бул — өлкөдөгү эң масштабдуу жана консервативдүү система. Кыргызстандагы 7 миллион калктын үчтөн эки бөлүгү тигил же бул тарабынан билим берүү тармагы менен байланышкан. Мындай чоң системаны өзгөртүү абдан чоң энергияны жана маалыматтык компанияларды талап кылат.

— Эл аралык изилдөөгө катышкан тарап, мисалы, Кыргызстан окуучуларды тандап бердиби? Тандоо механизми кандай жүргүзүлөт?

— Эл аралык изилдөөнүн маңызын айрымдар туура эмес түшүнүп жатышат. Социалдык тармактарда «Мыкты деген балдарыңар ушундай көрсөткүч көрсөтсө, калгандары аман эле болсун» деген да сөздөр жүрөт. Жок, бул жерде мамлекет өзү «мыкты» окуучуларды тандап катыштыра албайт. PISA изилдөөсүндө 15 жаштагы окуучулар (мектепте, лицейде же колледжде окуганына карабай) рандомдук (кокусунан тандоо) ыкмасы менен тандалат. Ал жерге мыкты окуганы да, орто окуганы да түшүп калышы мүмкүн. Өлкөгө тандоо укугу берилбейт.

PISA изилдөөсүндө тең салмактуулукту сактоо үчүн окуучулар айылдагы мектептерден да, чакан шаарлардан да, чоң мегаполистерден да пропорциялуу түрдө тандалып алынат. Ар бир изилдөөдө кошумча багыттар өзгөрүп турат. Быйылкы изилдөөгө санариптик сабаттуулук жана табигый илимдер кирди. Ал эми математика менен окуу-түшүнүү — дайыма милдеттүү түрдө катышуучу базалык багыттар. Санарип дооруна Кыргызстан акыркы жылдары гана активдүү кире баштады. Биз технологиясы өнүккөн Кытай же Япония сыяктуу өлкөлөр менен дароо тең келише албайбыз, анткени аларда санариптештирүү бир топ эрте башталган. Бирок ошого карабастан, биздин жаш муундар санарип багытында да өзүнүн дараметин көрсөтө алышты.

Салыштырмалуу 11 тепкичке жогорулоо — бул мамлекетте Президентибиз баш болуп билим берүүгө жана адам капиталын өнүктүрүүгө багытталган жаңы саясаттын алгачкы гана жыйынтыгы. Буюрса,  11 тепкич алдыга жылдык. Алдыда дагы аткарыла турган иштер абдан көп. Кыргызстандын кийинки PISA изилдөөсүнө да сөзсүз катышуусу маанилүү. Себеби азыр реформа жүрүп жатат. Туура багытта баратабызбы, маяктан адашпадыкпы же бурулуп кетпедикпи — ушунун баарын так аныктоо үчүн кийинки эл аралык изилдөөлөрдөн качпай, активдүү катышышыбыз зарыл.

Агартуу министрлигинин башында турган Догдуркүл Шаршеевна дагы реформалардын натыйжалуулугун көрүү үчүн ушундай эл аралык изилдөөлөргө катышуу зарыл экенин жакшы түшүнөт. Маалымат катары айтсам: 2006-жылы изилдөөгө 56 мамлекет катышып, биз 56-орунду алганбыз. 2009-жылы 65 мамлекет катышып, 65-орунда болчубуз. А быйыл болсо 91 өлкөнүн ичинен 80-орунга көтөрүлдүк. Дүйнөдөгү бардык өлкөлөр түшүнүп турат — мындай изилдөөлөр билим берүү тармагындагы иштерибиздин туура же ката экенин аныктап, кемчиликтерди убагында оңдоп-түзөөгө жардам берген эң сонун мүмкүнчүлүк.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү