PISA — РЕЙТИНГ ЭМЕС, БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН «ТЕМПЕРАТУРАСЫ»

  • 09.09.2026
PISA — Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (OECD) тарабынан уюштурулган билим берүү жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык изилдөө.
Анын негизги максаты — 15 жаштагы окуучулар өз билимдерин жана көндүмдөрүн турмуштагы реалдуу кырдаалдарда канчалык деңгээлде колдоно аларын баалоо. Бул жерде окуучунун мектептен алган билими гана эмес, ошол билимди тааныш эмес маселелерди чечүүдө, маалыматты талдоодо, ой жүгүртүүдө жана чечим кабыл алууда колдоно билүүсү биринчи орунда турат.
Ошол эле учурда PISA кадимки мектептик экзаменден принципиалдуу түрдө айырмаланат. PISA жеке окуучу үчүн жогорку жоопкерчиликтүү, башкача айтканда, high-stakes экзамен эмес.
Белгилүү бир окуучунун PISAдагы жыйынтыгы анын мектептеги баасына, кийинки класска өтүшүнө, университетке кабыл алынышына же андан аркы билим алуусуна эч таасир этпейт. Ошондуктан PISA тестин тапшырган окуучунун жогорку же төмөнкү жыйынтык алууга түздөн-түз кызыкчылыгы жок.
PISA боюнча маалыматтын негизги керектөөчүлөрү жеке окуучулар, атүгүл айрым мектептер да эмес. Бул жыйынтыктар биринчи кезекте коомго, өкмөткө, билим берүү министрликтерине, саясатчыларга, билим берүү тармагындагы адистерге, эксперттерге жана изилдөөчүлөргө арналат. Алар өлкөнүн билим берүү системасына сырттан карап, эң маанилүү суроолордун бирин коюуга мүмкүнчүлүк берет:
Биздин өлкөнүн мектептери канчалык деңгээлде жакшы иштеп жатат жана аларды мындан да жакшыртуу үчүн эмне кылышыбыз керек?
PISA жөнүндө сөз болгондо коомчулуктун көңүлү көп учурда бир гана көрсөткүчкө — өлкөнүн орточо баллына жана анын эл аралык рейтингдеги ордуна бурулат. Мисалы, «Финляндия же Сингапур PISAнын жыйынтыктары боюнча дүйнөдөгү эң мыкты өлкөлөрдүн бири» деген сөздү угушубуз мүмкүн. Эң жөнөкөй түшүндүрмөдө бул фин же Сингапур окуучуларынын орточо жыйынтыгы башка көптөгөн өлкөлөрдүн окуучуларынын орточо жыйынтыгынан жогору болгонун билдирет.
Мындай көрсөткүч, албетте, маанилүү. Ал өлкөнүн билим берүү натыйжалары эл аралык салыштырууда канчалык жогору экендиги жөнүндө жалпы түшүнүк берет. Бирок «жакшы билим берүү системасы» деген түшүнүк жогорку орточо балл менен гана чектелбейт.
Биз таптакыр башка суроолорду берип көрөлү. Эң жогорку жана эң төмөнкү жыйынтык көрсөткөн окуучулардын ортосундагы айырма канчалык чоң? Шаардык жана айылдык окуучулардын жыйынтыктары канчалык айырмаланат? Социалдык-экономикалык абалы төмөн жана жогору үй-бүлөлөрдөн чыккан балдардын ортосунда кандай айырма бар? Кыздар менен балдардын жыйынтыктарында олуттуу айырмачылыктар барбы? Мамлекеттик жана жеке мектептерде окуган окуучулардын жыйынтыктары канчалык айырмаланат?
Ушул көрсөткүчтөрдүн ар бири боюнча өзүнчө рейтинги, өлкөлөрдүн лидерлеринин тизмеси да таптакыр башкача болот. Демек, билим берүү системасынын сапатын бир гана көрсөткүч аркылуу баалоо мүмкүн эмес.
Мисалы, бир өлкөнүн орточо жыйынтыгы абдан жогору болушу мүмкүн, бирок ошол эле учурда эң күчтүү жана эң начар окуучулардын ортосундагы айырма өтө чоң болушу ыктымал. Ал эми башка өлкөдө орточо балл бир аз төмөн болушу мүмкүн, бирок социалдык теңсиздик кыйла аз жана балдар үчүн билим алуу мүмкүнчүлүктөрү кыйла тең болушу мүмкүн.
Анда бул эки өлкөнүн кайсынысынын билим берүү системасы «жакшы»? Бул суроого жооп биз кайсы суроону берип жатканыбызга жараша болот.

«Ошондуктан PISAны өлкөлөрдүн рейтингдеги орун үчүн болгон жарышы катары эмес, улуттук билим берүү системасынын күчтүү жана алсыз жактарын түшүнүүгө жардам берген инструмент катары колдонуу зарыл».

PISAны термометрге салыштырууга болот. Элестетип көрөлү: балаңыздын дене табын өлчөдүңүз жана анын температурасы жогору экенин аныктадыңыз. Сиз: «Баланын температурасы көтөрүлүптүр, демек, ал ооруп жатат окшойт», — деп айта аласыз. Бул маанилүү маалымат.
Мындан тышкары, термометр температураны жетиштүү так өлчөй алат. Бирок термометр бала эмне үчүн ооруп жатканын түшүндүрбөйт. Ал баланын эмне үчүн жөтөлүп жатканын, эмне үчүн башы ооруп жатканын же оорунун себеби эмнеде экенин айтпайт. Муну аныктоо үчүн кошумча текшерүүлөр жана башка маалыматтар керек.
PISA билим берүү системасынын абалы жөнүндө жетиштүү так сүрөттү — башкача айтканда, анын «температурасын» берет. Биз окуучулардын окуп түшүнүү, ой жүгүртүү, математикалык маселелерди чечүү, илимий билимдерди колдонуу жана өз көндүмдөрүн жаңы кырдаалдарда пайдалануу жөндөмдөрү кандай экенин көрө алабыз. Бирок PISA өзү алынган жыйынтыктардын бардык себептерин түшүндүрө албайт.
Эгер өлкө математика боюнча төмөн жыйынтык көрсөтсө, PISA автоматтык түрдө: «Мунун себеби мугалимдердин даярдыгында» же «Мунун себеби окуу программасында» деп айтпайт. Мындай суроолорго жооп алуу үчүн кошумча изилдөөлөр керек.
Математика кандай окутулуп жатканын, кандай окуу материалдары колдонуларын, мугалимдердин даярдыгынын деңгээлин, окутуунун айрым түрлөрүнө канча убакыт бөлүнөрүн, сабакта кандай методдор колдонуларын, мектептерди башкаруу кандай уюштурулганын, ресурстар кандай бөлүштүрүлөрүн жана окуучулар кандай социалдык-экономикалык шарттарда жашап жатканын изилдөө зарыл.
Ошондуктан PISA эмне болуп жатканын көрсөтөт, бирок анын эмне үчүн болуп жатканын дайыма эле түшүндүрө бербейт. Дал ушул жерде улуттук изилдөөлөрдүн жана маалыматтарды сапаттуу талдоонун зарылдыгы пайда болот.
PISAнын жыйынтыктары жарыялангандан кийин эң маанилүү суроо өлкө рейтингде кайсы орунду ээлегени болбошу керек. Андан да маанилүүсү: биз билим берүү системабыз жөнүндө эмнени билдик? Кайсы багыттар күчтүү? Негизги көйгөйлөр кайда? Кайсы окуучулардын топтору артта калууда? Аймактардын жана мектептердин түрлөрүнүн ортосунда кандай айырмачылыктар бар? Жогорку жыйынтыктар менен кайсы факторлор байланыштуу? Кайсы билим берүү практикаларын өзгөртүү зарыл?
PISA талдоонун акыркы чекити эмес, мындан аркы изилдөөлөрдүн жана реформалардын баштапкы чекити болушу керек.
PISAга катышуунун дагы бир маанилүү жагы бар, бирок ага кээде жетиштүү көңүл бурулбайт. PISA — өлкө үчүн эл аралык жыйынтык алуу гана эмес. Ал ошондой эле улуттук изилдөө потенциалын өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк.
PISAга катышуу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүн бириктирген эл аралык системада иштөөнү билдирет. Улуттук изилдөөчүлөр эл аралык эксперттер менен кызматташып, билим берүүнү өлчөөнүн, тандалма изилдөөлөрдү уюштуруунун, статистикалык талдоонун жана маалыматтарды интерпретациялоонун заманбап ыкмаларын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Бул өзгөчө билим берүү тармагында өзүнүн изилдөө системасын өнүктүрүүгө умтулган өлкөлөр үчүн маанилүү. PISAга катышууну жөн гана эл аралык рейтингдеги ордуңду билүүнүн жолу катары эмес, улуттук эксперттик жана изилдөө потенциалын өнүктүрүүгө салым катары кароо зарыл.
PISAнын жыйынтыктарын өлкөлөр ортосунда туура салыштыруу үчүн тандалма изилдөөнү түзүүгө карата абдан катуу эл аралык талаптар бар. Ал өлкөдөгү бардык 15 жаштагы окуучуларды тестирлебейт. Анын ордуна тиешелүү курактагы окуучулар тобун репрезентативдүү түрдө чагылдырган мектептердин жана окуучулардын илимий негизделген тандалмасы колдонулат.
Бул жерде сөзсүз сакталууга тийиш болгон белгилүү эрежелер бар. Бир өлкөнүн жыйынтыктарын башка өлкөнүн жыйынтыктары менен туура салыштыруу үчүн бул талаптарды сактоо зарыл. Эгер өлкө айрым гана мектептерди же окуучулардын белгилүү бир категорияларын тандаса, алынган жыйынтыктар объективдүү болбой калышы мүмкүн.
Эл аралык изилдөөлөрдүн тарыхы бул эмне үчүн ушунчалык маанилүү экенин көрсөтүп келет. Мисалы, алгачкы изилдөөлөрүнүн биринде Кытай эң күчтүү окуучулар окуган айрым мектептер боюнча гана маалымат берген. Мындай жыйынтыктарды репрезентативдүү улуттук тандалманын негизинде маалымат берген башка өлкөлөрдүн жыйынтыктары менен туура салыштыруу мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан эл аралык уюштуруучулар бул маалыматтарды толук эл аралык салыштырууга киргизишкен эмес.
Ушундай көйгөйлөр башка өлкөлөрдө да белгилүү бир тилдик же социалдык топтор тандалмадан чыгарылып калган учурлар болгон. Бул эл аралык изилдөө өлкөнү «жазалайт» дегенди билдирбейт. Чындыгында, мындай талаптардын максаты — маалыматтардын калыстыгын жана салыштырууга боло тургандыгын коргоо.
Эгер тандалманы түзүү эрежелери сакталбаса, мындай жыйынтыктарды бардык талаптарды аткарган өлкөлөрдүн жыйынтыктары деп чечмелөөгө болбойт. Ошондуктан тандалманын сапаты жөн гана техникалык маселе эмес. Ал PISAнын жыйынтыктарына болгон ишенимдин фундаменталдуу шарттарынын бири.
Эмне үчүн PISAнын жыйынтыктары бүтүндөй өкмөт үчүн маанилүү? Албетте, Билим берүү министрлиги PISA маалыматтарынын негизги колдонуучуларынын бири болушу зарыл. Бирок бүгүнкү окуучулардын билими жана көндүмдөрү өлкөнүн адам капиталын 10, 20 жана 30 жылдан кийин кандай болорун аныктайт. Ошондуктан PISAнын жыйынтыктары экономиканын жана мамлекеттик башкаруунун дээрлик бардык тармактары үчүн маанилүү.
Мисалы, Айыл чарба министрлигине, келечектеги агрардык тармактын адистери кандай билимге жана көндүмдөргө ээ экенин түшүнүү маанилүү.
Өнөр жай министрлиги келечектеги кызматкерлер татаал маселелерди канчалык деңгээлде чече аларын, маалыматтар менен иштей аларын жана технологияларды колдоно аларын билүүсү маанилүү.
Каржы сектору же банк системасы келечектеги кызматкерлердин математикалык жана санариптик сабаттуулугунун деңгээлин түшүнүүсү зарыл.
Ушул эле нерсе Коргоо министрлигине да тиешелүү.
Демек, PISAнын жыйынтыктары Билим берүү министрлиги үчүн гана эмес, бүтүндөй өкмөт үчүн маанилүү маалымат болуп саналат.
PISAнын жыйынтыктарына карата эң туура реакция: «Өлкөбүз рейтингде кайсы орунду ээледи?» деген суроо менен чектелбеши керек. Андан көрө төмөнкү суроолорду беришибиз керек:
  • Бул жыйынтыктар биздин билим берүү системабыз жөнүндө эмнени айтып жатат?
  • Эмне үчүн биз дал ушундай жыйынтыктарды алдык?
  • Кайсы окуучуларга көбүрөөк колдоо керек?
  • Эмне жакшы иштеп жатат? Эмнени өзгөртүү зарыл?
  • Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн кандай конкреттүү чечимдерди кабыл алышыбыз керек?
PISA өлкөгө өзүнүн билим берүү системасын эл аралык контекстте көрүүгө, күчтүү жана алсыз жактарын түшүнүүгө, жаңы суроолорду коюуга, улуттук изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө жана эң негизгиси — мектептердин сапатын жогорулатуу жана өлкөнүн адам капиталын өнүктүрүү үчүн кыйла негиздүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.
Дүйшөн Шаматов,
профессор
Бөлүшүү