PISA-2025ТЕН КИЙИН: «МЕКТЕПТЕР-2030» ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДАГЫ ЖЫЛДЫК МОНИТОРИНГ ЭМНЕНИ КӨРСӨТТҮ?
- 07.10.2026
- 0

PISA-2025 системанын бүгүнкү абалын көрсөтсө, «Мектептер-2030» мониторинги өзгөрүү бир окуу жылынын ичинде кандай жүрүп жатканын көрүүгө мүмкүндүк берет.

2026-жылдын 8-сентябрында Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (OECD) мектептик билим берүүнүн сапатын баалаган дүйнөдөгү эң ири изилдөөлөрдүн бири — PISA-2025тин жыйынтыктарын жарыялады. Кыргызстан 16 жылдык тыныгуудан кийин изилдөөгө кайра катышып, ага 195 мектептен 7,5 миңден ашуун окуучу катышты жана баалоо толугу менен компьютердик форматта өткөрүлдү. Өлкө 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээледи. PISA биринчи кезекте «Кыргызстандын билим берүү системасы бүгүн дүйнөлүк салыштырууда кайсы жерде турат?» деген суроого жооп берет. Бирок мындан кем эмес маанилүү дагы бир суроо бар: кырдаалды ондогон жылдарды күтпөстөн өзгөртүүгө болобу? Бул суроого жооп берүүгө «Мектептер-2030» программасынын жылдык мониторинги жардам берет. Эки изилдөөнүн упайларын түздөн-түз салыштырууга болбойт: алардын шкалалары, инструменттери жана тандалмалары ар башка. Бирок аларды бир системанын эки көз карандысыз «сүрөтү» катары караганда, бири-бирин толуктап, билим берүүдөгү көйгөйлөрдү гана эмес, өзгөрүү мүмкүнчүлүгүн да көрсөтөт.
PISA-2025 эмнени көрсөттү?
PISA-2025тин Кыргызстан боюнча орточо жыйынтыктары үч багыттын тең базалык деңгээлден төмөн экенин көрсөттү. OECD аныктаган 2-деңгээл — функционалдык сабаттуулуктун базалык босогосу. Бул деңгээлге жеткен окуучу билимди турмуштук кырдаалдарда колдоно алат жана андан ары ийгиликтүү окууга даяр болот.

Демек, кыргызстандык 15 жаштагы окуучунун орточо көрсөткүчү үч багыттын тең базалык босогосуна жетпейт. Бул айрым артта калган окуучулар жөнүндө эмес, өлкө боюнча орточо көрсөткүч жөнүндө сөз болуп жатканын өзгөчө белгилөө маанилүү.
Ошол эле учурда узак мөөнөттүү динамикада өсүш бар. 2009-жылга салыштырмалуу окуу сабаттуулугу боюнча жыйынтык 30 баллга, математикалык жана табигый-илимий сабаттуулук боюнча 33 баллга өстү. 2006-жылдан берки мезгилди алсак, өсүш андан да олуттуу: окуу боюнча 59 балл, математика боюнча 53 жана табигый илимдер боюнча 41 балл. OECD уюмунун шкаласы боюнча бул болжол менен бир жарым жылдык окууга туура келет (20 балл болжол менен бир окуу жылына шарттуу түрдө туура келет, бирок бул так «окуу жылынын» өлчөмү эмес). Бул көрсөткүчтөр билим берүү системасынын акыркы он беш жылдан ашуун убакыттагы өзгөрүүсүн чагылдырат жана анын артында өлкөнүн билим берүү системасынын, мугалимдердин жана мектептердин көп жылдык эмгеги турат.
Мындан тышкары, PISA-2025те OECD өлкөлөрүнүн орточо көрсөткүчү да төмөндөгөн: PISA-2025 уюмдун бүткүл байкоо тарыхындагы эң начар натыйжаларын каттады. Ошондуктан Кыргызстан менен OECD орточосунун айырмасын чечмелөөдө бул жагдай да эске алынышы керек.
PISA-2025 боюнча аймактар, окутуу тили жана жынысы боюнча деталдуу улуттук маалыматтар азырынча толук жарыялана элек. Мына ушул жерде «Мектептер2030» мониторингинин артыкчылыгы көрүнөт: ал мектептердин, аймактардын жана окуучулардын айрым топторунун деңгээлинде кеңири маалымат берет.
«Мектептер-2030» мониторинги: системанын ичиндеги өзгөрүүнү көрүү
«Мектептер-2030» — Ага Хан Фондунун дүйнөнүн 10 өлкөсүндөгү 1000 мамлекеттик мектепти камтыган он жылдык билим берүү программасы. Кыргызстанда программа Билим берүү министрлиги менен өнөктөштүктө 70 мектепте ишке ашырылууда. Бул мектептер PISAдагыдай кокус тандалып алынган эмес. Программага алыскы тоолуу аймактардагы жана Бишкек шаарынын четиндеги жаңы мектептер максаттуу түрдө киргизилген. Ошондуктан бул мектептердин жыйынтыктарын бүт өлкөгө түздөн-түз жалпылоого болбойт.
2025–2026-окуу жылында баалоо окуу жылынын башында жана аягында эки жолу өткөрүлдү. 4-класстын (10 жаш) жана 9-класстын (15 жаш) окуучулары камтылды. Баалоо толугу менен компьютердик форматта жүргүзүлдү. Баалоонун алкагында окуучулардын математикалык, окуу жана табигый-илимий сабаттуулугу (4-класстарда гана), сынчыл ой жүгүртүүсү, лидерлик жана жоопкерчиликти ала билүү (9-класстарда гана) көндүмдөрү өлчөндү.

📌 МОНИТОРИНГ ЦИФРАЛАРДА
| Окуу жылынын аягында баалоого 5764 окуучу катышты: 3041 — 10 жаштагы, 2723 — 15 жаштагы окуучулар. Мындан тышкары, 220 мугалим VITAL (Valuing Inclusive Teaching and Learning) инструменти аркылуу өзүнүн педагогикалык практикасына өзүн-өзү баалоо жүргүздү. |
Бир окуу жылында эмне өзгөрдү?

Бир окуу жылынын ичинде дээрлик бардык өлчөнгөн багыттарда өсүш байкалган. 4-класста эң чоң өсүш табигый-илимий сабаттуулукта (+12,5 пайыздык пункт) жана сынчыл ой жүгүртүүдө (+11,5 п.п.) болду. 9-класста математикалык сабаттуулук (+11,3 п.п.) жана окуу сабаттуулугу (+10,1 п.п.) көбүрөөк өстү.


Окуучулардын академиялык жана жумшак көндүмдөрүн баалоо
Бул сандарды бир маанилүү жагдайды эске алуу менен түшүнүү керек. Өсүштүн бир бөлүгү — окуу жылынын табигый натыйжасы. Анткени ар бир мектепте окуучу жазында күзгө караганда көбүрөөк нерсе үйрөнөт. Мониторингде программага кирбеген мектептерди салыштыруу үчүн өзүнчө топ болбогондуктан, бул маалыматтар жыйынтыктардын бир жыл ичинде кандай өзгөргөнүн көрсөтөт, бирок бул өзгөрүүгө программанын таасири түздөн-түз себеп болгонун так айтууга болбойт. Бул жердеги негизги тыянак башка: төмөн жыйынтык өзгөрүлбөс жыйынтык дегенди билдирбейт.
Эмне үчүн окуу сабаттуулугу өзгөчө маанилүү?
Мониторингдеги маанилүү сигналдардын бири — окуу сабаттуулугунун абалы. 4-класста бул багыт академиялык көрсөткүчтөрдүн ичинен эң аз өскөн (+6,2 п.п.) жана өсүштөн кийин да эң төмөн көрсөткүч бойдон калган — 54,1%. Башкача айтканда, окуу жылынын аягында төртүнчү класстын окуучусу текстти түшүнүүгө байланышкан тапшырмалардын орточо эсеп менен жарымына жакынын гана туура аткарган.

Бул PISA-2025тин жыйынтыгы менен маанилүү деңгээлде үндөшөт: Кыргызстан үчүн базалык босогодон эң чоң айырма окуу сабаттуулугунда байкалган.
Окуу сабаттуулугу бир гана тил сабагына тиешелүү көндүм эмес. Математикалык маселени чечүү үчүн окуучу шартын түшүнүшү керек; табигый-илимий маалымат менен иштөөдө маалыматты окуп, салыштырып жана чечмелөө зарыл; интернеттеги маалыматты сын көз менен баалоо үчүн текстти түшүнүп, факт менен пикирди ажыратып, аргументтерди көрүп, суроо бере билүү керек.
Программанын алкагында жүргүзүлгөн мониторингдин маалыматтары бул өз ара байланыштарды статистикалык жактан да ырастайт. 4-класстарда окуу сабаттуулугу менен математикалык сабаттуулуктун ортосундагы корреляция коэффициенти r = 0,54, ал эми окуу сабаттуулугу менен сынчыл ойломдун ортосунда r = 0,52 болду. 9-класстарда окуу сабаттуулугу менен сынчыл ойломдун ортосундагы байланыш r = 0,54 түздү.
Корреляция коэффициенти эки көрсөткүчтүн өз ара кандай байланышта өзгөрөрүн көрсөтүп, −1ден +1ге чейинки мааниге ээ болот. 0,5ке жакын көрсөткүч орточо күчтөгү оң байланышты билдирет. Башкача айтканда, окуу текстин жакшыраак түшүнгөн окуучулар, адатта, математикалык жана логикалык ой жүгүртүүгө байланышкан тапшырмаларды да жакшыраак аткарышат.
Бул жыйынтык окуу сабаттуулугу бир гана предметтик натыйжа эмес, окуучунун башка билимдерди жана көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө негиз болгон маанилүү көндүм экенин көрсөтөт. Ошондуктан окуу сабаттуулугун өнүктүрүү тил жана адабият сабактарынын гана эмес, бүткүл мектептин жалпы милдети болуп саналат.
Сынчыл ой жүгүртүү — предметтик билимге кошумча эмес, анын маанилүү бөлүгү

Корреляциялык талдоо көрсөткөндөй, предметтик билимдер менен сынчыл ой жүгүртүү бири-бири менен тыгыз байланышта. Сынчыл ой жүгүртүү эки курактык топто тең окуу, математика жана башка сабаттуулук көрсөткүчтөрү менен орточо деңгээлде байланышта (r = 0,40–0,54). Бул анын ар түрдүү билим берүү багыттарында керек болгон универсалдуу көндүм экенин көрсөтөт.
Ал эми лидерлик менен жоопкерчилик бири-бири менен тыгыз байланышта (r = 0,67), бирок алардын предметтик окуу жыйынтыктары менен байланышы анча күчтүү эмес (r = 0,18ден жогору эмес). Бул эки көндүмдүн ортосундагы жогорку байланыш эки көндүм тең окуучулардын өзүн-өзү баалоосу аркылуу өлчөнгөнү менен түшүндүрүлүшү мүмкүн.
Андан сырткары математикалык же окуу сабаттуулугунун жогорку деңгээли өз алдынча маалыматты талдоо, суроо берүү, өз позициясын аргументтөө же чечим кабыл алуу жөндөмүнө кепилдик бербейт дегенди билдирет. Демек, социалдык жана инсандык көндүмдөр предметтик билимге өзүнөн-өзү кошулуп калыптанбайт. Аларды атайын педагогикалык ыкмалар аркылуу өзүнчө өнүктүрүү зарыл.
Бул жагынан «Мектептер2030» программасынын жыйынтыктарын PISA окуучунун окуу программасын канчалык деңгээлде өздөштүргөнүн гана эмес, алган билимин жаңы кырдаалдарда колдоно билүүсүн да баалайт. Мисалы, таблицадан керектүү маалыматты табуу, илимий жана илимий эмес түшүндүрмөлөрдү айырмалоо, маалымат булагынын ишенимдүүлүгүн баалоо жана алган билимин жаңы жагдайда колдонуу сыяктуу көндүмдөр текшерилет.
Эки өз алдынча баалоонун жыйынтыгы тең бир маанилүү маселеге көңүл бурат: окуучунун «билем» деген деңгээлден «түшүнөм, талдайм жана алган билимимди колдоно алам» деген деңгээлге өтүүсү.
Өсүш бардык окуучуларда бирдей болгон жок
Окутуу тили
Жылдын башында эле орус тилинде окуган 9-класстын окуучулары бардык академиялык жана когнитивдик багыттар боюнча кыргыз тилинде окуган курдаштарынан алдыда болушса, лидерлик боюнча кыргыз тилдүү окуучулар алдыда болушкан.
1-сүрөт. 9-класстардын окуу жылынын башындагы натыйжалары, окутуу тили боюнча салыштыруу, %

Жыл аягында да бул айырма сакталып калды: математикалык сабаттуулук 8,1 п.п. (82,1% жана 74,0%), окуу сабаттуулугу 11,4 п.п. (71,8% жана 60,4%), сынчыл ой жүгүртүүдө 12,6 п.п. (69,7% жана 57,1%) айырма бойдон калды. Ошол эле учурда математикада кыргыз тилдүү 9-класстын окуучулары көбүрөөк өсүш көрсөттү: +12,3 п.п., ал эми орус тилдүү окуучуларда +8,3 п.п. болду. Бул айырманын бир аз кыскарышына алып келди. Бирок баштапкы айырма чоң болгондуктан, аны бир эле окуу жылында толук жоюу мүмкүн эмес.
Лидерлик боюнча болсо кыргыз тилинде окуган окуучулардын жыйынтыгы эки топто тең статистикалык жактан маанилүү деңгээлде жогору болду.
Бул айырмачылыктарды балдардын «жөндөмүнүн» айырмасы катары чечмелөө туура эмес. Алар кыргыз тилиндеги сапаттуу окуу материалдарынын жеткиликтүүлүгүн, окутуу методикасын, педагогикалык колдоону жана билим берүү чөйрөсүнө байланышкан башка факторлорду мындан ары изилдөө зарылдыгын көрсөтөт.
Кыздар дээрлик бардык багыттарда уул балдардан жогору көрсөткүч көрсөттү жана айырма жаш өткөн сайын көбөйгөн. 4-класста айырмачылыктар анча чоң эмес болсо, 9-класстын аягында беш өлчөнгөн багыттын баарында кыздардын артыкчылыгы статистикалык жактан маанилүү болгон. Окуу сабаттуулугундагы айырма 4-класста 3,3 п.п. болсо, 9-класста 7,5 п.п.ге жеткен.
Бул маалыматты уул балдардын «жөндөмдүүлүгү төмөн» деп чечмелөөнүн ордуна, орто класстарда алардын окууга болгон кызыгуусун сактоонун жана активдүү окурман катары колдоонун жаңы жолдорун изилдөөгө негиз катары кароо маанилүү.
Аймак

Окуу жылынын башында эле Бишкек шаары менен Чүй облусунун окуучуларынын окуу жетишкендиктери жогору болсо, Ош жана Баткен облустарын камтыган түштүк аймакта көрсөткүчтөр эң төмөн болгон. Бирок бул жерде өзгөчө көңүл бурууга арзый турган жыйынтык бар: дал ушул түштүк аймак жана Нарын облусу жыл ичинде эң чоң өсүш көрсөткөн аймактардын катарына кирди.
9-класстардын математика боюнча жыйынтыгы түштүктө 13,8 пайыздык пунктка, Нарын облусунда 14,9 пайыздык пунктка өстү. Жыл аягында Нарын облусунун көрсөткүчү Бишкек шаарынын көрсөткүчүнө дээрлик жетти: 79,8%га каршы 79,7%.
Ошол эле учурда лидерлик жана жоопкерчилик боюнча эң жогорку көрсөткүчтөр түштүк аймакта жана Нарын облусунда байкалды. Башкача айтканда, окуу жетишкендиктери салыштырмалуу төмөн болгон аймактарда окуучулардын социалдык жана инсандык көндүмдөрү боюнча жакшы жыйынтыктар көрүндү.
Албетте, баштапкы көрсөткүчү төмөн болгон топтордун тез өсүшүн статистика жагынан да түшүндүрүүгө болот: төмөн көрсөткүчтөн баштаганда өсүүгө мүмкүнчүлүк көбүрөөк болот. Бирок маанилүүсү — математикалык сабаттуулук боюнча айырманын кеңейбей, тескерисинче кыскарышы байкалды, демек, билим берүүдө аймактык ажырым туруктуу мүнөздөмө эмес, белгилүү шарттарда ал азайышы мүмкүн дегенди билдирет.
Класстын ичинде эмне болуп жатат?

Изилдөөнүн маанилүү бөлүгү — окуучуларды гана эмес, педагогикалык практиканы да баалоо. 220 мугалим VITAL куралын колдонуу аркылуу инклюзивдүү окутуунун сапатын он багыт боюнча өзүн-өзү баалады. Окуу жылынын башында эле абал бир түрдүү болгон жок: мугалимдер эң жогорку бааны класстагы эмоционалдык климатка беришкен. Ал эми окуучулардын өздөрүнүн активдүү катышуусун талап кылган ыкмалар эң төмөн бааланган.
2-сүрөт. Окуу жылынын башында мугалимдердин VITALдын багыттары боюнча өзүн-өзү баалоосу

Жылдын аягында класстагы эмоционалдык климат дагы жакшырганы байкалды: мугалимдердин 56,8%ы бул багытты эң жогорку деңгээлде баалаган (+3,3 пайыздык пункт). Ошондой эле окуучулардын жыйынтыгына карата мугалимдердин күтүүсү жогорулаган (+8,4 пайыздык пункт). Бирок окуучулардын активдүү катышуусун талап кылган ыкмалар — жуптук жана топтук иш, ачык суроолор, изилдөө тапшырмалары — мурдагыдай эле эң алсыз багыттардын катарында калды.
«Сынчыл ой жүгүртүү жана чыгармачылык» багыты жыл аягында да эң аз өнүккөн багыт бойдон калды — 28,6%. Мугалимдер себеп-натыйжа байланышын аныктоого жана божомол жасоого багытталган тапшырмаларды колдонууну эң аз белгилешкен (24,2%). Ошондой эле окуучулардын демилгесин, кыялдануусун жана чыгармачылыгын колдогон сабактардын үлүшү 21,9%ды гана түзгөн.
Окуучунун натыйжасы менен мугалимдин практикасы кандай байланышат?
Бул жерде мониторингдин эки бөлүгүнүн бири-бири менен болгон маанилүү байланышы байкалат. Окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүдө мугалимдин практикасы да буга жетиштүү мүмкүнчүлүк түзбөй жатышы мүмкүн. Эгер окуучу көбүнчө мугалимдин түшүндүрмөсүн угуп, даяр маалыматты кайра айтып берүүгө гана көнсө, анда талдоо, изилдөө, талкуулоо жана маселени өз алдынча чечүү үчүн мүмкүнчүлүктөр аз болот. Ошондуктан, окуучулардын билим берүү натыйжаларын өзгөртүүнү мугалимдин күнүмдүк ишин өзгөртүүдөн бөлүп кароого болбойт.
PISA изилдөөсү да программаны жаттап айтып берүүнү эмес, билимди колдонуу жөндөмүн баалайт: таблицадан маалымат табуу, илимий жана илимий эмес түшүндүрмөнү айырмалоо, булактын ишенимдүүлүгүн баалоо, билимди жаңы кырдаалда колдонуу. Эки көз карандысыз баалоонун жыйынтыктары бир эле көйгөйлүү багытты көрсөтүп турат — «билем» деген деңгээлден «түшүнөм, талдайм жана колдоно алам» деген деңгээлге өтүү.
«Мектептер2030» эмнеге таянат?
Программанын негизги идеясы — мугалим даяр методиканын жөн гана аткаруучусу эмес, өзгөрүүнүн изилдөөчүсү жана активдүү катышуучусу болушу керек. Анын негизи — адамга багытталган долбоорлоо (дизайн-ой жүгүртүү, human-centered design): чечим сунуштоодон мурда реалдуу көйгөйдү түшүнүү керек. Мугалим өз окуучуларынын окуусунда “кандай кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар болууда?” жана “эмне үчүн?” деген суроолордун айланасында изилдөө жүргүзөт. Андан кийин мектептин командасы чечим иштеп чыгат, аны сабакта байкап көрөт жана натыйжага карап оңдойт.
📌 ӨЗГӨРҮҮ ЦИКЛИ
| маалымат ➔ көйгөйдү түшүнүү ➔ педагогикалык чечим ➔ сыноо ➔ талдоо ➔ жаңы чечим |
Ошондуктан бул жерде баалоо — окуучулардын билим деңгээлин жөн гана өлчөп коюу эмес, өзгөрүүнүн башталышы. Анын чыныгы мааниси мугалим: «Мен эмнени өзгөртүшүм керек?» деп өзүнө суроо бергенде ачылат. Эмне үчүн окуучулардын окуу сабаттуулугу дагы эле төмөн? Эмне себептен 9-класска келгенде эркек балдардын окуу боюнча жыйынтыктары кыздардыкынан артта калат? Нарын облусунда окуучулардын жыйынтыгы дээрлик 15 пайыздык пунктка кантип өстү жана буга кандай иштер таасир этти?
Ушундай суроолорго жооп издөө баалоонун жөнөкөй сандык көрсөткүчтөрүн мектептеги өзгөрүүлөргө жол көрсөткөн практикалык куралга айлантат.
Бул маалыматтар билим берүү системасы үчүн эмнени билдирет?
Мониторингдин жыйынтыктарынан программадан тышкары мектептер үчүн да маанилүү болгон бир нече багытты бөлүп көрсөтүүгө болот.
- Окууну жана текстти түшүнүүнү системалуу приоритетке айландыруу — тил жана адабият мугалимдеринин гана эмес, бардык мугалимдердин милдети катары каралышы керек.
- Кыргыз тилиндеги сапаттуу окуу материалдарына жеткиликтүүлүктү жана методикалык колдоону күчөтүү. Окутуу тили боюнча айырмачылыктар бул багытты мындан ары изилдөөнүн маанилүүлүгүн көрсөтөт.
- Сынчыл ой жүгүртүүнү, чыгармачылыкты, изилдөө жана кызматташуу көндүмдөрүн системалуу методикалык колдоо аркылуу өнүктүрүү. Ачык суроолор, активдүү окутуу, окуучулардын өзүн-өзү жана бири-бирин баалоо күнүмдүк практикада бекемделиши керек.
- Мугалим даяр билимдин негизги булагы болгон моделден окуучу активдүү катышуучу болгон моделге өтүүнү улантуу. Окуучу суроо берип, изилдеп, талкуулап, өз оюн далилдеп, ката кетирип, кайра аракет кылган окуу чөйрөсү түзүлүшү керек.
Жыйынтык: өзгөрүү адамдардан башталат
PISA-2025теги 80-орун — дүрбөлөңгө түшүүгө да, көйгөй жоктой мамиле кылууга да негиз эмес. PISA системанын масштабындагы көйгөйлөрдү көрсөтөт. Ал эми «Мектептер2030» мониторинги жыйынтыктар бир окуу жылынын ичинде, анын ичинде баштапкы шарттары татаал мектептерде да өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөтөт.
Эми негизги суроо «көйгөй кайда?» дегенден «мектептин өзгөрүшүнө эмне шарт түзөт?» деген суроого өтөт.
«Мектептер2030» программасынын алкагында ийгиликтин факторлорун түшүнүүгө багытталган өзүнчө изилдөө жыл сайын жүргүзүлүп келет. Анын башкы тыянагы жөнөкөй жана, сыягы, ар кандай цифралардан да маанилүүрөөк: кеп айрым бир методикада, окуу китебинде же бир жолку тренингде эмес, адамдарда. Натыйжалары өскөн мектептерде мугалимдер жана мектеп администрациясы өзгөрүүнү каалашат жана буга даяр — жаңы нерсени колдонуп көрүүгө, ката кетирүүгө, талдоого жана кайрадан байкап көрүүгө дилгир.
Мындай мугалимдер сабакты окуу китебинин чегинен чыгарышат: окуучулар менен долбоорлорду жана чакан изилдөөлөрдү жүргүзүшөт, практикалык иштерди көбүрөөк уюштурушат, балдарды талкууга жана чечим издөө процессине тартышат, класста үйрөнгөн нерселердин жашоо менен байланышын көрсөтүшөт.
Бул өзгөрүүлөрдү окуучулардын өздөрү да байкашат: окуу кызыктуураак болгонун айтышат. Кызыгуу менен бирге бир гана тест аркылуу өлчөө кыйын болгон сапаттар да өнүгөт — башкаларды артынан ээрчитүү, жоопкерчиликти өзүнө алуу, баштаган ишти аягына чыгаруу. Мугалим даяр жооптордун жалгыз булагы болууну токтоткондо, окуучу өзүнүн окуусунун катышуучусуна айланат.
PISA бизге «кайда экенибизди» көрсөтсө, ал эми мектептин күнүмдүк иши — биз кайда жыла аларыбызды көрсөтөт. Ал эми «Мектептер2030» программасынын 70 пилоттук мектебинин тажрыйбасы бул кыймыл эмнеден башталаарын айтып турат: сабагын өзгөртүүгө даяр болгон мугалимден жана окууга чындап кызыга баштаган окуучудан. Билим берүүдөгү чоң өзгөрүүлөр чакан нерседен — белгилүү бир класстан, белгилүү бир мугалимден башталат.
Ал эми «Мектептер2030» программасынын 70 пилоттук мектебинин тажрыйбасы бул кыймыл эмнеден башталаарын айтып турат: сабагын өзгөртүүгө даяр болгон мугалимден жана окууга чындап кызыга баштаган окуучудан.
Ырысгуль ТУРСУНБАЙ кызы, «Мектептер-2030» программасынын улуттук баалоо координатору, к.ф.-м.н.
Сүрөттөр: Ага Хан Фондунун «Мектептер-2030» программасы, фотограф Самат Мээрканов, Ырысгуль Турсунбай кызы
📌 «МЕКТЕПТЕР-2030» ПРОГРАММАСЫ ЖӨНҮНДӨ
| «Мектептер-2030» — Ага Хан Фонду тарабынан дүйнөнүн 10 өлкөсүндөгү 1000 мамлекеттик мектепте ишке ашырылып жаткан он жылдык программа. Кыргызстанда программа Агартуу министрлиги менен өнөктөштүктө 70 мектепти камтыйт. Программанын ыкмаларын педагогикалык жогорку окуу жайлардын студенттерин даярдоодо жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууда системалык деңгээлде масштабдоо мүмкүнчүлүгү каралууда. |