PISA — 2025 — РЕЙТИНГ ЭМЕС, БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КҮЗГҮСҮ

  • 11.09.2026

Кыргызстандын PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышуусунун өзү — биз үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Анткени билим берүүбүздүн абалын сырттан баалоо менен жетишкендиктерибизди да, өзгөртүүгө тийиш болгон кемчиликтерибизди да көрө алабыз.

Бул жолу Кыргызстан 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээледи. Мурунку көрсөткүчүбүзгө салыштырмалуу 11 позицияга жылыш бар экен. 91ден 80ге көтөрүлүү — бул, албетте, жылыш. Муну эске алышыбыз керек. Бирок муну менен эле чектелип, «бизде баары жакшы болуп калды» деп отуруп калууга болбойт.

PISAнын жыйынтыгын бир тараптуу карап, же дароо эле мактап, же кемчилигин гана айтып сындап отурганыбыз туура эмес. Жылыш болсо — аны баалашыбыз керек, ошол эле учурда кемчиликтерибизди да ачык билип, аларды оңдоонун үстүндө иштешибиз зарыл. Эң негизгиси — жыйынтыкты талкуулап коюу эмес, андан туура жыйынтык чыгарып, иш жүзүндө өзгөрүү жасоо.

PISA-2025тин жыйынтыгында математика, табигый илимдер менен катар, өзгөчө окуу жана түшүнүү, маалымат менен иштөө маселелерине көңүл бурууга туура келет. Бул багытта көйгөй бар экенин жыйынтык дагы бир ирет көрсөтүп турат.

Биздин гимназияда окуучунун окугандарын түшүнүүсү жана маалымат менен иштей билиши негизги багыттардын бири болуп, бул багытта 30 жылдан бери иш жүргүзүп келебиз. Бала текстти окуп гана тим болбостон, анын маанисин түшүнүп, негизги маалыматты ажыратып, талдап, керектүү учурда пайдалана билиши керек.

Бул жагынан алганда, акыл эмгегинин маданиятын калыптандыруу абдан маанилүү. Акыл эмгегинин маданияты окуучуну билимди өз алдынча алууга, алган билимин турмушта пайдаланууга үйрөтөт. Ошондой эле ар кандай маалымат булактары менен иштеп, маалыматты талдап, керектүүсүн тандап алып, аны туура пайдаланууга көнүктүрөт. Мына ушундай көндүмдөр бүгүнкү күндө бала үчүн да, коом үчүн да өтө зарыл.

Ошондуктан PISAнын жыйынтыгын жакшыртуу үчүн окуучуга жөн гана көбүрөөк маалымат берүү жетишсиз. Биз баланы билимди өз алдынча издеп табууга, түшүнүүгө, талдоого жана аны турмушта колдоно билүүгө үйрөтүшүбүз керек.

Эл аралык сынактарда ийгиликтүү катышуу үчүн бир гана айрым мектептин же мугалимдин аракетинин өзү жетишсиз. Билим берүүнүн бардык системасы бир багытта иштеши керек. Эң алыскы айылдагы мектептин мугалиминен, мектеп жетекчисинен баштап, ата-энелер, райондук жана облустук билим берүү органдары, министрликке чейинки жетекчилер билим берүүнүн сапатын жана тарбиянын сапатын жакшыртуу боюнча биргелешип ойлонуп, изденип, иш алып баруусу зарыл.

Бул жерде ата-эненин ролуна өзгөчө токтолгум келет. Ата-энени мектепке тартуу үчүн бизде «Ата-энелер мектеби» иштеп келди. Бул тажрыйбаны мындан ары да өркүндөтүп, Кыргызстан боюнча кеңири жайылтуу зарыл деп эсептейм. Себеби ата-эне баланын билим алуусуна туура түшүнүү менен мамиле кылмайынча, мектептеги аракеттердин натыйжасы толук болбойт.

Ата-эне PISA эмне экенин гана билбестен, анын артында кандай максат турганын түшүнүшү керек. Бүгүнкү күндө баладан жаттап алган маалыматты гана талап кылбастан, анын окугандарын түшүнүүсүнө, ой жүгүртүүсүнө, маалымат менен иштөөсүнө жана алган билимин турмушта пайдалана алышына шарт түзүшүбүз керек.

Ошондой эле окуучунун өзүнүн билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу маанилүү. Бала билимди мугалим үчүн же баа алуу үчүн эмес, өзүнүн келечеги үчүн керек экенин түшүнүшү керек. Бул үчүн анын билим алуу жөндөмүн, өз алдынча иштөөсүн, ой жүгүртүүсүн жана акыл эмгегинин маданиятын өстүрүүгө көңүл бурушубуз зарыл.

Менин түшүнүгүмдө, PISA-2025тин жыйынтыгын биз үчүн жөн гана рейтинг катары кабыл алуу туура эмес. Бул — өзүбүзгө сырттан карап, «Кайсы жерибиз жакшы, кайсы жерибиз аксап жатат, эми эмне кылышыбыз керек?» деген суроолорго жооп издөө үчүн берилген мүмкүнчүлүк.

Эгер биз 91 өлкөнүн ичинен 80-орунга жылганыбызды туура баалап, ошол эле учурда кемчиликтерибизди жашырбай моюнга алып, алардын үстүнөн системалуу иш алып барсак; айылдагы мектептен тартып министрликке чейин, мугалим менен ата-эне бир максатта аракет кылса; «Ата-энелер мектеби» сыяктуу иштерди кеңири жайылтып, окуучунун билим алууга болгон кызыгуусун, өз алдынча билим алуу жөндөмүн жана акыл эмгегинин маданиятын өстүрүүгө басым жасасак — мындан да жакшы көрсөткүчтөргө жетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар.

PISAнын жыйынтыгы — чекит эмес. Бул билим берүүбүздү дагы жакшыртууга багыт көрсөткөн күзгү. Эң башкысы — ошол күзгүдөн көргөнүбүздү туура талдап, ишке айланта билишибиз керек.

Гапыр МАДАМИНОВ,
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими,
«Ата-энелер мектебинин» негиздөөчүсү

Бөлүшүү