PISA-2025: КЫРГЫЗСТАН, КАЗАКСТАН, ГЕРМАНИЯ — ҮЧ ТАЖРЫЙБА, ҮЧ ЖОЛ

  • 10.09.2026

Заманбап шарттарда билим берүүнүн сапатын эл аралык стандарттардын негизинде баалоо ар бир мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн жана глобалдык экономикадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн башкы фактору болуп саналат. Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (ЭКӨУ) тарабынан өткөрүлүүчү PISA эл аралык изилдөөсү улуттук билим берүү тутумдарынын натыйжалуулугун аныктоочу эң абройлуу жана объективдүү курал катары таанылган. Бул контекстте PISA-2025 циклдин жыйынтыктары дүйнөлүк билим берүү чөйрөсүндөгү тектоникалык өзгөрүүлөрдү жана жаңы чакырыктарды ачыкка чыгаргандыгы менен өзгөчө актуалдуулукка ээ болду.

Кыргызстан 16 жылдык тыныгуудан кийин (акыркы жолу 2009-жылы катышкан) PISA долбооруна кайтып келип, бардык негизги багыттар боюнча көрсөткүчтөрүнүн байкалаарлык өскөнүн далилдеди. Өлкө дүйнөлүк рейтингде акыркы орундан четтеп, дароо 11 позицияга жогорулады (91 өлкөнүн ичинен 80-орун).

Орточо баллдардын динамикасы (2009 жана 2025):

  • Математикалык сабаттуулук: 331 баллдан ➔ 364 баллга (+33 балл);
  • Табигый-илимий сабаттуулук: 330 баллдан ➔ 363 баллга (+33 балл);
  • Окуу сабаттуулугу: 314 баллдан ➔ 344 баллга (+30 балл).

Бул жетишкендиктер акыркы жылдары ишке ашырылган системалык реформалардын натыйжасы болуп саналат: билим берүүнү каржылоонун эки эсеге көбөйүшү, мугалимдердин айлык акысынын өсүшү жана алардын квалификациясын жогорулатуу, мектептердин санариптештирилиши жана «Алтын казык» сыяктуу мамлекеттик программалардын ишке кириши. Мындан сырткары, өлкөдө эң күчтүү жана эң артта калган окуучулардын ортосундагы баллдык ажырым кыскарып, билим берүүдөгү инклюзивдүүлүк деңгээли жакшырган. Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун эксперттери Кыргызстандагы мектеп климатын өзгөчө баалап, окуучулардын 82% өзүн коопсуз сезерин белгилешкен.

Билим берүүнүн сапатынын динамикасы боюнча Германия менен коңшу Казакстандын  жыйынтыктарын салыштырып көрсөк. Германия акыркы PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча өз тарыхындагы эң төмөнкү көрсөткүчтү бериптир. Бул тенденция өлкөнүн билим берүү тутумунда олуттуу регрессивдүү процесстер жүрүп жаткандыгынын түздөн-түз далили. Германиядагы 15 жаштагы окуучулардын орточо баллдары акыркы циклдерге салыштырмалуу бардык негизги багыттар боюнча кескин төмөндөгөн. Окуу сабаттуулук көрсөткүчү дароо 15 баллга зыян тартса, математикалык сабаттуулук деңгээли 11 баллга төмөндөгөн, ал эми табигый-илимий сабаттуулук багыты боюнча көрсөткүч кошумча 7 баллга ылдыйлаптыр.

PISA методологиялык стандарттарына ылайык, 20 баллдык айырмачылык мектептеги бир жылдык академиялык окууга барабар экендигин эске алганда, германиялык окуучулардын акыркы жылдардагы билим жоготуусу дээрлик жарым жылдык окуу программасынын көлөмүн түзөт. Германиядагы өспүрүмдөрдүн 33% (ар бир үчүнчү окуучу) математика жана окуу сабаттуулугу боюнча эң төмөнкү базалык деңгээлге (2-деңгээл) жете алган эмес. Германия менен катар Нидерланды жана Франция мамлекеттери да бул циклде өздөрүнүн тарыхый эң төмөнкү упайларын топтогондугу белгиленет.

Ал эми коңшу Казакстан болсо бир эле учурда оң дагы, терс дагы натыйжа берген. «Санариптик чөйрөдө маселелерди чечүү» багытында 449 балл топтоп, чоң ийгилик көрсөткөн. Казакстандык окуучулардын 80% мектептерде ИИ тарабынан түзүлгөн контентти критикалык баалоону атайын үйрөнүшөт (ЭКӨУ өлкөлөрүндө бул көрсөткүч — 63%). Ошондой эле өлкө мектептеги буллингди олуттуу түрдө азайткан (окуучулардын 77% коопсуз чөйрөдө окушат).

Бирок терс тажрыйба катары математика сабаттуулугу багытында (414 балл) PISA-2022ге салыштырмалуу төмөндөө катталган. Муну менен катар, Казакстан билим берүүдөгү эң чоң кемчиликти — элиталык (НИШ -Национальные иновационные школы/мектептери — 559 балл) жана кадимки айылдык мектептердин ортосундагы өтө чоң социалдык ажырымды ачыкка чыгарды.

Ушундай көрсөткүчтөрдүн негизинде төмөнкүдөй жыйынтыкка келүүгө болот.

  1. Глобалдык билим берүү кризисинин белгилери: Дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүндө (Германия, Франция, Нидерланды) байкалган көрсөткүчтөрдүн төмөндөө тенденциясы заманбап мектеп билим берүү тутуму универсалдуу чакырыктарга туш болуп жаткандыгын далилдейт. Мунун өзөгүндө пандемиядан кийинки кесепеттер, санариптик шаймандардын окуу процессине тийгизген терс таасири жана окуучулардын когнитивдик фокусунун чачырандылыгы жатат.
  2. Санариптик чөйрөнүн трансформациясы: Жасалма интеллекттин жана гаджеттердин мектеп чөйрөсүнө тез кирүүсү билимдин сапатын автоматтык түрдө жогорулатпайт. Тескерисинче, Германиянын тажрыйбасы көрсөткөндөй, санариптик гигиена жана маалыматты сынчыл баалоо көндүмдөрү жок болсо, технология билим деңгээлин төмөндөтүүчү факторго айланат. Казакстандын бул багыттагы сынчыл баалоо методикасы оң үлгү боло алат.
  3. Реформалардын динамикалык мааниси: Кыргызстандын мисалы көрсөткөндөй, билим берүүгө түз инвестиция салуу (мугалимдердин статусун көтөрүү, улуттук программаларды эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу) кыска мөөнөттө оң динамикалык натыйжаларды бере алат. Бирок өлкөдө дагы эле базалык босогодон өтө албаган окуучулардын үлүшү (70,9%) жогору бойдон калууда.

Демек, кандай гана мамлекет болбосун, билим берүү саясатын иштеп чыгууда элиталык мектептердин ийгилигине гана таянбастан (Казакстандын терс тажрыйбасын эске алуу менен), жалпы массалык жана айылдык мектептердин материалдык-техниалык базасын чыңдоого артыкчылык берилиши зарыл. Билим берүүдөгү теңчиликти (инклюзивдүүлүктү) сактоо гана улуттук деңгээлде туруктуу өсүштү камсыз кыла алат- дейт эл аралык эксперттер.

Зейнеп Жамакеева, тестология боюнча эксперт

Бөлүшүү