PISA 2025: эрегиш эмоция эмес, эриш-аркак аракет керек

  • 10.09.2026

Кыргызстандын PISA-2025 эл аралык изилдөөсүндөгү жыйынтыктары коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Социалдык тармактарда талкуу көп учурда изилдөөнүн өзүн талдоодон көрө, кимдин эмне дегенине баа берүүгө өтүп кетти. Бирок бул жерде биз ээленген эмоцияны ооздуктап, изилдөөнүн маани-маңызын туура окуп, туура жыйынтык чыгара алабызбы, кеп ошондо. Ызылдагандын ордуна жабыла киришип, абалды кандай оңдойбуз деген сөзгө келбейлиби.

PISA — жөн гана мамлекеттердин рейтингин түзүүчү сынак эмес. Ал 15 жаштагы окуучулардын алган билимин реалдуу турмуштук кырдаалдарда колдоно билишин, маалыматты түшүнүп-талдай алышын, математикалык жана илимий ой жүгүртүүсүн баалайт. Башкача айтканда, окуучу билгенден тышкары, билгенин турмушта колдоно алабы деген суроого жооп издейт.

Ошондуктан 80-орун — биздин билим берүү системабыздын толук сүрөтү эмес. Бирок бул көңүл бурбай коюуга боло турган көрсөткүч да эмес.

Кыргызстан PISA-2025те 91 катышуучунун ичинен 80-орунду ээлеп, мурунку катышууларга салыштырмалуу 11 позицияга жогорулады. Андан тышкары, 2006 жана 2009-жылдардагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу табигый-илимий, математикалык жана окуу сабаттуулугундагы өсүш статистикалык жактан маанилүү экени белгиленүүдө.

Демек, өсүш бар деген сөз — факт. Бирок «өсүш бар» деген «баары жакшы» деген сөз эмес. Мына ушул эки түшүнүктү бири-бирине каршы коюу — бүгүнкү талкуунун негизги жаңылыштыгы.

Өсүш бар, бирок көйгөй дагы эле чоң

Кыргызстандык окуучулардын орточо көрсөткүчү илимде 363, математикада 364, окуу сабаттуулугунда 344 балл болду. Ошол эле учурда OECD өлкөлөрүнүн орточо көрсөткүчтөрү 482, 463 жана 461 баллды түзөт. Бул айырмачылык бизге өтө маанилүү нерсени айтып турат.

Кыргызстанда алдыга жылыш бар, бирок жалпы деңгээлибиз дагы эле төмөн. Айрыкча окуу сабаттуулугундагы 344 балл — олуттуу коңгуроо. Анткени текстти окуу — кыргыз тили же адабият сабагынын гана маселеси эмес. Окуганын түшүнбөгөн окуучу математикалык тапшырманын шартын да толук түшүнбөйт, физикадагы маалыматты да талдай албайт, биологиядагы себеп-натыйжаны да ажырата албайт. Демек, окуучунун окуу сабаттуулугу — бүтүндөй билим берүү системасынын пайдубалы.

Эң кооптуу көрсөткүч

PISAдагы эң маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири — рейтинг эмес, окуучулардын компетенттүүлүк деңгээли. PISAда 2-деңгээл базалык чек катары каралат: окуучу типтүү кырдаалда алган билимин өз алдынча колдонууну баштай турган деңгээл.

Кыргызстан боюнча бул жерде абал олуттуу. Табигый илимдер боюнча окуучулардын 76,6 пайызы 2-деңгээлден төмөн турат. Ал эми математика, окуу жана илимдин үч багыты боюнча тең төмөн деңгээлди көрсөткөн окуучулардын үлүшү 70,9 пайызды түзөт.

Кеп — биздин балдардын басымдуу бөлүгү алган билимин жаңы, күнүмдүк турмуштук кырдаалда өз алдынча колдонууда кыйналып жатканында. Бул — мамлекет үчүн стратегиялык маселе.

«Динамика бар» дегенди туура түшүнөлү

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын «туруктуу динамикалык өсүш бар» деген сөзүн  «Кыргызстанда билим берүү сонун» деп айтты дегендей чечмелөө туура эмес.

Сөз төркүнү биздин көрсөткүчтөрдө оң жылыш бар, бирок азыркы деңгээл бизди канааттандырбайт жана алдыда өтө чоң иш турат деген мааниде.

Чындыгында, билим берүүдө реформанын натыйжасы бир-эки жылда толук көрүнбөйт. Бүгүн мектепке кирген реформа эртең эле PISA көрсөткүчүнө айланып кетпейт. Мугалим даярдалат, окуу программасы өзгөрөт, окуу китептери жаңыланат, инфраструктура түзүлөт, санариптик чөйрө киргизилет, баалоо системасы өзгөрөт — мунун баары акырындык менен окуучунун натыйжасына таасир берет.

Ошондуктан өсүштү белгилөө менен бирге кемчиликтерди ачык моюнга алуу — бири-бирине каршы позициялар эмес.

PISA — мектептин күзгүсү

Бул изилдөөнүн эң чоң пайдасы — бизге өз кемчиликтерибизди башкача көз караш менен көрсөтүп бергенинде. Маселен, OECDнин маалыматтары Кыргызстанда мектептердин билим берүү мүмкүнчүлүгүнө окуу материалдарынын жетишсиздиги олуттуу тоскоол болуп жатканын көрсөтөт. Инфраструктуранын жетишсиздиги да өзүнчө маселе. Бирок соңку жылдары мамлекеттик казынан мүмкүнчүлүгү жакшырып, үч жылда эле 300 дөн ашык мектеп курулганын, эки жылда эле 6 миллион нускадан ашык жаңы муундагы окуу китептери чыгып жатканын эмнеге айтпайбыз.  Апрель айында мугалимдердин эмгек акысы орточо 100 пайызга масштабдуу көтөрүлүп, алардын 80% жаңы стандарттар боюнча окуудан өткөнү кайра-кайра айтылып жатат. Бирок бул чаралардын натыйжасы азыр эле көрүнө калбайт.

Демек, PISA бизге бир гана «окуучунун упайын» көрсөткөн жок. Ал бизге мектептин кандай шартта иштеп жатканын да көрсөттү. Ошондуктан бул жыйынтыкты мугалимге гана жүктөө — адилетсиздик.

Мугалимдин жоопкерчилиги чоң. Бирок мугалим сапаттуу билим бериши үчүн сапаттуу программа, окуу материалы, заманбап методика, туруктуу кесиптик өнүгүү, татыктуу эмгек шарттары, жакшы мектеп инфраструктурасы жана туура баалоо системасы керек.

Мугалим — системанын маанилүү бөлүгү. Бирок мугалимдин өзү бүтүндөй система эмес.

Жалпы элдик иш

Билим берүүнү модернизациялоо министрликтин кабинетинде гана чечиле турган маселе эмес. Эгер биз дүйнөлүк деңгээлде атаандаша ала турган муунду тарбиялагыбыз келсе, буга мамлекет, мектеп, мугалим, ата-эне, жергиликтүү бийлик, бизнес жана жалпы коом бирдей кызыкдар болушу керек.

Өкмөт мектептин инфраструктурасына инвестиция салат. Министрлик окуу программасын жаңылайт. Мугалим жаңы методиканы өздөштүрөт. Мектеп жетекчиси билим берүүнүн сапаттуу башкарууну үйрөнөт. Ата-эне баланын окуусуна көңүл бурат. Ал эми коом мугалимдин кесиптик аброюн көтөрүп, билимге болгон мамилени өзгөртөт. Ушулардын бири жок болсо, реформа толук иштебейт.

Ошондуктан PISAнын жыйынтыгын «министр күнөөлүү» же «мугалим күнөөлүү» деген деңгээлге түшүрүү — системалык маселени жеке адамдын мойнуна артып коюу.

Ооруну жашырсаң, …

Чынын айтыш керек, Кыргызстандын мектеп тармагы көп жылдар бою кризистик шартта жашап келди. Пандемиядан кийин билим берүүнүн абалы ого бетер оор болуп калганы эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан PISA изилдөөсүнө катышардын алдында ушундай картина болору ансыз деле белгилүү болчу. Бирок дүйнөлүк изилдөөнүн контекстинде дагы бир текшерилип, диагнозду тактап алуу туура эле чечим болгон.

Бирок ага карабастан 2022-жылдан тарта эле мектептик билим берүүнү заманбап жаңылоо боюнча масштабдуу аракеттер башталган. Жаңы мамлекеттик стандарттар, окуу программаларын жаңылоо, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү, санариптештирүү, мектеп инфраструктурасын жакшыртуу, билим берүүнүн сапатын баалоо системасын өркүндөтүү — мунун баары ошол эскирген тармакты заманбап жаңылоо үчүн көрүлгөн комплекстүү чаралар.

Негизги максат —  жаттама эмес, жаратман муунду өстүрүү, башкача айтканда окуучулардын  функционалдык сабаттуулугун көтөрүү. Бала формуланы жаттап эле койбостон, аны жашоодо колдоно билиши керек. Текстти окуп эле тим болбостон, анын маанисин түшүнүшү керек. Маалыматты жаттап эле койбостон, аны талдап, салыштырып, жыйынтык чыгара билиши керек. Проблемага даяр жооп издебестен, өз алдынча чечим табууга үйрөнүшү керек. Мына ушул көндүмдөр XXI кылымдагы билим берүүнүн чыныгы көрсөткүчү.

Бирок башталган иштер алеки заматта эле натыйжа бере койбойт. Бүгүн сепкен үрөндүн түшүмү он-он беш жылда барып араң көрүнөт. Эң башкысы, туура жолго багыт алуу маанилүү. Дүйнөлүк изилдөө көрсөткөн кемчиликтер Агартуу министрлиги баштаган мектеп тармагын заманбап жаңылоо боюнча реформалар туура жолдо экенин көрсөтөт. Оң динамиканын бар экени соңку реформалык жүрүштөрдүн натыйжасы. Бирок ошол эле учурда базалык көндүмдөрдүн деңгээлинин өтө төмөн экенин да ачык айтышыбыз керек. Бул — алдыда турган иштин көлөмүн көрсөтөт.

Ошондуктан дүйнөлүк изилдөөдөгү Кыргызстандын ордуна карап, уялсак да, урушсак да, бул маселени чечпейт. Анткени, ооруну жашырсаң өлүм ашкере дегендей, бул диагноз.

Акыры аягында биз билим берүү системасын PISA тизмесиндеги орун үчүн оңдобойбуз. Кимдир бирөөнү каралоо же кимдир бирөөнү актоо үчүн эмес, эмне туура эмес болуп жатканын түшүнүп, аны оңдоо үчүн колдонушубуз керек. Биз койгон максат — мектепти бүтүргөн ар бир бала окуганын түшүнүп, эсептеп, талдап, ой жүгүртүп, өз алдынча чечим кабыл ала алган деңгээлге жетүү. Ошондо гана PISAдагы сан биздин өлкөнүн реалдуу өнүгүүсүнүн көрсөткүчүнө айланат.

Жупуну болсо да өсүш бар. Бирок жол али узун. Ал жолду министрлик жалгыз басып өтө албайт. Мектеп менен мамлекет, мугалим менен ата-эне, коом менен өкмөт эриш-аркак аракет кылганда гана күчтүү билим берүү системасын кура алабыз.

 

Кубатбек Чекиров, “Кут Билим”

Бөлүшүү