PISA-2025: БИЛИМДҮҮ ЭНЕ – БИЛИМДҮҮ КООМ

  • 10.12.2024
  • 0

15 жаштагы балдар эл аралык изилдөө программага келерки жылы катышат.  Андан ийгиликтүү өтүү үчүн мугалимдер менен бирге ата-энелер дагы катуу даярдык көрө башташты. Биз буга чейин социалдык тармакта “PISA-2025: Келечекти бирге куралы!” деген челленджди ар бир регионго эстафета катары берип, бир эле мугалимдер эмес, эне-аталар, коомдук ишмерлер, акындар активдүү катышып, жалпы коомчулукка изилдөө программасынын максаты, милдети тууралуу кенен түшүндүрмө беришүүдө. Бул жолу айрым мугалимдерге, ата-энелерге кайрылып, балдарга кандай жана кантип даярдык көрүп, жардам берип жаткандары тууралуу сурамжылоо өткөрдүк. Анда эмесе, айрымдарына көңүл буралы!

“Аз окутуп, көп үйрөтүү”

Талас облусунун Айтматов районундагы С.Садыкова атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Элгиза Өскөнбекова PISA-2025 изилдөөсү «Аз окутуп, көп үйрөтүүгө” негиз болгонун, билим берүүгө тийгизген пайдалары жана кандай иштерди жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө баяндап берди.

PISA-2025: БИЛИМДҮҮ ЭНЕ – БИЛИМДҮҮ КООМ

“Бүгүнкү күндө эң актуалдуу темалардын бири PISA-2025. Бул изилдөөгө үч жылдан бери үзгүлтүксүз даярданып жатабыз. Өзүмдүн иш тажрыйбам менен бөлүшүп кетүүнү туура көрдүм. Эмне үчүн Кыргызстан бул изилдөөгө катышкан?

Дүйнөлүк практикада колдонулган билим берүүдөгү ийгиликтүү ыкмаларды табуу; Кыргызстандагы окуучулардын сабаттуулугунун деңгээлиндеги өзгөрүүлөргө көз салуу жана  билим берүү берүү системасын реформалоо боюнча сунуштарды жана стратегияларды иштеп чыгууну көздөйт.

Изилдөөнүн кыскача мазмунуна токтоло кетсем. Изилдөө  2000-жылдан бери үч жылда бир жүргүзүлүп турат. PISA — бул дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө билим алып жаткан 15 жаштагы окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана билимди практикада колдоно билүүсүн баалоочу тестирлөө. Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо үч негизги багыт боюнча жүргүзүлөт: Окурмандык сабаттуулук; математикалык сабаттуулук жана табигый илимий сабаттуулук. PISAда тесттик, интерактивдүү, стандарттык тапшырмалар колдонулат. Изилдөөдө функционалдык сабаттуулукка жана табигый илимдерге басым жасалат, функционалдык сабаттуулук – бул алган билимдерин турмушта колдоно билүү.

Мектепте жыл башынан иш-план бекитилип, координациялык комиссия түзүлгөн. Ар бир мугалим папка ачып, өздөрүнүн ишин ошол папкага топтошот. PISA боюнча тектүү тесттер: кагаз жүзүндө, онлайн форматта компьютер, уюлдук телефондор менен алынат. Предметтик мугалимдер сайттардагы даяр материалдар менен чектелип калбастан, өздөрү изденип ар кандай программалардын жардамы менен тектүү тесттерди түзүп, кюар код, ссылка аркылуу окуучуларга тапшырмаларды беришет. Ай сайын окуучулардын билими бааланып, анализ жасалат. Чейрек сайын жалпы предметтерге мониторинг жүргүзүлөт. PISAга керектүү материалдарды биз төмөнкү сайттардан алып жатабыз: Fioco.ru .ncokoit.kg, кошумча Сингапур Билим Берүү системасы: (парадокстордун күчү) китебинда колдонобуз.

Мен өз тажрыйбамда PISA изилдөөсүнүн эң негизги максаты — аз окутуп, көп үйрөтүүгө, ар бир мектептин — мыкты мектеп, ар бир окуучунун — мыкты үйрөнүүчү, ар бир мугалимдин — камкор агартуучу, ар бир ата-эненин — туруктуу колдогон өнөктөш болуусуна көмөктөшүү экенин түшүндүм. Ошондуктан ар бирибиздин максатыбыз — эл аралык сынактагы жыйынтыктар эмес, келечек муунга татыктуу тарбия жана балдарга мыкты, сапаттуу билим берүүгө умтулуу болуш  керек”.

Г.Мадаминовдун методикасы — PISAга даярдоочу  эң маанилүү курал

Учурда “Энелер мектеби” республика боюнча кулачын жайып келатат. Ал жерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн энелерди окутуп, балдарга татыктуу тарбия берип, окуусуна жакындан жардам берүүсү үчүн аракеттер көрүлүп келет. Биз Чүй, Талас облусундагы “Энелер мектебинин” катышуучуларына  PISA-2025 программасы боюнча кандай иш-аракеттер жүрүп жатканы боюнча кайрылып көрдүк. Ысык-Ата районундагы Осмонкул Бөлөбалаев атындагы мектептен  Айзада Чалбаеванын айтуусуна караганда,  Гапыр Мадаминов — белгилүү кыргыз педагогу  окуучуларды жана жаштарды мотивациялоодо өзгөчө ыкма колдонот. Анын «Акыл эмгегинин маданияты» китебиндеги бардык усулдар PISAга абдан керек. Себеби, убакытты туура пайдалануудан баштап өз алдынча билим алууга, тил үйрөнүүгө, ЖРТ менен олимпиадага даярдык көрүүгө чейин өз фокустарын белгилеп кеткен.

“PISA — дүйнөдөгү 15 жаштагы окуучулардын билим деңгээлин баалоочу эл аралык программа. Ал окуучулардын  математика, окутуу жана илим боюнча билимдерин гана эмес, ошол билимдерди чыныгы жашоо жагдайларында канчалык натыйжалуу колдоно аларын да текшерет. Гапыр Мадаминов билим берүүдө PISAнын принциптерин өздөштүрүү керектигин айтып келет. Ал PISA окуучулардын теорияны эмес, практиканы өздөштүрүүсүн баса белгилейт. Гапыр Мадаминовдун педагогикалык ишмердүүлүгүндө бул багыт башкы орунда турат. PISA окуучуларды логикалык жана сынчыл ой жүгүртүүгө үйрөтүүнү көздөйт. Гапыр мырза да сабак берүүдө бул ыкманы колдонууга чакырат. PISA ар түрдүү темаларды байланыштырууну үйрөтөт. Гапыр Мадаминов болсо, окуучуларга билимди турмуштук шарттарга дал келтирип, түшүндүрүү керек деп эсептейт. Окуучулар теориялык негиздерди үйрөнөт. Теорияны практикада колдонуу көндүмдөрү өнүктүрүлөт. Алган билимин турмуштук маселелерди чечүүгө колдонуу. Бул модель PISAнын принциптери менен дал келет жана Кыргызстандагы билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун сунуштайт.

Жыйынтыктап айтканда,  Гапыр Мадаминов менен PISAнын байланышы заманбап билим берүүнүн максаттарын түшүнүүгө багытталган. Ал эл аралык стандарттарды жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырып, жаштарды сапаттуу билим менен камсыз кылууга үндөйт. Бул кыргыз билим берүү системасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Мугалим катары мен Гапыр Мадаминовдун  АЭМ методикасы окуучуларды олимпиадага, ЖРТга, PISAга даярдоочу  эң маанилүү курал деп эсептейм”.

Айгүл ТОКТОГАЗИЕВА, Ш. Жумагулов атындагы орто мектеби:

PISA-2025: БИЛИМДҮҮ ЭНЕ – БИЛИМДҮҮ КООМ

“PISAга окуучулар жаттама эмес, алган билимдерин пайдаланып тесттик тапшырмаларды аткарууга, көйгөйлөрдү чечүүгө үйрөнүп, өз алдынча иштөөнү өздөштүрүп жатат. Келе жаткан жылга дайындык көрүп, жакшы ийгиликтерге жетишербиз деген үмүттөбүз”.

Гүлшан АСАНОВА, мыкты эне, Аламүдүн району, Чүй облусу:

PISA-2025: БИЛИМДҮҮ ЭНЕ – БИЛИМДҮҮ КООМ

“Сөзүмдү улуу новатор-педагог Г. Мадаминов агайыбыздын учкул сөзү менен баштагым келип турат: «Бакытты талаадан эмес, баладан издейли!» Ооба аялзаты үчүн бул дүйнөдө балага төккөн энелик мээримден, аны аздектеп багуудан, татыктуу тарбия берип коомго кошуудан, дин жолунда тарбиялоодон, билимине аз да болсо салым кошуудан артык бакыт барбы?

Мен төрт баланын энесимин. Балдарым Аламүдүн районуна караштуу О.Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинин 6- жана 4-классты сүйүктүү окуучулары. Алар мектепке кадам таштагандан тартып, мектеп сенин экинчи үйүң, эжен сенин экинчи апаң деп түшүндүрүп келем. Ооба балдарым дал ошондой кабыл алат жана эң жакшы бааларга окуп келишет. Балдардын билим сапатына салым кошууда ата-энелердин ролу абдан чоң, өзгөчө энелердин.

PISAнын жыйынтыктары боюнча Кыргызстан, тилекке каршы, 85 өлкөнүн ичинен акыркы орундардын катарында. РISA — бул окуучулардын билим жетишкендиктеринин баалоонун эл аралык стандарты. Ал эми биз, ата-энелер, окуучулардын билимине кандай салым кошо алабыз? Бул маселе жеке эле мугалимдерге эмес, ата-энелерге да тиешелүү. Г.Мадаминов агайыбыз айткандай: «Окуучунун бир канаты мугалим, бир канаты ата-эне. Качан гана окуучу, мугалим, ата-эне билим алууда бирдей аракеттенгенде  билим сапаты жогорулайт деп ишенем. «Китепкөйлүк үй-бүлөдөн башталат», «Ата-эне окумайын, бала окубайт» (Г.Мадаминов) демекчи, мен өзгөрүүнү өзүмдөн баштадым, китеп окуп, балдарыма үлгү боло баштадым. Балдарыма китеп сатып алууда чогуу тандайбыз жана китеп окуу убактысы так аныкталган. «Сүйлөө речи өзүнөн өзү өспөйт» (Г.Мадаминов) дегенге ынанып, балдарыма күндө жомок окуп берүүнү адатка айланттым, алардын сүйлөө речи дагы өскөнүн байкадым. Кээде жомокторду сахналаштырчу болдук.  Балдарымдын мындагы жүзүндөгү ар кандай эмоциялар ого бетер мени шыктандырчу болду!

АЭМ китебинде баса белгиленгендей, китеп окууда негизгисин бөлүп алуу, эң керектүүсүн  эстеп калуу, суроо берүү маданиятын өстүрүү, окуп чыккан соң  ойлонуп, анализ жасоого убакыт бөлүү — бул билим алуунун өзөгү деп кабыл алам. Андан тышкары убакытты туура пайдалануу, так максат коюу, аны акылдуу планга салуу, тарбия дөңгөлөгүн колдонуу, көп тараптуу ойлонууну үйрөтүү, аналитикалык ой жүгүртүүнү үйрөтүү, маалымат булактарын кругозорду кеңейтүү жана чет тилдерди өз алдынча үйрөнүү максатында  гана колдонууну үйрөтүү жана ушул нерселерди жашоосунда колдоно ала тургандай деңгээлге жеткирүү PISAга даярдоонун эң керектүү жолдору деп эсептейм.

«Эне мээрими бардык суроого жол табат» (Г.Мадаминов) дегендей, билимдүү эне билимдүү коомду жаратат.

Технология өнүккөн заманыбызда, маалыматтын көптүгүндө азыркы муундун балдары жагымдуу эмоцияга, эне мээримине муктаж. Эне мээримдүү болуп, балдарына көңүл бөлүп, көп кучактап, алардын оюн угуп, энелер мектебинин баа жеткис сабактарына катышып, изденип, нейрогимнастикалык көнүгүүлөрдү жасатып, менин мүнөзүм ушундай дебестен, өзгөрүүнү өзүнөн баштаганда балдарынын сапаттуу билим алуусуна жол ачат. Ал эми логиканы өстүрүү максатында сыналгыдан баш катырмаларды чогуу көрүп, бири-бирибизге дагы баш катырмаларды, суроолорду көп беребиз.

Демек, PISAга даярдануу — бул баланын дүйнө таанымын кеңейтүү, логикалык ой жүгүртүүсүн, билимин, акыл-эсин өстүрүүгө багытталган комплекстүү жана үч тараптуу (мугалим, ата-эне, окуучу) иш-аракеттер деп эсептейм”.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 Маалымат үчүн: PISA – билим берүү жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа (Program for International Student Assessment), анда билим берүү мекемелериндеги 15 жаштагы окуучулардын билимин жана көндүмдөрүн баалайт. Кыргызстан буга чейин бул эл аралык программага эки жолу (2006, 2009) катышып, экөөндө тең эң акыркы орунда калган. 2006-жылы изилдөөгө өлкөдөгү 201 билим берүү мекемесинен 15 жаштагы 5904 окуучу, 2009-жылы 173 билим берүү уюмунан 4986 окуучу катышкан.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер