PISA-2025: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ТУРУКТУУ ӨСҮШТҮН ЖАНА РЕФОРМАЛАРДЫН АЛГАЧКЫ ЖЕМИШИ
- 10.09.2026
- 0
Эл аралык PISA изилдөөсүнүн акыркы жыйынтыгы билим берүү системасынын бүгүнкү реалдуу абалын чагылдырган негизги көрсөткүч жана аны өнүктүрүүнүн стратегиялык куралы болуп калды.
Биз PISA изилдөөсүнүн жыйынтыгына курулай сындап же чөгө бербей, объективдүү жана позитивдүү өңүттөн карашыбыз керек. Ооба, 80-орун биз каалаган жыйынтык эмес, бирок бул өлкөбүздүн билим берүү системасы үчүн маанилүү бурулуш болуп саналат. Кыргызстандын 2006- жана 2009-жылдары акыркы орундарды алганын эске сала турган болсок, 16 жылдан кийинки бул жыйынтыкты алдыга ташталган кадам деп белгилөөгө болот. Бул билим берүү системасындагы айрым реформалардын акырындык менен иштеп жатканын көрсөтөт.
Эмне үчүн бул көрсөткүчтү позитивдүү натыйжа деп толук ишеним менен айта алабыз?
Албетте, дүйнөлүк рейтингде 80-орунду ээлөө биз үчүн алдыңкы чек эмес, бирок бул жыйынтыктын артында улуттук билим берүү системабыздын айкын прогресси жана алгылыктуу ийгиликтери жатат. Биз бул көрсөткүчкө бир жактуу баа бербей, терең статистикалык жана педагогикалык анализдин негизинде карашыбыз керек. Бул жолку катышуубуз өлкө үчүн бир нече маанилүү артыкчылыктарды жана үмүттөрдү көрсөттү:
- Эң башкы жетишкендик — биз акыркы орундардан ишенимдүү түрдө алдыга жылдык. 2006- жана 2009-жылдардагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу окуучуларыбыздын орточо баллдары бардык багыттар боюнча сезилерлик өстү. Тактап айтканда, окуу сабаттуулугу 30 баллдан ашык, ал эми математика жана табигый илимдер боюнча 33 баллга чейин жогорулаган. Бул — мектептерде функционалдык сабаттуулукка басым жасала баштаганынын далили.
- Кыргызстан 16 жылдык тыныгуудан кийин эл аралык аренага кайтып келип, тестти дароо биринчи жолу компьютердик форматта тапшырды. Биздин 15 жаштагы окуучуларыбыз заманбап санариптик технологияларды, моделдөө жана алгоритмдештирүү тапшырмаларын ийгиликтүү өздөштүрө алгандыгын далилдешти. Санариптик инфраструктуранын айылдык жана алыскы мектептерде да калыптана баштаганы — чоң ийгилик. Аймактардагы окуучулардын мындай деңгээлди көрсөтө алганы заманбап технологмялык, санариптик сабаттуулуктун өсүшү катары оң баа берүүгө болот.
- Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, табигый-илимий сабаттуулук боюнча базалык (экинчи) деңгээлге жеткен окуучулардын үлүшү мурунку жылдардагы 13,6%дан 23,4%га чейин өскөн. Бул — мектептерде STEM (так жана табигый илимдер) багытындагы реформалардын натыйжа бере баштагандыгынын белгиси.
- Бул тестке аймактардагы, айылдардагы катардагы мектептердин окуучулары катышты. Демек, бул 11 тепкичке көтөрүлүү — бүтүндөй республика боюнча билим берүүнүн жалпы сапатынын бир калыпта өсүп жаткандыгынан кабар берет.
Бул көрсөткүч — акыркы жылдары ишке ашырылып жаткан жаңы окуу программаларынын, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун жана билим берүүгө мамлекет тарабынан жасалып жаткан өзгөчө камкордуктун натыйжасы. Бул биздин билим берүү туура багытта баратканынын объективдүү далили жана келечектеги 12 жылдык билим берүүгө өтүү реформаларыбыз үчүн бекем базалык башталыш болуп саналат.
Бул жыйынтык өлкө билим берүү тармагында акыркы жылдары жүргүзүп жаткан реформалардын жана туруктуу өсүштүн алгачкы оң натыйжасы катары бааланат. Ошону менен бирге алдыга бир катар милдеттерди коет. Мындан аркы өнүгүүдө төмөнкү багыттарда иштерди тереңдетүү маанилүү:
- Бул жыйынтык Кыргызстандын 12 жылдык мектеп тутумуна өтүү стратегиясынын канчалык зарыл экенин дагы бир жолу тастыктады. Кенже курактагы (бала бакчадагы) билим берүүнү күчөтмөйүнчө, 15 жаштагы өспүрүмдөн жогорку натыйжа күтүү мүмкүн эмес.
- Эски, теорияга гана негизделген программалардан баш тартып, STEM (илим, технология, инженерия, математика) багытына жана логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүчү заманбап китептерге өтүүнү тездетүү зарыл.
- Мугалим жөн гана маалымат берүүчү эмес, баланы ойлонто билген фасилитаторго айланышы керек. Педагогдордун санариптик жана методикалык сабаттуулугун жогорулатуу иштерин өркүндөтүү.
- Изилдөөнүн анализи ЖОЖдордун алдына — өзгөчө педагогикалык багытта даярдоо жүргүзгөн окуу жайларга — жаңы милдеттерди коёт. Азыр мектептерде жөн гана теориялык билимди жаттатпастан, аны турмушта колдонууга үйрөтө турган жаңы муундагы мугалимдерди даярдоо талабы күчөдү. Аларга балдардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана медиа сабаттуулугун өнүктүрүү ыкмаларын үйрөтүү маанилүү.
Багытыбыз туура, бирок басыгыбызды мындан дагы тездетүүгө тийишпиз.
Рахат СУЛАЙМАНОВА,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун
И.Исамидинов атындагы Педагогикалык институтунун директору,
“Мугалим” журналынын башкы редактору,
п.и.д., профессор