ОШМУ САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯНЫ КОЛДОНУУ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮДӨ АЛДЫДА

  • 28.05.2021
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин ректору, ф-м.и.д., профессор  Кудайберди Кожобеков окуу жайдын жетишкендиктери жана келечектеги иш пландар тууралуу “Кут Билимге” берген маегинде айтып берди.

ОШМУ САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯНЫ КОЛДОНУУ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮДӨ АЛДЫДА

– Кудайберди Гапаралиевич, Ош мамлекеттик университети өлкөдөгү эң жогорку сыйлык — “Даңк” ордени менен сыйланган окуу жайы катары бүгүнкү күндө кандай  материалдык-техникалык базага ээ жана студенттерге кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бере алат?

– ОшМУда эки институт, алты колледж, бир илим изилдөөчү институт, бир академия, төрт мектеп-гимназиясы, бир лицей, бир башталгыч билим берүү борбору, бир медициналык клиника, бир окуу борбору, 22 эл аралык борбор, 11 жатакана, Ысык-Көлдө “Үмүт” пансионаты, Ошто “Ак-Буура” эс алуу жайы, студенттик профилактория, 57 илимий лаборатория, 10 көз карандысыз тестирлөө борбору, жети дистанттык билим берүү борбору, үч жабык типтеги заманбап спорт комплекси, 15 ачык типтеги спорт комплекси бар. Университеттеги 18 китепкана, 40 окуу залы студенттерге кызмат кылат. Ошондой эле 1 000 000дон ашуун китеп фонду бар электрондук  китепкана да жалпы жамааттын пайдалануусунда. Ушундай база менен быйылкы окуу жылын дагы пандемия шартында гибриддик формада аяктап жатабыз.

Албетте, 2019-2020-2021-окуу жылы бүткүл дүйнө эли үчүн сыноо берилген жыл болду.  ОшМУ бул кырдаалга чейин эле аралыктан билим берүүгө даяр турган. Анткени окуу жайдын ички мүмкүнчүлүктөрү, материалдык-техникалык база бул процесске бир топ жылдан бери даярданып келе жаткан. Бирок жетишпестиктер да бар эле. Толуктоолор, жаңылануулар менен бирге аралыктан билим берүүнү эффективдүү жана үзгүлтүксүз жүргүзүүнү, ошол эле учурда маалыматтык коопсуздукту камсыздоону уюштурган маалыматтык-коммуникациялар иштелип чыкты. Алгачкылардан болуп KelBil платформасын “Билим берүү” платформасы менен биргеликте модернизацияладык. KelBil  программасы сабак уюштуруучу башка платформаларга (Zoom, Google Classroom, YouTube, Moodle, окуу жайдын кызматкерлери иштеп чыккан http://webinar.oshsu.kg/ порталы) бир жол аркылуу кирүүчү башаттык платформа болуп калды.

ОШМУ САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯНЫ КОЛДОНУУ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮДӨ АЛДЫДА

Пандемия шартында дистанттык технологияларды колдонуу менен аралыктан ишке ашырылып жаткан окутуу процессин натыйжалуу уюштурууну андан ары өнүктүрүү максатында студенттерге сурамжылоо жүргүзүү үчүн http://opros.oshsu.kg/   программасы түзүлүп, ал жерде 10259 студенттен сурамжылоо өткөрүлдү жана жыйынтыгы анализделип,  сунуштарын эске алуу менен өзгөртүүлөр киргизилди.

Бүтүрүүчү курстарды аралыктан экзамендерди жана мамлекеттик аттестациялык комиссияны тапшыруусун уюштуруу максатында http://webinar.oshsu.kg/  видеоконференция программасы түзүлдү.  Илимий изилдөө иштердин сапатын жогорулатуу максатында http://vestnik.oshsu.kg  веб порталы жаңы маалыматтар менен толукталды.

Кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында «Адис» окуу борборунун өтүнүчү менен абитуриенттердин кесиптик жөндөмдүүлүгүн аныктоочу http://test.oshsu.kg/ порталы иштелип чыгып, 15 миңдей мектеп бүтүрүүчүсүнөн тест алынды жана жөндөмдүүлүгүнө жараша кесиптер сунушталды.

Абитуриенттерди онлайн кабыл алуу үчүн https://priem.oshsu.kg/ маалымат системасы түзүлүп, 2020-2021-окуу жылында ишке киргизилди.

ОШМУ САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯНЫ КОЛДОНУУ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮДӨ АЛДЫДА

– Документ иштерин жүргүзүүнү оптималдаштыруу, санариптик технологияны эффективдүү колдонуу боюнча башка окуу жайларга үлгү болорлук жакшы жаңылыктар бар эле. 

–  Окуу жайдын программисттери жыл ичинде сегиз патент алууга жетишти. Жогоруда айтылгандардан сырткары  “Электрондук табель”, “Электрондук документ жүгүртүү”, “Электрондук өздүк баракча” сыяктуу электрондук жаңы платформалар иштелип чыгып, колдонууга берилди. Бул программалар окуу процессин, окуу жайдын ишмердүүлүгүн бир топ жеңилдетип, ашыкча убаракерчиликти, кагаз иштеринин кыймылын кескин азайтууга көмөктөштү. Учурда өлкөдөгү башка окуу жайлардан жаңы түзүлгөн санариптик платформаларга буюртма түшүп, кызматташууга сунуштар келүүдө. Албетте, биз тажрыйбаларыбыз менен бөлүшүп жатабыз жана кызматташууга даярбыз.

Сентябрь айында өлкөдөгү окуу жайлардын жетекчилери университетке тажрыйба алуу үчүн келип кетишти.

ОшМУ санариптик технологияларды колдонуп, заманбап билим берүүнү уюштурууда алдыда бара жатат деп айта алам.

– Университеттин мыктылыгын көрсөтүп турган критерийлердин дагы бири — билим берүүнүн сапаты. Бул багытта да сиздерде аткарылып жаткан иштер көп.

– Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги  өткөргөн “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги – 2020” программасынын жыйынтыгы боюнча ОшМУ программалык рейтингде 36 багыт боюнча 1-орунду багындырып, сертификаттарга ээ болду. Муну менен университет жалпы генералдык рейтингде катары менен үчүнчү ирет 1-орунду камсыздады. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайлардын, илимий изилдөө органдарынын ишмердүүлүгүнө жүргүзгөн мониторингинде КР ЖОЖдорунун ичинен ОшМУ мыкты деп аталды. Бул биздин окуу жайда эмгектенип жаткан жалпы жамааттын ийгилиги.

Эл аралык деңгээлде таанылган Web of science, Scopus сыяктуу илимий журналдарга макалаларын жарыялап, өзүнүн Хирш Индексин (h-индекс) жана окуткан багыттын (адистиктин) рейтингин жогорулатканга салымын кошкон окутуучуларыбыз да арбын.

Көз карандысыз аккредитация процедурасына даярдануу жана рейтингдерге катышуу болуп, жалпысынан университет боюнча 117  жогорку жана орто кесиптик билим берүү программалары аккредитациядан ийгиликтүү өттү.

– ОшМУ дегенде шаардын көркүнө көрк кошкон жаңы имараттар, жаңы курулуштар көз алдыбызга тартылат…

– Башкы максатыбыз — эл аралык стандарттагы билим берүүгө жетишүү. Акыркы жылдары ОшМУда 30дан ашуун окуу корпусу, жатаканалар, башка курулуштар заман талабына ылайык модернизацияланды. Жакында эле “Заманбап колледж” долбоору аркылуу Индустриалдык-педагогикалык колледжинин үч кабаттуу жаңы окуу имараты пайдаланууга берилди. Быйылкы жылы Ак-Буура кампусундагы медицина факультети үчүн эки окуу корпусун, ОшМУнун алдында ачылган М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин  филиалынын окуу имараттарын пайдалануу алдында турабыз.

– Университеттин эл аралык байланыштары кайсы деңгээлге чыкты?

– Окуу жайы эки тараптуу кызматташтык келишимдердин, Эразмус+, Мевлана, ДААД, ШКУУ, ITEC, “Ош декларациясы” жана башка академиялык мобилдүүлүк программаларынын негизинде көптөгөн чет өлкөлүк, ата мекендик окуу жайлар, эл аралык өнөктөштөр менен иш алып барат.

ОШМУ САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯНЫ КОЛДОНУУ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮДӨ АЛДЫДА

Университеттин Кытай, Германия, Япония, Корея, Индия, Түркия, мамлекеттериндеги, Евросоюз өлкөлөрүндөгү жогорку окуу жайлары  менен тыгыз байланыштары  бар. Бүгүнкү күндө  33 алыскы чет өлкөдөгү 267 университет менен кызматташат.

Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында  Орусиянын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен эки тараптуу келишиминин негизинде Кыргыз-Россия факультети ачылып, аймак таануу, филология, математика жана компьютердик илимдер багыттарында студенттер билим алууда.

Урал мамлекеттик медициналык университети менен  дарылоо иши, стоматология жана педиатрия адистиктери боюнча кош дипломдуулук программасы жөнүндөгү келишимге кол коюлган. 2021-2022-окуу жылында студенттерди кабыл алуу башталат, билим алган студенттер эки окуу жайдын дипломуна ээ болушат.

– Башка жогорку окуу жайлардан айырмаланып сиздердин окутуучулар жогорку эмгек акысын алышат. Буга кантип жетишип жатасыздар?

– Окуу жайдын бюджетин сарамжалдуу иштетүү, ыксыз чыгымдарды азайтуунун натыйжасында кызматкерлердин айлыгын тогуз жыл аралыгында ырааттуу түрдө жогорулатууга жетиштик.  Бүгүнкү күндө Ата мекендик окуу жайлардын арасында эң жогорку айлык акы берген университет боло алдык. Мындан сырткары илимий макалалары эл аралык Web of science, Scopus сыяктуу индекстерге кирген илимий журналдардан жарык көргөндөргө, кандидаттык жана докторлук диссертацияларын  ийгиликтүү коргогон окумуштууларга ири өлчөмдөгү стимулдарды берип келебиз.

– Университеттин башкы миссиясы сапаттуу адистерди чыгаруу, студенттерди шыктандыруу багытында кандай иштерди алып барасыздар?

– Бир гана биздин окуу жайда эң мыкты билим алган 10 студент ар жылы 1200 $  стипендия ала алат. Ал стипендия өмүр бою университетте эмгектенген меценант агайыбыздын колдоосу менен ишке ашууда.

ОШМУ САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯНЫ КОЛДОНУУ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮДӨ АЛДЫДА

Биздин сыймыктуу  студенттерибиз жыл сайын чыгармачылык, спорт, илим, билим боюнча республикалык, аймактык, эл аралык конкурстарга, олимпиадаларга, фестивалдарга катышып, баш байгелерди, алдыңкы орундарды камсыз кылып келишет. Биз студенттерибизди шыктандыруу максатында окуу жайдын атынан акчалай сыйлыктарды,  белектерди, атайын сыйлыктарды берип келебиз. Келишимдик акыдан да жеңилдиктер каралган. Мындан сырткары студенттерибиздин арасында үй-бүлөлүк шарты оор, ден соолугунан өксүгү бар студенттерге окуу төлөмүнөн бир миллион сомго чейин көмөк көрсөтөбүз.

–  Ош мамлекеттик университетинин ректору катары умтулуп жаткан эң негизги иш-аракеттериңиз кайсылар?

– Биздин эң  негизги амбициялуу пункттарыбыздын бири — эл аралык рейтингде ТОП-700гө кирүү,  Орто Азия чөлкөмүндө эң мыкты университеттердин катарына кошулуу, классикалык университеттен изилдөөчү-инновациялык университетке айлануу.

Максаттардын ишке ашуусу үчүн ОшМУда эң мыкты ынтымактуу жамаат, күчтүү менеджер жетекчилер иш алып барып келет. Эң негизгиси университет өнүгүп жатат, ал үчүн бүгүн баардык шарттар түзүлдү. Бүгүн биз ошол алдыга койгон максаттарыбызды биринин артынан бирин орундатууга жетишип жатабыз.

ОШМУ САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯНЫ КОЛДОНУУ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮДӨ АЛДЫДА

Урматтуу окурман, ОшМУнун факультеттери жөнүндө даярдалган промороликтерди жана толук маалыматты http://priem.oshsu.kg/   сайтынан көрө аласыздар. ОшМУ тууралуу толук маалымат www.oshsu.kg    сайтында.

КРнын ББжИ минист. лиценз.: №D2018-0001 13.11.2018,   №C2019-0021 26.07.2019

 

Ош мамлекеттик университети төмөнкү адистиктер боюнча 2021-2022-окуу жылына карата төмөнкү адистиктер боюнча кабыл алууну жарыялайт: 

 

КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ ЖАНА ЖУРНАЛИСТИКА ФАКУЛЬТЕТИ

*550300. Филологиялык билим берүү:

Кыргыз тили жана адабияты;

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлбөгөн билим берүү мекемелериндеги мамлекеттик тил;

  1. Журналистика

 

ОРУС ФИЛОЛОГИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИ

*550300. Филологиялык билим берүү: Орус тили жана адабияты.

*531100 Лингвистика: Чет тилдерди жана маданияттарды окутуунун теориясы жана методикасы.

 

ПЕДАГОГИКА, ПСИХОЛОГИЯ ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

*550700. Педагогика:

Башталгыч билим берүү;

— Мектепке чейинки билим берүү.

*530300. Психология

  1. Дене тарбия (ЖРТ милдеттүү эмес)

 

ДҮЙНӨЛҮК ТИЛДЕР ЖАНА МАДАНИЯТ ФАКУЛЬТЕТИ

*550300. Филологиялык билим берүү: Чет тили

*531100. Лингвистика — Котормо жана котормо таануу.

 

ИСКУССТВО ФАКУЛЬТЕТИ

*550600. Көркөм билим берүү: (ЖРТ милдеттүү эмес)

— Музыкалык искусство;

— Көркөм өнөр искусствосу;

— Чөйрөнүн дизайны.

  1. Эстраданын музыкалык өнөрү (ЖРТ милд. эмес)
  2. Дизайн: костюм дизайны, интерьер дизайны (ЖРТ милдеттүү эмес)

*570700. Костюм ж-а текстиль искусствосу (нег. тест, жөнд. сын.)

 

ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ГЕОГРАФИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

*550100. Табигый-илимий билим берүү: биология; химия; география.

*520200. Биология

*520100. Химия

*520400. География

*600200. Туризм

  1. Ветеринария
  2. Агрономия
  3. Колдонмо геодезия

 

ЧЫГЫШ ТААНУУ  ЖАНА  ТАРЫХ ФАКУЛЬТЕТИ

*530900. Чыгыш таануу, африка таануу

*550400. Социалдык-экономикалык билим берүү: — Тарых

  1. Китепкана таануу жана документ жүргүзүү: Башкарууну документтик камсыздоо

 

ЮРИДИКА ФАКУЛЬТЕТИ

*530500. Юриспруденция

  1. Укук коргоо иши
  2. Бажы иши

*540200. Социалдык иш

 

МАТЕМАТИКА ЖАНА ИНФОРМАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

*550200. Физика-математикалык билим берүү:

Математика; Информатика.

*510100. Математика

*510200. Колдонмо математика жана информатика

*710300. Колдонмо информатика:

— Экономикадагы колдонмо информатика;

— Архитектурадагы колдонмо информатика.

*710100. Информатика жана эсептөө техникасы

— Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программалык жабдылышы (ПОВТАС);

— Информацияны иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары

*710200. Информациялык системалар жана технологиялар:

— Экономикадагы информациялык системалар жана технологиялар.

  1. Маалыматтык коопсуздук
  2. Информациялык системдерди математикалык камсыздоо жана администрациялоо. Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия
  3. Программалык инженерия: — Веб-технологиялар жана мобилдик системаларды программалык камсыздоо.
  4. Дизайн: графикалык дизайн (ЖРТ милдеттүү эмес)

 

ФИЗИКА–ТЕХНИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИ

*550200. Физика-математикалык билим берүү: Физика

*510400. Физика

*640200. Электроэнергетика жана электротехника: Электр менен камсыздоо

  1. Агроинженерия
  2. Программалык инженерия: Роботтук техникалык системалар жана автомобилдерди автоматтык башкаруу үчүн программаларды иштеп чыгуу

 

БИЗНЕС ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ ФАКУЛЬТЕТИ

*580100. Экономика:

— Финансы жана кредит;

— Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит;

— Ишканалардын экономикасы жана башкаруу;

— Салык жана салык салуу;

— Экономикадагы математикалык методдор;

*580200. Менеджмент

  1. Бизнес информатика

*580700. Бизнес жана башкаруу

  1. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу

 

ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР  ФАКУЛЬТЕТИ

*530800. Эл аралык мамилелер

*531500. Аймак таануу

*530200. Политология

ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

*531600. Теология

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

  1. Теология;

 

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ФАКУЛЬТЕТИ

*532300. Кытай таануу

*531100 Лингвистика: Котормо жана котормо таануу;

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ АДИСТИКТЕР (9, 11-кл. базасында):

  1. Котормо иши

 

КЫРГЫЗ-ЕВРОПА ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Америка таануу
  2. Европа таануу
  3. Бизнес жана башкаруу: Эл аралык бизнес
  4. Туризм: — Эл аралык туризм; — Гид-экскурсия жана котормочулук кызматтарынын технологиясы жана аларды уюштуруу.
  5. Юриспруденция: Эл аралык жана европалык укук

 

КЫРГЫЗ-ТҮРК ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Филологиялык билим берүү: Түрк тили жана адабияты
  2. Экономика
  3. Реклама жана коомчулук менен байланыш
  4. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу
  5. Туризм: туризм жана мейманкана иши
  6. Программалык инженерия
  7. Актердук өнөр (ЖРТ милдеттүү эмес)
  8. Режиссура (кино, ТВ) (ЖРТ милдеттүү эмес)
  9. Кинооператорлук (кино, ТВ) (ЖРТ милдеттүү эмес)

 

КЫРГЫЗ-РОССИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Филологиялык билим берүү: Орус тили жана адабияты

Компьютердик илимдер жана математика

  1. Аймак таануу (Азия)

 

МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Дарылоо иши
  2. Педиатрия
  3. Медициналык алдын алуу иши
  4. Стоматология
  5. Фармация
  6. Медициналык айым иши (кечки)

 

ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИ

Дарылоо иши (чет элдик жарандар үчүн)

 

МАГИСТРАТУРА ЖАНА PhD ДОКТОРАНТУРА

Окуу формасы: күндүзгү.

Окуу мөөнөтү: 2 жыл магистратурага кабыл алынуучу багыттар/адистиктер тиешелүү факультеттерде * белгиси менен белгиленген.

 

ФИНАНСЫ–ЮРИДИКАЛЫК КОЛЛЕДЖ

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

  1. Укук таануу
  2. Укук коргоо ишмердүүлүгү
  3. Экономика жана бухгалтердик эсеп
  4. Финансы
  5. Салык жана салык салуу
  6. Банк иши
  7. Товар таануу жана керектелүүчү товарлардын сапатын эксперттөө
  8. Башкарууну документациялык камсыздоо жана архив жүргүзүү

 

ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖ

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

  1. Башталгыч класстарда окутуу;
  2. Мектепке чейинки билим берүү;
  3. Дене тарбия;
  4. Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык жабдуу (ПОВТАС);
  5. Эсептөө техникаларынын каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө;
  6. Колдонмо информатика (экономика аймагында);
  7. Информацияны иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары;
  8. Дизайн;
  9. Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы;
  10. Социалдык иш;
  11. Социалдык патронаж.

 

ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ КОЛЛЕДЖИ

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

  1. Чет тили
  2. Котормо иши (англис, немис, корей, япон, араб, түрк, кытай, орус)

 

STEM ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИ

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

  1. Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)
  2. Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо
  3. Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо
  4. Медициналык техникаларды оңдоо, техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо
  5. Ветеринария
  6. Туризм
  7. Колдонмо геодезия

 

МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖ

(11-класстын базасында)

  1. Дарылоо иши – 3 жыл 6 ай
  2. Акушердик иш – 2 жыл 10 ай
  3. Медициналык айым иши – 2 жыл 10 ай
  4. Ортопедиялык стоматология – 2 жыл 10 ай
  5. Профилактикалык стоматология – 2 жыл 10 ай
  6. Фармация– 2 жыл 10 ай
  7. Лабораториялык диагностика – 2 жыл 10 ай

 

ӨЗГӨН ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

(11-класстын базасында)

  1. Дарылоо иши – 3 жыл 6 ай
  2. Акушердик иш – 2 жыл 10 ай
  3. Медициналык айым иши – 2 жыл 10 ай
  4. Ортопедиялык стоматология – 2 жыл 10 ай
  5. Профилактикалык стоматология – 2 жыл 10 ай
  6. Фармация – 2 жыл 10 ай

 

IT АКАДЕМИЯ (ЖРТ милдеттүү эмес)

  • WEB–технологиялар – окуу мөөнөтү – 1 жыл.
  • Локалдык тармактар администратору – окуу мөөнөтү – 1 жыл.
  • Программалоо курстары – окуу мөөнөтү – 3 ай
  • Робототехника – окуу мөөнөтү – 3 ай.

 

Керектелүүчү документтер:

–  Абитуриенттин арызы;

–  АТТЕСТАТ же ДИПЛОМ (түп нускасы);

–  ЖРТнын сертификаты;

–  3х4  өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;

–  Паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, көчүрмөсү;

–  Аскердик билеттин же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

 

Биздин дарек:

Кыргыз Республикасы,

Ош шаары, Ленин көчөсү 331,

ОшМУнун башкы корпусу, Кабыл алуу комиссиясы 137-каб.,

Телефон:  0(3222)70818,  Факс: 0(3222)70915 WhatsApp: +996770111110

Сайт: www.oshsu.kg,   Е-mail: [email protected]

 

Бөлүшүү

Комментарийлер