ОРДОЛУУ ОШТОГУ МУГАЛИМДЕРДИ ӨЗГӨРТКӨН ЖЫЙЫН
- 21.08.2025
- 0
Оштогу эки күнгө созулган «Алтын казык — доор өзгөрткөн билим» аттуу мугалимдердин республикалык август форуму алдыдагы жаңы окуу жылынын милдеттерин тактап, 12 жылдыкка өтүүнүн моделдерине сарасеп салды.

Толкунданган министр
Жыйындын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бул тарыхый жыйындын башка катышуучуларындай эле, өзү да толкунданып турганын баса белгиледи.
— Ар бир мугалим, анын ичинде катышуучулардын катарында мен да, абдан толкунданып турам. Бүгүн эгерде кыргыз билим берүүсүнө 100 жыл болсо, туура 100 жылдан кийин «Алтын казык — доор өзгөрткөн билим» аттуу август форуму өтүүдө. Бул албетте, өтө маанилүү тарыхый иш-чара. Мындан ары ар бир облуста, райондо ушундай август кеңешмелери өтөт. Агартуучулар чогулуп алып, билим берүү системасындагы өзгөртүүлөрдү талкуулашат, — деди министр.

Кыргызстандын мектептик билим берүү тармагынын жетекчиси андан аркы сөзүндө бул маанилүү жыйындан алдында турган милдеттерге да токтоло кетти.
— Август кеңешмеси эмне үчүн «Доор өзгөрткөн билим» деп аталды? Анткени кыргыз билим берүүсү түптөлгөн күндөн бери бир кылым болду. Баары өзгөрдү. б.а. эмгек рыногунун талаптары, бизди курчап турган чөйрө өзгөрдү. Жаңы имараттар, жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы билим пайда болгондуктан биз, мугалимдер да тездик менен өзгөрүшүбүз керек. Азыркы мугалимдер жасалма интеллекттин продуктусун өз ишинде, өз сабагында кантип пайдалана алат, «Уңгужол» программасынын баалуулуктарын тарбия ишинде кантип камтыйбыз, балдардын мекенчилдик, жаратмандык сезимдерин кантип өөрчүтөбүз, балдардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн, жаратылышты коргоо көндүмдөрүн кантип ар бир предметте чагылдырабыз, ушул суроолорго бүгүн чогуу айкын жоопторду издейбиз, – деп айтты.
Кубанычка бөлөнгөн STEM мугалимдери

Тогузунчу жыл мектепте иштеген жаш педагог Элмира Атакулова өзүнүн агартуудагы бардык ийгилигин, жетишкендигин STEM билим берүүсү менен байланыштырат.
— Менин педагогдук ишмердигиме STEM билим берүүсү зор таасир этти. Бул программа боюнча 72 сааттык атайын окуудан өткөндөн кийин сабактарым да жандуу жана кызыктуу боло баштады. «Мыкты мугалим» конкурсуна да ачык сабакты ушул программанын талабына ылайык даярдадым, — дейт облустук «Мыкты мугалим» конкурсунун жеңүүчүсү, Ош облусунун Өзгөн районундагы №53 М.Ботобеков атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин математика мугалими Элмира Атакулова.
Форумда Элмира Таштановна менен бирге өлкөбүздүн эң мыкты башка STEM мугалимдерине да «Алтын казык» ноутбуктары символикалуу тапшырылды. Көпчүлүктүн алдында азыркы билим берүүнүн маанилүү куралы — ноутбукка ээ болушкан агартуучулардын арасында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы А.Салиев атындагы мектептин математика мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын облустук этабынын жеңүүчүсү Сакеева Алтынай, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Б.Сатыбеков атындагы орто мектебинин география мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын облустук этабынын жеңүүчүсү Сарпиева Мира, Бишкек шаарындагы №87 мектебинин физика мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын шаардык этабынын жеңүүчүсү Ишенова Сангүл, Чүй облусунун Сокулук районундагы К.Шопокова атындагы мектептин математика мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын облустук этабынын жеңүүчүсү Мамбеталиева Жазира, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №12 Ш.Абдраманов атындагы орто мектебинин география мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын облустук этабынын жеңүүчүсү Кадырова Гүлкайыр, Баткен облустук жатак мектебинин информатика мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын облустук этабынын жеңүүчүсү Ташова Чолпон жана республикалык форум өтүп жаткан Ош шаарындагы №31 Курманжан Датка атындагы орто мектебинин физика мугалими, «Мыкты мугалим» сынагынын шаардык этабынын жеңүүчүсү Абдывахап кызы Элиза да бар.
Бул жерде кошумчалай кетсек, республикалык жыйында жалпысынан 27031 ноутбук STEM мугалимдерине аймактык август кеңешмелери аркылуу берилери маалымдалды. Мындан тышкары, STEM/STEAM инновацияларынын көргөзмөсү ОшМУнун аймагында уюштурулду жана инклюзивдүү билим берүүнүн ийгиликтүү тажрыйбаларына да көргөзмөдө жетиштүү орун берилди.
Алты секциядагы айтылган айрым ойлор

Ош шаарында өтүп жаткан республикалык август форумунда 12 жылдык мектепке өтүүдө жаралган маселелерге алты секцияда ар тараптуу баа берилди. Белгилүү болгондой, Агартуу министрлиги билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу, бардык балдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жана коопсуз, өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүү максатында мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иштерди улантууда.
Ушул иштердин алкагында август форумунда «Мектепке чейинки билим берүү системасынын ченемдик-укуктук базасындагы маанилүү өзгөрүүлөр» темасында мастер-класс өттү.
Бул мастер-класстын жүрүшүндө төмөнкү: 2024–2025-жылдары күчүнө кирген жаңы ченемдик-укуктук актылар; бардык менчик формасындагы мектепке чейинки уюмдардын ишин жөнгө салуудагы негизги өзгөрүүлөр; укуктук практиканын өзгөчөлүктөрү; жаңыланган талаптарды жер-жерлерде ишке ашыруу боюнча сунуштар ар тараптуу талкууга алынды.
Уюштуруучулардын айтымында бул иш-чаранын максаты мектепке чейинки уюмдардын жетекчилеринин жана педагогдорунун, жергиликтүү билим берүү башкармаларынын өкүлдөрүнүн укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле системанын бардык деңгээлдеринде өз ара карым-катышты күчөтүү болуп саналат.
Бул күнү Агартуу министрлиги «Жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты: максаттар, принциптер, ишке ашыруу механизмдери» темасында тематикалык секцияны да өткөрдү. Секцияда Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору Уланбек Мамбетакунов баяндама менен чыгып, ал өзүнүн баяндамасында негизине жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандартынын негизги максаттары жана артыкчылыктуу багыттары; стандарттын түзүмү жана негизги мазмуну; иш жүзүндө ишке ашыруу механизмдери; баланын потенциалын өнүктүрүү жана негизги көндүмдөрдү калыптандыруу маселелерине токтолду. Баяндамачынын пикиринде жаңы мамлекеттик стандарт мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоого, ошондой эле өлкөнүн адамдык капиталын өнүктүрүүдө баланын эрте өнүгүүсүн күчөтүүгө багытталган.

Август форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мектепке чейинки курактагы балдардын келечекке керектүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө арналган тематикалык сессияны уюштурду. Анын жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде көп тилдүү чөйрөнү түзүү аркылуу жумшак, адаптациялык жана коммуникативдик көндүмдөрдү калыптандыруунун негизги аспектилери каралды.
Көп тилдүүлүктү колдоого багытталган педагогикалык ыкмалар; тилдерди интеграциялоонун практикалык мисалдары; 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даярдык боюнча сунуштар бул секциядагы талкуунун чордонунда болгонун да айта кетели.
Мектепке чейинки куракта жумшак көндүмдөрдү калыптандыруу – тез өзгөрүп жаткан коомдо ийгиликтүү социалдашууга жана атаандаштыкка жөндөмдүү жарандарды даярдоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Ош шаарында педагогдордун салттуу Август конференциясынын алкагында мектепке чейинки билим берүү системасына инновациялык ыкмаларды киргизүү маселеси өзүнчө тематикалык секцияда талкууга алынып, анда балдардын эрте өнүгүүсү темасын изилдеген адистер баяндамалар менен чыгышты. Мисалы, Индира Дууланова «STEAM-чөйрөсүндө балдардын сөз өнүгүүсү» деп аталган баяндамасында окутуу алкагында баланын тилдик жана ой жүгүртүү жөндөмдөрүн бирдикте өнүктүрүүгө багытталган интеграциялык ыкмаларды сунуштаса, №35 бала бакчанын башчысы Динара Досматова «Балдар менен иштөөдө этностем технологиясын колдонуу» темасында кызыктуу баяндама жасап, анда этностем — этномаданий өзгөчөлүгүнө ээ болууга жана таанып-билүү көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган уникалдуу педагогикалык ыкма экенин баса белгиледи.
Бала бакчада баары оюн аркылуу жүргүзүлөт
Бүтүндөй мектеп 12 жылдык билим берүү этабына өтүп жатканда мектепке чейинки билим берүү системасы кандай өзгөрөт? Ал үчүн кандай мамлекеттик стандарттар жазылат? Кандай программалар менен ишке ашырабыз? 12 жылдык билим берүүдө балдар канча жашка чейин бала бакчаларда болот? Бул тууралуу секцияда Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Касымова Нурзида Абабакировна орундуу кеп козгоду.

— Буга чейин мамлекеттик билим берүү стандарты турса деле, атаандашып туруп эле 1-класска барганда, «Балдар эки тамганы кошуп окуп калышы керек же болбосо сандарды санап калышы керек, кошушу керек, кемитиши керек» деген түшүнүктөрдү дагы ашыкча кабыл алып алган болсок, бүгүнкү күндө бала бакчаны бүткөн бала эмнени билиши керек деген так көрсөтмө мамлекеттик билим берүү стандартында киргизилген. Ооба, бала мекенчил болушу керек, патриот болушу керек, көп кырдуу болушу керек, көп тилдүү болушу керек. Ушул талаптардын баары мамлекеттик билим берүү стандартында киргизилген. Андан сырткары, биз азыр жашыл көндүмдөр боюнча экологиялык кыйроолорду алдын алуу боюнча бала бакчадан баштап балдарды тарбиялоонун методикасын киргизип жатабыз. Мисалы, ар бир нерсени үнөмдөп колдонууга дагы үйрөтүп, кайра иштетүү деп коёбуз, кайрадан иштетип чыкканда жаратылышта баягы ашыкча нерсе болбойт, ар бирин кайра иштеп чыкса болот, же болбосо бала бакчадан курулуш, келечектин курулушчусу, келечектин жазуучусу, акыны чыгат, же болбосо жанагы финансылык сабаттуу балдарды тарбиялоо — биздин негизги башкы максатыбыз.
Азыр биз татаалдан жөнөкөйгө карап баратабыз, жөнөкөйлөтүп атабыз. Бирок ошол эле учурда кыска аралыкта мектепке даярдап беришибиз керек деген түшүнүк дагы болуп атат.
Билим жөнөкөйдөн татаалга карай берилет. Бала бакчада сабак иретинде окубайт. Булар сөзсүз түрдө жеңилдетилет. Бардык нерсени оюн аркылуу кабыл алышат. Оюн аркылуу команда менен иштегенди үйрөнүшөт. Оюн аркылуу социалдашат, адаптацияланышат. Бардык бала бакчанын иш процесси оюн аркылуу жүргүзүлөт. Жаратылышты сүйүү дагы оюн аркылуу жүргүзүлөт.
Баалоо маселеси да унутта калбады
Кыргызстандын педагогдорунун салттуу Август форумунда – 12 жылдык билим берүүгө өтүү шартындагы баалоо системасы жана «Баалоо» улуттук программасынын жыйынтыктары тууралуу да сөз болду.
Анда баалоо системасынын төмөнкү: критерийлик жана формативдик баалоону киргизүү, системалуу текшерүү иштерин өткөрүү, 4 жана 8-класстардагы улуттук мониторингдер, жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендер жана жогорку класстардагы сертификация маселелерине саресеп салынды.
Талкууда мектепке чейинки уюмдардан тартып жогорку окуу жайларга чейин формалдуу билим берүү деңгээлинде мониторинг жана баалоо жүргүзүү, учурдагы баалоо системасынын көйгөйлөрү: пландалган окуу натыйжалары менен баалоо практикасынын дал келбестиги, беш баллдык шкаланын чектелгендиги, объективдүү инструменттердин жетишсиздиги маалым болду. Мындан тышкары натыйжалары төмөн мектептерди колдоо, мониторинг үчүн санариптик куралдарды жана платформаларды киргизүү зарылдыгы, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууда функционалдык сабаттуулукка, санариптик педагогикага жана заманбап методикаларды колдонууга өзгөчө көңүл буруунун маанилүүлүгү, санариптик көндүмдөрдү, сынчыл ой жүгүртүүнү жана билим берүүдөгү гендердик теңчиликти эске алуу менен предметтик стандарттарды жаңылоо зарылдыгы сыяктуу сунуштар берилди.
Бул демилгелер билим берүүнүн натыйжаларын адилеттүү жана объективдүү баалоого өбөлгө түзүп, окуучулардын мотивациясын жогорулатууга, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн колдоого багытталган.
Кошумча билим берүүнүн да орду бар
Секциялык иштерде Кыргыз Республикасында 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө кошумча билим берүү уюмдарынын ролу жана катышуусу жөнүндө сөз жүрүп, баалуу табылгалар ортого салынды.
Секциянын ишине өлкөнүн бардык аймактарынан кошумча билим берүү уюмдарынын директорлору жана педагогдору, ошондой эле эстетикалык жана кошумча билим берүү тармагындагы алдыңкы адистер катышты.
Секцияны «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбиялоо окуу-усулдук борборунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты Д. С. Мусина ачып, «Балдардын кошумча билим берүү программаларын мектептин билим берүү саясатына интеграциялоо механизмдери: тажрыйба жана перспективалар» аттуу аналитикалык баяндама жасады.
«Бүгүн кошумча билим берүү уюмдары мектептин стратегиялык өнөктөшүнө айланууда: алар балдарга чыгармачылыкка, социалдашууга жана кесиптик өз багытын табууга мүмкүнчүлүк түзөт»,- деди Дарья Мусина.
Бишкектеги “Сейтек” балдарды эстетикалык тарбиялоо боюнча республикалык борборунун директору Э.В. Латыпов биз менен болгон маегинде «Кошумча билим берүү программаларын интеграциялоо — бул жогоркукласстагы окуучулардын жеке кызыкчылыктарын эске алып, аларды профилдик окутууну аң-сезимдүү тандоого даярдоого мүмкүнчүлүк берет» деген пикирин билдирди.
Долбоордук жана ийримдик ишмердүүлүктүн профилдик окутууга даярдоодогу ролуна «Алтын түйүн» инженердик академиясынын директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Н.Т. Жогаштиев токтолду.
Региондордон келген тажрыйбаларды Лейлек районунун «Баластан» борборунун директору Н.Э. Туркбаева жана Токмок шаарынын Балдар чыгармачылык борборунун жетекчиси Т.Н. Полосина айтып беришти.
Бул күнкү секциянын иши баяндамалар менен катар кейс-сессияларды, чакан топтордо интерактивдүү талкууларды жана кадрдык, программалык жана методикалык даярдык маселелерине арналган тегерек столдорду уюштуруу менен коштолуп, аналитикалык баалоолорду, практикалык мисалдарды жана эксперттик сунуштарды бирдиктүү талкуу аянтчасына айкалыштыруу ийгиликтүү ишке ашты.
Директор алдында турган беш милдет
Борборубуздагы №65 мектептин директору Ольга Солошенконун август педагогикалык форумунун панелдик талкуусунда сүйлөгөн сөзү көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду.
Ал өлкөнүн билим берүү системасы чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турганын белгиледи. 12 жылдык окутууга өтүү үчүн зарыл болгон бардык негизги документтер: мамлекеттик жана предметтик стандарттар, окуу программалары, ал тургай календардык-тематикалык пландар да иштелип чыкты. Мугалимдер бардык зарыл болгон теориялык базаларды алышты, ал эми форумдарда жана тренингдерде практикалык даярдыктан өтүп жатышат. Жакынкы күндөрү бардык мектептерде педагогикалык кеңешмелер өткөрүлүп, анда ар бир деталь педагогдорго жеткирилет.

Ольга Солошенко жаңы окуу жылынын алдында мектептердин алдында турган беш башкы милдет тууралуу айтып өттү.
Биринчиси 1-класстын окуучуларына тиешелүү. Биринчи жолу мектептер беш жана алты жаштагы балдарды кабыл алат. Алар үчүн өзгөчө, көбүрөөк ойноочу жана өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүү керек. Кенже курактагы окуучулар өздөрүн ыңгайлуу сезиши үчүн мугалимдер иштөө методдорун кайра иштеп чыгышы керек. Бул курактагы балдарды окутууда мурда мектептерде окутулган «Наристе» программасынын тажрыйбасы жардам берет, бирок эми иш системалуу болуп калат.
Экинчи маселе экинчи класстарга байланыштуу. Дал ушул жерде, директордун айтымында, мектеп көбүрөөк кыйынчылыктарга туш болот. Балдар ар кандай деңгээлдеги даярдыкта келишет: кайсы бири олуттуу даянданып келсе, кайсы бири курстарды же «Наристе» программасын гана окуп, жазганды үйрөнбөй келишет. Ошондуктан алгачкы айлар ыңгайлашууга арналат – мугалимдер балдарга жазганды үйрөнүүгө жардам беришет, баштапкы мүмкүнчүлүктөрүн теңдештиришет жана толук кандуу окуу процессине акырындык менен кошушат. Реформалар алыстатууга алып келбестен, тескерисинче, сапаттуу окутууга өбөлгө түзүшү керек.
Үчүнчү маселе бешинчи класска байланыштуу. Бул жерде бир окуу жылында дароо бешинчи жана алтынчы класстарда эки жылдын программасын өтүүгө туура келет. Ошол эле учурда бешинчи класстын материалынын бир бөлүгү, адатта, башталгыч мектепти кайталайт, ошол мезгилди ийкемдүү пайдаланууга болот. Мугалимдер үчүн деталдуу пландар иштелип чыкты, бирок мугалимдерге аларды биринчи жолу практика жүзүндө колдонууга туура келет.
Солошенконун айтымында, жетинчи класстар салыштырмалуу кыйналбай өтүшөт. Бул жердеги негизги уюштуруу милдети – окуу китептерин бир нече мугалимдин ортосунда бөлүштүрүү.
Директор бешинчи милдетке – методикалык коштоого өзгөчө көңүл бурду. Анын мектебинде биринчи, экинчи, бешинчи жана жетинчи класстарда иштеген мугалимдер үчүн апта сайын чакан педагогикалык кеңешмелер өткөрүлөт. Бул кыйынчылыктарды ыкчам талкуулоого, тажрыйба бөлүшүүгө жана чечимдерди табууга мүмкүндүк берет. Ошентип, педагогдор колдоону сезишет жана көйгөйлөр менен жалгыз калышпайт.
Жыйынтык чыгарып жатып, Ольга Солошенко мектептер 1-сентябрга даяр экендигин баса белгиледи жана татаалдыктарга карабастан жаңы окуу жылы ийгиликтүү болоруна ишенимин билдирди.
Ошентип, бул күнкү секцияларларда катышуучулар август форумунун резолюциясына киргизиле турган бир катар сунуштарды иштеп чыгышты. Алардын арасында — кошумча билим берүү программаларын мектептик окутууга интеграциялоонун нормативдик механизмдерин бекемдөө, мугалимдерди системалуу методикалык колдоо, улук класстын окуучулары үчүн долбоордук жана изилдөө иштерин активдүү колдонуу, ошондой эле региондор аралык тажрыйба алмашууну уюштуруу сунуштары бар.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер