ООР ПОРТФЕЛДЕН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН ЗАМАНБАП БИЛИМГЕ: ОКУУ КИТЕПТЕРИ КОРРУПЦИЯДАН КАНТИП КУТУЛДУ?

  • 28.05.2026
  • 0

ООР ПОРТФЕЛДЕН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН ЗАМАНБАП БИЛИМГЕ:  ОКУУ КИТЕПТЕРИ КОРРУПЦИЯДАН КАНТИП КУТУЛДУ?Билим берүү кайсы мамлекет болбосун,  улуттук, экономикалык кубаттуулуктун жана интеллектуалдык дараметинин башкы көрсөткүчү. Узак жылдар бою Кыргызстандын билим берүү системасындагы эң оор, коомчулуктун айыкпас жарасына айланган маселенин бири бул мектептерди сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо көйгөйү эле. Бирок, акыркы жылдары өлкө жетекчилигинин саясий эрки, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун чечкиндүү колдоосу жана Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын талыкпаган эмгегинин аркасында бул тармакта тарыхый иштер жасалды. Өлкөдө билим берүүнүн заманбап өнүгүү доору башталды. Окуу китеп чыгаруудагы коррупциялык көмүскө схемаларга бөгөт коюлуп, китеп тартыштыгы жоюлуп, дүйнөлүк стандарттагы эң заманбап китептер окуучулардын колуна тийүүдө.

Көптөгөн жылдар бою Кыргызстандын мектептеринде китеп тартыштыгы эң курч деңгээлде сакталып келген. Эксперттер бул абалды «өнөкөт кризис» деп аташкан. Ачык маалымат булактарына таянсак, Агартуу министрлигинин расмий билдирүүлөрүндө мектептер орто эсеп менен 70-80% китеп менен камсыздалганы айтылып келсе, көзкарандысыз уюмдардын (мисалы, «Билимдүү Кыргызстан», KG Analytics кыймылдарынын) реалдуу иликтөөлөрүндө кээ бир аймактарда камсыздоо 50-60% ашкан эмес.

ООР ПОРТФЕЛДЕН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН ЗАМАНБАП БИЛИМГЕ:  ОКУУ КИТЕПТЕРИ КОРРУПЦИЯДАН КАНТИП КУТУЛДУ?Мунун айынан ата-энелер балдарына китептерди базарлардан же жеке дүкөндөрдөн 400-500 сомдон сатып алууга мажбур болуп, окуу китептери көмүскө бизнеске айланганы боюнча чоң нааразылыктар жаралган. Булан институтунун «Кыргыз Республикасында мектептерди окуу китептер менен камсыз кылуу маселелери» аттуу атайын аналитикалык баяндамасында китептердеги мазмундук жана грамматикалык каталар, авторлордун компетенциясынын төмөндүгү жана басмаканалар ортосундагы тендердик мафия, коррупциялык схемалар ачык көрсөтүлгөн.

Эң негизгиси, бул тармакка мамлекеттен өтө аз каражат бөлүнүп келген. Маселен, 2017-жылы китеп басууга болгону 39 млн сом, 2022-жылы 65 млн сом гана каралган. Министр Догдуркүл Кендирбаева өткөн мезгилдин башкы катасын мындайча түшүндүрөт: “Буга чейин эмне үчүн китеп таңкыстыгы болду? Себеби, окуу китептерин жеке менчик уюмдар чыгарып келген дагы, мүлктүк жана автордук укуктар аларда болгон. Ошон үчүн даяр китептер жок болуп калып аткан”.

Бул өнөкөт көйгөйдү түп тамырынан бери чечүү, эски коррупциялык чынжырчаларды үзүү милдетин мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алды. Президент адам капиталына салынган инвестиция өлкөнүн эң башкы байлыгы экенин белгилеп, билим берүү максаттарына каражат аябай турганын билдирген.

Мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган тарыхый жыйында Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин мамлекет үчүн «жол берилгис нерсе» деп атап, Министрлер Кабинетине кескин тапшырма берген: “Мектептердеги билим берүү маселесине кайдыгерлик кылууга акыбыз жок. Биз азыр Мекен келечеги, маанилүү улуттук маселелер дал ушул мектепте чечилип жатканын так кесе айтышыбыз керек жана даана, так аңдап-билишибиз абзел. (…) Мамлекет билим берүү максаттарына каражат аябайт. Адам капиталына инвестиция жасасак, эртеңки күнү 10 эсе эмес, 100 эсе дивиденд алып келет”.

Мамлекет башчысы эки жылдык кыска мөөнөттө дүйнөгө таанылган алдыңкы стандарттарга негизделген заманбап окуу китептери менен Кыргызстандын мектеп окуучуларын камсыз кылуу маселесин толук чечүүнү министрликке милдеттендирген.

Президенттин тапшырмасын өз убагында жана натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева баштаган адистер тобу мектептеги билим берүүнү трансформациялоого багытталган “Алтын Казык” жаңы мамлекеттик программасын иштеп чыгып, коомчулукка сунуштады.

Бул реформанын алкагындагы эң чоң стратегиялык жана кадамдык жаңылык – министрликтин алдында атайын «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесинин түзүлүшү болду. Эми өлкөдөгү бардык окуу китептерин даярдоо, экспертизадан өткөрүү жана басып чыгаруу иштери түздөн-түз ушул мекеменин жоопкерчилигине жүктөлдү. Бул кадам мурдагыдай жоопкерчиликсиздикти жоюп, китептин сапатына бирдиктүү мамлекеттик көзөмөл орнотууга шарт түздү.ООР ПОРТФЕЛДЕН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН ЗАМАНБАП БИЛИМГЕ:  ОКУУ КИТЕПТЕРИ КОРРУПЦИЯДАН КАНТИП КУТУЛДУ?

Министр Д.Кендирбаева бул масштабдуу өзгөрүүнүн маңызын: “Улуу Британия, Малайзия, Сингапур, Казакстан жана Россиянын тажрыйбасын изилдеп чыгып, Кэмбридждин окуу стандарттарын жана баалоо системасын, Сингапурдун педагогикалык тажрыйбаларын киргизүү алгылыктуу жол экенин билдик. 46 окуу китеби (физика, математика, химия, биология, англис тили) үч жылда адаптацияланып бүтөт, ошондо гана дүйнөлүк билим берүү катарына теңелебиз”, — деп түшүндүрдү.

Жаңы китептерди даярдоодо министрлик жана «Окуу китеби» мамлекеттик мекемеси мугалимдердин гана эмес, ата-энелердин да үнүн угуп, алардын пикирлерин, кооптонууларын терең эске алуу менен иш алып барууда. Өзгөчө мектеп курактагы балдардын ден соолугуна зыян келтирбеш үчүн окуу китептеринин сапаты жана салмагы боюнча айтылган сын-пикирлерди жоюу боюнча практикалык кадамдар ташталды.

  • Китептердин салмагын азайтуу: Башталгыч класстын окуучуларынын оор портфель көтөрүү көйгөйүн чечүү максатында, жаңы стандарттагы китептер көлөмдүү бир китеп эмес, бөлүктөргө бөлүнүп чыгарыла баштады. Маселен, 3-класстын жаңы математика китеби атайын эки бөлүккө бөлүнүп басылды. Бул баланын күнүмдүк көтөргөн жүгүн жеңилдетип, физикалык өсүшүнө терс таасирин тийгизбейт.ООР ПОРТФЕЛДЕН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН ЗАМАНБАП БИЛИМГЕ:  ОКУУ КИТЕПТЕРИ КОРРУПЦИЯДАН КАНТИП КУТУЛДУ?
  • Түшүнүктүү жана куракка шайкеш мазмун: Коомчулукта, өзгөчө социалдык тармактарда кээ бир ата-энелер тарабынан жаңы китептердин мазмуну «түшүнүксүз, өтө оор» деген сындар айтылып келет. Бирок, бул китептерди барактап, бир сыйра кунт коюп окуп чыккан адам катары ишенимдүү айта алам: ички мазмунунда эч кандай түшүнүүгө оор болгон, баланы чаташтырган жерлери жок. Китептер заманбап методология менен түзүлгөндүктөн, андагы тапшырмалар жана тексттер балдардын дал ушул жаш курагына толугу менен туура келет, логикасын өстүрүүгө багытталган жана абдан түшүнүктүү тилде жазылган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мектептеринде болуп жаткан реформалар ачык, айкын жана чоң үмүттөрдү жандырган позитивдүү маанайда жүрүүдө. Бул багыттагы негизги жетишкендиктерди төмөнкүдөй сандар менен көрсөтсө болот:

  • Рекорддук бюджет: Мамлекет тарабынан 2025-жылы 856 миллион сом бөлүнсө, 2026-жылга жаңы окуу китептерин басып чыгаруу үчүн дагы бир ири сумма – 744 миллион сом каралды. Мындай ири каржылоо мурунку жылдарга салыштырмалуу каражаттын он эселеп өскөнүн жана билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын далилдейт.
  • Өндүрүштүк кубаттуулук: «Окуу китеби» мамлекеттик ишканасынын уюштуруусу менен, китептерди басып чыгаруу укугу толугу менен мамлекеттик “Учкун” басмаканасына өткөрүлүп, жеке компаниялардын кызыкчылыктарына бөгөт коюлду. Азыркы учурда 3,1 миллиондон ашык нускадагы жаңы китептерди басып чыгаруу кызуу жүрүүдө.ООР ПОРТФЕЛДЕН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН ЗАМАНБАП БИЛИМГЕ:  ОКУУ КИТЕПТЕРИ КОРРУПЦИЯДАН КАНТИП КУТУЛДУ?
  • Дүйнөлүк стандарттагы китептер: Кыргызстан эл аралык деңгээлдеги билим берүү басмасы Marshall Cavendish Education менен биргеликте иштеп жатат. Англис тили боюнча Кембридждин авторлору Фрэнсис Трелоар жана Стив Томпсондун «Take Off with English» (3–9-класстар үчүн) окуу куралдары адаптацияланды. Бир гана англис тили боюнча 1,9 миллиондон ашык китеп басылды.
  • Илим жана Математика: 1-9-класстар үчүн «Илим» (Табигый илимдер) жана «Математика» предметтери кыргыз жана орус тилдерине жогорку сапатта которулуп, адаптацияланды. 1-, 2-, 5- жана 8-класстардын жаңы китептери мектептердин босогосун аттап, окуучулардын колуна тийди.
  • Инновация жана Санарип Кампа: Заманбап технологияларды киргизүү алкагында «Окуу китеби» (Kitep.kg) онлайн платформасы түзүлдү. Мугалимдер менен окуучулар каалаган китепти электрондук форматта акысыз жана оффлайн режиминде жүктөп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «билимге каражат аябайбыз» деген улуу убадасынын реалдуу ишке ашуусу, министр Догдуркүл Кендирбаеванын чечкиндүү жетекчилиги жана жаңы түзүлгөн «Окуу китеби» мамлекеттик ишканасынын системалуу иш-аракети өлкөнүн келечегин түп тамырынан өзгөртүүдө. Мурунку жылдардагы китеп мафиясы, сапатсыз мазмун жана жетишсиздик тууралуу терс көрүнүштөр тарых барактарында калып, бүгүн кыргыз баласы дүйнөлүк Кембридж стандарттарындагы эң заманбап, жеңилдетилген жана сапаттуу китептер менен билим алуу бактысына ээ болууда. Бул – өлкөнүн эртеңки интеллектуалдык элитасын тарбиялоого жасалган эң ишенимдүү жана улуу кадам!

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер