ОКУУЧУЛАРГА УЛУТТУН МАДАНИЯТЫН ҮЙРӨТҮҮ МЕНЕН АЛАРДЫН ТИЛДИК КЕБИН ӨСТҮРҮҮ
- 02.04.2025
- 0
Мектепте окуучуларды санариптик талап менен окутууда улуттун маданиятын үйрөтүүдө, аларды жашоого тарбиялоо жана улуттун өзгөчөлүгү болгон тилин өз турмушунда так жана сүйлөө речин өстүрүүдө сөздөрдү туура жана өз турмушунда орундуу пайдалана алат. Мектепте окуучулар класстан тышкаркы сабактарды аткаруу менен улуттун баалуулуктарын, маданиятын үйрөнүүдө тилдик норманы да сактай алуусу көрсөтүлгөн.
Негизги сөздөр: педагогика, коомдун өнүгүүсү, өнүктүрүү искусствосу, көөнөрбөс нарктуулук, этностук тилдик өзгөчөлүк, интеллект, сабаттуулук, тилдик дисциплина, сүйлөө практика.
ОБУЧЕНИЕ НАЦИОНАЛЬНОЙ КУЛЬТУРЕ ПРИ
РАЗВИТИИ ЯЗЫКОВЫХ НАВЫКОВ УЧАЩИХСЯ
В школе учащиеся обучаются, используя цифровые возможности, они могут правильно и уместно использовать слова в своей жизни, одновременно обучаясь культуре нации, обучаются развивать в своей жизни язык, который является характеристикой нации. Показано, что учащиеся школы способны соблюдать языковые нормы, одновременно изучая духовные ценности и культуру нации, выполняя внеклассные уроки.
Ключевые слова: педагогика, социальное развитие, искусство развития, вечная ценность, этнолингвистический признак, интеллект, грамотность, языковая дисциплина, речевая практика.
TEACHING NATIONAL CULTURE AT
THE DEVELOPMENT OF PUPILS’ LANGUAGE SKILLS
At school, pupils learn using digital capabilities, they can correctly and appropriately use words in their lives, while simultaneously learning the culture of the nation, they learn to develop the language in their lives, which is a characteristic of the nation. It is shown that school pupils are able to comply with language norms, while simultaneously studying the spiritual values and culture of the nation, performing extracurricular lessons.
Keywords: pedagogy, social development, the art of development, eternal value, ethnolinguistic attribute, intelligence, literacy, language discipline, speech practice.
“Педагогика” термини “пайдос” – бала жана “аго” – жетелөө деген грек сөздөрүнөн келип чыгат. Сөзмө сөз которгондо “педагогика” “баланы жетелеп жүрүү” дегенди билдирет. Байыркы Грецияда педагог деп, өз кожоюнунун баласын колунан жетелеп мектепке алып баруучу кулду аташкан, ал жерде аны окутуу менен башка кул — окумуштуу алектенген. Коомдун өнүгүүсү менен педагогдун ролу түп тамырынан бери өзгөрүп, бул түшүнүк өзү да жаңы мааниге ээ болду. Ал бир топ кеңири мааниде, баланы турмуш жолунда жетелеп, аны окутуу, тарбиялоо, руханий жана физикалык жактан өнүктүрүү искусствосу маанисинде колдонула баштады (1, 3).
Азыркы кезде жаш муундарды элдик педагогиканын багытындагы улуттук нукта тарбиялоодо педагог окуучуну тарыхка жетелеп барып, улуттун пайда болушунан баштап, улуттун көөнөрбөс нарктуулугунун касиеттерин даңазалоодо кыргыздар ич ара ата-аталарга бөлүнүп, андан урук, бир тобу биригип уруу, анан эл болуп, бара-бара улутту түзүшкөн. Мында тилинин, маданиятынын, экономикасынын жалпылыгы жана башка мамлекеттер менен чектештиги улуттун белгилери болуп саналат. Ата, андан чоң ата, андан ары баба, буба, жете, жото, жонкон, кубары, куусөөк, тек болуп кетет.
Баланы өз улутунун тарыхын, үрп-адат, каада-салтын, салттуу музыкасын, адабиятын, маданиятын, Манасын, тилин ж.б. улуттук оюндарын, кол өнөрчүлүгүн, улутка таандык дүйнө тааным ой жүгүртүүлөрүн таанытып, окутуп, тарбиялоо элдин жакшы жагын таанытуу менен өзүнүн ким экендигин таанытууга жол ачат.
Ал үчүн улуттун өзүнө таандык каада-салтын, үрп-адатын, тилин, Манасын, кол өнөрчүлүгүн жоготпой, улуттук тамак-аштарын ардактап, муундан-муунга ыйык мурас катары өткөрүп берип турууларыбыз керек. Өзүнүн мекенин сүйүү жана өзүнүн элин сүйүү — бул тескери иштердин башталышына эмес, бул элге кызмат кылуунун, Мекенге берилип ак эмгек аткаруунун алгачкы этабы болуп эсептелет (2, 7-502).
Ал эми үйдөн балапан түлөк кезинен жан дүйнөгө сиңирген тарбия өмүр бою адамды коштоп жүрөөрү, ал адамдын турмуш жолу ошол алган тарбияга тыгыз байланыштуу – турмуштун жазылбаган мыйзамдарынын бири. Бала түйшүктүү чоң турмушка ата-энесинен алган таалимин туу тутуп аттанат. “Бала көргөнүн кылат, көсөө түрткөнүн кылат”, “Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат”, — деген элдик педагогика жатат.
Үй-бүлөдө тарбиялоонун негизги усулдары – үлгү көрсөтүү, биргеликтеги ишмердүүлүк, аңгемелешүү, колдоо көрсөтүү, баланы коргоо. Үй-бүлөдө баланы “Мен жасаганды жаса” ураанынын астында тарбиялоо менен, аларга кандай жашоо, эмгектенүү жана сүйүү керектигин ата-энелер жеке үлгү болуп көрсөтүшөт. Үй-бүлөдө эч ким: “Мен сени азыр тарбиялайм” деп айтпайт, себеби бардык нерсе: ага жасалган мамиле, ата-энелер ортосундагы мамиле, башка адамдарга жасалган мамиле, үй-бүлө ичиндеги жашоо процесси, бардык үй-бүлөлүк иштер — баланы калыптандырат. Ошондуктан тарбиялоо үчүн атайын шарт түзүүнүн кереги жок — жөн гана туура, адептүү жашоо керек (1, 331-332). Окуучуга үйдөн ата-эне тарбиясы, мектептен мугалимдин билими, өзүнүн тынымсыз эмгеги менен гана келечегине багыт берип, пайдубал куруп бере алабыз.
Окуучуларга билим берүү менен таалим-тарбия, адеп-ахлак, руханий жактан тарбиялоо менен улуттук наркты сактоо максатында “Көөнөрбөс рухтун көркөм добушу” аталышындагы мектеп ичинде кыргыз тили жана адабияты мугалимдери программаны жетектеп, интерактивдүүтарбиялык жана класстан тышкаркы сабактарды, мамлекеттик тилге байланышкан замандын талабына ылайык темаларда диспуттар, видео ролик, көрсөтүүлөрдү түзүп келе жатабыз. Мисалга алсак, 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата мектептин манасчылары менен биргеликте “Курама жыйып журт кылдым, кулаалы таптап куш кылдым” аталышындагы тегерек стол өткөрүп, “Манас” эпосундагы этностук тилдик өзгөчөлүктөрүн, андагы баатырлардын билимин, көөнөргөн сөздөргө, элибиздин үрп-адат, маданияты жөнүндө талкуулап, телевидение көрүүчүлөрүнө жеткирүү иштери иш жүзүнө ашып келе жатат. Окуучуларды улуттун маданиятын үйрөтүү менен алардын өз ара бири-бири менен пикир алышуусу, оюн жеткире алышы, сүйлөө кебинин байлыгын өстүрүү биздин максатыбыз экендиги талашсыз маалым болду.
Мектепте окуучуларга ушундай класстан тышкары сабактарда адабияттан алган билимдерин коомдогу чөйрөдө өз ой жүгүртүүсүнүн негизинде билимди практикалык өңүттө адамзатынын интеллектинин белгиси катары сүйлөө аркылуу өздөрүн коомдогу керектүү инсан катары орду бар экенин баамдашат. Балдар сүйлөөнү үйрөнүп жатып ойлонууну, жыйынтык чыгарууну жана башкалар менен баарлашууну үйрөнүшөт. Алар өз тилдеринде катылган руханий баалуулуктарды жана ой жүгүртүү образын изилдеп, үйрөнүшөт. Мектепте тил дисциплиналары оозеки сүйлөө, сабаттуулук жана адабиятты ичине камтыйт. Оозеки сүйлөө – өз оюн так, шар жана ишенимдүү жеткире билүү жөндөмү. Сабаттуулук – окуу жана жазуу эрежелерин билүү. Адабият – искусствонун эң маанилүү түрлөрүнүн бири. Тил дисциплиналарын окуу жана колдонуу окуучуларга башкалардын оюна жана сезимдерине жетүү мүмкүнчүлүгүн берет (4, 197).
Ушул өңүттөн адабияттан окулган чыгармаларды сахналаштыруу, баарлашуунун өзөгү болгон тегерек столдор, телевидениеге тартылуу, окуучулардын эл алдында өз оюн кеңири жеткирүүнүн негизинде адамдар арасында бири-бири менен пикир алышуунун куралы катары пайдаланып келет. Пикир алышуу менен чыгармалардагы катылган улуттук баалуулуктарга басым жасашат.
Элибиздин эзелки тарыхын билип, андагы улуулуктарды сыйлап, баалуулуктардын баасын өлчөп, нарктуулуктун салтын калчап, аны жашообузда пайдаланып, залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы Эдигейче кыялданып, күнүмдүк ойлогон оюбуз өткөн тарыхты, жашап жаткан учурду, боло турган келечекти чагылдырып турушу керек. Тарбияланган чөйрөдө өз улутунун жараны, өз элинин атуулу, өз аймагынын инсаны катары калыптандырууда ар бир ата-эне да, ар бир педагог да өз баласын турмуштун учугун улап кетүүгө машыктыруу абзел. Мугалим, ата-эне, бала – үчөө тең коомдук жоопкерчиликти сезүүсү чоң мааниге ээ.
Демек, үйдөн ата-эне, мектептен мугалим келечек муундарын тарбиялоодо, техниканы туура, максаттуу, үнөмдүү пайдаланууда, адабияттан көркөм чыгармаларды окууда, мекенге болгон сүйүүдө, ата-бабалардын насааттарын кабылдоодо, улуттук нарктуулукту баалоодо, байыркыны билүүдө, учурдун улоосунда, келечектин келерки кезегинде багыттын туура жебесинде жетишип жашап калуу – бул адамдын жашоосунун өзөгү боло алат.
Замира Абдигапирова,
Баткен облусунун Кадамжай районундагы №17 А.Масалиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими
Адабияттар:
- Акматов К., Бабаев Д., Кимсанов К., Педагогика. – Б.: “Таалим”, 2023.
- Ата-бабалар табериги: Кыргыздын адеп-ахлак, салт-санаа, үрп-адат, ырым-жырым жана жөрөлгөлөр жыйнагы/ Түз.М.Каримов. – Б: “Бийиктик”, 2011.
- Баласагын Ж. Куттуу билим. Дастан. /Байыркы түрк тилинен котор.Т.Козубеков; — Б., 2011.
- Кен Робинсон Баланын жөндөмүн өнүктүргөн креативдүү мектептер./ Котор. Б.Абдуллаев, К.Мазарипов. – Б.:2018.
Комментарийлер