ОКУУЧУЛАР КООПСУЗ ЧӨЙРӨДӨ БИЛИМ АЛУУСУ ШАРТ

  • 22.10.2024
  • 0

Акыркы кездерде климаттын өзгөрүшү дүйнө жүзүндөгү балдардын ден соолугуна, билим алуусуна, тамактануусуна, корголуусуна ж.б.у.с. мүмкүнчүлүктөрүнө коркунуч туудуруп келет. Кыргыз билим берүү академиясынын Табигый-илимий жана математикалык билим берүү лабораториясынын башчысы, жетектөөчү илимий кызматкер, педагогика илимдеринин кандидаты Бактыгүл РЫСПАЕВАга мектеп окуучуларга кайсы класстан баштап климаттын тез өзгөрүүсүнө табияттагы кандай процесстер негиз болоорун, кандай чечим кабыл алуу керек, кантип коргонуу керек  ж.б.у.с. суроолордун тегерегинде аны кепке тарттык.

ОКУУЧУЛАР КООПСУЗ ЧӨЙРӨДӨ БИЛИМ АЛУУСУ ШАРТ

 

Бактыгүл Самыйбековна, дүйнө элинин тынчын алган климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 2024-жылдын 11-22-ноябрында Азербайжан Республикасынын Баку шаарында 29-конференциясы өткөнү турат. Ал жерде “Климаттын өзгөрүшү: кесепеттерин жумшартуу, адаптациялоо жана Кыргызстандын билим берүү системасында  чечүү жолдору”  деген темада презентация болот экен. Дегеле буга чейин болуп көрбөгөндөй климаттын тез өзгөрүүсү баарыбызды эле сестентип койду. Табияттагы кандай процесстер буга негиз болууда?

— Мен Ысык-Ата районунун Динара Мамашова атындагы мектепте эксперименталдык химия мугалими болуп иштейм. Теория менен практиканы айкалыштырып берем. Мектептен чыккан окумуштуумун. 45 жылдан бери мектепте иштеп келатам. Эми климаттын өзгөрүшү боюнча билим берүүдө бардык эле предметтик мугалимдер, т.а. мейли гуманитардык предмет болсун, мейли табигый предметтер болсун мугалимдер экология маселесине кайрылып турат.

Климаттын өзгөрүүсү биздин планетадагы экологиялык коопсуздуктун коркунучтарынын бири катары ар бир адамга таасирин тийгизген азыркы замандын глобалдык көйгөйү болуп калды. Бул  глобалдык көйгөйлөрдү бардык өлкөлөрдүн биргелешкен    аракети менен гана чечүүгө мүмкүн. Бириккен улуттар уюмунун глобалдык экологиялык конвенциялары боюнча климаттын өзгөрүүсү боюнча биологиялык артүрдүүлүктү сактоо жөнүндөгү Конвенцияны  билүү жана түшүнүү мектептик билим берүүнүн  бир бөлүгү болуп саналат.

Кыргыз Республикасы 2000-жылдын май айында кошулган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Рамкалык Конвенциясынын кабыл алынышына алып келди.

Кыргызстанда мектеп жашындагы  окуучуларга климаттын өзгөрүшүнүн себептери жана анын кесепеттери  жөнүндөгү маалыматты  жеткирүү учурдун талабы болууда. Ошондуктан, келечек муундарга климаттын өзгөрүүсү боюнча көйгөй менен тааныштырып гана тим болбостон, ар бир окуучуга ал боюнча туура чечим кабыл алуу менен аларды иш жүзүндө аткаруу маанилүү экендигин көрсөтүү болуп саналат. Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын 13-максатында: «климаттын өзгөрүүсүнө карата иш-чараларды так аткаруу аркылуу өлкө  туруктуу өнүгүүгө жетише алат, бүгүнкү күндө келечектеги муундар биздин кооз планетада жашоого тийиш», — деп белгиленген.

Ааламдашуу заманы бизге көп артыкчылыктарды алып келди, бирок биз глобалдык мейкиндикте жашоонун жаңы шарттарына али көнө элекпиз.

Бизге климаттын өзгөрүү көйгөйүнүн маңызын түшүнүү аркылуу биз жаш муундарды туура чечим кабыл алууга эртелеп даярдашыбыз керек. Бүгүнкү күндө отундан жана жаратылыш ресурстарынан алынган энергияны керектөөбүз коркунуч келтирген глобалдык кесепеттерге ээ.  Адам баласы көмүр жана мунай газды казып алып аны пайдаланганда атмосферага көмүр кычкыл жана метан газы бөлүнүп чыгып, парник эффектин күчөтө тургандыгын окумуштуулар алдын ала XX кылымда эле жазышкан. Чындыгында жолдо машиналардын, б.а. техниканын көбөйүшү, электр ресурстарынын кымбат болушунун натыйжасында ТЭЦте, үй жылытууда көмүрдү пайдалануу жогорудагы кесепеттерге алып келүүдө. Түндүк уюлдун муздарынын тез эрий башташы, экстремалдык аба-ырайы калктын кыйла аялуу катмарына зыян келтирүү менен тез-тез кайталана баштоодо. Учурда аба-ырайы жылуу, өзгөрмөлүү болуп калды. Ошондуктан көмүртексиз  жашоо ыңгайыбыз жаңыланууга өтө муктаж.

— Келечек муунга климаттын өзгөрүшү, анын кесепетин алдын алуу боюнча кандай маалыматтар берилет, дегеле окуучулардын экологиялык сабаттуулугун кантип жогорулатуу керек?

ОКУУЧУЛАР КООПСУЗ ЧӨЙРӨДӨ БИЛИМ АЛУУСУ ШАРТ

— Мектепте табигый-илимий предметтерди окутууда окуу материалынын мазмуну аркылуу келечек муундарга климаттын өзгөрүшү, анын кесепетинин алдын алуу боюнча маалымат, алардын экологиялык сабаттуулугун жогорулатмакчы. Мисалы, 8-класстын химия окуу китебинде (авт. Рыспаева Б., Молдогазиева С., Байдинов Т.Б. Бишкек, 2021) Экологиялык проблемалар. Атмосферанын булганышы, аны чечүүнүн жолдору деген темада бул нерсеге токтолом. Азыркы учурда планетанын калкынын алдында айлана-чөйрөдөгү атмосферанын булганышы, озон катмарынын бузулушу, кислоталык жаан, парник эффектиси, жердин, дүйнөлүк океандын булганышы жана калктын санынын өсүшүнө окшогон өзгөчө курч проблемалар турат. Адамдардын иш-аракеттеринин натыйжасында атмосфера адамдарга, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө зыян келтирүүчү уулуу заттар менен булганууда. Атмосферанын курамынын өзгөрүшү калктын ден соолугунун начарлашына, жашоонун узактыгынын төмөндөшүнө, оорулардын таралышына алып келет. Аба транспортунан, өңдүрүштүк өнөр жайдан чыккан газдар менен булгануу чоң шаарларда көп байкалат. Бардыгыбызга белгилүү отун күйгөндө курамында көмүр кычкыл газы (СО2) жана суу бууларынан (Н2О) да башка заттарды пайда кылуучу заттар бар. Бензиндин сапатын жакшыртуу үчүн ага коргошундун бирикмелери кошулат. Бензин күйгөндө, адам үчүн зыяндуу көп сандагы коргошунду кармап жүргөн уулуу заттарды айлана-чөйрөгө бөлүп чыгарат.

ОКУУЧУЛАР КООПСУЗ ЧӨЙРӨДӨ БИЛИМ АЛУУСУ ШАРТ

Ар түрдүү отундарды күйгүзгөндө эң көп сандагы кычкылтек керектелет. Реактивдүү самолёт 1 саат учканда, 1 га аянттагы токойдун бир айда иштеп чыккан кычкылтеги керектелет. Отунду жагуудагы жагымсыз таасир болуп, түтүн, кычкыл жаан, парник эффектиси эсептелет.

Түтүн – бул чаңдын, көөнүн жана абанын аралашмасы. Түтүн дем алууну кыйындатат, аллергиялык реакцияларды пайда кылат, өсүмдүктөргө, эгиндерге, имараттарга, курулуштарга зыян келтирет. Адистердин айтуусу боюнча, Бишкек шаарында суткасына абага 60 тоннадан ашык булганган заттар чыгып турат. Кыш мезгилинде зыяндуу газдар жана чаңдар шаарларда жайланышкан аймактарда абада чогулуп, түтүндөрдүн топтолушуна алып келет.

Кычкыл жаан. Ишканалар жыш жайгашкан жерлердеги жаандын суусунда кычкыл заттар камтылган. Алар күкүрттүн жана азоттун оксиддери менен суу буусунун аракеттенишинен пайда болот.

Парник эффекти. Абанын температурасынын жогорулашынын натыйжасында атмосферада кээ бир газдардын топтолушунун эсебинен парник эффектиси пайда болот.

Парник эффектисин пайда кылган негизги газ көмүртектин (IV) оксиди болуп саналат.

Парник эффектисинин натыйжасында атмосферанын алдыңкы катмарында абанын температурасы жогорулайт, климат өзгөрүп, муздун эриши, сел жүрүшү мүмкүн.

Кыргызстанда аба чөйрөсүнүн абалы тогуз зат аркылуу текшерилет: чаң, күкүрттүү газ, азоттун оксиди, фенол, көмүртектин оксиддери, эрүүчү сульфаттар, формальдегид жана циандуу суутек.

Кыргыз Республикасынын Гидрометеорология башкармалыгы өлкөнүн абасынын булганышынын абалын ар дайым көзөмөлдөп турат. Байкоо ар кайсы райондордо, чоң жолдордо жайгашкан стационардык көзөмөл системалар аркылуу жүргүзүлөт. Уулуу заттардын бирикмелерин кылдаттык менен изилдегенде гана химиялык заттардын адамдардын ден соолугуна, жаратылышка тийгизген таасиринин зыяндуулугун аныктоого болот. Химия илим катары адамга зыяндуу заттардан коргонуунун көйгөйлөрүн чечүү жолдорун көрсөтөт.

— Бактыгүл Самыйбековна, экологиялык маселелердин чечилишине токтолсоңуз?

Окумуштуулардын, климаттын өзгөрүүсүн көзөмөлдөөчү уюмдардын  мүчөлөрүнүн айтуусу боюнча, атмосферанын булганышынын глобалдык экологиялык көйгөй түйшүктөрүн төмөнкү жолдор менен чечүүгө болот: энергияны сарамжалдуу пайдалануу;  электр энергиянын эффективдүүлүгүн жогорулатуу; таштанды калдыктарды кайра иштетүү; өзгөчө булганган аймактарды тазалоо.

— Сиз практик-мугалим катары айтсаңыз, маселен, химия предметин окутууда 8-11- класстар үчүн экологиялык мазмундагы жашыл көндүмдөрдү калыптандыруучу кайсы материалдар окуу программасына киргизилген?

— Ооба, туура. 8-класстын материалдары боюнча алсак, «Озон — кычкылтектин аллотропиясы. Озон катмары», «Атмосферанын булганышы. Экологиялык проблемалар», «Суутек  менен иштөөдөгү  техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо», «Кислоталар, щелочтор менен иштөөдөгү коопсуздук эрежелери», «Жаратылыш сууларын хлор менен зыянсыздандырууда  нормативдик эрежелерди сактоо», «Минералдык суулар. Жети – Өгүз суусунун курамындагы радон» деген темалар камтылган. Ал эми 9-класста «Жаратылыштагы окистенүү – калыбына келүү реакциялары», «Минералдык жер семирткичтерди жаратылышка жана адамдын ден соолугуна зыян келтирбегендей пайдалануу», «Металл кен байлыктарын иштетүүдөгү экологиялык проблемалар» каралган. 10-класстын материалдары боюнча «Нефть продуктулары жолбун газдар — метан, этан, пропан, бутан», «Нефть продуктуларын иштетүүдөн алынган бензин, керосин ж.б. тез от алуучу заттарды пайдаланууда коопсуздук эрежелеринин сакталышы», «Газды (пропан үй шартында, ацетилен ширетүү, кесүү  иштеринде) пайдаланууда этият болуу», «Уулу химиялык заттар жөнүндө түшүнүктөр», «Жогорку молекулалуу бирикмелер. Полиэтилен, пластмассалар, каучук ж.б. токсикалык органикалык заттар менен айлана- чөйрөнү булгабоо» темалары кирген болчу. 11-класстын материалдары боюнча алсак, «Металлургиядагы калдыксыз өндүрүш», «Химия жана экология», «Айлана-чөйрөнү атмосфераны, гидросфераны жана кыртышты коргоодогу негизги проблемалар» каралат.

Табият таануу предметинде турмуш-тиричилик эрежелерин сактоо боюнча кеңири окутулат. Ошондой эле биология предметинде адамдын ден соолугу 8-класста окулуучу материалдарда киргизилген. Физика предметинде — коопсуздук физикада деген материалдарда окутулат. География предметинде жаратылышта болуп туруучу кырсыктар, алардан сактануунун жолдору окутулат.

Мектепте окуучулар жашоо турмушунда ден соолугуна зыян келтирбегендей коопсуз чөйрөдө билим алуусу шарт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер