ОКУУ КИТЕПТЕРИН БАСЫП ЧЫГАРУУГА МАМЛЕКЕТ КАРАЖАТ АЯБАЙТ

  • 26.12.2022
  • 0

Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КР Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн кереге кеңеште билдирди.

ОКУУ КИТЕПТЕРИН БАСЫП ЧЫГАРУУГА МАМЛЕКЕТ КАРАЖАТ АЯБАЙТ

“Окуу китептери: кечээ, бүгүн жана эртең” деп аталган жолугушууга министрликтен тышкары, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын, басмаканалардын, мектеп китепканаларынын өкүлдөрү, полиграфия адистери, окуу китептеринин авторлору, эксперттер катышып, окуу китептеринин бүгүнкү абалын талкуулашты.

ОКУУ КИТЕПТЕРИН БАСЫП ЧЫГАРУУГА МАМЛЕКЕТ КАРАЖАТ АЯБАЙТЭдил Байсалов жолугушууга карата атайын уюштурулган окуу китептеринин көргөзмөсү менен таанышып чыккан соң, мамлекет жаңыртууга муктаж болуп жаткан окуу китептерин канча көлөмдө болсо да басып чыгарууга даяр экендигин билдирди.

— Окуу китептери инвентаризациялоого муктаж экендиги көрүнүп турат. Китептерди басып чыгаруудан каражат үнөмдөбөшүбүз керек. Канча каражат керектелсе, ошончо таап берүүгө даярбыз, — деди Э.Байсалов.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов китеп маселеси учурда өтө орчундуу орунда тургандыгын, бардык мектептерди камсыздоо үчүн бир миллиардга чукул акча каражаты керектелерин белгиледи. Анын айтымында, китеп даярдаган авторго бир жылга жакын убакыт кетет жана ар бир окуу китеби төрт экспертизадан өткөндөн кийин гана басууга берилет.

— Ар бир окуу китеби илимий, илимий-педагогикалык (методикалык), антидискриминациялык жана гендердик, педагогикалык-практикалык (апробациялык) экспертизадан өтөт. Ага карабай, айрым мүчүлүштүктөр кетип калат. Ошондон улам алардын мазмунуна карата коомчулукта көптөгөн сындар айтылып келет. Талапка ылайык китеп даярдоо үчүн авторлорго бир-эки ай эмес, бир жылга жакын убакыт керектелет. Ошондо гана мазмундуу жана сапаттуу окуу китептерин ала алабыз, — деди министр.

Окуу китептерине муктаждык канча пайызды түзөт?

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда учурда 2300дөн ашык мектеп бар жана окуучулардын жалпы саны 1,5 миллионго чамалайт. 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуу китептери менен камсыздалышы 70,5 пайызды түзгөн.

ОКУУ КИТЕПТЕРИН БАСЫП ЧЫГАРУУГА МАМЛЕКЕТ КАРАЖАТ АЯБАЙТ

Мамлекет тарабынан Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондун жаңылоого жана толуктоого 120-150 млн сомдун тегерегинде каражат бөлүп берүү каралат. 2022-окуу жылында республикалык бюджетте 152 млн сом каралган.

Албетте, бул каражаттар жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен толук камсыз кылуу үчүн жетишсиз. Анткени Кыргызстанда калктын саны, анын ичинде окуучулардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Андан тышкары окуу китептеринин жетишсиздигине ички миграция, ошондой эле мектеп фондундагы жараксыз абалга келген окуу китептер да таасирин тийгизбей койбойт. Натыйжада окуу китептерине болгон муктаждык 29,5 пайызга жеткен. Бирок эгерде мазмуну жагынан эскирген, колдонулуп жаткан предметтик стандарттарга ылайык келбеген окуу китептерин кошсок, окуу китептерине болгон муктаждык мындан да жогору болоору талашсыз.

Биринчи кезекте кайсы китептер басылууга тийиш?

Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, азыркы кырдаалга жараша биринчи кезекте мүмкүн болушунча кыска мөөнөт аралыгында учурда зарыл болуп жаткан китептер басылып чыгарын, аны менен бирге эле китептердин мазмунун жакшыртуу иштери да жүргүзүлө тургандыгын билдирди.

— Мамлекеттик жаңы стандарттын алкагында бүт стандарттарды жаңыртып чыгышыбыз керек. Азыр башталгыч класстын стандарты жаңыртылды. 7-8-9-класстар үчүн физика, химия, биология китептери көп убакыттан бери басылып чыкпагандыктан, абалы аябай начар. Андыктан убактылуу Жобо киргизип, “Учкун” басмаканасынан биринчи кезектеги китептерди чыгара баштайбыз. Ошол эле учурда 1-4-класстар үчүн китептерди экспертизага жөнөтүү сыяктуу этап-этабы менен аткарылчу иштерди жүргүзөбүз. Ошондо биз башталгыч класстарга тиешелүү маселени беш жыл унутуп, ортоңку жана жогорку класстын китептерин чыгаруу иштери менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алабыз. Эң негизгиси убакыттан уттурбай, тез арада аякташыбыз керек. Китептерди басып чыгарууда академиялык коомчулуктун, ата-энелердин экспертизасынан өткөрүү талабы да бар. Китептерди даярдоодо анын ички мазмуну менен бирге эле сырткы жасалгасы, тамгалары ж.б. эске алуу зарыл, — деди Т.Ашымбаева.

2021-2022-окуу жылында окуу китептери менен камсыздалышы

Шаар/облусуМектептердин окуу китептери менен камсыздалышы окутуу тилдери боюнча, %
КыргызОрусӨзбекТажикОблустар боюнча
Нарын85,6%65,0%75,3%
Чүй71,4%64,4%67,9%
Ысык-Көл 85,4%67,5%76,4%
Баткен80,4%47,3%71,8%53,1%63,1%
Талас82,9%54,6%68,7%
Жалал-Абад89,0%51,9%77,4%72,8%
Ош83,9%52,1%77,6%80,9%73,6%
Ош шаары85,4%50,1%79,6%71,7%
Бишкек шаары67,0%62,1%64,6%
Өлкө боюнча81,23%57,21%76,62%66,98%70,5%

Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен толук камсыздоо максатында министрлик тарабынан “Электрондук китепкана” (https://kitep.edu.gov.kg/kg) платформасы түзүлгөн. Бул платформада 538 аталыштагы, кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдериндеги окуу китептеринин, ошондой 1 миңден ашуун аталыштагы адабияттардын электрондук көчүрмөсү жайгаштырылган. Алар бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү жана акысыз пайдаланылат.

Жаңы басылып чыккан окуу китептери

2017-2021-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин каражаттарына жана донорлордун каражаттарына 5 461 530 нуска окуу китеби басылып чыккан. Атап айтканда, 2021-2022-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн физика, химия, кыргыз адабияты, орус тили, Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы, биология, орус адабияты предметтери боюнча 329 300 нускада окуу китептери («Физика» 7-класс, «Химия» 8-класс, «Кыргыз адабияты» 5-6-класстар, «Орус тили» 5-6-класстар, «Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы» 5-класс, «Биология» 6-класс, «Орус адабияты» 5-6-класс) көбөйтүлүп басылып чыккан жана мектептерге жеткирилген. Андан тышкары көрүүсү начар балдар үчүн 2 320 китептин ичинен 180 комплект атайын окуу китептери даярдалган.

2022-2023-окуу жылына карата 9-класс үчүн жазылган “Диндердин өнүгүү тарыхы” окуу китеби 123 380 (анын ичинен кыргыз тилинде – 72 500, орус тилинде – 42 300, өзбек тилинде – 8300, тажик тилинде – 280) нускада, мугалимдер үчүн усулдук колдонмону 3 555 (анын ичинен кыргыз тилинде – 2 400, орус тилинде – 870, өзбек тилинде – 265, тажик тилинде – 20) нускада басылып чыкты.

Кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдериндеги окуу китебинин жана мугалимдер үчүн усулдук колдонмонун электрондук варианттары министрликтин “Электрондук китепкана” (https://kitep.edu.gov.kg/kg) платформасына жайгаштырылган.

Окуу китептерин ижарага берүү

2022-2023-окуу жылында бир китептин ижара акысы 25 сомду түзөт жана ал жылына бир жолу тѳлөнөт. Окуу китептерин ижарага берүү тартибине ылайык, колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөгү балдарга окуу китептери бекер же жеңилдетилген шарттарда берилет. Аларга беш же андан көп балалуу үй-бүлөдөгүлөр, социалдык жөлөк пул алган, аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдар, ата-энесинин бири же экөө тең I жана II топтогу майып болгон үй-бүлөдөгү жана атасы же энеси гана бар үй-бүлөдөгү, аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүндөгү, аскердик же кызматтык парзын аткарууда каза болгондордун же укук коргоо органдарынын майып болуп калган кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүндөгү окуучулар, жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жана ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар кирет. Ал эми ижара акысынын 50 пайызын төлөп китеп алуу укугуна 3-4 баласы бар үй-бүлөнүн балдары ээ болот.

ОКУУ КИТЕПТЕРИН БАСЫП ЧЫГАРУУГА МАМЛЕКЕТ КАРАЖАТ АЯБАЙТ

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 19-декабрына карата окуу китептеринин ижара акысынан 186 546 220 сом топтолгон.

Автоматташтырылган маалыматтык системадан алынган маалыматтар боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын китеп фондундагы окуу китептеринин саны – 12 063 121 түзөт. Анын ичинен 1 917 098 нуска окуу китеби ижарага берилет.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер