НУР ТАШЫГАН АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕРГЕ

  • 09.11.2026

Союз доорунда Тажикстандын жана башка кошуна республикалардын кыргыз мектептерине Кыргызстандан барып, агартуучулук миссиясын аткарып келген мугалимдер көп. Алардын эскерүүлөрүн жыйнап, даярдасак, абдан маанилүү, кызыктуу, кийинки муундарга таберик китеп болчудай. Бул ошол доордогу агартуучуларга тарыхый маанидеги эмгеги үчүн таазим белгиси да болору анык.

Жыйнакка абдан кызыктуу, маанилүү баяндар жазылып, сүрөттөр сунушталууда. Бирок бул демилгени уга электер көп окшойт. “Жакшыраак кабарлап койсоңор, ушул-ушул агайларды, эжейлерди жок дегенде жалпы тизмеге киргизмек экенбиз”, “бизде дагы ушундай кызыктуу эскерүүлөр бар” дечүлөр кийин деле чыгышы ыктымал. Ошондуктан жарыяны кайрадан илип жатабыз.

Бул демилге көтөргөн биздин эле эмес, көптөгөн замандаштардын көңүлүндөгү ой. Адегенде ушундай бийик мүдөө менен барып иштеп келгендердин тизмесин түзөлү, дарегин, телефон номурун алалы деп турабыз. Анан маек уюштуруп, эскерүүлөрдү топтоого, текст тергенге студенттер жардамдашат.

Каалагандар, мүмкүнчүлүгү барлар өздөрү деле жазып, балдарына, неберелерине ж.б. жаздырып берсе да болот. Көзү өтүп кеткен агай-эжейлерди кесиптештери, балдары, неберелери, окуучулары эскериши мүмкүн.

Эң кызыктуу, мазмундуу маектерди, эскерүүлөрдү атайын түзүлгөн калыстар тандап берсе, биз китепке ылайыктап редакциялайбыз.

Кадырман мугалимдерге 5 суроо:

  1. Кайсы айылга /мектепке барып, канчанчы жылдар аралыгында кайсы сабактан окуттуңуз эле?
  2. Ал жерде чогуу иштеген кесиптештериңиз, окуучулар. жергиликтүү эл жөнүндө эмнелерди эскерип бересиз?
  3. Алыска барып иштеген мезгилде турмуштук кандай тажрыйба же сабак алдыңыз?
  4. Келгенден кийинки ишиңизде кандай жетишкендиктер болду?
  5. Милдеттүү мөөнөттө же өзүңүз да улантып иштеп келгенден кийин Жерге-Талдагы жана Мургабдагы досторуңуз менен кат алышып же катташкан учуруңуз болдубу?
  6. Эсиңизде калган окуялардан айтып бериңизчи (мисалы, алыста калган достор, кесиптештер менен сырдашкан, тамаша курган учурларды).

Интервью алуучуга кеңеш:

Бул тизмедеги суроолор – эң зарылдары. Муну маектештин каалоосуна жараша толуктаса же өзгөртсө болот.

Сунушталуучу текст жана сүрөттөрдү бул электрондук эки дарекке жөнөтүңүздөр: [email protected] жана [email protected]

Башка каттардан айырмаланышы үчүн электрондук каттын “Тема” сабына «НУР ТАШЫГАН АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕР» деп белгилеш керек.

Фотосүрөттөрдүн ар биринде кимдер, качан, каерде тартылганын мүмкүн болушунча тактап жазыңыздар.

Быйыл жазында билим берүү жаатындагы таанымал жердештер Кеңешбек Сайназаров жана Данияр Карабаев үчөөбүз ушундай бир китеп түзөлү деп ниеттендик эле. Акырындык менен башталган иш эми тездеп баратат. Сары-колдук жазуучу Өскөнбай Бердибаев, Ысык-Көлдөн Зулайка ЖЭЭРЕМБАЕВА эжей жана башка замандаштар бул демилгени абдан жакшы колдоп жатышат. Биринчи келген тексттерден Зулайка эжей жана азыр 90го барып калган Бейшен ЖЕКШЕНОВ агайдын эскерүүлөрүн “Кут Билимге” жарыялап коюуну туура таптык. (Бейшен агайдын баянын келерки сандан окуңуздар.)

 

Жолдош Турдубаев, “Кут Билим”

 

ЗУЛАЙКА ЭЖЕЙ БАСКАН ЖОЛ

 

  1. Мен, Жээрембаева Зулайка Барыктабасовна (паспортумда “Сулайка” деп жазылган), 1981-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун математика факультетин аяктагам. Эмгек жолумду Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Жайылган айылындагы А. Дехоти ат. орто мектепте баштагам. НУР ТАШЫГАН АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕРГЕ

    Менгулова Нургүл (Кашаттагы мектепте иштеген), Ачакеева Алайкүл (Дамбрачыдагы толук эмес мектепте иштеген),  Жээрембаева Зулайка жана Гафуров Рахматулло агай. Ак-Сай мектебинде өткөрүлгөн математиктердин методикалык бирикмесинин жыйынына барганда түшкөнбүз.

Математика мугалими болуп 1985-жылга чейин иштедим. 1982-жылы педучилиңени бүтүргөн сиңдилерим Гүлай менен Шайыркүл (дагы бир жыл кийин) да барып, эки жылдан иштеп келишкен.

  1. Каратегиндик кыргыздардын, жалпы эле Жерге-Тал элинин күйүмдүүлүгү, меймандостугу, ак пейилдүү жылуу мамилеси омур бою жүрөгүмдө сакталып калган. Алгачкы эмгек жолумду баштаган мектебимдин жалпы жамааты бизге, Кыргызстандан барган кыздарга аяр мамиле кылып, билимибизди баалап, сый көрсөтүп турушчу. Үй жай, отун-суубузду камдап, күзгү жыйым-терим учурунда картөшкө, сабизден бери мүшөктөп түшүрүп беришчү. Окуучуларыбыздын ата-энелери үйлөрүнө чакырып, далай коноктошту.

Жайылганга барган эң алгачкы 1981-жылы август айынын аягында жайлоого окуучуларды жыйнап келүү үчүн барганыбыз эсимден кетпейт. Мен, Мира, Жүрсүн үчөөбүз дүкөнчү Зуур аксакалдын уулу Журабектин «көк кашка» (ЗИЛ) машинесине түшүп алып барганбыз. Жайлоодон бизди жакшы тосуп алышып, доктун[1] майы, токоч, каймагы бузулбаган айран, каттама, курут – айтор, толтура даамдарды коюп, чай беришкен.

Биздин мектептин деректири Иса Сайназаров агайдын Бүбүгүл эжеси да боз үйүнө чакырып, сыйлаган. Мен биринчи жолу доктун майын ооз тийген элем. Жерди казып, тегерек кылып, нан жапканга дандыр жасап алышканын көргөм. Ошентип, окуучуларды машинеге салып алып, айылга келген элек. НУР ТАШЫГАН АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕРГЕ

Мен 8-класска жетекчи болуп дайындалып, 7-8-9-класстарга алгебра, геометрия сабактарынан бере баштадым. Зээндүү окуучуларым көп болчу. Көпчүлүгү сылык, токтоо балдар, ырас, тентектери да бар эле.

Мугалимдерге мектептин жетекчилиги катуу талап коюп, завуч Алимжан Абдрахманов агайыбыз күндө эртең менен план-конспектибизди текшерип, кол коюп берчү. Эртең менен эрте саат 8 боло электе деректирибиз Иса Сайназаров агай мектептин эшигинин алдында дептер-калемин алып, мугалимдердин келишине көз салып, кечиккендерди мүнөтүнө чейин жазып турар эле. Анан бизди тамашалап ыр жазчу…

Маркум Иса агайдын жакшы ырлары бар эле, кол жазмасы да сулуу эле. Кайран агай!.. Мыкты жетекчи, район боюнча күчтүү математик эле…

Мира Кыдырбекова да дүйнөдөн өтүп кетти…

Миракем экөөбүз бир айылданбыз, мага жээн. Жерге-Талга Мира мурдараак барган эле, башталгыч класстын мугалими болчу. Мира аябай үгүттөп: «Биздин мектепте математик жетишпейт, деректирибиз күчтүү мугалим таап келгенге тапшырма берген» деп менин ата-энемди да көндүргөн. Ошентип, Жайылганга Мира менен чогуу келген элем.

Эсил кайран Миракем ак көңүл, жумшак, окуучуларга мээрим менен караган, ишенчээк, кесипкөй мугалим эле… Бала кыял болчу. Анысын билип алып, агайлар тамашалай беришчү.

Мектепте комсомол уюмунун секретары коомдук ишти аткарып, ай сайын чогулуш өткөрүп, токтомдорду иреттеп жазып, папкага тиркеп турчумун. Маал-маалы менен райком комсомолдон жетекчилер келип, иш кагаздарды текшерип, акт жазышып кетишчү.

Тажик улутундагы кесиптештердин өз ара сөздөрүн түшүнүү үчүн райборбордогу китеп дүкөндөн “Тажикче-орусча сүйлөшмөнү” сатып алып, кыйла үйрөндүм.

Кийин мени бир жыл кандидат катары сынап, райкомдун ачык чогулушунда Коммунисттик партиянын катарына кабыл алышкан. Ал кезде биринчи катчы Салохов болчу.

Кийин Дехоти орто мектебинин партиялык уюмун жетектедим.

Комсомолдун Тажикстан Борбордук Комитетинин 60 жылдык юбилейине карата Ардак грамота жана Алкыш баракчасы менен сыйлангам.НУР ТАШЫГАН АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕРГЕ

НУР ТАШЫГАН АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕРГЕ

НУР ТАШЫГАН АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕРГЕ

 Тажикстанда компартияга мүчө болуп, алкыш кат, грамоталарды да алган: Алкыш кат. Партиялык билет. Грамота.

 

Тажик калктуу Ак-Сай айылындагы орто мектепке ачык партиялык чогулушка Жайылгандан жөө барып, күркүрөп аккан сүрдүү Кызыл-Суу дайрасындагы көпүрөдөн өтүп, айыл аралап баскан кездерим көз алдыман чубурат…

Чогулуштан кийин мектеп деректири Рахматулло агай үйүнө алып барып, байбичеси дасторкон жайып, сый көрсөтүшкөн. Бул агай кыйын жетекчи эле, бизге кыздарым деп, атабыздай мамиле кылчу. Эже экөө тең мага таза кыргызча сүйлөчү. Эженин: «И-ий, кубатым, ата-энең барбы?» – деп сураганы эсимде. Кайтканда хубони сортундагы алмадан баштыкка толтуруп берип узатчу. НУР ТАШЫГАН АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕРГЕ

 Оңдон солго, 1-катарда – райЭББ (райОНО) башчысы Мырзабеков Токторбай жана Тажикстандын Билим берүү министрлигинен келген адистер. 2-катарда – Баймурзаев Абдижамил, математик (Кашка-Терек айылынан келип иштеген), Жээрембаева Зулайка, Дөөлөсова Турган, Садыкова Жүрсүн, Жээрембаева Гүлай. 3-катарда – Боронов Хамит, Абдрахманов Алимжан жана  Касенова Жыпар.

3. Мен мектепке эрте кирип, институтту 20 жашымда аяктагам. Өз жеримден алыска барып иштегенде жашоодогу чоң сыноодон өттүм – бул мен үчүн өтө маанилүү эле. Ата-энемден алыста жүрсөм да ишеничин актап, намысты бийик тутуп, татыктуу тарбиямды көрсөтүп, аларды кубантуум керек эле. Окуучуларыма терең билим берип, жүрүм-турумум менен үлгү болуп, мугалимдер арасында, айыл элинин, ата-энелер арасында кадыр-баркка жетиштим. Мен лидерлик сапатка ээ болдум! Сабырдуу, өжөр болуп, ар бир ишке анализ жүргүзүп, анан жыйынтык чыгарганга үйрөндүм.

Жайылганда жашап жүргөндө тойлорго барчубуз, биз үчүн өтө кызыктуу эле. Эл бизди аябай сыйлап, эжекелер деп, болгон тамагын алдыбызга коюшчу. Кийин мен да дандырга нан жаап, конокко барганда дасторконго тамак-ашымды ороп алып барып жүрдүм.

Клубка киного барчу элек. Райондун борборуна да ГАЗ-66 жүк машинеси менен барып келчүбүз. Заман тынч эле. Бизди барктап, сый көрсөтүп турушчу.

Кыргызстандан барып, ар кайсы айылда иштеген мугалимдер бири-бирибизге айылчылап барып турчубуз, ынтымактуу элек. НУР ТАШЫГАН АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕРГЕ

Зулайка эженин интернационал балдары.

  1. Жерге-Талда иштеп келгенден кийин Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Касымалы Жантөшев ат. орто мектепте деректирдин окуу иштери боюнча боюнча орун басары, кийин Ысык-Көл районундагы «Комсомол» орто мектебинде математика мугалими болуп иштедим. Орус, кыргыз класстарына сабак бердим.

Анан үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Казакстанга көчүп, Чымкент облусунда бала бакчанын тарбиячысы болуп 6 жыл эмгектендим. Кийинки жылдары Каракол шаарында жашап, N2 бала бакчада тарбиячы, бакча башчысы болуп, шаарда, облустук, республикалык конкурстарга катышып, жеңүүчү болдум. 1996-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” деген төш белгиси менен сыйландым.

Кийин Кыргыз Улуттук университетинин юриспруденция бөлүмүн сырттан окуп, артыкчылык дипломун алдым.

Караколдогу Кооперация институтунда кадрлар бөлүмүн жетектеп, окутуучу, улук окутуучу болуп 5 жыл эмгектендим.

2006-2007-окуу жылында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кадрлар бөлүмүндө иштеп, студенттер менен сабак да өтүп турдум. НУР ТАШЫГАН АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕРГЕ

Эмгек жолумду Саха (Якутия) Республикасында уланттым. Алгач бала бакчада тарбиячы болуп, кийин шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан Балдарды кошумча окутуу борборуна которулуп, «Балдар ассамблеясы» ийримин жетектедим.

Үзгүлтүксүз педагогикалык стажымды эске алышып “Саха (Якутия) Республикасынын эмгек ардагери” деген наам ыйгарышкан.

Якутияда жүрүп, кыргыз диаспорасынын активдүү мүчөсү катары райондук, шаардык иш-чараларга, конкурстарга мекендештердин балдарын даярдап, катыштырып турдум. Саха (Якутия) Республикасынын Мирный районундагы Элдердин ассамблеясы уюштурган майрамдарга улуттук кийимдерибиз менен чыгып, улуттук каада-салттарыбызды татыктуу көрсөтүп турдук. НУР ТАШЫГАН АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕРГЕ

Бул тууралуу Саха (Якутия) Республикасынын элдеринин ассамблеясынын Мирный районундагы бөлүмүнүн 20 жылдыгына арнап чыгарылган жыйнакта да жазылган: “Биримдик менен Ассамблеянын ишине таланттуу уюштуруучу жана педагог Сулайка Жээрембаева да салым кошту. Анын демилгеси менен 2011-жылы Мирныйда балдардын алгачкы интернационалдык Наурыз-Нооруз-Навруз-Чыл пазы майрамы өткөрүлдү. Бул майрамга ар кайсы жамааттардын балдары жана Балдарга кошумча билим берүү борборунун тарбиялануучулары катышты. 2013-жылы С. Жээрембаева кыргыздын белгилүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата уюштурулган райондук бир айлык мааракеге жигердүү катышты. Анда Тас-Юрях кыштагындагы №9 орто мектепте “Ак кеме” повести боюнча ачык сабак өткөрүп, Мирныйдагы  политехникалык институтта уюштурулган райондук окурмандар конференциясында баяндама жасады”.

2012-жылы Бишкектен өткөрүлгөн Замандаштардын бүткүл дүйнөлүк конгрессине Якутиянын Мирный шаарындагы кыргыз диаспорасынан шайланып келип катышкан элем.

Андан кийин 2013-жылы “Замандаш” партиясы Бишкекте, Ысык-Көлдө өткөргөн Мекендештердин жыйынына да катышкам.

  1. 5. Жерге-Талдан келгенден кийин мектептеги окуучуларым, кесиптештерим менен кат алышып турдум. Алдыңкы активист окуучум Наркинова Паришта классында болгон жаңылыктарды жазып турду. 1985-жылы мен алардын класс жетекчиси болчумун.

Гафуров Рахматулло агай улуту тажик болсо да, аракеттенип, кыргызча болгон жаңылыктарды билдирип, кат жазып турчу. Паришта окуучум менен Рахматулло агайдын каттарын ушул күнгө чейин сактап койгом.

2005-жылы Мира Кыдырбекова экөөбүз Жерге-Талдан көчүп келген агай-эжелерибизди издеп, Садовое айылына Элчибеков Калбек агай менен Саадат эженин, Юрьевка айылына Сайназаров Иса агай менен Сайрагүл эженин, Сыдыков Байдылда агай менен Гүлжамал эженин, Ивановка айылындагы Тешебаев Шароф агай менен Кылым эженин үйлөрүнө барып, конуп келгенбиз.

2014-жылы Иса агай өтүп кеткенде келип, акыркы сапарына узатууга катышкам.

2015-жылы Жерге-Талга Дүйшөмбү шаары аркылуу барып келгем. Сайрон айылына мурда барып иштеп жүргөн Жаңыл Байгашкаева эжем, Ашим жездем тосуп алышкан.

Жерге-Талда райондун борборунда жашаган мурдагы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мырзабеков Токторбай агайдын үйүнө да барып, учурашкам. Пенсияга чыгуу үчүн архивдик справка алганга Токторбай агай уулуна табыштап, мага жардам беришкен болчу.

Андан кийин Жайылгандан 3-4 кун кыдырып, мейманчылап жүрдүм. Мектебиме бардым, мугалимдер, окуучулар менен жолугуп, Боронов Хамит агай түзгөн тарых музейин кыдырып чыктым. Жыпар Касенова эжемдин үйүндө жүрдүм. Хамит агай үйүнө чакырып, сыйлады. Окуучуларым Тайиров Нисрат, Сафаралиев Жалол, Пирбиева Эркехан баш болуп, бир топ окуучуларым Майдан-Тал жайлоосуна чыгышты. НУР ТАШЫГАН АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕРГЕ

Рахманов Азим агай менен аялы Гүлү, менин окуучум Чынар Мусаева жана Кыдырбекова Миранын окуучусу Маматалиева Хадича (экөө тең кийин мугалим болду), дагы бир окуучум Насиров Зуур үйлөрүнө чакырышып, конок кылышкан.

Кассирибиз Мухтар аба менен аялы Апиза эжелердин да үйүндө эки жолу мейман болгом.

Ак-Сайдагы тажик тилдүү мектептин деректири Гафуров Рахматулло агай менен байбичесине, уулу Нурулло каза болгондо, агайдын Жайылганда жашаган уулунун үйүнө Жыпар эже экөөбүз барып Куран окуттук. Жайылгандагы уулу (атын так эстей албай койдум Нигматулло беле?) мага “өзүбүздүн Ак- Сайдагы бал челектен асел”, ала кетиңиз деп, бир чоң банка толтура бал берген, келинчеги кымбат  баркыт кездеме берген, көйнөк тигип кийиңиз деп…

Ошол адамгерчилик мамиле боордоштук сезимди пайда кылат экен

Жайылгандын базарын кыдырып жүрүп, көптөгөн туугандарга жолуктум, баары жылуу учурашышты.

2006-жылы Иса Сайназаров агай менен аялы Сыдыкова Сайрагүл эжемди Мира экөөбүз өзүбүз туулуп өскөн Ак-Булуңга, ата-энебиздин үйүнө чакырып, 4 күн сыйладык. Биздин Түргөн жайлообузга чыгарып, Ысык-Көлдүн жээгине эс алдырдык.

Сайназаровдордун үй-бүлөсү менен бир туугандай эле болуп калдык, ушул убакка чейин тыгыз байланышып, катташып турам.

2022-жылдан бери Дехоти мектебинин мурдагы мугалимдер коллективин бириктирип, Давлатбек Боронов агай экөөбүз тайпа түзгөнбүз, агай-эжелер жолугушуп, чер жазышып, сыйлашып турабыз.

Жерге-Тал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мырзабеков Токторбай агай, Дехотиде кийин деректир болуп иштеген Зикиров Камчыбек агай Кыргызстанга көчүп келгенден кийин каза болушту. Окуучуларым Паришта, Жунус болуп барып, балдарына, үй-бүлөсүнө жолугуп, көңүл айтып келдик.

  1. 6. Жайылгандагы окуучу кыздарымдын баары бийге шыктуу эле. Мен да кызыгып, окуучум Жангирова Халима мага тажикче бийлегенди үйрөткөн. Өзгөчө «Чакра чаки» деген ырга жер тепкилеп бийлегени жаккан.

Диалектилик сөздөрдү, мисалы, “чака” эмес, “челек” деш керектигин билбей күлгөн учурларыбыз болгон.

Өз кесибим боюнча төрт республикада түркүн улуттар менен иштедим: Тажикстанда 4, Казакстанда 6, Кыргызстанда 20, Якутияда 14 жыл эмгектендим.

 

Бөлүшүү