КӨРҮҮСҮ НАЧАР БАЛДАРГА ЖАҢЫ ИМАРАТ КУРУЛАТ
- 09.11.2026
- 0
Көрүүсү начар балдар үчүн Аламүдүн районунун Воронцовка айылында курула турган жаңы мектепке үч гектар жер бөлүнүп берилет.
Мындай зарылдык ал имараттын эскилиги жетип, оңдоп-түзөөгө жарабай калгандыгынан улам пайда болгон. Мектептин директору Бекжан Бейшембаев учурда жылытуу сезону башталгандыгына карабай, суу түтүктөрүнүн керектен чыккандыгына байланыштуу авариялык кырдаалдар түзүлүп жаткандыгын билдирди. 
Айрым маалыматтарга караганда ал жакта окуп-тарбияланган балдардын кээ бир ата-энелери мындай өзгөрүүгө каршы пикирлерин билдирүүдө.
Эске сала кетсек, Президент С.Жапаровдун Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушуусу учурунда кызы ошол мектепте окуган Каухар аттуу жергиликтүү тургун көзү начар көргөн балдардын ата-энелери мектепти Воронцовкага көчүрүүгө каршы чыгып, буга чейин окуу жайды мурунку ордунда калтыруу өтүнүчү менен кайрылышканын, бирок кайрылууларына жооп алыша электигин билдирген.
Президент менен жолугушууда Курулуш министри Нурдан Орунтаев эки корпустан турган азыркы имарат 1939-жылы курулганын жана абалы канааттандырарлык эмес экенин айтып, түзүлгөн кырдаал боюнча түшүндүрмө берди. Ал жер тилкеси бир гектарга жетпеген аянтты ээлеген мектептин спорт залы да жок экендигин айтты.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жаңы мектеп куруу үчүн бөлүнүп берилген үч гектар жер аянтына балдарды окутуу жана жашоосу үчүн бардык зарыл шарттары бар заманбап реабилитациялык борбор түзүү пландалып жатканын маалымдады.
Президент ал имараттын эскилиги жеткендигине жана азыркы абалына байланыштуу аны капиталдык оңдоодон өткөрүү максатка ылайыксыз экенин белгилеп, жаңы мектептин курулушун тездетүүнү жана ал даяр болгонго чейин тарбиялануучуларды ал жакка которбоону тапшырды.
Бишкек шаарындагы Панфилов жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мектепте республика боюнча 240 бала билим алат.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”