БҮТ ӨМҮРҮН СПОРТКО АРНАГАН БООБЕК АГАЙ

  • 09.11.2026

Сексен жылдык өмүр, жарым кылымдан ашуун эмгек жана кыргыз спортунун тагдыры үчүн күйгөн жаратман, мекенчил инсан

 2026-жылдын 9-ноябрында кыргыз спортунун таанымал өкүлдөрүнүн бири, футбол боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу,  Кыргызстандын дене тарбия жана спорттуна эмгек сиңирген кызматкер, билим берүүнүн мыктысы Бообек Кадыркулов 80 жашка толуп жатат. Анын өмүр жолу — спортко берилгендиктин, уюштуруучулук жөндөмдүн, кесиптик жоопкерчиликтин жана өз тармагынын келечегине кайдыгер карабаган жарандык позициянын өрнөгү.

БҮТ ӨМҮРҮН СПОРТКО АРНАГАН БООБЕК АГАЙАдамдын өмүрүн жылдар менен гана өлчөө мүмкүн эмес. Анын коомго кошкон салымы, артында калтырган изи, канчалаган адамдардын тагдырына таасир эткени, жасаган ишинин кийинки муундарга канчалык пайда алып келгени да маанилүү. Ушул өңүттөн алганда, Бообек Кадыркуловдун сексен жылдык өмүр жолу кыргыз спортунун өнүгүү тарыхы менен тыгыз байланышта.

Ал спорттук аянтчада футбол ойногон жаш жигиттен баштап, машыктыруучу, спорт мектебинин жетекчиси, райондук жана облустук спорт комитеттеринин төрагасы, республикалык деңгээлдеги адис, спорт башкармалыктын башчысы жана шаардык спорт тармагын башкарууга катышкан жетекчи даражасына чейин көтөрүлдү. Анын эмгек жолу бир гана кызматтардын тизмеги эмес. Бул — спортту элдин турмушуна жакындатууга, балдардын ден соолугун чыңдоого, жаш таланттардын жолун ачууга жана өлкөдө дене тарбия маданиятын өнүктүрүүгө багытталган узак жылдардагы аракеттердин тарыхы, түмөн түйшүктүү мээнети, бүт өмүрүн спортко арнаган тагдыры.

Таластан башталган кыял

Бообек Кадыркулов 1946-жылдын 9-ноябрында Талас жергесиндеги Чат-Базар айылында төрөлгөн. Айыл турмушунун жөнөкөйлүгү, эмгекке жакындыгы жана адамдардын бири-бирине болгон мамилеси анын бала чагы өткөн чөйрөнүн өзгөчөлүктөрү эле.

Алгач Чат-Базар айылындагы Оторбаев атындагы мектепте сегизинчи класска чейин окуп, андан кийин Талас шаарындагы № 1 мектепте билимин улантып, тогузунчу жана онунчу класстарды аяктаган. Дал ушул жылдары анын футболго болгон кызыгуусу күчөп, келечектеги кесиптик жолунун багыты аныктала баштаган.

Талас шаарындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин футбол секциясына катышып жүргөн жаш Бообек белгилүү «Алга» командасынын оюнчусу болууну кыялданчу. Ал кезде футболго болгон сүйүү анын жеке кызыгуусу гана эмес, алдыга койгон максаты, келечекке болгон ишеними эле.

Кийинчерээк ошол кыял аны Фрунзе шаарына зор үмүт менен алып келди. 1964–1968-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда «Футбол» адистиги боюнча билим алды. Институттагы жылдар анын спорттук чеберчилигин өркүндөтүп, футболдун теориясын жана практикалык негиздерин өздөштүргөн кесипкөй адис катары калыптанышына өбөлгө түздү.

Ал окуу менен гана чектелген жок. Кыргыз ССРинин чемпионатында ойногон Таластын «Спартак» жана СКИФ командаларынын капитаны болуп, таластыктардын намысын коргоду. Ошондой эле Кыргыз ССРинин студенттик курама командасын да капитан катары жетектеп, жогорку окуу жайлар арасындагы СССР чемпионатына катышты.

Капитан болуу — командадагы оюнчулардын арасында жөн гана мыкты футболчу катары айырмалануу эмес. Бул — команданын жоопкерчилигин алуу, оюнчуларды бир максатка багыттоо, оор учурда чечим кабыл алуу жана команданын кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору коюу болуп саналат. Бообек Кадыркуловдун кийинки жетекчилик ишмердигинде дал ушул сапаттар маанилүү орунду ээлегенин анын өмүр жолунан жана ишмердигинен көрүүгө болот.

БҮТ ӨМҮРҮН СПОРТКО АРНАГАН БООБЕК АГАЙФутбол талаасынан спорттук жетекчиликке чейинки жол

1968-жылы институтту аяктагандан кийин Бообек Кадыркулов өзүнүн окуу жайынын футбол кафедрасында окутуучу болуп эмгек жолун баштады. Ошентип, ал футболчу катары топтогон тажрыйбасын жаштарга үйрөтүүгө киришти. Бул жаш адис үчүн зор ишеним эле. Себеби, кечээ студент болсо, Жогорку окуу жайдын жетечилери мыкты бүтүрүүчү катары ага ишеним артып, окутуучу болуп, жаштардын футболго болгон сүйүүсүн ойготуп, лекция окуп, практикалык сабактарды өтүп жүрдү.

1969–1970-жылдары Рязань шаарында Советтик Армиянын катарында кызмат өтөдү. Аскердик кызматтан кийин үй-бүлөлүк шартына байланыштуу туулган жерине жакын Таласка кайтып келип, 1970–1972-жылдары балдардын спорт мектебинде машыктыруучу жана окутуучу, 1972–1974-жылдары ошол мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеди.

Бул мезгилде анын ишмердиги спорттук даярдык менен гана чектелбестен, балдар менен иштөөнү уюштуруу, машыгуу процессин жөнгө салуу жана спорттук билим берүүнүн сапатын жакшыртуу багытында да өнүктү.

1974-жылы Бообек Кадыркулов үчүн жаңы баскыч башталды. Ал шаардык, райондук жана Талас облустук спорт комитеттеринин төрагасы кызматтарын аркалап, 1984-жылга чейин спорт тармагын уюштуруу жана башкаруу иштерине жетекчилик кылды.

Спортту өнүктүрүүдө таланттуу оюнчулар менен машыктыруучулар канчалык маанилүү болсо, аларга керектүү шарт түзгөн уюштуруучулардын эмгеги да ошончолук маанилүү. Спортчу машыгуу үчүн аянтчага, залга, жабдууга жана туруктуу даярдык системасына муктаж. Ал эми мындай шарттар өзүнөн-өзү пайда болбойт. Аны пландаштыруу, каржы жана материалдык мүмкүнчүлүктөрдү издөө, жергиликтүү жетекчилер менен сүйлөшүү, курулуш иштерин уюштуруу талап кылынат.

Бообек Кадыркуловдун Таластагы ишмердиги дал ушул багытта өзгөчө белгиленет.

Талас жергесинде спорттун пайдубалын бекемдөө

1974–1984-жылдардагы анын ишмердигинин маанилүү багыттарынын бири спорттук инфраструктураны өнүктүрүү болду.

Анын жетекчилик кылган мезгилинде Талас шаарында, Кировский айылында — азыркы Кара-Буура айылында — борбордук стадиондор курулган. Кара-Буура айылында эски кинотеатрдын имараты күрөш залына ылайыкташтырылып, Ключевка — азыркы Боо-Терек айылында «Манас» колхозунун эски кеңсе жайы спорттук машыгуулар үчүн пайдаланылган.

Көптөгөн жер төлөлөр жана жарым жер төлө бөлмөлөр спорттук объектилерге айландырылган. Манас районунда жыйырма орундуу мейманканасы бар спорт комплекси пайда болгон. Талас шаарында футбол боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектеби, ал эми Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби ачылган.

Бул иштердин артында ошол мезгилдин мүмкүнчүлүктөрү менен эсептешип, колдо бар имараттарды пайдаланып, спортко керектүү жайларды түзүүгө умтулган уюштуруучулук аракет турган.

Айылдагы эски кеңсе, кинотеатр же кампа жаңы милдетке ээ болуп, балдардын машыгуусуна кызмат кыла башташы — спортту өнүктүрүү үчүн дайыма эле чоң курулуштарды күтүп отуруу зарыл эмес экенин көрсөткөн тажрыйба. Эң негизгиси — зарылчылыкты көрө билүү, мүмкүнчүлүктү туура пайдалануу жана демилгени ишке ашыруу.

Көк-Сай айылында кампаны кайра жабдуу аркылуу оор атлетика менен машыгууга шарт түзүлгөнү да ушул аракеттердин катарына кирет.

Бул объектилердин тарыхый маанисин бир гана курулган имараттардын саны менен баалоо жетишсиз. Алар балдардын спортко келишине, айылдарда машыгуу мүмкүнчүлүгүнүн кеңейишине жана спорттун ар кандай түрлөрү менен алектенүүгө жол ачкан.

Талас жергесинде аялдар, мектеп окуучулары жана кесиптик окуу жайлардын студенттери арасында спартакиадалар, футбол боюнча биринчиликтер үзгүлтүксүз өткөрүлө баштаган. Демек, спорттук иш-чаралар өзүнчө командалардын алкагынан чыгып, калктын ар кандай катмарын камтыган коомдук кыймылга айлана баштаган.

Бообек Кадыркуловдун ишмердигиндеги маанилүү өзгөчөлүк — спортту бир нече мыкты оюнчунун жетишкендиги катары эмес, бүтүндөй коомдун ден соолугуна жана жаш муундун тарбиясына байланышкан маселе катары кароого умтулганы.

БҮТ ӨМҮРҮН СПОРТКО АРНАГАН БООБЕК АГАЙСпорт — стадион менен гана чектелбейт

Бообек Кадыркуловдун жетекчилик кылган мезгилинде республикада биринчи болуп Талас облусунун бардык мектептеринде жана спорт базаларында стандартка кирбеген спорттук курулмаларды уюштуруу демилгеси көтөрүлгөнү тууралуу маалымат бар.

Бул демилгенин өзөгүндө спортту мүмкүн болушунча көп балага жеткирүү максаты жаткан. Анткени спорттун келечеги чоң стадиондордо гана эмес, мектептин короосунда, айылдагы жөнөкөй аянтчада, машыктыруучунун көзөмөлүндө топ тепкен балдардын арасынан да башталат.

Аймактарда спорттук шарттарды кеңейтүү үчүн Бообек Кадыркулов райондук жана облустук комсомол комитеттери, элге билим берүү бөлүмдөрү менен тыгыз кызматташкан. Анын эмгеги комсомол комитетинин, Кыргыз ССРинин Лениндик коммунисттик жаштар союзунун жана СССРдин ВЛКСМ Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен бааланган.

1982-жылы Талас районунун жамааты спорт комплекстерин куруу жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча кароо-сынактын жеңүүчүсү болуп, Кыргыз ССР Министрлер Советинин Кызыл Туусуна ээ болгон.

Бул сыйлыкты бир гана жетекчинин жеке ийгилиги катары эмес, спортту өнүктүрүүгө катышкан жергиликтүү адистердин, машыктыруучулардын жана коомчулуктун биргелешкен аракетинин натыйжасы катары кароо туура. Ошол эле учурда мындай жетишкендиктердин артында демилге көтөрүп, адамдарды уюштуруп, иштин үзүрүн талап кылган жетекчилердин эмгеги турганы талашсыз.

1981-жылы Талас жергесинде жеңил атлетика боюнча Олимпиаданын коло байге ээси Сатымкул Жуманазаровдун катышуусунда Киров айылынан Талас шаарына чейинки алтымыш чакырымдык жөө марш-пробег уюштурулган. Ага миңдеген спорт сүйүүчүлөр катышып, белгилүү спортчуну айылдан айылга чейин коштоп барышкан.

Бул иш-чараны спорттун эл арасындагы кадыр-баркын көтөрүүгө, жаштарды дене тарбияга кызыктырууга жана белгилүү спортчулардын жетишкендиктерин үлгү катары көрсөтүүгө багытталган демилге катары баалоого болот.

Спорттун коомдук мааниси дал ушундай учурларда даана көрүнөт: чемпиондун жеңиши жеке адамдын ийгилиги бойдон калбастан, миңдеген адамдарды шыктандырган окуяга айланат.

БҮТ ӨМҮРҮН СПОРТКО АРНАГАН БООБЕК АГАЙКыргыз футболуна кызмат кылган жылдар

Бообек Кадыркуловдун өмүр баянында футбол өзгөчө орунду ээлейт. Ал футболду бала кезинен сүйгөн, оюнчу катары анын ички дүйнөсүн түшүнгөн, капитан болуп команданы жетектеген жана кийин машыктыруучу катары жаш футболчуларды тарбиялоого катышкан адис.

Таластын «Манас» жана «Семетей» командалары анын машыктыруучулугу алдында 1975-жылы Душанбе шаарында өткөн мелдеште экинчи орунду, Фрунзе шаарындагы бүткүл союздук мелдештерде үчүнчү орунду ээлешкен.

Бул жетишкендиктер ошол кездеги Талас футболунун спорттук мүмкүнчүлүктөрүн жана командаларды даярдоого жумшалган эмгекти көрсөтөт.

Бообек Кадыркулов жаш футболчулардын өсүп-жетилишине да көңүл бурган. Ал Таластын футбол мектебинен чыккан, кийин спорт тармагында жетекчилик кызматтарды аркалаган Кадырбек Атакараевдин алгачкы устаттарынын бири болгон.

Кадырбек Атакараев сегиз жашынан футбол менен машыгып, Таластын «Манас» командасынын курамында Бүткүл союздук «Булгаары топ» мелдештерине катышкан. Команда 1973-жылы коло, 1974-жылы күмүш байге уткан.

Бообек агайдын эскерүүсүндө Кадырбек экинчи класста окуп жүргөндө эле футболго кызыгып келген. Ал жаштар арасындагы өлкөнүн тандалма командасынын мүчөсү болуп, белгилүү «Алга» командасынын курамында да ойногон. Кадыркулов анын дене түзүлүшүн, тактикалык даярдыгын жана футболдук жөндөмүн өзгөчө белгилеген.

Кийин Кадырбек Атакараевдин спорт тармагында уюштуруучу катары иш алып барганы да анын алгачкы жылдардагы жөндөмүнүн уландысы болгон.

Машыктыруучунун эмгегинин натыйжасын кээде ошол замат көрүүгө болот: команда жеңишке жетет, оюнчу мыкты гол киргизет, турнирде байгелүү орун алынат. Бирок анын чыныгы таасири жылдар өткөндөн кийин да билинет. Анткени машыктыруучу жаш адамга спорттук чеберчиликтен тышкары тартипти, жоопкерчиликти, эмгекчилдикти жана максатка умтулууну үйрөтөт.

Бообек Кадыркуловдун уулу Нурзаттын да атасынын жолун улап футболчу жана машыктыруучу болушу үй-бүлөдөгү спорттук салттын уланганын көрсөтөт.

Нурзат Кадыркулов Кыргызстандын жогорку лигасында жаш кезинен ойноп, «Алга-ПВО», «Дордой», «Динамо» жана башка командалардын курамында чыккан. Ал 1999-жылы «Динамонун» курамында Кыргызстандын чемпиону болгон. Кийин машыктыруучулук ишке өтүп, 2014–2015-жылдары «Алга» клубунун башкы машыктыруучусу болуп иштеген. Анын жетекчилиги алдында «Алга» 2014-жылы чемпионаттын коло медалдарын жеңип алган.

Атанын кесиби уулунун турмушунда сөзсүз кайталанышы шарт эмес. Бирок спортко болгон сүйүүнүн, машыктыруучулук тажрыйбанын жана футболго берилгендиктин муундан муунга өтүшү — өзүнчө маанилүү көрүнүш.

БҮТ ӨМҮРҮН СПОРТКО АРНАГАН БООБЕК АГАЙРеспубликалык деңгээлдеги жоопкерчилик

Талас облусу жоюлгандан кийин Бообек Кадыркулов мурдакы Фрунзе, учурдагы Бишкек шаарына которулуп, Мамлекеттик спорт комитетинде спортту камсыздоо бөлүмүнүн начальниги, кийин спорт башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. Андан соң «Намыс» профсоюз коомунун спорт башкармалыгын жетектеген.

1995–2008-жылдары Бишкек шаардык спорт жана туризм комитетинин төрагасынын орун басары кызматын аркалап, борбор калаанын Дене тарбия жана спортунун өсүп-өнүгүшүнө,  кесипкой кадрларды даярдоого, талантуу спортчулардын ийгиликтерге жетүүсүнө  тоодой салым кошту. 2008–2009-жылдары жеңил атлетика боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинин директору болуп, спортчулардын  чеберчилигин жогорулатууга басым жасап, эл аралык жеңиштерге жетүүсүнө жол ачты.

Ардактуу эс алууга чыккандан кийин да ал спорт тармагынан алыстаган жок. Жетимиш беш жашка чыкканга чейин шаардык жана республикалык спорт мекемелеринин түзүмдөрүндө методист катары эмгектенип, топтогон тажрыйбасын бөлүшүүнү улантты.

Ал Талас шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, Кыргызстандын Футбол федерациясынын аткаруу комитетинин мүчөсү катары көп жыл иш алып барды. Мындан тышкары, райондук жана облустук комсомол комитеттеринин бюро мүчөсү, облустук профсоюз комитетинин пленумунун мүчөсү болгон.

Бул кызматтардын ар бири өзүнчө милдетти жана жоопкерчиликти талап кылган. Бирок алардын бардыгын бириктирген жалпы багыт бар эле: спорттун уюштурулушуна, башкарылышына жана өнүгүшүнө зор салым кошуу.

Бообек Кадыркуловдун кесиптик ишмердиги Кыргыз Республикасынын футбол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу,  Кыргызстандын дене тарбия жана спорттун эмгек сиңирген кызматкери, дене тарбия жана спорттун отличниги деген ардактуу наамдар менен бааланган. Ал улуттук категориядагы калыс катары да таанылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Бирок спорт тармагындагы адистин эмгегин расмий наамдар менен гана өлчөө жетишсиз. Анын иштеген жылдары, уюштурууга катышкан спорттук объектилери, жаштарга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр жана бөлүшкөн тажрыйбасы да анын кесиптик өмүрүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Спорттун бүгүнкүсү жана эртеңкиси үчүн тынчсызданган адис

Бообек Кадыркуловдун спортко болгон мамилесин анын  жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маектеринен да байкоого болот. Ал спортту башкаруу түзүмдөрүнүн тез-тез өзгөрүшүнө, балдар спортуна жетиштүү көңүл бурулбай жатканына, машыктыруучулардын даярдыгына жана спорттук инфраструктуранын абалына байланыштуу көйгөйлөрдү ачык айтып келет.

Анын пикиринде, Кыргызстанда спортту өнүктүрүүнүн туруктуу мамлекеттик программасы зарыл. Бийлик алмашкан сайын спорт мекемелеринин түзүмүн өзгөртө берүү тармактын ишине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан ал түзүмдөрдү кайра-кайра өзгөртүүгө караганда, учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө, жоопкерчиликти күчөтүүгө жана иштин натыйжалуулугун арттырууга артыкчылык берүү керектигин белгилейт.

Бул жерде маселе мекеменин аталышында гана эмес. Спортту өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү максаттары, каржылоонун туруктуулугу, адистерди даярдоо, аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана аткарылган иштин жыйынтыгын баалоо системасы маанилүү.

Бообек Кадыркулов спортту өнүктүрүүнүн аймактык программаларын иштеп чыгуу, мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн кызматташтыгын күчөтүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү кеңейтүү зарылдыгын да көтөрүп келет. Анын ою боюнча, жетекчиден тартып жөнөкөй машыктыруучуга чейин ар бир кызматкер өзүнө жүктөлгөн милдет үчүн жоопкерчиликти сезиши керек.

Өзгөчө тынчсыздандырган маселелердин бири — машыктыруучулардын кесиптик даярдыгы. Жаш спортчунун келечеги көп жагынан анын алгачкы устатына байланыштуу. Машыктыруучу спорттун техникасын гана үйрөтпөстөн, машыгуу жүгүн туура бөлүштүрүүгө, тартипти сактоого, ден соолукка жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана мелдешке даярданууга да багыт берет.

Ошондуктан машыктыруучуларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын чыңдоо, илимий-методикалык жардамды өнүктүрүү, спорттук медицинанын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү — анын көтөрүп келген маселелеринин бири.

Ал 2030-жылга чейинки өнүгүү келечегин талдап, айыл өкмөттөрүнө атайын адистерди киргизүү, спортчулардын тамактануу ченемдерин жакшыртуу жана машыктыруучу-окутуучулардын эмгек акысын көтөрүү сыяктуу сунуштарды да айткан.

Бул сунуштардын артында жөнөкөй, бирок маанилүү ой жатат: спорттун ийгилигин кааласак, аны түздөн-түз өнүктүргөн адамдарга шарт түзүшүбүз керек.

БҮТ ӨМҮРҮН СПОРТКО АРНАГАН БООБЕК АГАЙБалдар футболу — келечекке салынган инвестиция

Кыргыз футболунун келечеги тууралуу сөз болгондо, Бообек Кадыркулов биринчи кезекте балдарга жана жаштарга көңүл буруунун зарылдыгын белгилейт.

Анын пикиринде, мурдагы балдар спорт мектептерин жана алардын футбол бөлүмдөрүн калыбына келтирип, квалификациялуу адистер менен камсыздоо керек. Айылдарда жөндөмдүү ойногон балдарды таап, алардын спорттук чеберчилигин өстүрүүгө шарт түзүү зарыл.

Ал өлкөнүн түштүгүндө олимпиадалык резерв мектебин ачуу, ар бир облуста жогорку лигада ойной турган командаларды түзүү маселелерине да көңүл бурат. Мындай сунуштардын маңызы — таланттуу балдардын мүмкүнчүлүгү алардын жашаган жерине же үй-бүлөсүнүн материалдык шартына гана көз каранды болуп калбашы керек деген ойдо.

Футболдо жөндөмдүү баланы табуу — иштин башталышы гана. Аны системалуу машыктыруу, сапаттуу мелдештерге катыштыруу, ден соолугун көзөмөлдөө жана спорттук өсүшүнө шарт түзүү зарыл.

Өлкөнүн чемпионатынын деңгээлин жогорулатуу, командалардын ортосундагы атаандаштыкты күчөтүү жана эл аралык мелдештерге даярдыкты жакшыртуу да ушул системанын бөлүгү.

Бообек Кадыркулов кыргыз клубдарынын эл аралык мелдештердеги ийгиликтерине байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, футболдун чеберчилиги атаандаштык күчтүү оюндар аркылуу өсөрүн белгилеген. Анын оюнча, футболго мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү жана өлкөнүн ички чемпионатын жакшыртуу зарыл.

Акыркы жылдары аймактарда футболго көңүл бурулуп, жаңы командалардын жана академиялардын пайда болушун ал үмүт жараткан көрүнүш катары баалайт. Бул процесстер туруктуу өнүгүүгө айланышы үчүн балдар футболунан башталган даярдык системасынын үзгүлтүксүз иштеши маанилүү.

Спорт — улуттун ден соолугу

Бообек Кадыркуловдун көз карашында спорттун мааниси футболдун же башка бир түрдүн жеңиштери менен гана чектелбейт. Ал дене тарбияны коомдук саламаттык, жаштардын тарбиясы жана улуттун келечеги менен байланыштырган маселелердин бири катары карайт.

Анын айтымында, мектептердеги дене тарбия сабактарына, спорт аянтчаларына жана балдардын машыгуусуна өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ал мурда турак жай конуштарын курууда спорт аянтчалары үчүн жер каралчу болсо, азыр айрым жерлердин башка максаттарга пайдаланылып жатканына тынчсыздануусун билдирген.

Бул маселе бүгүн да коомдук талкууга татыктуу. Баланын спорт менен машыгуусу үчүн үйүнө жакын коопсуз аянтча, дене тарбия мугалими жана жеткиликтүү секция болушу керек. Спорттук мүмкүнчүлүктөрдү шаар борборунда гана топтоп коюу айылдардагы жана алыскы аймактардагы балдардын өнүгүүсүн чектеши мүмкүн.

Ошондой эле Бообек Кадыркулов мүмкүнчүлүгү чектелген спортчуларга шарт түзүү маселесин да көтөрүп келет. Ал эл аралык мелдештерге жана Паралимпиада оюндарына катышкан спортчулар өлкөнүн атын таанытып жатканын белгилеп, алардын машыгуусуна жана даярдыгына көбүрөөк көңүл буруу керектигин айткан.

Анын пикиринде, параспортту өнүктүрүү үчүн атайын спорт мектептеринин, машыгуу секцияларынын жана материалдык колдоонун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарыл. Жакшы шарт түзүлсө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да жогорку спорттук жетишкендиктерге жете аларын дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп турат.

Бул жерде спорттун адамдык маңызы өзгөчө ачык көрүнөт. Спорт адамды коомго аралаштырат, өз күчүнө ишенүүгө үйрөтөт, тоскоолдуктарды жеңүүгө дем берет. Демек, спортко жеткиликтүүлүктү кеңейтүү — коомдун ар бир мүчөсүнө мүмкүнчүлүк берүү деген сөз.

БҮТ ӨМҮРҮН СПОРТКО АРНАГАН БООБЕК АГАЙСын — тармактын келечегине кайдыгер эместиктин белгиси

Кесиптик тажрыйбасы мол адамдын өз тармагындагы кемчиликтерди көрүп, алар жөнүндө ачык айтуусу дайыма эле оңой эмес. Бирок Бообек Кадыркуловдун маектеринде спорттун уюштурулушу, адистердин сапаты жана мамлекеттик колдоо маселелери кайра-кайра көтөрүлүп келет.

Анын айрым пикирлери курч айтылышы мүмкүн. Бирок алардын негизинде спорттун абалын жакшыртууга болгон талап жатканын байкоого болот. Ал спорт мекемелеринин макамына, машыктыруучулардын эмгек акысына, балдар спортунун келечегине жана улуттук курамаларды даярдоонун сапатына көңүл бурат.

Албетте, тармактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир гана сын жетишсиз. Так пландар, кесипкөй кадрлар, туруктуу каржылоо, натыйжалуу башкаруу жана аткарылган ишке жоопкерчилик керек. Ошол эле учурда көп жылдык тажрыйбага ээ адистердин сунуштарын угуу, алардын билимин пайдалануу жана талкууга тартуу да маанилүү.

Бообек Кадыркуловдун спорт тууралуу пикирлери дал ушундай талкууга негиз боло алат. Анын өмүрү спорттун ар кандай баскычтарын — советтик мезгилдеги уюштуруу системасын, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы өзгөрүүлөрдү жана бүгүнкү талаптарды — башынан өткөргөн адистин көз карашын чагылдырат.

Мындай тажрыйбаны кийинки муундарга жеткирүү өзүнчө мааниге ээ. Анткени ар бир тармактын тарыхы архивдик документтерде гана эмес, ошол иштин ичинде жүргөн адамдардын эскерүүлөрүндө, чечимдеринде жана сабактарында да сакталат.

Сексен жаш — басып өткөн жолго баа берүү

Бообек Кадыркуловдун өмүрүндөгү дагы бир маанилүү жагдай — анын кесиптик эмгек жолу 55 жылды түзөт. Жарым кылымдан ашык убакыт бою спорт тармагында иштөө, ар кандай кызматтарды аркалоо, уюштуруу иштерине катышуу жана топтогон билимин кийинки муундар менен бөлүшүү — чоң эмгекти талап кылган жол.

Анын өмүрүнүн маанилүү бөлүгү Талас менен байланыштуу. Ал ошол жерден спортко аралашып, футболго болгон сүйүүсүн кесипке айлантып, кийин аймактагы спорттук шарттарды жакшыртууга жетекчи катары катышты. Андан соң республикалык жана шаардык деңгээлде иштеп, футбол менен дене тарбиянын көйгөйлөрүн кеңири масштабда көрүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Бообек агайдын жеке турмушу да узак жылдарга созулган туруктуулуктун үлгүсү. Жубайы Гүлсара Бейшеналиева экөө 58 жылдан бери ынтымактуу өмүр сүрүп келишет. Гүлсара эже соода тармагында кырк жылдан ашык эмгектенген. Алар эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүшүп, тогуз небере жана алты чөбөрөнүн сыймыктуу чоң ата, чоң энеси болушкан.

Кесиптик жоопкерчилик менен үй-бүлөлүк милдетти бирге алып жүрүү да адамдын өмүрүндөгү чоң эмгек. Спорттогу тартипти, чыдамкайлыкты жана жоопкерчиликти даңазалаган адамдын жеке турмушундагы узак жылдык ынтымак өзүнчө баалуулук.

Адамдын артында эмне калат?

Сексен жылдык маараке — куттуктоолор айтылып, сый-урмат көрсөтүлө турган күн гана эмес. Бул — адамдын өмүр жолуна кылдат көз чаптырып, анын коомго кошкон салымын баалоого, жасалган иштерди эстеп, кийинки муундар үчүн сабак алууга мүмкүнчүлүк берген учур.

Бообек Кадыркуловдун өмүр баянынан бир нече маанилүү жыйынтык чыгарууга болот.

Биринчиден, спортту өнүктүрүү үчүн оюнчуларды жана машыктыруучуларды даярдоо менен катар материалдык шарттарды түзүү зарыл. Экинчиден, балдар спортуна салынган эмгек келечекте өлкөнүн спорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Үчүнчүдөн, спорт тармагында туруктуу башкаруу, кесипкөй кадрлар жана жоопкерчилик болмоюнча узак мөөнөттүү ийгиликке жетүү кыйын. Төртүнчүдөн, тажрыйбалуу адистердин билимин пайдалануу жана алардын сунуштарын угуу тармактын өнүгүшүнө жардам берет.

Бул ойлор бир адамдын өмүр баянынын чегинен чыгып, жалпы кыргыз спорту үчүн маанилүү маселелерге айланат.

Бообек агайдын өмүрү — бала кезиндеги футболдук кыялдан башталып, машыктыруучулукка, спортту башкарууга жана коомдук ишмердикке чейин уланган жол. Ал ар кайсы кызматтарда иштеп, ар башка мезгилдердин өзгөрүүлөрүн көрдү. Бирок анын өмүр жолундагы туруктуу багыт спортко болгон кызыгуу жана ушул тармактын өнүгүшүнө катышуу болду.

Урматтуу Бообек агай!

Сизди сексен жылдык мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Кыргыз спортуна арнаган көп жылдык эмгегиңиз, футболду өнүктүрүүгө кошкон салымыңыз, жаш муундарды тарбиялоого жана спорт тармагындагы маселелерди көтөрүүгө жумшаган аракетиңиз үчүн терең урмат-сый билдиребиз.

Сизге чың ден соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, балдарыңыздын, неберелериңиздин жана чөбөрөлөрүңүздүн жакшылыгын көрүп жүрө берүүнү каалайбыз. Көп жылдык тажрыйбаңыз менен акыл-насаатыңыз кийинки муундарга кызмат кылып, кыргыз спорту жаңы ийгиликтерге жетсин!

Сексен жылдык өмүрүңүз кут болсун, Бообек агай!

Кабы Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу жана спорттук баяндамачы

Бөлүшүү