НАН ЖААП ЖАТЫП АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨТКӨН КЕЛИН

  • 22.12.2022
  • 0

Оштун Куршаб айылынан Барчынай аттуу келин нан жаап, тамак жасап жатып эле англис тилин үйрөтүп, аз убакыттын ичинде Интернет жылдызына айланды.

НАН ЖААП ЖАТЫП АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨТКӨН КЕЛИН

Азыр Барчынайдын жалгыз ЮТУБ, Инстаграм каналында эле жүз миңдеген көрүүчүлөрү бар. Жолдошунун сунушу менен бир айдан бери видео сабактарын ТикТокко жүктөй баштады.

— Жолдошум жаштардын баары ошол жакта деп мага аккаунт ачып берди, — дейт ТикТок жылдызы.

НАН ЖААП ЖАТЫП АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨТКӨН КЕЛИН

Барчынай өзү ким? Анын мугалимдик билими барбы? Ушул суроолорго жооп издеп көрөлү.
Нан жаап жатып англис тилин үйрөткөн Барчынай Өмарбек кызы Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында жашайт. Үч баланын мээримдүү энеси. Кызыгы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин чет тилдер факультетин артыкчылык диплому менен аяктаганына карабай, мектепте бир аз гана иштеген экен.

— Жолдошум үйдөгү балдарды жакшылап бак, тарбияла, анан иштей турган учур келет, ошондо иштейсиң деген болчу. Сегиз жылдан бери үйдө олтурам. Бирок эч өкүнбөйм. Кулакка таккычты тагып алып, чет өлкөлүк мугалимдердин сабактарын, кызыктуу маектешүүлөрдү, аңгеме, баяндарды укканды адат кылдым. Натыйжада англис тилиндеги тексттерди угуу, түшүнүү көндүмдөрүм курчуп, тилим жатыкты. Анан өзүм да онлайн сабак өтө баштадым, — деп жооп берди ал.

Барчынайдын сабак өтүү методикасы өтө жөнөкөй. Ага интерактивдүү досканын же башка заманбап окуу каражаттарынын кереги жок. Үйдө күнүмдүк түгөнбөгөн жумушун кылып жүрүп эле, сабагын өтө берет. Бул албетте, үйдөгү түмөн түйшүккө байланган кыргыз кыз-келиндерине жакса керек, айтор катталуучуларынын саны күндөн-күнгө арбып баратат.

НАН ЖААП ЖАТЫП АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨТКӨН КЕЛИН

Ошентсе да биз, азырынча анын башка мугалимдерден болгон эң башкы айырмасын айта элекпиз. Анда угуп туруңуз!
Интернетте «Инглиш апаке» деген атка конгон Барчынай онлайн сабактарында жаңы сөздөрдү эне тилине которуп көрүүчүлөргө түшүндүрүп берет. А бизде кандай? Мугалимдердин көпчүлүгү жаңы сөздү алгач орус тилине, анан кыргыз тилине которуп жүрүшөт. Ошондон улам Интернеттеги жугумдуу сабактардын автору: «Орус тилин билбесең, англис тилин үйрөнө албайсың деген стереотиптен арылышыбыз керек!» деп эсептейт.

— Өз мамлекетибизде жашап жатып, эмне үчүн өз тилибизде сүйлөй албайбыз? Бул суроо мени көптөн бери ойлондуруп келет. Кайсыл тилди болбосун, эне тилибиз аркылуу үйрөнсөк, кыйла жеңил болот эмеспи, — дейт онлайн мугалим.

«Эң туура ыкма! Англис тили менен кыргыз тилинин грамматикасы опокшош. Орус тилине которуп, окуганга караганда үйрөнүү жеңил» деп Барчынайдын англис тилин эне тили аркылуу окутуу аракетин колдогондор Интернетте арбын экенин кошумчалай кетели.
Барчынай мыкты окутуучу эле эмес, ал таасын тарбиячы, кайненесинен таалим алган ыймандуу келин.

— Кыз-келиндерге айтар элем. Ата-энеңерди сыйлагыла, бирок өзүңөрдү жакшы көргөндү да унутпагыла! Хоббиңерди таштап койбогула! Өнүктүргүлө! Аял киши качан жан дүйнөсү тынч болсо, тышкы дүйнө менен гармонияда жашаса гана баласына мээримин, күйөөсүнө сүйүүсүн, кайын-журтуна жарык маанайын көрсөтө алат. Ал үчүн албетте билим алуу керек, — деп акыл-кеңешин айтат айылдык агартуучу келин.

Барчынай келечекте өзүнүн англис тилин үйрөткөн жеке мектебин ачууну кыялданат.

— Мүмкүнчүлүктү бизге эч ким түзүп бербейт. Ага милдеттүү да эмес. Эгер сиздин бийик максатыңыз болсо, эмгектене билсеңиз, анда сөзсүз бир күнү ийгиликке жетесиз, — дейт Барчынай.

Онлайн курстун угуучуларынын Инглиш апакеге болгон сый-урматы суктанарлык.

«Англис тилин ушунчалык сүйүү, жакшы көрүү менен окутканыңызга алкыш!»;
«Силерди көрүп ынтымактуу үй-бүлө кандай болушу керектигин билип алдык» деп жазышат өз комменттеринде Барчынайдын түрдүү курактагы ак пейил катталуучулары.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер