МЫЙЗАМСЫЗ АКЧА ЧОГУЛТУУГА ЖОЛ БЕРГЕН ДИРЕКТОР КЫЗМАТ ОРДУ МЕНЕН КОШТОШОТ

  • 31.05.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучуларынын ата-энелеринен мыйзамсыз акча каражатын чогултууга тыюу салынган. Президенттин “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашырууда ишеним почтасы жана ишеним телефону аркылуу түз байланыш ишин уюштуруу жагы жетекчилерге милдеттендирилген. 

МЫЙЗАМСЫЗ АКЧА ЧОГУЛТУУГА ЖОЛ БЕРГЕН ДИРЕКТОР КЫЗМАТ ОРДУ МЕНЕН КОШТОШОТ

 

Аракет — берекет

Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов ЖОЖдор мамлекеттик экзамендерди тапшыруу үчүн студенттерден акча чогултарын парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирип, бул маселеге көңүл бурууну сунуштады.

Билим берүү жана илим министрлиги жождордо, мектептерде, бала бакчаларда мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салган буйруктарды чыгарып, аны көзөмөлгө алып келет. Президент Садыр Жапаровдун  “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгында мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынары белгиленген. Ага жол берген мектеп директорлору жана мугалимдердин жоопкерчилиги каралары да эскертилген эле. Андан бери Министрлер Кабинети, Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мектептерде акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууларга тыюу салып, аны алдын алуу үчүн аракет кылып келатышат.

— Мыйзамсыз акчалай жана башка каражаттарды алуу, балдарга жана ата-энелерге моралдык-психологиялык басым жасоо фактылары аныкталган учурда жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары, класс жетекчилер жана башка кызматчылар укук коргоо органдарына аныкталган фактыларды өткөрүп берүү менен ээлеген кызмат ордуларынан бошотулат деген Бишкек шаардык департаментинин директорунун буйругу баарыбызга келген. Жалпы чогулушта буйрук менен педагогикалык жамаатты тааныштырганбыз, — дейт Бишкек шаарындагы №55 мектептин директору Асель Садырова.

Ошол эле кезде окуучулардын ата-энелери окуу классын оңдоого, кайтарууга, окуу класстары үчүн зарыл болгон буюмдарды (принтер, проектор, парда, бор, чүпүрөк, чака, самын ж. б.), ошондой эле жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны өткөрүүдө кагаз, карандаш ж.б.у.с. сатып алууга акча чогултуу уланып жатканын соцтармактарда ата-энелер жазып жатат.

Дегеле мектептердеги акча чогултууларга байланыштуу даттануулар жаңылык деле эмес. Айрыкча шаарлардагы жана шаарга жакын жайгашкан мектептерге байланыштуу арыздануулар көп болот. Маселен, өткөн жылы социалдык тармакта борбор калаадагы №19 орто мектепте экзамендик сынак тапшыруу үчүн акча чогултуу боюнча билдирүү пайда болгондо бир топ уу-дуу болдук эле. Анда Биринчи Май райондук билим берүү борборунун катышуусунда бул маселе каралып, мектеп директорунан жана бүтүрүүчү класстарынын класс жетекчилеринен да түшүнүк кат алынган болчу. Кароонун жыйынтыгы менен 2023-жылдын 11-майында мектепте бүтүрүү класстарынын класс жетекчилери менен өндүрүштүк кеңешме өткөрүлүп, протоколго ылайык экзамен үчүн ата-энелерден акча өндүрүүгө жол берилбейт; экзаменге керектүү канцелярдык буюмдар менен баланы камсыз кылуу керектиги жөнүндө маалыматты ата-энелерге туура жеткирүү (көк калем, циркуль, карандаш, резина, дептер жана сызгыч) чечимдер кабыл алынган болчу.

Аталган мектептин класс жетекчилери акча чогултууга тыюу салуу чечими менен таанышып, кол коюп да беришкен. Бирок соцтармактагы билдирүү жалган болуп чыккан. Мугалимдер жана мектеп администрациясы каражат чогулткан эмес. Ал эми басылмада көрсөтүлгөн акча каражаты 11″Б» -класстын он чакты ата-энесинин өз демилгеси менен чогулган. Муну класс жетекчи да билген эмес.

Ушундай айрым ата-энелердин демилгеси эч бир күнөөсү жок мектепке, мугалимдерге, жалпы эле билим берүү тармагына  көө жаап жатканы жылда эле катталат. Ошондуктан мектеп жетекчилери бир эле өздөрүнүн чыгарган  буйругуна эмес, Президенттин Жарлыгына, Билим берүү жана илим министрлигинин, шаардык билим берүү департаментинин чыгарган буйруктарына таянып, мугалимдерге, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен акча чогултууга, анын ичинде экзамендерге гүл, белек, атүгүл өз демилгеси менен да алууга жол берилбестигин бүтүрүүчү класстардын жалпы мектептик ата-энелер чогулушунда билдирип келатышат.

— Быйылкы бүтүрүүчү класстын класс жетекчилерин, ата-энелерди чакырып, түшүндүрдүк. Ар бирин тизмелеп, акча чогултпайбыз деп кол койдуруп алдык. Бирок болбой эле кээ бир ата-энелер өз демилгеси менен гүл алып, жалпы сүрөткө түшүүнү уюштуруп келишет. “Биздин укугубуз бар”, — деп чыга келген учурлар кездешпей койбойт. Быйыл таптакыр акча, белек, экзамен учурунда гүл коюу болбосун деген буйруктар менен тааныштырдым, — дейт А.Садырова.

Ошо эле учурда атын атагысы келбеген эне мындай деди: “Туура, мыйзамсыз акча чогултпаганы баарыбызга жакшы. Бирок менин балам бир эле жолу мектепти бүтүрөт. Ошон үчүн мугалимдерге ыраазычылыгыбызды билдирүү керек деп ойлойм. Болгону гүл алып келип берсек эмнеси жаман? Мен аларга алтын берип жаткан жокмун да”. Ошентип, бир жагынан ата-эне мугалимге таазим кылып, гүлдесте белек кылсам деген оюн айтса, экинчи ата-эне мындай белекке дагы түк каршы экенин билдирди: “Президент мыйзамсыз чогултулган каражатка чекит койду. Кайра эле өзүбүз мугалимдерди бузабыз. Балам белек-селеги жок эле бүтөт. Акча чогулткан жетекчи орду менен коштошот. Ошондуктан директор акча чогултулбайт деп кол койдуруп алды. Абдан туура иш”.

Кандай болгон күндө дагы Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу жергиликтүү бийлик жетекчилери тыкыр көзөмөлгө алып, ишке ашырып жатканы көрүнүп турат.

Мектеп жетекчиси, ата-эне менен сүйлөшүп жатып, мен 1978-жылы жыйынктыктоочу экзаменге акча чогултканыбызды эстедим. Анда деле акча чогултуп, экзаментарлордун алдына  гүл, лимонад, шоколад койчу элек. Бирок мугалимдер биздин көзүбүзчө суу ичип, шоколад жегенин көргөн эмесмин. Анда деле бизди эч ким мажбурлаган эмес, болгону мугалимдерге ыраазычылыгыбызды билдирип коёлу дегенбиз.

Экзамен качан башталат?

Баса, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн төрт предмет боюнча жүргүзүлөт.

9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:  алгебрадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 3-июнда; эне тилинен (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) – 7-июнда; кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 11-июнда; Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) – 14-июнда.

11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн: эне тили жана адабиятынан (эссе) – 3-июнда; математикадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 7-июнда;  Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) – 11-июнда; кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 14-июнда.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер