МУУН ОРТОСУНДАГЫ ТҮШҮНБӨСТҮКТӨРДҮ ЧЕЧҮҮЧҮ ЫКМАЛАР
- 10.01.2025
- 0
БИЛИМ КАМПАСЫ — 2025
2025-жылдын 3-4-январь күндөрү ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинде жана 8-9-январь күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин базасында өткөн «Билим кампасы — 2025» форуму жети дубандын мугалимдерин, окутуучуларын чогултуп, заманбап окутуу ыкмаларын кантип пайдалануу керек экенин жана эки муундун ортосундагы келишпестиктерди чечүү жолдорун карап, мугалимдерге практикалык жардам берилди.
Акыл интеллектин эмоционалдык интеллект башкарабы?
“Аян” окуу борборунун негиздөөчүсү Кундуз Арапованын айтуусунда, форумдун максаты — билим берүү тармагында заманбап ыкмаларды колдонуу менен бирге Z жана Альфа муунду окутууда агартуучулар үчүн эмоционалдык интеллектти өздөштүрүү, PISA изилдөөсү, STEAM мамиле жасоо, олимпиада, ЖРТ, Алтын тамга артыкчылык аттестатына даярдоодогу ыкмалар, AIни билим берүүдө натыйжалуу колдонууну көздөйт.
— Бүгүнкү учурда мугалим менен окуучулардын ортосунда ажырым пайда болуп, айрым учурда бирин-бири түшүнбөй келишпестиктердин келип чыгышы баарыбызга белгилүү болуп, массалык маалымат каражаттарынан чагылдырылып келет. Эки чоң муун ортосунда бир топ түшүнбөстүктөр жаралууда. Мына ушундай абал болбош үчүн инсанда сезимдерди түшүнүү аң-сезими болушу керек. Качан гана адам өзүнүн сезимин башкара алып жана аны түшүнгөн кезде, экинчи тараптын сезимин кабыл алып, аны түшүнүү менен караганда ал эки тараптын тең сезимин туура башкарууга ээ болот, — дейт К.Арапова. — Адамдын акыл менен эмоционалдык интеллекти бирдиктүү шкалага келгенде, жетишкендик жана ийгилик жаралат. Акыл интеллектин эмоционалдык интеллект башкарып коет. Эмоция адамды ар кандай абалда ар тараптуу башкарууга ээ.
Эмоционалдык интеллект деген эмне?
Мугалимдин эмоционалдык интеллекти – билим берүү процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн өзүнүн эмоционалдык абалын, ошондой эле башкалардын абалын таанууга, башкарууга жана оңдоого мүмкүндүк берүүчү эң керектүү жөндөмдөрдүн жыйындысы болуп саналат.
— Эмоционалдык интеллект мугалимдердин педагогикалык ишмердүүлүгүн гана эмес, алардын жалпы жашоо сапатын да жакшыртууга жардам берет. Бул интеллект — мугалимдер үчүн өтө маанилүү, анткени ал сабак берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатып, окуучулар менен жакшы мамиле түзүүгө шарт түзөт. Ошондой эле азыркы муунду түшүнүүгө жардам берет. Биз бүгүнкү күндө эки чоң муунду, т.а. Z жана Альфа муунун окутуп жаткан кезибиз, — дейт Кундуз эжей.
Маалыматка таянсак, 1997-2009-жыл аралыгында төрөлгөндөр Z, ал эми 2010-жылдан 2024-жылга чейин туулган балдар Альфа мууну. Эки муун тең интернет пайда болгондо төрөлгөндөр, андыктан алар чыныгы санариптик муун. Заманбап технология алардын күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгү экени анык. Альфа муун технологиянын күчтүү таасири астында өсүп жаткандыгы менен өзгөчөлөнөт. Алар үчүн билим берүү көбүнчө санариптик платформалар жана интерактивдүү материалдар аркылуу жүргүзүлөт. Салттуу окутуу ыкмаларынын ордуна, бул муун адаптацияланган жана ар тараптуу методдорду талап кылышат. Альфа муун – бул келечектеги дүйнөнүн кыймылдаткыч күчү жана аларды тарбиялоо, окутуу үчүн азыртан ар тараптуу шарттарды түзүү маанилүү.
— Жогоруда аталган муунду X (икс) жана Y (игрик) муун окутуп жатат. Бул муундагы мугалимдерге Z жана Альфа муунду окутуу үчүн бир топ эмоционалдык абалды ар дайым туура алып жүрүү маанилүү. Акыл интеллекти жетиштүү болуп, бирок эмоционалдык интеллект аксай турган болсо, анда ортодо ажырым күч алып, аны калыбына келтирүү үчүн сезимдерди башкаруу ыкмасы чоң пайдасын берет. Сезимдерди башкарып, акыл менен иш жүрө турган болсо улуу муун менен азыркы муундун ортосунда бирдиктүү пикир жаралат, — дейт уюштуруучу.
Эмоционалдык интеллект – адамдын өзүнүн жана башкалардын эмоцияларын кабыл алуу, баалоо, түшүнүү жана эмоцияларды башкаруу жөндөмү. Эмоционалдык жактан акылдуу адамдар өздөрүн жакшы башкарат жана башкалар менен эффективдүү иштеше алат. Ошондуктан жаңы муунду, келечектеги алтын муунду жаратууда бүгүнкү кезде эмоционалдык интеллектти мугалимдер үйрөнүп билүүсү абзел.
Билим кампасы
“Билим кампасы — 2025” форумунун алкагында заман талабына ылайык мугалимдерди даярдоодо иш-чаранын катышуучулары бир топ материалдар, керектүү маалыматтар менен камсыздалды. Ошону менен бирге окуучуларды мектептин көрсөткүчүн көрсөтүүчү сынактарда катыштырып, жыйынтык болушуна тарбиялоо боюнча жеткиликтүү маалыматтар форумда айтылып өттү. Алсак, PISA — 2025 эл аралык билим баалоо программасына даярдык, ЖРТ, олимпиада, Алтын тамга сынактарынын окшоштуктары, алардагы ачык жана жабык тесттердин колдонушу, предметтик аралык байланыштарды эске алуу, логика, анализ, креативдүү ой жүгүртүү, сын-пикир менен кароо ыкмалары да жеткиликтүү берилди.
Бүгүнкү күндө мектептеги билимди баалоодо окуучуну сынактарга катыштыруу менен мугалимдин билим сапатына да баалоо жүрүп жатат.
Мектептин көрсөткүчү ЖРТ, олимпиада, Алтын тамга жана быйыл боло турган эл аралык билим баалоо программасы PISA-2025те билинет.
— Бирок тесттик жактан алып караганда, төртөө бири-бирине жакын. Ачык жана жабык тесттер колдонулат. Айрым учурда окуучу өз оюн айтып берип, жазып берип, ынандырып, толуктап, тактап бериши керек. Төрт сынакта тең предметтик аралык байланыш өтө тыгыз берилген. Мына ушуну мугалимдер жакшы түшүнүп алса, сынактарга даярдоо жеңил болот жана жыйынтыкка жетет. Мугалимдер арасында “биз өтпөгөн, мектептин программасында жок суроолор кездешет” — деген сөздөр жүрүп келет. Негизи мектептеги программалар менен эле тесттер түзүлөт. Болгону предметтик аралык байланышты эске алып, айрым ой жүгүртүүнү кошуп, аракет кылса гана болгону, — дейт уюштуруучулардын бири Айгүл Атабекова.
Мындан сырткары ЖРТ, олимпиада, Алтын тамга, PISA — 2025 тууралуу маалыматтар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ЦООМО) жана Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин (мурдагы Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борбору) сайттарында кеңири, жеткиликтүү берилген. Маалыматтар эки тилде жайгаштырылган. Орус жана кыргыз тилинде каалаган маалыматтарды алса болот. Ошондуктан сынактарга даярдоодо эң негизгиси толук маалыматка ээ болуп, айрым кеңештерди колдонуп, окуучуларды даярдаса жыйынтыкка жетет дешет уюштуруучулар.
Жогоруда аталган маалыматтардын баары, ошондой эле заманбап сабак өтүү ыкмалары практика түрүндө жана жасалма интеллектти билим берүүдө натыйжалуу пайдалануу, туура суроо-талап жазуу, тапшырмалардын (ачык суроо, жабык суроо, дал келтирүү, таблица түрүндөгү маалыматтар) түрлөрүн, сүрөт, видеопрезентацияны ЖИнин жардамында түзүү боюнча да практикалык колдонуу көрсөтүлдү. Ошентип, форумдун катышуучулары билим куржундарын толтуруп, билимдерин жогорулатканы боюнча тастыктаган сертификат алып, уюштуруучуларга ыраазычылктарын билдиришти.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер