МУГАЛИМГЕ ТААЗИМ
- 04.06.2026
- 0
Быйыл Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан көрүнүктүү инсан, чыгаан педагог Муканов Аалынын 100 жылдыгы жана анын ысмын алып жүргөн Санташ орто мектебинин 90 жылдык мааракеси. Бул мааракелерге карата Аалы Мукановдун басып өткөн өмүр жолу, элге билим берүүдөгү эмгеги жана Санташ жалпы билим берүү мектебинин тарыхы, өнүгүү жолу, мыкты педагогдор, мектептин сыймыктары болгон белгилүү бүтүрүүчүлөрү жөнүндө очеркти жарыялайбыз.

…Аалы Муканов 1927-жылы Ысык-Көл кылаасында, азыркы Түп районунун Токтоян айылында кедей чарба үй бүлөдө туулган. (Бир тууган иниси 1937-жылы туулган Шаршенбайдын айтуусу боюнча Аалы Муканов андан 11-12 жаш улуу болчу, демек, биздин болжолубуз боюнча 1925-же 26-жылы туулган болуш керек). Кичинекейинен эле зээндүү, билим алууга болгон шык-жөндөмү байкалган алты жашар Аалыны ата-энеси айылдагы жаңыдан ачылган мектепке окууга беришет. Окуудагы алгачкы эле күндөрдөн билим алууга болгон жогорку жөндөмдөрү байкалып, өз классында окуган балдардын бир тобунан жашы боюнча эң кичүү болгонуна карабастан “эң жакшы” деген баалар менен окуп, 3 классты Токтояндан бүтүрөт. Аалы Мукановдун иниси Шаршенбайдын эскерүүсү боюнча ал кездеги алгачкы мугалимдердин даярдыгы деле эптеп-септеп кат-сабаты жоюлган, окуганды, жазганды, эсептегенди өздөшүргөн адамдардан болушкан. Айрым учурларда агайы өзүнүн ордуна кичинекей Аалыны отургузуп: “…сен отуруп сабак өтө берчи , мен бозого барып бир-эки саатта келе калам”, — деп таштап кеткен учурларын өзү күлүп эскерип айтчу экен. Түзүгүрөөк билим алууга ынтызарланган Аалыны ата-энеси Түп суусунун аркы өйүзүндөгү Кең-Суудагы мектепке которушуп, өз билиминин деңгээлине жараша 3-класстан дароо 5-класска кабыл алынат.
Кең-Суудагы мектепке жетиш үчүн ортодогу шар аккан чоң Түп дарыясынан кечип өтүү керек эле. Ошого карап атасы Мукан жаз мезгилинен кеч күзгө чейин Түп суусунун боюна жакалай боз үй тигип, мал-тегеси менен көчүп барып отурчу экен. Окууга жөнөөрдө жана кайра кайтканда ат менен учкаштырып өткөрүп турчу экен. Ошентип бир жыл окуп, Кең-Суудан 5-классты бүтүрүптүр. Кыязы, жаш өспүрүм Аалынын тереңирээк билим алууга болгон далалатын, жеке талаптарын Кең-Суудагы мектеп деле алымсындыра алган эмес окшоду. Ошондуктан келерки окуу жылын райондогу алдыңкы мектеп катары эсептелген Талды-Суу мектебинен окуу үчүн ошол мектепке бет алат.
Ал кездердеги мектептерде, менимче, окуучуларга тиешелүү жеке документтерге деле анчейин маани беришчү эмес сыяктуу. Окуучунун билим деңгээлин, кругозорун байкап, текшерип көрүшүп, Аалыны дароо 7-класска кабыл алышат. Ошентип Аалы 7-классты өзүнөн 3-4 жаш улуураак балдар менен бүтүрөт. Үй бүлөдөгү балдардын улуусу болгон Аалы 12 жашка толгондо, кичүү иниси Шаршенбай бир жашка толо электе атасы Мукан катуу оорудан каза болуп, жаш бир туугандарынын оор түйшүгү борбую ката элек жаш өспүрүмдүн моюнуна жүктөлөт.

ЖЕТИМДИКТИН ООР ТҮЙШҮГҮ
Арадан бир аз убакыт өтпөй эле германдык фашисттердин Ата Мекенге кол салуусу тууралуу кабар чагылгандай тарап, жалпы элдин башына оор замандын капшабы каран түн болуп каптады. Жапжаш солкулдаган жигиттер, эр азаматтар жапырт фронтко аттанышып, ооруктагы чарбачылыктын оор, түйшүктүү жумуштары калган жаш балдардын ,аялдар менен кары-картаңдардын энчисине калып, салып бүтө элек жаткан тамдарын ташташып, окуп жаткан окууларын токтотушуп, “Баары – фронт үчүн! Баары Жеңиш үчүн!» деген ураандын деми менен жаш балдарынын курсактарынын тоё тамак жебей, бүтүн кийим кийбей калганына кайыл болушуп, күнү-түнү тынбай эмгектенишип, Батыштан келчү кат-кабарды зарыга күтүп, дээрлик 4 жыл каар замандын капшабындагы оор жашоону көтөрбөскө чарасы жок мезгил келди.
Ошол чала сабат мезгилдерде төрөлгөн балдардын деле туулган даталары так жазылбай, жаш курактарын болжолдоп кое берген мезгил болгон окшойт. 9-классты бүткөн бала экен, жашы деле 18-19га келди деп олбурлуу өспүрүм Аалыга да бир нече жолу аскерге чакырууга повесткалар да келген экен. “Фронтко аскер жетпейт, аскерге жарайсың”,- деп анын дагы 18ге чыгарына 2-3 жыл бар экенинен күмөн санашып, Пржевальскиге облвоенкоматка жиберип, мед.комиссиянын кароосунан салмагы жетпей калып, аскерден калып калыптыр. Мындай окуя бир эмес эки-үч жолу кайталанган болот.
Ошол убактагы оор турмуш улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар” повестинде чагылдырылгандай, Кыргызстандын бардык эле айылдарында өтүп жатты. Бир күнү айылдык кеңештин төрагасы Абдылданы райондун борбору Талды-Суудан чогулуштан келе жатканда түн ичинде жашырынып жүргөн дезертир качкындар токойдон жолун тосуп кармап алышып өлтүрүп кетишет. Кылмышкер топ – төрт-беш адам уюшуп алышып, сельсоветтин мөөрүн алып, жалган справка менен Кытай тарапка качып өтүүнү пландаштырышкан экен. Милиция элди уюштуруп, түнү менен токойду кыдырып, тинтишип, кылмышкерлердин баары колго түшөт.

Аалы агайдын бир тууганы Шаршенбай ава ошол мезгилди мындайча эскерет: “Төрт бир тууган элек, эң улуубуз Аалы, анан эжелерим Зияш, Айнек болуп, кичүүсү мен элем. Аалы абам 12ге, мен бир жашка чыкканда атабыз олүп, энебиз менен беш адам жесир-жетим калыппыз. Турмуштун татаал кезине туш келип, киерге кийим, ичейин десең, тамак жок. Ошондой оор, катаал турмушту көрүп чоңойдук. 9-класссты бүтөрдө абамдын чыныгы жашы он төрткө толо элек экен. Эркектер согушка кетип, карыган кишилер кат таанышпайт, билими жок… Токтоянда сельсоветтин төрагасы абам Аалыны: “…селсоветке катчы болгун”, — деп мектепке жибербей алып калыптыр. Ошол боюнча катчы болуп иштеп, мектепке барбай калат. Согуш учурунда… түтүн башына согушка жардам катары заем деп налог салышчу акчалай түрдө. Эсепти жакшы так билет, деп акчаны абама жыйнатар эле. Элден акча чогулганда, чемоданга толтуруп алып атчан Түпкө барып ,банкка төгүп келер эле.” (Муканов Шаршенбай, Муканова Нурипа. Санташтын жарык жылдызы –Б: “Бийиктик”, 2010. 11-12 б.б.)
Ошентип, чоң жоопкерчиликти моюнуна жүктөп , окуусун таштап сельсоветтин катчысы кызматынын аркасы менен Аалы Муканов агай жаштайынан сабаттуу, өз ишине, милдетине так кызматкер катары элдин оозуна алынып , айылдагы маанилүү иштерге аралашып, аларды чечүүгө катыша баштайт.
КЫЗЫЛ ДИПЛОМ, ЛЕНИНДИК СТИПЕНДИАНТ
Согуш аяктагандан кийин, Аалы агай сельсоветтеги жумушун өткөрүп берип, өзү көздөгөн кесиптин артынан түштү. Кошуна жайгашкан Тасма айылындагы мектепке физика, математика мугалими, завуч болуп иштеп жүрүп, билимин улантыш максатында Пржевальск шаарындагы мугалимдер институтуна окууга кирип, эки жылдан кийин артыкчылык диплому менен аяктайт. Кийинчерээк 1957-жылы Пржевальск пединститутуна окууга кирип, Лениндик стипендиат катары аны да кызыл диплом менен аяктайт.

Тасмадагы мектептен кийин Аалы агай Сары-Тологой жети жылдык мектебине директорлук кызматка которулуп, энеси, бир туугандары менен чогуу ошол айылда бир жыл иштеп туруп, кийинки жылы райондогу эң алдыңкы мектеп, Талды-Суудагы М.Элебаев атындагы орто мектептин жогорку класстарынын математика мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштөөгө жиберилет. Ал жерде да бир жыл иштеген соң, кийинки жылы туулуп оскөн Токтоян айылындагы жети жылдык мектебине директорлук кызматка которуп жиберишет. Ал жерде да бир жылга жетпей кайрадан Талды-Суудагы Мукай Элебаев атындагы орто мектепке директорлукка дайындалып, үй бүлөсү, бир туугандарын алып, кайрадан Талды-Сууга көчүп келет. Ошол кездерде атайын билими бар адамдар өтө эле аз болуп, жогорку билимдүүлөр саналуу эле болгон. Ошондой кырдаалда билимдүү, мыкты уюштургуч кадрлардын таңсыктыгынан Аалы агайдын жыл сайын улам бир мектепке орун которуштуруп дайындашканынын себеби ушунда болуш керек.
1952-жылы Аалы Мукановду Кара-Чуңкур айылындагы орусча-кыргызча тилдерде окуткан 7 жылдык мектепке директорлукка которушат. (Кара-Чуңкур айылы Санташ совхозунун, Санташ айылдык кеңешинин борбору болуп эсептелгендиктен, элдин баары эле айылды “Санташ” деп атап көнүп калышкан эле, мектептин аты да Санташ мектеби деп аталчу).
Жаңы кызмат ордуна келери менен Аалы агай айылдын, мектептин көп өзгөчөлүктөрүн байкады. Айылдын калкынын жарымынан көбү 30-жылдарда совхоз уюшулганда райондун, областтын башка айылдарынан, Россиядан, Украинадан көчүп келишкен орус, украин улуттарынын өкүлдөрүнөн турса, дагы бир кыйла бөлүгүн 32-33-жылдардагы ачарчылыкта Казакстандан жер которуп келген казак улутунун адамдары түзүүчү. Жергиликтүүлөр катары Кен-Суу, Сары-Тологой, Токтоян айылдарынан совхоздо иштешкен жумушчулар, мектепте иштеген мугалимдер эсептелчү. Мектеп коллективи да ар башка улуттардан болуп, окуучулары кыргызча, орусча жакшы сүйлөшчү.
Жаңыдан дайындалган мектеп директорун эң негизги түйшөлткөн көйгөй болуп мектеп имаратынын тардыгы, окутуу шарттарынын ыңгайсыздыгы, жылытылышы, авариялык абалдагы чатыры менен дубалдары коркунучтуу кырдаалда эле. Класс бөлмөлөрүнүн жетишсиздигинен бир бөлмөдө экиден классты кошуп окутууга туура келер эле.Мектептин пайдубалы да таштардан түптөлүп, дубалдары чийки кыштан тургузулган, ар кайсы жеринен жарака кетип, кулап калуу коркунучунда экен. Баргандан биринчи окуу жылын эптеп-септеп оор абалдагы мектепте окуп чыгышат.
Окуу жылы бүтөрү менен жаш директор Санташ совхозунун жетекчисине кайрылып, мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүп, же жаңы имарат салдыртып берүүнү суранды. Совхоздун жетекчиси ошол мезгилдин шартын түшүндүрүп, (согуштан кийинки оор экономикалык кырдаал) акча каражаты жоктугуна байланыштуу, бул маселени чечүү үчүн жогорку органдарга кайрылып көрүүнү сунуштап, сылык гана узатып койду. Бирок Аалы агай бул маселени ошол бойдон жөн койбостон, улам бир баскычтан жогорулап отуруп, райондук, облустук, республикалык тиешелүү органдардын баарына кайрылып өжөрлөнүп жүрүп, аларды да тажаткан окшойт, акырында мындай деген жоопту алат: “Азыркы учурда жаңы мектеп салып берүүгө жетиштүү каражат жок, бул маселени чечсе, бир гана Москвадагы агартуу министрлиги чечет, шартың болсо Москвага кайрылгын”, — деп кутулушат. Элестетип көрсөңүздөр: ошол кездеги маяна менен, же жол киресин эч ким төлөп бербесе, эзели ата-бабасы барып көрбөгөн Москвага барыш ойго деле сыярлык иш эмес эле. Бирок ошого моюн сунуп калбастан, областтык билим берүү башкармалыгынын, Кыргыз ССРинин Агартуу министрлигинин визаларын койдуртуп, мөөрлөрүн бастырып, Москвага РСФСРдин агартуу министри (Бул мезгилде СССР Агартуу министрлиги болгон эмес, башка союздук республикалардын маселелери да РСФСРдин Агартуу министрлиги аркылуу чечилип турган) И.А.Каировго, В.П.Елютинге өзүнүн атынан кат жазып, почта аркылуу жөнөтүп жиберет. Чындыгында, ошол катка Москвадан маселенин оң чечилгени тууралуу жооп келерине, район, облус, атүгүл республикалык жетекчилер деле ишенбеген болуш керек. Бирок бир жарым жылдан кийин, Кудай оңдой берди болуп, Москвадан РСФСР Агартуу министрлигинин атайын токтому менен эки кабаттуу мектептин типтүү долбоору менен кошо акча каражаты бөлүнгөндүгү тууралуу жооп келгенде, мектептин жамааты эле эмес, райондун, облустун жетекчилигинин да кандай абалда болгонун өзүңүздөр элестетип көргүлөчү. Ошол кездерде өлкө боюнча мектеп, оорукана эмес, согуштун кесепетинен бүлүнгөн өндүрүштөрдү, кыштактарды, шаарларды калыбына келтирүү иштери аягына чыга элек мезгил эле. 250 орундуу, эки кабаттуу мектеп ал кезде район эмес, облус боюнча жокко эсе болчу.

Ал ортодо, Аалы Мукановичтин кандан, бектен кайра тартпаган, бетке чаба айткан чечкиндүү мүнөзүнүн айынан болуш керек, күтүүсүздөн жогорку билими жок, башка кызматка которулду деген шылтоо менен 1954-жылы иштен четтетип коюшат. Анын ордуна райондогу дагы бир беделдүү жетекчи, белгилүү педагог Дыйканова Рахима аттуу эжейди директорлукка дайындашат. Ошентип, жаңы мектептин имаратынын салыныш вазийпасы тынбай далалаттанып, чуркап жүрүп жетишкен А.Мукановго эмес, Р.Дыйканованын шыбагасына туш болот. Үч жылдан ашуун мезгилде жаңы мектептин курулушу аяктап, курулушту башынан аягына чейин совхоздун жумушчулары өз колдору менен (ал кезде техника деген кайда?) тынбай иштешип, ишке жетекчилик кылып, көзөмөлдөгөн совхоздун прорабы Байзаков Райымкул Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланып, директор Дыйканова Рахима эжебиз “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамына ээ болот. Бул жерде адилеттүүлүк үчүн айта кетпесек болбостур. Сыймыктуу наамга ээ болгон эжебизге ич күйдүлүк жок, анткени ал киши да өз мезгилинин чыгаан ишмери, аялдардан чыккан алгачкы жетекчилерден болгонун билебиз. Кеп, мындайча айтканда, жан үрөп, тынбай эмгектенип, чуркап, кайрылбаган жери калбай мектептин салынышына жетишкен жетекчи Аалы Муканов эмгегинин үзүрүн татып, сыйлыкка келгенде, четтеп калганында болуп жатпайбы.
1958-жылы Санташтагы мектептин курулушу бүтүп, 7-жылдыктан орто мектеп болуп кайра уюшулуп, мектепке жаркыраган жаңы эмеректер, ар бир предметтик: физика, химия, биология, математика, спортзал, ж.б. кабинеттерге керектүү жабдуулар толугу менен алынып келинип, окуучулардын татыктуу билим алуусуна борбордогу мектептерден калышпаган шарттар түзүлдү.1959-жылы Санташ орто мектебинин алгачкы № 1-бүтүрүүчүлөрү 10,11- класстарды аяктап, “алгачкы карлыгачтары” аталышты. Мен өзүм да бул мектепке 1966-жылы 5-класстан баштап окуп, райондун борборундагы мектептерге салыштырмалуу бир кыйла артыкчылыктарын байкагам. (Буга чейин Түштүктө Кара-Кулжадагы мектепте окуп келгем). Мектептин күн батыш тарабында бир гектарга жакын алма, өрүк, алмурут, кара өрүк, чие сыяктуу мөмө-жемиштер, картошка, сабиз, капуста, помидор ж.б өстүргөн бакчасы болор эле. Теплица, парниктерде өсүмдүктөрдүн түрлөрү өстүрүлүп, түшүмү мектептин интернатына, ашканасына пайдаланууга берилер эле.
Жаңы уюшулган орто мектеп көп узабай эле алгачкы үзүрүн бере баштады. Мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн басымдуу бөлүгү Пржевальск, Фрунзенин гана эмес РСФСР дин алдыңкы ВУЗ дарына тапшырып өтүшүп, мектептен алган билимин татыктуу уланта алышты. Ушул ийгиликтердин артында кимдин, кайсы ак жүрөк инсандын эмгегинин зор үлүшү бар экенин өзүңүздөр деле байкасаңыздар болот. Ал арада бир топ жыл өтүп, пединститутту бүтүрүп келип, 1962-жылы Аалы Муканов агай кайрадан Санташ орто мектебине директорлукка дайындалат. Аалы агайыбыздын тубаса иш билгилиги, уюштуруучулук жөндөмү, азыркыча айтканда, чыныгы менеджерлигинин натыйжасында 60-жылдарда Санташ орто мектеби республика боюнча алдыңкы катардагы мектептердин сабында болуп, окуу-тарбия, спорт, маданий массалык иш чаралар, чарбачылык иштер боюнча үлгүлүү мектеп катары оозго алынып келген. Окуучулардын билим сапаты боюнча көрсөткүчтөрү эң жогорку деңгээлде болуп, жакын жайгашкан Жылуу-Булак, Кең-Суу,Сары-Тологой, Токтоян, Табылгыты, айылдарынан, №3, №4-фермалардан сегиз жылдык мектептерди бүткөн окуучулары Санташка окууга агылып келе баштайт.
Аалы Мукановдун демилгеси менен 1963-жылы сырттан келген окуучулар үчүн атайын интернаттын жатаканалары салынып, бекер тамак, жатакана, кийим-кечек менен камсыздалып, окуучулардын саны да 700 арбып, жыл сайын 60-80ге чейин бүтүрүүчү мектепти аяктап турду. Сөзүбүз кургак болбош үчүн бир эле окуу жылынын мисалын келтире кетсек туура болчудай:
1963-64-окуу жылында мектепти орус, кыргыз тилинде 21 окуучу бүтүрөт. Мектепти жалаң “4”, “5” менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдөн өз учурунда илимде, өндүрүштө, чарба иштеринде чоң ийгиликтерди жараткан инсандардын айрымдарын белгилей кетсек:
Турдуматов Болот Мусаевич — техникалык илимдердин доктору, Калмак Республикасынын Элиста Мамлекеттик уиверситетинин профессору;
Муканова Бүбүбатыйна (Гулича) Аалиевна — КР өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер, сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча технолог, Түп райондук сүт заводунун көп жылдар бою жетекчиси;
Шамырканова (Казакова) Зайрабүбү – Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген дарыгери;
Жүзүмалиева Күлүйпа— КР өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер, 3-даражадагы “Манас”, “Даңк” ордендеринин кавалери, “Ак жалга”сүттү кайра иштетүү ишканасынын жетекчиси.
ЖАШООДОГУ ООШ-КЫЙЫШТАР
1965-жылы, жылдагыдай эле, Санташ орто мектебинин имаратынын утурумдук ремонту сапаттуу жана эң биринчилерден болуп бүткөрүлүп, атайын сыйлыкка татыды. Окуу жылынын башталышы, 1-сентябрда салтанаттуу линейка башталар алдында күтүлбөгөн окуя болду.
Райондон келген өкүл эч кандай себебин түшүндурбөстөн эле мектептин директору А.Муканов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна жаңы директордун дайындалганы тууралуу буйрукту жарыялайт. Дендароо болгон мугалимдерге, окуучуларга жаңы директор челпектик Өмүрбек Турбатов деген кишини тааныштырып коюп, райондун өкүлү кете берди. Жумуштан бошотуунун себеби аныкталбаган бойдон калды. Менин жеке оюмча, ошол мезгилдерде деле коррупция деген балакет гүлдөгөн доор окшобойбу. Болбосо, бардык көрсөткүчтөрү боюнча алдыңкы катарда эсептелген мектептин жетекчисин себепсиз эле башка кишиге алмаштырууну кандай түшүндүрсө болмок. Турбатовдун, азыркыча айтканда, “крышасы” область же борбор тараптан экени айдан ачык, болгондо да, райондогу бирден-бир алдыңкы мектептин директорлук ордун “асмандан түшкөн десант сыяктуу” оңой-олтон ээлеп алганын кандайча түшүнсө болмок.
Нааразы болгон Аалы Муканович мугалимдикти таштоону чечип, Санташ совхозунун жумушчуларынын профсоюз комитетинин төрагасы кызматына которулуп кетет. Бирок кандай болгон күндө деле Аалы агайга мугалимдик кесипти таштоо абдан эле оор болду. Санташ совхозунда эки жыл иштеген соң,1967-жылы Пржевальск шаарындагы пединститутка математика боюнча окутуучу болуп орношуп, көп өтпөй кафедра башчысы, факультеттин деканы, проректорлук кызматтарында эмгектенди. Мына ошол мезгилде ал илим изилдөөнүн аркасынан түшүүнү чечип Ленинград шаарындагы педагогикалык университетинин аспирантурасына сырттан окууга тапшырып, илимий макалаларын газета-журналдарга байма-бай үзбөй жарыялап келди. Бирок Аалы Мукановичтин тандаган илимий багыты боюнча Кыргызстандан ылайыктуу окумуштуу табылбагандыктан ленинграддык белгилүү окумуштуу Непман (фамилиясы так эмес болушу мүмкүн) деген академикти жетекчиликке алууга аргасыз болгон. Тилекке каршы ал жетекчиси диссертация соңуна чыгып калган кезде каза болуп калып, баштаган ишинин аягына чыкпай, таштоого аргасыз болду. Бирок, ошого карабастан Аалы агайдын бир канча шакирттери анын көрсөткөн тарбия-таалими менен илим жолуна багыт алышып, илимий даражалуу болушту. Атап айтсак, Санташ мектебинде чогуу иштешкен жаш шакирттери: Адылбек Рыскулов, Токон Каргалдаев, Турдаалы Жунушевдер илимдин кандидаттары, Каракол университетинин профессорлору деген наамга жетишишип, устаты А.Муканов менен Пржевальскиде чогуу иштешишсе, уулу Тилек Муканов да математика илиминин кандидаты даражасына ээ болду.
1970-жылдарда Ысык-Көл облусундагы бирден бир белдүү мектеп болуп эсептелген Пржевальск шаарындагы Т.Сатылганов атындагы мектеп-интернатта окуу-тарбия иштери солгундап, мектеп коллективиндеги ынтымактын жоктугунан мугалимдер өз ара ыйкы-тыйкы абалда болуп, финансылык мыйзам бузуулар катталып, коллективдеги моралдык-психологиялык абалдын абдан начарлап кетүүсүнүн натыйжасында мектепке жаңы, уюштургуч, тажрыйбалуу жетекчини дайындоо маселеси бышып жетилип, областтык жетекчилик 1975-жылы бул кызматка Аалы Мукановду дайындоону жактырышат.
Жаңы кызмат ордуна келгенде ал үчүн ишти бат оң жолго салып кетиш бир топ кыйынчылыктар менен коштолот. Көрсө, ал мектепте иштеген мугалим эжейлердин бир тобу горком, горисполком, обком, облисполком сыяктуу мекемелерде иштешкен белдүү кызматкерлердин жубайлары болуп чыкты. Айрымдары жолдошунун кызмат ордуна таянып, директор ,завучтарды теңине алышпай, баш ийбей, бири-бири менен кырды-бычак болушуп, мектеп ушак-айыңдын ордосуна айланганына күбө болот. Аалы Муканов кызматка келери менен ишке болгон жоопкерчиликти, темирдей тартипти биринчи орунга коюп, бардык мугалимдерге, тарбиячыларга бирдей катуу талап коюунун натыйжасында, (айрымдарын жумуштан кетирүүгө чейин барып) бир окуу жылынын ичинде тартип, талап калыбына келтирилип, педагогикалык процесстин оң нукка түшүүсүнө жетише алды.
Мектептеги окутуу-тарбиялоо иштери бир изге түшүп, мурунку бийик деңгээлге жете көтөрүлүп калган кезде Аалы агайдын эмгек жолундагы буга чейин да болуп келген жагымсыз кырдаалдын дагы бир ирет кайталануусуна күбө болобуз. Ак ниети менен талыкпастан кылган эмгегинин акыбетин кайтарып, ага сыйлык ,урмат көрсөтүүнүн ордуна жогору жактан кызмат ордун бошотуу жөнүндө кыйытма билдирүүлөр түшө баштайт. Көрсө, областтагы бараандуу жетекчилик кызматта иштеп келген белгилүү адам ишинен кетирген кемчиликтери үчүн жумушунан бошотулуп, аны кызматтан биротоло кетирбей, көңүлүн жубатуу үчүн башка орун табылбай, Аалы Мукановдун директорлук ордун алып берүүнү туура көрүшөт имиш. Менин жеке оюмча, мындай чечимге Аалы агайдын айрымдарчылап чоңдорго кошоматчылык, жагымпоздук мамиле кылууну четке кагып, өз жеке принциптерин бекем кармап, кемчиликтерди бетке айткан мүнөзү да түрткү болгон болуш керек деп божомолдойм. Аалы агай талашып-тартышып отурбастан, өз арызын жазып, ордун бошотуп чыга берет.
1978-жылдан баштап Аалы Муканов шаардагы ошол кезде жападан жалгыз кыргыз тилинде билим берген билим берүү мекемеси С.М.Киров атындагы орто мектептин жетекчилигине дайындалып, пенсияга чыкканга дейре ошол жерде директор, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенди.

АКЫЛ ЖАНА БИЛИМ, ТАРБИЯ ЖАНА ТАГДЫР
Аалы Муканов замандаштарынын, ага-туугандарынын айтымында чыгаан педагог, мыкты жетекчи, өзү сабак берген предметтери боюнча абдан терең билимдүү практик мугалим гана эмес, көп тармактууу энциклопедиялык билимдердин казынасын өздөштүргөн, кыргыздын санжыра-тарыхын чечмелеген ойчул, куюлуштуруп аңгеме курган чечендик өнөрдүн устаты болгон экен. Кээде илхамы келгенде ыр жаза коймой өнөрү да болгон экен. Дагы бир кошумчалай кете турган нерсе, Аалы агайдын, азыркынын сөзү менен айтканда, хоббиси – бул шахмат оюну болгон. Бош болуп калган кезде өзү теңдүү курбалдаштары менен, же өзүнүн балдары менен шахматтык таймаштарды уюштуруп, бул байыркы акыл оюнун эң мыкты өздөштүргөн адам болуптур. Мукановдордун үй бүлөсүндө шахматты чоң-кичинеси дебей, баары ойношкон: уулдары Кеңеш, Тилек шахмат оюну боюнча райондук, областтык, республикалык деңгээлдеги мелдештерге катышып, байгелүү орундарды багынтканын жакшы билебиз. Бул өнөр бүгүнкү күнгө чейин муундан-муунга өтүп, небере-чөбөрөлөрүнө чейин мурас катары калганын соцтармактардан окуп жүрөбүз. Кичинекей Искендер –Аалы агайдын чөбөрөсү, өспүрүмдөр арасында өлкө чемпиондугуна жетип отурат.
Аалы Муканов өмүрлүк жары Королиева Сүйүмкан эжей экөө төрт уул, алты кыздуу болушуп, баарына татыктуу тарбия берип, жогорку билимге жетүүсүнө өбөлгө түзүп беришти. “Аккан арыктан суу агат” дегендей, уулу Тилек менен кызы Күлүйпа илимдин кандидаттык даражасына ээ болушса, төртөө ата-энесинин жолун жолдоп, педагогдук кесипти тандашты. Учурда Кызы Нурипа Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин Башкы катчысы, небереси Муканов Азамат Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ФОМС) төрагасы.
Элдин урмат-сыйына, сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, ысымы легендага айланган Аалы Муканов (Айтак) агайыбыз 1992-жылы узакка созулган катуу оорунун кесепетинен 67ге караган жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышты. Аалы Токомбаевдин “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген ыр саптарынын өзүнүн бүт өмүрүн жаш муундардын билим-тарбиясына арнаган ушундай улуу, асыл, мээнеткеч адамдын басып өткөн өмүр жолуна шайкеш келип турганына эч кимдин кымындай да күмөнү болбостур.
Шүкүрбек Сыдыков, билим берүүнүн отличниги,
Түп районунун ардактуу атуулу
Комментарийлер