МУГАЛИМДИН ЖЕҢИШИ — МЕКТЕПТИН ЖЕҢИШИ

  • 04.11.2026

2026-жылдын 5-октябрында Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн республикалык «Жылдын мыкты мугалими — 2026» сынагынын баш байгесин Ысык-Көл районундагы Тамчы орто мектебинин мугалими Меруэт Бакирова жеңип алды. Диндердин өнүгүү тарыхы сабагынан билим берген мугалимге Чолпон-Ата шаарынан бир бөлмөлүү батир ыйгарылды. Бул анын он эки жылдык педагогикалык эмгегине берилген баа гана эмес, өзү иштеген мектептин, кесиптештеринин жана айыл элинин да кубанычы болду.

МУГАЛИМДИН ЖЕҢИШИ — МЕКТЕПТИН ЖЕҢИШИБирок сынактын баш байгесин жеңип алуу — бул окуянын бир гана жагы. Анын артында күн сайын сабакка даярданган, окуучуларын жаңыча ойлонууга үйрөткөн, технология менен салттуу билим берүүнүн ортосунда өз жолун издеген мугалимдин эмгеги турат. Меруэт Бакирова үчүн мугалимдик кесип даяр маалыматты окуучуга жеткирүү менен чектелбейт. Анын түшүнүгүндө, азыркы мугалим баланын колунан жетелеп, бардык нерсени өзү жасап берген адам эмес, туура багыт көрсөтүп, өз алдынча изденүүгө түрткү берген жол башчы болушу керек.

«Мугалим жөн гана билим берип отурбастан, окуучуга багыт көрсөтүшү зарыл. Калганын бала өзү изденип, окуп, үйрөнүшү керек», — дейт ал.

Бул пикир азыркы мектептин алдында турган чоң өзгөрүүнү даана көрсөтүп турат. Мурда сабакта мугалим сүйлөп, окуучу угуп, айтылгандарды эске тутуп, кайра айтып берүүгө аракет кылчу. Азыр мындай ыкма менен эле баланын кызыгуусун ойготуу кыйын. Маалыматтын агымы күчөп, балдардын дүйнөнү кабыл алуусу өзгөрдү. Мугалим да ошол өзгөрүүгө жараша өз ишин жаңылашы керек.

Меруэт Бакированын пикиринде, азыркы мугалимде үч негизги сапат болушу зарыл: аракетчилдик, талант жана тартип. Бул үчөөнүн бири кем болсо, кесиптик өсүү да жайлайт. Талант адамга табиятынан берилген жөндөм болушу мүмкүн, бирок ал өзүнөн өзү өнүкпөйт. Аны эмгек менен өстүрүү керек. Аракетчилдик болсо баштаган ишти аягына чыгарууга, жаңы нерсени үйрөнүүгө, кыйынчылыктан качпоого жардам берет. Ал эми тартип убакытты туура бөлүштүрүп, жоопкерчиликти сезип иштөөгө үйрөтөт.

Мугалимдин иши коңгуроо кагылганда башталып, сабак бүткөндө токтоп калбайт. Кийинки сабактын планын түзүү, дептер текшерүү, тапшырмаларды даярдоо, ар кандай иш-чараларга катышуу, мектепке берилген тапшырмаларды аткаруу — мунун баары убакытты талап кылат. Бир ишти бүтүргөндө экинчиси күтүп турат. Кээде үйгө баргандан кийин да жумуш уланат. Ошондуктан мугалим үчүн убакытты туура пайдалануу өзүнчө бир кесиптик көндүмгө айланат.

«Бир долбоорду бүтүрсөң, эртеси дагы бир тапшырма келет. Эс алып, башка иштерге убакыт бөлүү дайыма эле оңой эмес. Жумуш абдан көп», — дейт Меруэт Бакирова.

МУГАЛИМДИН ЖЕҢИШИ — МЕКТЕПТИН ЖЕҢИШИМугалимдин бул сөзүнөн кесиптин сырттан көп байкала бербеген түйшүгү да сезилет. Коом мугалимди көбүнчө класстын алдындагы адам катары көрөт. Бирок анын бир сабакка даярданышынын артында канчалаган майда иштер, изденүү жана жоопкерчилик жатат.

Ошол эле учурда бүгүнкү мугалим окуучулардын көңүлүн буруу үчүн алардын тилин, кызыгуусун жана маалыматты кабыл алуу өзгөчөлүгүн түшүнүшү керек. Меруэт Бакирова санариптик технологияларды дал ушул максатта колдонууну маанилүү деп эсептейт. Анын байкоосунда, азыр балдардын китеп окууга кызыгуусу мурдагыдай эмес. Телефон, кыска видеолор жана түрдүү санариптик оюндар алардын күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгүнө айланды. Мындай шартта мугалим мурдагыдай эле бир калыпта сабак өтө берсе, окуучунун көңүлүн буруу кыйындайт.

Албетте, технологияны колдонуу үчүн эле пайдалануу жетишсиз. Мугалим анын сабактагы ордун жана максатын билиши керек. Меруэт Бакирова интерактивдүү досканы, проекторду, электрондук ресурстарды жана билим берүүчү оюндарды сабакка аралаштырып келет. Мисалы, «Билим AI» платформасындагы оюндарды, карточкаларды, топтук тапшырмаларды колдонуу менен окуучуларды сабакка активдүү катыштырууга аракет кылат. Классты бир нече топко бөлүп иштетүү да анын такай колдонгон ыкмаларынын бири.

Бирок ал жаңы технологиялар салттуу окутууну толугу менен алмаштырышы керек деген пикирде эмес. Сабактын өзүнүн түзүмү, максаты, теманы түшүндүрүү, бышыктоо жана окуучунун билимин текшерүү сыяктуу негизги баскычтары сакталышы зарыл. Болгону ошол баскычтардын ар биринде баланы активдүү катыштыруунун жаңы жолдорун издөө керек.

Мисалы, үй тапшырмасын текшерүүдө мугалим окуучуларга кезек-кезеги менен суроо берип отурбастан, интерактивдүү доска аркылуу тест же суроо-жооп уюштура алат. Жаңы тема түшүндүрүлгөндөн кийин оюн түрүндөгү тапшырмалар менен билимди бышыктоого болот. Окуучулар QR-код аркылуу тапшырмага кирип, өз алдынча жооп беришет. Натыйжасын көрүп, ким эмнени түшүнгөнүн аныктоо да жеңилдейт.

Мындан тышкары, сабактын аягында рефлексия жүргүзүү маанилүү. Окуучу өткөн теманы канчалык түшүнгөнүн өзү баалап, эмнени өздөштүргөнүн, кайсы жерден кыйналганын билдирет. Мындай ыкма мугалимге да кийинки сабакты туура уюштурууга жардам берет. Анткени баалоо жалаң гана мугалимдин окуучуга койгон баасы эмес, баланын өзүнүн окуусуна көз чаптырып, жетишкендигин жана кемчилигин түшүнүүсү да болушу керек.

Меруэт Бакирова азыркы балдардын бардыгына бирдей мамиле жасоо туура эмес экенин да белгилейт. Ар бир окуучунун жөндөмү, кызыгуусу жана мүмкүнчүлүгү ар башка. Топтук иштерде бул айырмачылык өзгөчө байкалат. Бир бала сүрөт тартууга шыктуу болсо, экинчиси оюн так айтып берет, үчүнчүсү текст менен жакшы иштейт. Демек, мугалим балдарды бир гана көрсөткүч менен өлчөбөй, ар биринин колунан келген ишти байкап, жөндөмүн ачууга шарт түзүшү керек.

«Ар бир баланын деңгээли ар башка. Топ менен иштегенде кимдир бирөө сүрөттү жакшы тартат, экинчиси оюн жакшы түшүндүрөт, дагы бири текстти мыкты жазат. Ошол жөндөмдөрүн эске алып баалоо туура», — дейт мугалим.

Анын сынактагы ийгилигине да ушул өңдүү практикалык ыкмалардын салымы чоң болгон. Меруэт Бакирова STEM ыкмасын колдонуп, окуучуларды командаларга бөлүп, ар бирине өз алдынча тапшырмаларды берген. 3D технологиянын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү үчүн 3D калемди да пайдаланган. Мында негизги максат кооз каражаттарды көрсөтүү эмес, окуучунун өз колу менен жасап, ойлонуп, жыйынтык чыгаруусуна мүмкүнчүлүк берүү болгон.

МУГАЛИМДИН ЖЕҢИШИ — МЕКТЕПТИН ЖЕҢИШИМугалим теманы жана сабактын максатын түшүндүрүп, андан аркы иштин багытын көрсөткөн. Ал эми тапшырманы аткаруу, талкуулоо, өз оюн билдирүү жана жыйынтык чыгаруу окуучулардын өзүнө тапшырылган. Башкача айтканда, мугалим сабактын борборунда өзү турбастан, окуучуларды ишке тарткан. Бул — анын «мугалим багыт көрсөтүп, бала өзү үйрөнүшү керек» деген педагогикалык түшүнүгүнүн иш жүзүндөгү көрүнүшү.

Бирок баланын билимге болгон кызыгуусу класстагы ыкмалар менен гана калыптанбайт. Бул жерде ата-эненин да орду чоң. Меруэт Бакирова окуучунун ийгилиги мугалимдин гана жоопкерчилиги эмес деп эсептейт. Анын пикиринде, ата-эне, окуучу жана мугалим үч тараптан тең аракет кылганда гана натыйжалуу билим берүү мүмкүн.

Мугалим мектепте канчалык аракет кылбасын, үйдөгү колдоо болбосо, баланын окуусундагы боштуктарды толтуруу кыйын. Ата-эне баласынын сабагына кызыгып, тапшырмаларын көзөмөлдөп, мугалим менен байланышта болуп турушу зарыл. Мындай мамиле баланы жөн гана көзөмөлдөө эмес, анын билим алуусуна үй-бүлөнүн да катышуусун билдирет.

Азыр айрым ата-энелер баласынын тартибин жөнгө салуу же сабакка кызыктыруу маселесин толугу менен мугалимге жүктөп коюшат. «Балам мугалим айтса гана угат» деген пикирди көп угууга болот. Бирок мугалимдин мүмкүнчүлүгү да чектелүү. Ал мектепте баланын билими жана тарбиясы менен алектенет, ал эми үй-бүлөдөгү мамилени ата-эне гана түзө алат. Ошондуктан мектеп менен үй-бүлөнүн ортосундагы ишенимдүү байланыш азыркы билим берүүнүн маанилүү шарттарынын бири.

Меруэт Бакирова келечектеги ишинде дал ушул окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга көбүрөөк көңүл бурууну көздөйт. Анын оюнча, мектептен дебат клубдарын ачып, китеп окуу боюнча сынактарды уюштуруп, балдарды окуган чыгармалары тууралуу ой бөлүшүүгө үйрөтүү керек. Кыргызча да, орусча да китеп окуган бала оюн эркин билдирип, сөз байлыгын өстүрөт. Эң негизгиси, окуганын түшүнүп, ага карата өз көз карашын калыптандырат.

Мугалим балдардын китеп окубай калганын гана эмес, чоңдордун да убакыттын тардыгынан китепке азыраак кайрылып калганын жашырбайт. Анын байкоосунда, айрым окуучулар жөнөкөй ырларды жаттап айтууда да кыйналышат. Демек, окуу маданиятын калыптандыруу мектептин гана эмес, жалпы коомдун алдында турган милдет. Баладан китеп окууну талап кылган чоң киши өзү да китепке кайрылып турушу керек.

Меруэт Бакированын педагогикалык жолуна көз чаптырганда, анын ийгилиги бир күндө жаралбаганы көрүнөт. Ал он эки жылдан бери мугалим болуп иштеп келет. Бул аралыкта кесиптин түйшүгүн да, жоопкерчилигин да, балдар менен иштөөнүн өзгөчөлүгүн да башынан өткөрдү. Мугалимдик иш менен үй-бүлөлүк милдетти бирдей алып жүрүү оңой эмес. Анын эки уулу, бир кызы бар. Балдары сегизинчи, жетинчи жана үчүнчү класстарда окушат. Бирок өзү айткандай, мугалим башка балдардын сабагына, тарбиясына жана көйгөйүнө көп убакыт бөлүп, кээде өз балдарына жетиштүү көңүл бура албай калат.

Класс жетекчи болуп иштегенде окуучулардын ар биринин мүнөзүн, үй-бүлөлүк жагдайын, жөндөмүн жакшы билүүгө аракет кылат. Ошол эле учурда өз балдарынын сабагын көзөмөлдөөгө убакыт табуу кыйынга турат. Бул — мугалимдик кесиптин дагы бир көрүнбөгөн жагы. Мектепте жүздөгөн баланын камын көргөн адамдын өз үйүндө да ата-энелик милдети бар.

Кесиптик чарчоо тууралуу сөз болгондо да Меруэт Бакирова мугалимдин турмушунда көйгөй болбой койбой турганын белгилейт. Ар бир адамдын өз түйшүгү, үй-бүлөлүк маселеси жана чечүүнү талап кылган жагдайлары бар. Ал кээде өз көйгөйлөрүнөн көңүлүн башка жакка буруп, дүйнөдө андан да чоң маселелер бар экенин ойлоп, өзүнө дем берет. Бул анын кыйынчылыктарды жеңил кабыл алганын эмес, аларга туруштук берүүгө аракет кыларын көрсөтөт.

Жаш мугалимдерге болсо алгач тандаган кесибин жана балдарды сүйүүнү, окуучуларды түшүнүүгө аракет кылууну сунуштайт. Анын пикиринде, баланы түшүнбөй туруп, ага билим берүү кыйын. Ошондой эле мугалим бир сабакты өтүү менен чектелбеши керек. Өзү да үзгүлтүксүз өнүгүп, сынактарга катышып, башка мектептердин тажрыйбасын көрүп, кесиптештери менен пикир алмашып турушу зарыл. Жаңы чөйрөгө баруудан, сабак өтүп көрүүдөн жана өз ишин башкаларга көрсөтүүдөн коркпоо керек.

МУГАЛИМДИН ЖЕҢИШИ — МЕКТЕПТИН ЖЕҢИШИМындай изденүү мугалимдин өзүнө гана пайда алып келбейт. Ал үйрөнгөнүн окуучулары, кесиптештери менен бөлүшүп келет. Меруэт Бакированын Тамчы мектебиндеги кесиптик мүнөзүнүн өзгөчө жагы да ушул экенин директору Аида Акатова белгилеп өттү.

Аида Акатованын айтымында, «Жыл мугалими — 2026» сынагындагы баш байге бүтүндөй мектеп жамааты үчүн чоң сыймык болду. Бул жеңиштин артында Меруэттин жеке эмгеги, кесипкөйлүгү жана тынымсыз изденүүсү менен катар кесиптештеринин колдоосу да турат. Ал диндердин өнүгүү тарыхы сабагын терең билимге жана чыгармачылыкка таянып өтөт. Окуучулар менен мамиле түзүп, алардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө аракет кылат. Мындан тышкары, жаш мугалимдерге билгенин үйрөтүп, тажрыйбасы менен бөлүшөт.

«Меруэттин жөнөкөйлүгү, кесипкөйлүгү бизди суктандырат. Ал сабагына дайыма даярданып келет, өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылат. Жаш мугалимдерге билимин жана чыгармачылык тажрыйбасын бөлүшүп, жардам берүүгө да даяр», — дейт мектеп директору.

Анын пикиринде, мындай жетишкендиктин дагы бир маанилүү натыйжасы бар: ал башка мугалимдерге да жол ачат. Мектепте буга чейин да ийгиликтүү педагогдор болгон. Эки жыл мурда орус тили мугалими Мээрим Алмаз кызы сынакта биринчи орунду алган. Эми Меруэт Бакированын республикалык баш байгени жеңиши жаш кесиптештерине жаңы дем берди.

Кээ бир мугалимдер «Мен да ушундай сынакка катышсам болот экен» деп алдыга максат коё башташкан. Айрымдары кийинки жылы катышууга даярдык көрүүнү ойлонуп жатышат. Демек, бир мугалимдин жеңиши башкаларга да ишеним тартуулап, мектептин ичиндеги кесиптик атаандаштыкты жана изденүүнү күчөтө алат. Директордун ишениминде, алдыда Тамчы мектебинен дагы көптөгөн ийгиликтүү мугалимдер чыгат.

Аида Акатова билим берүү тармагындагы реформаларга да мектеп жетекчиси катары оң баа берет. Анын пикиринде, мугалимдин эмгегин баалоо жана кесиптин кадыр-баркын көтөрүү багытында жасалып жаткан кадамдар мектептерге өз таасирин тийгизе баштады. Айрыкча мугалимдердин айлыгынын 2026-жылдын апрель айынан тартып 100 пайызга жогорулашы педагогдор үчүн олуттуу колдоо болду. Буга чейин айлык аз болсо да кесибин таштабай иштеп келген мугалимдер үчүн эмгегинин материалдык жактан да бааланышы маанилүү.

Директордун айтымында, айлык акынын жогорулашы менен бирге мугалимдик кесипке болгон кызыгуу да күчөдү. Мурда педагогикалык билим алып, бирок мектепке жумушка орношпой үйүндө отурган айрым жаш адистер эми бош орун болсо ишке кирүүгө даяр экенин билдирип, арыз жазып жатышат. Бул мектептер үчүн да жакшы мүмкүнчүлүк. Анткени билим берүү тармагынын сапаты мугалимдин кесипкөйлүгүнө гана эмес, мектепке жаңы күчтөрдүн келишине, жаш адистердин өсүп-өнүгүшүнө да байланыштуу.

«Жыл мугалими» сынагында баш байгеге батирдин коюлушун да директор жаш мугалимдерге берилген чоң стимул катары баалайт. Мындай сыйлык педагогдун эмгегин коом алдында таануу менен бирге, башкаларга да өз күчүн сынап көрүүгө түрткү берет. Меруэт Бакированын жеңиши ушул мүмкүнчүлүктүн иш жүзүндө бар экенин көрсөттү. Албетте, мугалимдин кадыр-баркы сыйлык же айлык менен гана өлчөнбөйт. Ата-эненин ишеними, окуучунун урматы, мектеп жамаатынын колдоосу жана коомдун мугалимге болгон мамилеси да чоң мааниге ээ.

МУГАЛИМДИН ЖЕҢИШИ — МЕКТЕПТИН ЖЕҢИШИМеруэт Бакирова сынактын жыйынтыгын уккан учурда да эмоциясын сыртка көп чыгарбаганын айтат. Жеңүүчү аныкталган күнү сынактын жыйынтыгын кечке чейин күтүшкөн. Кечки саат жетиден өткөндө баш байгенин ээси экени белгилүү болгон. Өзү кубанычын анчейин билдирбесе да, жанындагы кесиптештери аябай сүйүнүшкөн. Жолдошу, Ички иштер министрлигинин ардагери да бул кабарды кубаныч менен кабыл алган. Айылда болсо анын ийгилигин бүтүндөй Тамчы эли күтүп жатканын айтышкан.

Бул колдоо Меруэт үчүн кубаныч менен кошо чоң жоопкерчилик да жараткан. Сынактын алгачкы баскычтарында тест тапшырып жатканда жыйынтыкка өзүнүн билими жана даярдыгы гана таасир этерин түшүнгөн. Ошол себептен ар бир этаптан өтүү ал үчүн өзүнчө толкундануу болгон.

Мугалимдик кесиптин табияты ушундай: анын жыйынтыгы дайыма эле ошол замат көрүнбөйт. Бүгүн берилген билимдин, айтылган кеңештин же ойготулган кызыгуунун жемиши баланын келечегинде билиниши мүмкүн. Ошондуктан мугалимдин ийгилигин бир жолку сынактын жыйынтыгы менен гана өлчөө туура эмес. Анын чыныгы жетишкендиги — окуучусунун өз алдынча ой жүгүртүп, билим алууга умтулуп, келечегине ишеним менен кадам ташташы.

Меруэт Бакированын жеңиши да дал ушул ойго жетелейт. Ал өзүн бардык нерсени билген адам катары эмес, балдарга жол көрсөтүп, алар менен кошо үйрөнүп, изденген мугалим катары көрөт. Балким, азыркы мектепке эң керектүү мугалимдин образы да ушундайдыр: өзгөрүүдөн коркпогон, жаңыны кабыл алган, бирок билим берүүнүн негизги баалуулуктарын унутпаган, ар бир баланын мүмкүнчүлүгүн көрө билген педагог.

Бир мугалимдин жеңиши бүтүндөй мектепке дем берсе, ал мектептен дагы көптөгөн ийгиликтүү мугалимдер чыгышы мүмкүн. Тамчы орто мектебиндеги бул окуя — ошого болгон ишенимдин башталышы.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү