МУГАЛИМДИН КАДЫР — БАРКЫН КӨТӨРҮҮ — БАШКЫ МАКСАТЫБЫЗ
- 16.10.2026
- 0
Сокулук районунун алдыңкы мугалимдерине «Мугалимдер конгресси» уюмунун сыйлыктары тапшырылды. Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын «Мугалимдер конгрессинин» төрагасы Турдубаев Съездбек тапшырып, мугалимдерди колдоо, алардын кадыр-баркын көтөрүү жана кесиптик укуктарын коргоо уюмдун негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында биз «Мугалимдер конгрессинин» төрагасы Турдубаев Съездбек менен маектешип, уюмдун ишмердүүлүгү, мугалимдердин укуктарын коргоо, алардын эмгегин баалоо жана өлкөнүн башка аймактарында да сыйлоо иш-чараларын уюштуруу пландары тууралуу сүйлөштүк.

— Съездбек Турдубаев, алгач «Мугалимдер конгрессинин» негизги максаты жана ишмердүүлүгү тууралуу айтып берсеңиз.
— Биздин негизги максатыбыз — мугалимдерди колдоо, алардын кесиптик укуктарын коргоо жана коомдогу кадыр-баркын көтөрүү. Мугалимдердин көйгөйлөрүнө көңүл буруп, алардын кызыкчылыктарын коргоого аракет кылабыз. Биздин «Бирге күчтүүбүз» деген урааныбыз бар. Ошол ураандын негизинде мугалимдерди бириктирип, алардын үнүн коомчулукка жеткирүү максатын көздөйбүз.
Мугалимдердин укугун коргоо жана аларга керектүү колдоо көрсөтүү үчүн биргелешип иш алып баруу зарыл. Анткени мугалим коомдун келечегин тарбиялаган, жаш муундарга билим берген эң маанилүү кесип ээлеринин бири.
— Бүгүнкү күндө мугалимдердин эмгегин баалоо жана аларга көңүл буруу жагынан кандай өзгөрүүлөрдү байкап жатасыз?
— Азыр билим берүү тармагына көңүл бурулуп, мектептер жаңыланып, заманбап имараттар курулуп жатканы кубандырат. Окуучулар үчүн жакшы шарттар түзүлүүдө. Ошол эле учурда мектепте эмгектенген мугалимдердин өзүнө да тийиштүү көңүл бурулушу керек.
Мектептин имараты заманбап болгону жакшы, бирок анда иштеген мугалимдин эмгеги да бааланышы зарыл. Мугалимдин кадыр-баркы жогору болуп, анын коомдогу орду бекемделиши керек. Мурда айрым учурларда мугалимдердин эмгеги жетиштүү деңгээлде бааланбай келген. Азыр алардын эмгегин белгилеп, сыйлыктарды тапшыруу аркылуу коомчулукка таанытуу жакшы көрүнүшкө айланып бара жатат.
Биз дагы ушул багытта иш алып барып, мугалимдердин эмгегин баалоого жана аларга колдоо көрсөтүүгө салым кошууну көздөйбүз.
— Мугалимдерди сыйлоо иш-чаралары бир гана Сокулук районунда өткөрүлөбү же башка аймактарды да камтыйбы?
— Биз жыл сайын облустарды кыдырып, аймактардагы мугалимдер менен жолугушуп келебиз. Азырынча бардык аймактарды толук кыдырып бүтө элекпиз. Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына баруу пландарыбыз бар. Башка облустардагы мугалимдер менен да жолугушуп, эмгеги менен айырмаланган, окуучуларга билим жана тарбия берип келе жаткан мугалимдерди аныктап, аларды сыйлоону көздөйбүз.
— Аймактардагы мугалимдерди тандоодо жана сыйлоодо жергиликтүү жетекчилер менен кызматташасыздарбы?
— Ооба, жергиликтүү жетекчилердин колдоосу чоң мааниге ээ. Анткени ар бир аймакта өз ишине берилген, көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан мугалимдер бар. Алардын баарын таанып, эмгегин баалоо үчүн жергиликтүү жетекчилер жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен кызматташуу зарыл.
Айрым райондордо мугалимдерге колдоо жакшы көрсөтүлсө, кээ бир аймактарда бул багытта дагы иштерди жүргүзүү керек. Ошондуктан биз жер-жерлерге барып, мугалимдер менен жолугушуп, алардын эмгегин белгилөөгө аракет кылабыз. Негизги максат — татыктуу мугалимдерди аныктап, алардын жетишкендиктерин коомчулукка таанытуу.
— Мугалимдердин кесиптик укуктарын коргоо багытында кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?
— Мугалимдерди колдоо дегенде бир гана сыйлык тапшырууну түшүнбөшүбүз керек. Алардын кесиптик укуктарын коргоо, көйгөйлөрүн угуу жана кызыкчылыктарын эске алуу да маанилүү. Биз мугалимдердин укуктук кызыкчылыктарын коргоого жана кесиптик ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүүгө аракет кылабыз.
Мугалим өз ишин ишенимдүү аткарып, негизги көңүлүн балдарга билим жана тарбия берүүгө бурушу керек. Ошондуктан мугалимдердин укуктарын коргоо, алардын эмгегине урмат көрсөтүү жана коомдогу аброюн көтөрүү конгресстин ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттардан болуп саналат.
— Алдыдагы пландарыңыздар тууралуу айтып берсеңиз.
— Алдыда дагы башка облустарга барып, мугалимдер менен жолугушууларды уюштуруу пландарыбыз бар. Аймактардагы эмгеги менен айырмаланган мугалимдерди аныктап, аларды сыйлоону улантабыз. Ошондой эле мугалимдердин укуктарын коргоо жана алардын кызыкчылыктарын колдоо багытындагы иштерди жүргүзө беребиз.
Биз үчүн эң маанилүүсү — мугалимдердин эмгеги бааланып, алардын коомдогу кадыр-баркы жогору болушу. Мугалимге көрсөтүлгөн урмат — билимге, тарбияга жана келечек муунга көрсөтүлгөн урмат. Ошондуктан «Бирге күчтүүбүз» деген ураандын негизинде мындан ары да биргелешип иш алып барабыз.
Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»