“МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИНЕ ЖАРАША ЭМГЕК АКЫ ТӨЛӨӨ ЖОМОК ЭМЕС”
- 27.03.2024
- 0
Социалдык желеде министрдин мугалимдердин иштегенине карата 120 миң сом төлөнүп берилет деген сөзү коомчулукта катуу талкууга алынды. Бул айырмалап акы төлөө эмнеге алып келээрин Догдуркүл Кендирбаева кайрадан окурмандарга кенен түшүндүрмө берди. Министрди улай, коомчулукка белгилүү, КР эмгек сиңирген мугалими Орозали Сайдилканов агай дагы өз пикирин билдирди.
Догдуркүл Кендирбаева, Билим берүү жана илим министри:
“Эң мыкты көрсөткүч берген мугалимге керек болсо биз 120 миң сом төлөп берүүгө даярмын. Эгерде ал мугалим окуучулардын туруктуу билим жетишкендигин камсыз кылса КР Министрлер Кабинетинин башчысы А Жапаровдун сөзүнөн…
Бу демилге же мугалимге окуучунун жакшы билим көрсөткүчүнө жараша эмгек акы төлөө жомок эмес.
Балдардын билим көрсөткүчтөрү төмөн экенин иликтөөлөр далилдөөдө. Сабакты чыгармачылык изденүү же жөн эле кирип чыккан мугалимдерге бирдей төлөө системасы иштөөдө. Мугалимдин ишмердүүлүгүнүн натыйжасы үчүн эмгек акы төлөө учурдун талабы. Буюрса, мугалимге жылуу мектеп, сапаттуу китеп, ийгиликтүү окутуунун ыкмалары, маалыматтык методикалык коштоо жана колдоо уюштурууга болгон аракетибизди жасайбыз. Изденүүсүнө шарт түзөбүз. Акы төлөө системасынын жаңы моделин иштеп чыгабыз. Ал түздөн-түз окуучунун жетишкендигине жана мугалимдин чыгармачылык изденүүсүнө байланат. Бул жерде жасалма интеллекти пайдалануу менен баланын жетишкендиги жана мугалимдин чыгармачыл, аракети аныкталат. Базалык айлык акы калат, мугалим сабак берген класстын окуучуларынын предмет боюнча көрсөткүчтөрү жогорулаган сайын эмгек акыга үстөк кошумчалар кошула берет. Баалоону жасалма интеллект же атайын программа аткарат. Завуч, директор аныктабайт. Мугалим программа аркылуу өзүнүн ийгилигин өзү көрүп турат. Кошумча акы, балким 13 айлык катары же кварталдык сыйлык катары чыгышы мүмкүн. Балким, ал сумма 120 миң сомду түзүп калышы мүмкүн. Ошондо билим берүүдө чыныгы сапатка багытталган иштер жүрөт.
Бул боюнча дагы далай талкуу болот. Бул чечим мугалимдин изденүүсүнө, жеке өнүгүүсүнө түрткү берип, ички мотивацияны жаратат деп үмүттөнөбүз”.
Орозали Сайдилканов, КР эмгек сиңирген мугалими:
Айырмалап акы төлөө
“Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаеванын мугалимдердин эмгегинин түпкү натыйжасына карап айырмалап (120 миң сомдон) эмгек акы төлөп берүү идеясын мен абдан туура деп эсептейм. Анткен мен 1988-жылы Кара-Кулжа районундагы «Көңдүк» орто мектебинде мугалимдердин эмгегинин түпкү натыйжасына чыгармачылык жоопкерчилигин жогорулатуу максатында «Мугалимдердин эмгегинин түпкү натыйжасына, окуучулардын билим сапатына, тарбиялык жана өнүгүү деңгээлине карап айырмалап акы төлөнүү» эксперимент жасаганмын.
Эки жылда мугалимдердин кесиптик чеберчилиги жогорулап, окуучулардын билим сапаты, тарбиялык жана өнүгүү деңгээли кескин түрдө өскөн.
Эксперименттин натыйжасы:
- Мектебибизде социалдык адилеттүүлүк орногон «ким иштесе, ал тиштейт» принциби ишке ашырылган, чыгармачылык менен иштеген мугалимдер эмгек кубанычына бөлөнүп, эффективдүү иштөөгө шыктанган.
- Мугалимдердин педагогикалык маданиятын өнүктүрүүгө, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга ынтызарлыгы күчөгөн, көйгөйдү өз алдынча аныктап, аны окуучулар, ата — энелер жана кесиптештери менен бирге чечүүгө айрыкча көңүл бурушкан.
- Класстагы ар бир окуучунун жөндөмүн, шыгын, талантын, кызыгуусун, өз алдынча иштей билүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, чыгармачылыгын өстүрүү боюнча системалуу иштөөнү колго алышкан.
- Ата — энелердин мектепке, мугалимдерге ишеничи күчөп, кызматташуусу жакшырган, ал эми окуучулардын мугалимдерди урматтоосу күчөп, мектеп кубанычтуу жайга айланган.
- Мугалимдер өз алдынчалуулукка, чыгармачылык эркиндикке ыңгайлашып, жогору жактан буйрук күтүп отурбастан, өз ишин өзү аныктоого, пландоого, аткарууга, жыйынтыгына анализдеп, баалоого, келечекке максат жана милдеттерди аныктап, өзүн — өзү өнүктүрүүгө көнүгүшкөн.
Бул эксперимент боюнча толук маалымат 25.11.2021- жылы чыккан «Устаттык жолдун уңгусу» китебимдин 53 — 63 — беттеринде баяндалган”.
Даярдаган Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер