МУГАЛИМДЕР СТИМФОНДДУ ЖАКТЫРДЫ

  • 27.01.2021
  • 0

Мектептерде стимфонддун колдоого алынганына бир топ болду. Бүгүн биз агартуудагы бул саамалыктан пайда көрүп, эмгегине кошулган акчага шыктанып, чыгармачылык жигээр менен изденип иштеп жаткан мектеп жамаатынын жетишкендиги, ийгиликтери жана көйгөйлөрү тууралуу кеп кылабыз.

МУГАЛИМДЕР СТИМФОНДДУ ЖАКТЫРДЫ

Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Садовое айылындагы Иса Үкүев атындагы орто мектепке экинчи жолу келишим. 90-чу жылдардан бери үчүнчү кабаты ишке бериле элек бул чакан мектептин сырткы көрүнүшү эч өзгөрүүсүз калганы менен, билим уясынын биринчи жана экинчи кабаттарындагы окуу бөлмөлөрүнүн жасалгасында, анда билим алып жатышкан окуучулардын билим сапатында, мугалимдердин сабак өтүү усулдарында, агай-эжейлердин кесиптик жактан өнүгүүсүндө, өзүн-өзү баалоосунда, дегеле педагогикалык ой жүгүртүүсүндө жүрөк кубанткан жылыштар бар экенин кеп башынан белгилей кетейин.

Албетте, мектептеги жогоруда биз айткан жетишкендиктер бир-эки күндө жарала калган жок. ЮСАИДдин «Сапаттуу билим» долбоору Чүй облусунун 300 мектебинде жан башына каржылоо механизмин жайылтканда, мындагы мугалимдер жамааты ар бир окуучу мектепке акча алып келерин туура түшүнүп, долбоор уюштурган бюджеттик угууларга, талкууларга, семинар-тренингдерге үзгүлтүксүз катышуу аркылуу өздөрүнүн кесиптик компетенттүүлүктөрүн жогорулата алышты.

Ошондогу үзүрлүү эмгектин акыбети азыр ачык байкалат. Мисалы, 2013-2014 — окуу жылында мектепте болгону 262 окуучу билим алса, учурда бул көрсөткүч 374 окуучуну түзөт. Жети жылдагы мындай сандык өсүш мектепке келип билим алсам деген окуучулардын саны жылдан-жылга өсүп баратканын далилдейт.

Бул жерде жан башына каржылоо аракеттери менен катар эле, мектепти өнүктүрүүнүн дагы бир маанилүү фактору — мугалимдердин эмгегине кошумча төлөнүүчү стимфонд тууралуу айтпай кетпесек болбойт. Калыс жана адилет бөлүнгөн стимфонд баарынан мурун мугалимди изденип иштөөгө түртүп, жаңы чектерди багынтууга, кечээгиден бүгүн жакшыраак иштөөгө дем берет.

«Беш манжа тең эмес» дегендей, чын эле  мугалимдердин арасында күнүмкү сабакка план жазганы, жазбаганы, ачык сабак өткөнү, өтпөгөнү, декадага активдүү катышканы, сабакка келбегени, ооруп калганы, даарыланып жатканы, тарбиялык иш чараларды ийине жеткире өткөргөнү, же мындай иштерден жаа бою качканы, эмгекчили, жалкоосу бар. Стимфондду бөлүштүрүүдө мугалимдер ортосундагы ушундай кескин өзгөчөлүктөр, асман менен жердей айырма көз жаздымында калбашы керек.

Бактыга жараша, биз сөз кылып жаткан билим берүү мекемесинде бул маанилүү иш жакшы жолго коюлган.

МУГАЛИМДЕР СТИМФОНДДУ ЖАКТЫРДЫ
Мектепте окуу жылынын башталышында эле директордун атайын буйругуна ылайык стимфондду акыйкат бөлүштүрүүнү көзөмөлгө алган комиссия түзүлөт.

МУГАЛИМДЕР СТИМФОНДДУ ЖАКТЫРДЫ

— Бизде квартал сайын мектеп бюджетинен арткан акчадан мугалимдерге төлөнүп берилет. Стимфондду бөлүштүрүүгө предметтик бирикмелердин башчыларынан турган комиссия жооптуу, — дейт мектеп директору Замира Мамбетова.

МУГАЛИМДЕР СТИМФОНДДУ ЖАКТЫРДЫ

Ал эми техперсоналдын кошумча эмгек акысын чарба иштери боюнча директордун орун басары бааласа, администрацияга тийиштүү стимфондго каралган акчанын өлчөмүн мектеп директору өзү аныктайт.

— Квартал сайын комиссиянын жыйыны өтүлөт. Бирикмеде канча мугалим болсо, ошого жараша аткарган эмгегине карап, кошумча акча бөлүнөт, — дейт башталгыч класстар усулдук бирикмесинин башчысы Маралбаева Света.

МУГАЛИМДЕР СТИМФОНДДУ ЖАКТЫРДЫ

Айтмакчы, башталгыч класстар менен тилдер усулдук бирикмесинде (жетекчилери Маралбаева Света, Тыналиева Назира) жетиден, гуманитардык билим менен так илимдер бирикмелеринде (Касымалиева Венера, Койчуманова Нуржамал) бештен мугалим бар.

— Башында методбирикме башчылары чогулуп, кайсыл критерийлерге таянып баалайбыз деп сүйлөшүп алабыз. Кээде баары окшош болгону менен, башталгыч класстар бирикмесинде бир аз өзгөчөлүк болушу мүмкүн, — дешет усулдук бирикмелердин башчылары.

Комиссия мүчөлөрүнүн пикиринде, баалоо критерийлери квартал сайын өзгөрүп турат. Мисалы, окуучулар жайкы эс алууга тараган тушта, мугалимдин эмгеги өзүнө бекитилген окуу бөлмөсүн канчалык жакшы майлап, сырдап, кийинки окуу жылга даярдады, мектеп айланасын иретке келтирген ишембиликке кандай катышты деген чен-өлчөмдүн негизинде бааланса, окуу иштери күчөп турган кыш-жаз мезгилинде, мугалимдин эмгеги тигил же бул предметтик олимпиадага кайсыл окуучуну даярдады, кандай көрсөткүчтү камсыз кылды, ошого карап комиссия балл коёт.

Ар бир мугалимдин бир квартал ичиндеги ишине карата баллдар коюлгандан кийин, директордун колу коюлуп, усулканага илинет. Стимфонддо ачыктык — эң башкы талаптардын бири.

Мугалимдердин окуу-тарбия ишиндеги ар бир аткарган эмгегин калыс баалоо мектеп администрациясы менен мугалимдин ортосунда түзүлгөн келишимде да каралган.

— Башталгыч класстар мугалими Сарманбетова Майрамгүлдүн эки окуучусу  райондук «Ынтызар» олимпиадасында алдыңкы орундарды ээлеген үчүн мугалимдин баласы жайында Ысык-Көлгө барып, кесиптик кошуундун жолдомосу менен эс алып келсе, ушундай эле жолдомого алдыңкы мугалим Касымалиева Венера да татыктуу болду, — дейт мектеп жетекчиси.

Анткен менен мугалимдин эмгегин баалоодо ар бир аткарган иши үчүн өзүнө балл топтоо мүмкүнчүлүгүн берген стимфондго  көбүрөөк басым жасалат.

МУГАЛИМДЕР СТИМФОНДДУ ЖАКТЫРДЫ

Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Нургазы кызы Нургүл стимфондду мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатууга да пайдаланса болорун айтат.

— Өткөн окуу жылында бизден эки мугалим өз чөнтөгүнөн төлөп, ЦООМО уюштурган үч күндүк тренингге катышып келишти. Ошону биз метод бирикме башчылары менен макулдашып, ар бир мугалимден бир баллдан алып, стимфонд аркылуу төлөп бердик, — дейт окуу бөлүмүнүн башчысы.

Комиссия мүчөлөрүнүн айтуусунда, мектепте предмет боюнча ийрим ишин алып барсам, балдарды олимпиадага даярдап, кошумча сабак өтсөм деген мугалимдер четтен табылат, бирок 1997-жылдан бери мектептин үчүнчү кабаты бүтпөгөндүктөн, окуу-тарбия ишин заман талабына жараша жүргүзүүгө тоскоол болуп келет. Башкасын кой, мектепте тарбиялык иш-чараларды өтүүгө ылайыкташкан салтанат залы жок.

МУГАЛИМДЕР СТИМФОНДДУ ЖАКТЫРДЫ

Эки кабаты гана ишке берилген мектепте окуу кааналары жетишпегендиктен, балдар эки нөөмөттө билим алышууда. Мунусу аз келгенсип, мектептин сол капталы да үч жыл мурун бала бакчага бөлүнүп берилген. Ушундан улам мектепке ысымы берилген Иса Үкүевдин музейи ачылбай, экспонаттары ар жерде жыйылып турат.

МУГАЛИМДЕР СТИМФОНДДУ ЖАКТЫРДЫ

Бирок мектеп мугалимдери кол куушуруп отуруп калышкан жок. Өз аракеттери менен мектепте айылдагы өмүрү өрнөк инсандардын ысымы коюлган тогуз предметтик окуу кааналарын жана бир спортзалды түптөп, демөөрчүлөрдүн жардамы аркасында жабдышты.

МУГАЛИМДЕР СТИМФОНДДУ ЖАКТЫРДЫ

— Менин демөөрчүлөрүм, атактуу звеневой, эл депутаты Мамбетжан Сансызбаевдин уулдары окуу бөлмөбүзгө эки ирет телевизор алып беришти. Жыл сайын ар бир класстан бирден эң алдыңкы окуучуга жана бир мыкты мугалимге миң сомдон сыйлык беришип, колдоо көрсөтүп турушат, — дейт мектепте бул саамалыкты 2004-жылы биринчилерден болуп баштаган тарых мугалими Венера Касымалиева.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Q

Бөлүшүү

Комментарийлер